Эне тилди барктайлы же «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын аткарылышындагы көйгөйлөр жөнүндө

Ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» эки жолу мыйзам кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Президенттери мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 5-6 Жарлыкка кол коюп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик тилдиөнүктүрүү боюнча үч жолу мамлекеттик программа кабыл алып, 10го жакынӨкмөттүн токтому чыгарылган. Кабыл алынган расмий документтердин баардыгы мамлекеттик тилдин өнүгүп-өсүшүнө кандайдыр бир деӊгээлде түрткү болгон. Бирок Кыргыз Өкмөтү тарабынан кабыл алынган мамлекеттик программанын бири да толук кандуу ишке ашпай, эмес кагаз жүзүндө калганын ачык эле айтып коюшубуз керек.

 

Жетиштүү каражат бөлүндү, эми иштейбизби?..

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча төртүнчү программа 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү» жарлыгынын негизинде кабыл алынды. Мурда кабыл алынган мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча үч программага Өкмөт тарабынан жетишээрлик деӊгээлде каржы бөлүнбөй келсе, кийинки программага мамлекеттик бюд-жеттен мамлекеттик тил программасын ишке ашыруу үчүн 243 миллион сом акча каражаты бөлүнүп жатат. 25 жылдан бери мындай акча каражаты таптакыр бөлүнгөн эмес. Көрүнүп тургандай жетишэ-эрлик деӊгээлде каражат бөлүндү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бо-юнча мамлекеттик программа кабыл алынды. Ачыгын айтканда Республиканын Президенти дагы, Жогорку Кеӊеш дагы, Кыргыз Өкмөтү дагы мамлекеттик тил-дин өнүгүшү үчүн жакшы шарт түзүп берди. Эми аны аткаруу милдети калды. Эгер биз — окумуштуулар, коомчулук бизге тагылган милдетти аткара албасак, келечек муун бизди кечирбейт. Мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган индикатордо 100дөгөн окуу китептерди, сөздүктөрдү, окуу куралдарын жазуу каралган. Ошонун баарын беш жыл аралы-гында жазып берүүгө тийишпиз.

Мына, «Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынгандыгына 25 жылдан ашып баратат. Албетте бул жылдардын ичинде мамлекеттик тилдин өсүп, өнүгүшүндө бир топ жакшы ийгиликтер болду. Бул жерде аны санап отуруунун кажети жок. Алар ансыз деле белгилүү. Негизги маселе болгон мамлекеттик тил мыйзамын турмушка ашырууда кандай көйгөйлөр жаралып жатат? Сөз оролу ошол жөнүндө болсун.

 

Мамлекеттик тилде сүйлөө уятпы?

Биринчи маселе, ушул кезге чейин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамын коомчулук толук аӊдабай, айрым учурларда бир жактуу түшүнүктөр жаралып келет. Кыргыз тилинде сүйлөгөн көпчүлүк жарандар мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды көбүнчө орус тилинде сүйлөгөн Кыргызстандын жарандары үчүн кабыл алынгандай сезишсе, тескерисинче, орус тилинде сүйлөгөн жарандар мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам алардын кандайдыр бир укугуна шек келтирип жаткандай көрүшөт. Мамлекеттик тил десеӊ эле итатайы тутулгандар кездешет. Чындыгында мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам үч багыттан турарлыгын: 1) кыргыз тили мамлекеттик тил катары мамлекеттик ишмердиктин, коомдук чөйрөнүн, илим-билимдин баардык деӊгээлдеринде колдонулаарын; 2) орус тили — расмий тил катары республикада колдонула берерлигин; 3) республикада жашаган улуттук жана этностук топтордун (өзбектер, тажиктер, немистер, татарлар, дунгандар, уйгурлар ж.б) чогуу жашаган жерлерде улуттук тилдердин колдонулушу жана калктын улуттук маданий муктаж-дыктарын канааттандыруу жагы каралгандыгын айрым министрликтердин, ведомстволордун, ишкана жана мекемелердин жетекчилери өздөрү түшүнүшпөйт жана эмгек жамааттарына да түшүндүрүшкөн эмес. Мындай түшүндүрүүлөрдүн жоктугунан 25 жылдан бери мамлекеттик тилге болгон мамиле өткөн кылымдын 90-жылдарында кандай болсо, дале ошол бойдон калууда. Тил — саясат, тил-идеология. Тил саясаты жана тил — идеологиясы туура жүргүзүлбөсө улуттук тилдин баркы кетет, түшүнбөөчүлүк пайда болот. Ага болгон негилизм күчөп, өз улутунун тилин чангандар көбөйөт.

Мына бүгүнкү күндө да Бишкек шаарындагы жаштардын арасында, ишкана, мекемелерде, министрликтерде иштеген кыргыз жаштары мам-лекеттик тилге караганда расмий тилди жогору коюшат. Мамлекеттик тилде сүйлөөдөн уялышат. Бул чындык. «Орууну жашырсаӊ, өлүм ашкере кылат».

Массалык маалымат каражаттарында кыргыз адабий тилинин нормасы сакталбай калды. Азыр өзүнчө бир «аралашма» тил пайда болду, же кыргызча эмес, же орусча эмес «минтип» отурсак элүү жылдан кийин «кодура кыргыз тили» пайда болооруна шек жок.

 

Эне тилибиз котормо тилге айландыбы?..

Экинчи маселе, 25 жылдан бери мамлекеттик тил мыйзамынын 10,14,15,16-17-статьялары, тактап айтканда, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери ченемдик укук актылары жана башка чечимдери мамлекеттик тилде кабыл алынат жана иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тил колдонулат» деген талаптары борбордук бийлик органдарында, министрликтерде, ведомстволордо жана ишкана, мекемелерде жарым жартылай аткарылып келет. Дагы эле болсо борбордук бийлик органдарынан баштап, дээрлик бардык министрликтерде расмий документтер орус тилинде даярдалып, андан кийин мамлекеттик тилге которулат. Мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздарын «котормо тил» деп эле эсептесек болот. Котормо тил болгондон кийин расмий документтерди ар кайсы котормочу өз билгениндей которот, бирдей иш кагазынын стили сакталбай, терминдер чар жайыт, андай документтерди жөн жаран тургай, адис тилчилердин түшүнүшү кыйын.

Бул жерде бир жактуулукка жол берип, жалаӊ эле котормочуларды күнөөлөй бербей, тил адистерине да күнөө койгубуз келет. 25 жылдан бери тил адистери, анын ичинде илимдин докторлору, илимдин кандидаттары дагы бар, мамлекеттик тилде жазылуучу иш кагаздарынын стилин , формасын иштеп бербей койду. Рас, орус тилинен которулуп алынган котормо иш кагаздарынын үлгүлөрү боюнча китептер чыгып жатат. Ал деле котормо иш кагаздары болуп жатпайбы. Кыргыз тилинин лексикалык байлыгын камтыган, стилистикалык түзүлүшүнө дал келген, окуганда жеӊил, түшүнүктүү иш кагаздарынын үлгүсүн жазып бер-дикпи? Жок жана да жок! Тилчилер мага таарынбасын, биз акыл үйрөткөнгө кыйынбыз, ишке келгенде чабал болуп жатабыз. 25 жылдан бери Кыргызстандагы мамлекеттик тилдин өнүгүшү, андагы жаралып жаткан көйгөйлөр боюнча бир дагы илимий изилдөө болгон жок. Кошуна республикаларда мамлекеттик тилди турмушка ашыруу боюнча 4-5 докторлук, бир нече кандидаттык диссертациялар корголду. Кыргызстанда ушул кезге чейин мамлекеттик тилдин өнүгүшү боюнча бир дагы илимий иш корголо элек. Муну кандай түшүнсө болот? Демек, тил адистери да мамлекеттик тилге кайдигер карап жатат. Жеке менчик ишканаларда иш кагаздары дээрлик орус тилинде гана жүргүзүлөт. Алар мамлекеттик тил мыйзамын ойлоп да коюшпайт.

 

Мамлекеттик тилди чанбайлы

Үчүнчү маселе, мамлекеттик тилдин 18-статьясында каралган «Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда мамлекеттик тил республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, кесиптик билим берүүнүн башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат, 19-статьясында каралган «Кыргыз Республикасында илимий эмгектердин тилинэркин тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилет; илимдин бардык тармактары боюнча мамлекеттик тилде изилдөөлөрдү жүргүзүү, аларды жарыялоо жана илимий жетишкендиктерди ар тараптан колдоо үчүн кеӊири шарттар түзүлөт жана мамлекет тарабынан колдоого алынат» деген талаптар аткарылган жок. Кыргызстандын кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында дээрлик көпчүлүк сабактар орус тилинде жүргүзүлөт. Жок дегенде коомдук жана гуманитардык сабактарды мамлекеттик тилде жүргүзүүгө болот го. Улуту кыргыз, кыргыз тилинде сайрап жүргөн профессорлор, доценттер кыргыз тилинде лекция окуудан качышат, а кыргыз тилинде лекция окуу үчүн эмгектениш керек, издениш керек. А орус тилинде Москвадан чыккан китептер даяр, алат да көчүрүп коёт. Эмне үчүн мамлекеттик тилдин өнүгүшүн кыргыз интеллигенциясы өзүнөн баштабайт, өздөрү аракет кылбайт. Бул өтө чоӊ суроо жана чоӊ көйгөй.Кыргызстанда кыргыз тили, адабияты, Кыргызстандын тарыхы боюнча айрым гана илимий эмгектер кыргыз тилинде — мамлекеттик тилде жазылат. Дээрлик баардык илимий монографиялар, диссертациялар, илимий макалалар орус тилинде жазылат. Кыргыз окумуштууларынын арасында мамлекеттик тилди жериген учурлар кездешет. «Кыргыз тилинде илим жазууга болбойт» деген жалган көз караштар өкүм сүрүп келет. Улуттук нигилизм күч алган. Кыргыз тилине, тарыхына күйүп бышсаӊ «улутчул» деген жарлык тагыла баштады. Улуу инсан Исхак Раззаковдун сөзү менен айтканда «улутка мен күйбөсөм, сен күйбөсөӊ, ким күйөт?».

 

Жарнактар кыргызчаланса

Төртүнчү маселе, мамлекеттик тил мыйзамынын 27-статьясында «Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат» деген талап бар. Кыргызстандын башка жерлеринде бул талап аткарылып жаткандыр, бирок Кыргызстандын борбору — Бишкек шаарында аталган статья ишке ашкан жок. Өлкөнүн борбору — мамлекеттин жүзү. А, мамлекет жүзүнөн Кыргыз мамлекети көрүнбөй жатат. Жогорку Кеӊештин бир отурумунда депутат Курманбек Абдиев айтып кетти: «Бишкек шаарынын Алма-Ата көчөсүнөн Ош базарына чейин жөө басып көргүлөчү, кайсы өлкөдө жүргөнүӊөрдү өзүӊөр да билбейсиӊер» деп. Туптуура айтылган сын. Мунун себеби эмнеде? Себеби бир эле жагдайга байланышкан. Көркөм-жарнактарды, кулактандырууларды жазуу коммерцияга айланып кеткен. Көркөм-жарнактарды мамлекеттик тилге которуу мэрияда бир бөлүмүндө, аларга уруксат берүү башка мекемеге жүктөлгөн. Алар бири-бирине баш ийишпейт. Анын кесепетинен баш-аламандыктар жаралып жатат. Жеке менчик ээлери «өздөрүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип» жатышат. Кыргызстандан чыккан товарлардагы түшүндүрмөлөр жалаӊ расмий тилде. Бизнес чөйрөсүндө мамлекеттик тил жөнүндө түшүнүк да жок. Мамлекеттик тил мыйзамынын 8-главасында «Мамлекеттик тилди сактоо жана коргоо» жагы каралган. Ал главанын 33-статьясында «Ушул мыйзамды бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчилери, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышат» деген жобо бар. 25 жылдан бери Кыргызстанда бир дагы мамлекет-тик органдын жетекчиси же жеке жактардын башчылары мамлекеттик тил мыйзамын аткарбагандыгы үчүн жок эле дегенде «сөгүш» да ала элек. Демек тил мыйзамынын 33-беренеси таптакыр эле иштебейт деп ачык айтып коюшубуз керек.

 

Баарына өзүбүз күнөөлүбүз

Бешинчи маселе, мамлекеттик тилдеги термин чыгаруу жаатына такалат. 25 жылдан бери терминдер чар-жайыт болуп, бирдейлештире албай койдук. 60 жыл бою термин чыгаруу жана термин жаратуу Кыргыз улуттук илимдер академиясында болуп келген. Кийин ал мамлекеттик тил комиссиясына өттү. Алар кайра илимдер академиясына өткөрүп берди. Илимдер академиясы ишти жаӊыдан эле баштаганда кайрадан Кыргыз Өкмөтү өзүнө алып койду. Эми өзүӊүздөр ойлоп көрүӊүздөрчү, термин жаратуу жана которуу Өкмөттүн ишиби? «Чымчыкты сойсо да касапчы союш керек» го? Биздеги мамлекеттик тилде иш кагаздарын жазуудагы эӊ көйгөйлүү маселе термин чыгарууда жатат. Бирдейлешкен терминдердин жоктугунан мамлекеттик тилге которулган расмий иш кагаздарын түшүнүү кыйын. Мамлекеттик расмий иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзбөгөндөн кийин мамлекеттик тил турмушка ашат деген куру кыял бойдон калат. Алтынчы маселе, жыйырма беш жылдан бери мамлекеттик тилди башка улуттун өкүлдөрүнө үйрөтөбүз деп эле убара болуп келе жатабыз. Ачыгын айтканда алар жарытылыктуу деле үйрөнүп кетишкен жок. Канча деген акча каражаты кетип жатат. Тилди үйрөнгүсү келгендер үч айдын ичинде эле үйрөнүп алса болот. Ага анча акылдын деле кереги жок. А, үйрөнгүсү келбегендер өмүр бою кур шылтоону айтып жүрө беришет. Ошондуктан биз тилибизди бирөөнү үйрөнсүн деп зордобой, ошого кетип жаткан акча каражатын кыргыз тилин өнүктүрүүгө жумшасак, тилибиздин өнүгүп-өсүшүнө пайда келтирмек. Ачыгын айтканда аталган маселенин бардыгы мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана турмушка ашырылышы боюнча илимий анализдин жоктугунан келип чыгууда. Биз мамлекеттик тил мыйзамын «кыргызча» аткарып келе жатабыз.

 

Жогоруда айтылгандардын негизинде биз төмөндөгүдөй сунуштарды айтар элек:

  1. Иш кагаздарынын мамлекеттик стандартын жана стилисти-касын иштеп чыгуу;
  2. Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, спорт жана маданият комитетинин алдында терминология комиссиясын түзүү жана комитет тарабынан ал терминдерди бекитүү;
  3. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүн илимий жактан изилдөөгө алуу;
  4. Мамлекеттик-кыргыз адабий тилинин тазалыгы үчүн күрөшүү.
  5. Мамлекеттик тилди окутуунун мамлекеттик концепциясын иштеп чыгуу.

Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ, филология илимдеринин доктору, профессор,
КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору,
“Кутбилим”, 13.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий