Насыпбек Асанбаев. «Дудук»

(повесть)

Түндүн коюу караңгылыгы тарап, жерге жарык түшө баштады. Жарыктын кириши менен уясынан бырп учкан канаттуулар чыркылдап ары-бери учуп, таң менен кошо ырысын издеп жарышка чыгышты. Жаңы чабылган сап-сары аңыздарда үйүр-үйүр жылкылар, агытылган аттар, субай уйлар шашпай оттоп, жайылып жүрөт. Бул тегеректе ушул бейкапар оттогон мал-жандыктан башка адамзаты ойгоно элек болчу.

Аңгыча аңыздын четиндеги дөбөнүн бооруна кандайдыр бир машина келип токтоду. Ичинен шартылдай кыймылдаган эки жигит чуркап чыгып арткы жүк салгычын ачты да, башына кап оролгон бирөөнү сууруп чыгышты.

— Ымтырабай болгула, жерге жарык кирип баратат! – деп зекиди алардан кийин машинадан түшкөн киши тигил экөөнү. Ансыз деле дуңкулдап шашып жүргөн жигиттер каптагы адамды тыбырап туйлаганына карабай дыркырата сүйрөп жөнөштү. Дөбөнүн бир капталы ак тополуу жарча боло турган. Бул айылдын эли кыш куюп, шыбак шыбаганга топуракты ушул дөбөдөн алышчу. Калган жердин топосу кара келип, курулушка жарачу эмес. Натыйжада дөбөнүн бир башы аңырая казылып, ар кай жерине көлкүлдөп суу толуп, кээ бир качанкы казылгандарын бийик өскөн куурай, коко-тикен басып жатат.

Эки жигит жанагы бечараны түз эле ошондой оюктун бирине дыркыратып сүйрөп барышты. Үчүнчүсү болсо алардын артынан эки күрөктү сүйрөп ээрчип келатат.

— Тетигил чуңкурга алып баргыла! — деди ал берки экөөнө жарчанын дал түбүндөгү чуңкурду жаңсай көргөзүп. Тигилер буйрукту кыңк этпей аткарышты. Эки колтуктан кармап дырылдата сүйрөгөн бойдон айтылган чуңкурдун жээгине алып келип, тизелете чөгөрүштү.

— Чеч башындагыны!

Колундагы күрөктөрдү нары жакка таштап, күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып, ыңгайлай кармады. Тигилер жерде отурган неменин башындагы капты ары-бери чечип жиберишти. Бечаранын бети-башы канжалап, көнөктөй болуп шишип чыгыптыр. Кыязы бир кыйла тепкилешкен көрүнөт. Кыйкыра берип айгак болбосун дегенби, оозуна да тоголоктошкон чүпөрөк тыгып салышкан. Байкуш кимдердин колуна түшүп, кайда келгенин илгертен билет окшобойбу, үмүтү үзүлгөн немедей тизесине тик отуруп, унчукпай туруп берди.

— Эхх, Жеки, Жеки. Өзүңө-өзүң кылдың, — деди да жанагы ороңдогон неме тапанчасын тигинин так эле чекесине такады. Тырс эткен туюк үн чыкты артынан. Тапанчанын оозуна буралган үн каткыч добушту думуктуруп жутуп койду. Тизелеп отурган шордуунун башы артты көздөй шылк дей түшүп, денеси менен кошо ооп барып казылган чуңкурга кирип кетти.

— Ылдамыраак көмүп салгыла! – деди тапанча кармаган киши эки жигитке. – Болгула! Эл тургуча жок бололу бул жерден.

Жигитттер жерде жаткан күрөктөрдү ала коюп, чуңкурду көздөй аңдын боорундагы бош топурактан омуруп киришти. Бир заматта айлананы чаң каптап, бырпырап жатып калды.

— Туй иттики, ушунтип чаңдай берет эми. Силер көмүп келгилечи, мен бара берейин.

Тапанчасын кайра бооруна катып, кылган ишине маашырлангандай кыңылдап ырдап машинаны көздөй басты. Бирок анын бул кыңылдаганы көпкө узаган жок. Машинасын айлана басып оттоп чыга келген койлорду көрүп жүрөгү оозуна кептеле түштү. «Бул маалда жайытка чыккан кайдагы койлор?!» Ушул суроо анын жүрөгүн элеп-желеп кылып жиберди. Жанындагы бийик өскөн куурайга жашына калып, колуна тийген таш-паш менен тигил экөөнү уруп өзүнө чакырды. Иштин кызуусуна кирип алган немелер анын таш ырыгытып, чакырып жатканын бир топто барып байкады.

— Токтоткула! Жашынгыла! – деп жаңсады экөөнө. Тигилер ишин дароо токтотуп, жанындагы эле чуңкурга кире калышты.

Койлордун артынан чыга турган койчуну күтүп, эки жагын алаңдай карап отурду. «Кайда жоголду экен? Буларды көрүп качып кетпеди болду бекен? Шайтан алгырдыкы, таң атпай кой жайып киши келет деп ким ойлоптур.» Ичинен кайра-кайра сөгүнүп айланасын карай берди.

Мындайда бир дагы күбө калтырууга болбойт. Бир эле айгак чыгып калса эртең айыбы ачылып калышы мүмкүн. Мунун корккону эле ушул.

Эки жагын аңдый карап алдыга жылды. Эңкейип жоргологон бойдон машинага жетти. Бирок, ичине отурган жок. Машинанын далдоосуна өтүп аңгектин айланасын карай баштады. Акыры тапты. Жарчанын наркы кырында жүдөө кийинген, апарык бала бийик өскөн чийлерге жашынып алып аңгектин ичиндеги экөөнү карап туруптур. «Кандай кылсам?» деп ичинен ойлоно калды берки. «Бул аралыктан тапанча менен атууга мүмкүн эмес. Же кубалап көрсөм жете алар бекем? Жок бул чымылдаган неме оңой менен жеткире койбос. Андан көрө дөңдү айланып барып артынан чыгып көрөйүн» Ушул чечимин туура көрдү да баланы көздөй чийлерди аралап бөкчөңдөп жөнөдү. Бирок, ойлогон ою дагы ишке ашпай калды. Кашайгансып жайылып жүргөн койлор мындан үркүп дүр этти эле, бала селт эте бурулуп буга көзү илинди. Экөөнүн көзү чагылыша түштү бир заматта. Анан кудум бирөө буйрук бергенсип экөө тең жашынган жерлеринен ыргып турушту. Эми ылдамдабаса болбойт. Дароо колундагы тапанчасын сунду дагы туштай кармап машаасын басып-басып жиберди. Бирок, мынча аралыктан жай убакта да түз тийгизе алчу эмес. А минтип өпкөсү көөп, шашып турганда таамай атуу кинодо гана болоор. Айткандай эле октору кайда кеткени белгисиз жок болду. Бала болсо шарт бурулуп аңгектин наркы тушундагы коктучага кирип кетти. Ого бетер шаштысы кеткен неме күлтүңдөй чуркап артынан түштү. Бирок, денеси оор тартып калган жаны күүлөнгүчө бала бир топ узай түшүптүр. Чимириктей чимирилип бараткан немеге тирүүлөй жетпесине тез эле көзү жетти. Туш келди тизелей калып удаама-удаа ок чыгарды. Бул эми такыр эле айласы кеткен кишинин аракети болчу. Октору таптакыр башка жерлерди чаңдатып гана тим болду.

Акыры аңдын кырына чуркап чыгып тигил экөөнө кыйкырды.

— Нурик чурка! Айылды көздөй кетти. Тезирээк! Өлсөң да калба артынан! А сен, күрөктөрдү алып чоң жолго чык!

Өзү болсо күлтүңдөй чуркап машинасына отурду да дөңдү айланып өткөн топурак жол менен чоң жолду көздөй чаң ызгытып жөнөдү. «Баланы айылга жеткирбей кармаш керек!»Ушул ой мээсинде тынымсыз кайталана берди. Чаңы сапырылган жолду буркурата тебелеп аңды-дөңдү карабай уруп баратат. Талаа сугарган арыктардан тим эле дөңгөлөктөрү жулунуп кетчүдөй дүңкүлдөп отуруп, бат эле айылды көздөй кеткен чоң шагыл жолго чыкты.

— О, Кудай эми жеткире көр! Эми жеткире көр! – деп ичинен Кудайлап алып, газды өкүртө басып зуулдатып жөнөдү. Бала качып бараткан бир таман жол дөңдөн тик түшкөндүктөн айылды көздөй ылдыйыш экен дагы, дөңдүн артынан айланган чоң жол кыйла эле өр  тартып кетет экен. Ошондон улам алдындагысы жакшы күүлөнө албай озондоп өкүрүп баратат. Тигине, эрбеңдеген бала сары талаа менен айылды карай чымылдап баратат. Артында Нуриги узун буттарын кере-кере шилтеп, ал дагы күүлөнүп алган.

Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт деген ушу тура. Алдыда эч айыбы жок чымындай жаны чыркыраган бала, артта канча адамдын башын жеп канга тойбогон карышкырдай кумсарган эки желмогуз. Эзели келишпес ак менен кара, чындык менен кара өзгөйлүк бул жолу ушул үчөөнүн келбетине кирип, кашкөйлөнө жол талашып баратты. Бирде-бири бир эле кадамын туура эмес таштап, же бир көз ирмем эле жолунан жаза тайып адашып калса, тагдырдын таразасы дароо атаандашына оой турган кыл чайнашкан учур. Чымындай жанын ала качкан бала, сай күлүктөй кадамы тик сайылган узун бут жана өр тарткан жолдон күүлөнүп-күүлөнө албай күркүрөп, албууттанып келеткан машина…

 

* * *

Бала болуп башына түк чыкканы кыштагы көзүнө мынчалык ысык көрүнгөн эмес чыгаар. Жаак ылдый салаа-салаа жаш кетип, аңды-дөңдү карабай чуркап баратты. Шордуу жаралгандан эле үнү чыкпаган дудук болчу. Болбосо эчак эле айгай салып, жер жаңырта кыйкырып жөнөсө жанын арачалап калмакка алдыдан бирөө жарым чыгаар беле. Аттиң десең… Айылдаштарынын караанына ушунча зар болгон жок эле буга чейин. Тескерисинче алардан жаа бою качып, жалгыздап басканды каалачу. Эс тартканы адам уулунан көңүлү калып, эч бирөөнөн жылуу сөз күтпөй жетилип келаткан. Мына эми бүгүн минтип бир караанга зар болуп келатканын карачы. Жан таттуу деген ушул тура атаганат.

Кыштактын четки тамдарына жетээрине да аз калды. Арттагы дүпүлдөгөн дабыш болсо уламдан-улам жакындап келатат. Өзү үч аттаган жерди ал бир эле аттап келаткансыйт тим эле. Бирок, бурулуп караганга чамасы да келген жок. Аңгыча оң жак капталынан таш жолдун чаңын бурулдата сапырып келеткан машинаны көргөндө бечаранын кымындай жүрөгү дагы бир жолу солк этип, көзү караңгылай түштү. Бирок, тубаса көк беттигин карматып, күүсүнөн жазбай айылын көздөй түп-түз келе берди.

Кыштактын эң четки көчөсүнө бурула берээр жерге машина менен чогуу жетти байкуш бала. Алдына күү менен келип жолун торой токтогон машинадан жанагы буурул чач киши шып этип ыргып чыкты. Бирок, бала да туруп калган жок. Дале буруксуп чаңы сапырылып турган машинанын артын карай шарт бурулуп чуу койду. Жанагы адам жакшы эле кол сермеп келип кармады эле, ансыз да самсаалап айрылайын деп турган чаар бешмантынын кармаган жери колунда калып, бала колдон суурулган самындай жок болду. Өзү болсо машинага бир капталы менен урунуп алып күүсүн кармана албай жер сүзүп жыгылды. Ушул учурда буларга Нурик да жете келди. Төрт аяктап тура албай аткан неменин каягынан өтөөрүн билбей буйдала түшкөн неме, акыры үстүнөн тартактап секирип өтүп баланын артынан салды. Анткени менен жолду торой токтогон машинаны айланып өтүү аны да күүсүнөн тайдырып жиберди. Машина менен эң четки бакчанын тосмосунун ортосундагы тар кычыктан эптеп кыпчылып өтүп, эми баланын артынан жөнөмөк болгондо, алдыдагы чымылдаган неме шарт бурулуп биринчи тамга кирип кетти. Ушул жерден Нуриктин шаабайы сууй түштү. Талпаңдап барып токтоп, эмне кылсам дегендей артына бурулса, артында шефи да өзүнө окшоп бала кирип кеткен үйдүн короосун алаңдай карап туруптур.

 

* * *

Биринчи үйдүн дарбазасынын астынан сойлоп өтө калып, короосун айланып наркы үйдүн чарбагын көздөй жөнөдү. Эки кошунанын ортосу тикенек зым менен тосулуу болчу. Колун ченебей тыттырып алганына карабай зымдын ортосунан өтүп, наркы үйдүн чөпканасына кирип кетти. Жаңы эле жыйылган чөптүн бир бурчу уядай оюк экен. Кыязы иттер кирип жаткан тешик окшойт. Култ этип ошого кирди да, өз оозун өзү эки колдоп басып бүрүшүп отуруп калды. Байкуштун коркконунан эки көзү алаңдап, колу-буту токтобой титиреп жатты. Бир заматта жан дүйнөсүн алай-дүлөй кылган окуя көз алдынан кетпей кайра-кайра тартыла берди. Башы артка шылк дей түшүп чуңкурга кулап кеткен киши, үстүнө топуратып топо омургандар, анан акыры аз жерден кармап кала жаздаган буурул чач… Айрыкча жанагы өлгөн адамдын көзү анын мээсине түбөлүк жазылып калды окшойт… Коркконунан көзүн жумуп, буттарын ого бетер бүрүштүрө кымтыды. Бирок коркунучтуу элестер көзүн жумганына да караган жок. Эмне кылаарын билбей, такыр айласы кетти. Кудум бирөө келип кармап кетчүдөй бүрүшүп, жыйылган чөптүн түпкүрүн көздөй тыгыла берди.

Ушинтип канча отурганын ким билсин, бир маалда кимдир бирөөнүн өзү отурган жакты көздөй келеткан кадамын сезди. Бала добушту укпаганы менен, жакындап келеткан кадамдарды кадимкидей ажырата билчү. Ал тургай чоң кишинин кадамы менен жаш баланын кадамын да даана ажырата алчу. Мунун баары ага жер аркылуу сезилээр эле. Азыр дагы ошол сезими менен туйду. Кимдир бирөө шашпай жакындап келатты. Байкуштун жүрөгү ого бетер алып учуп, өз оозун өзү карыша басып, тырышып отурду. Быш этип дем чыгарса эле буурул чач буттан кармачудай болуп демин көгөрө карманды. Оюнда бир саам шып этип суурулуп чыгып туш келди качкысы да келди. Бирок дабыш ушунчалык жакын жүргөндүктөн, кыйчылдаганга да эрки жеткен жок. Ал ушинтип же тура чуркай албай, же тыгылып жата албай эки анжы болуп алаңдап турганча жанагы дабыш кайра арылап кетти. Эми акырын башын чыгарып шыкааламак болду. Бирок, саал кыймылдаса эле чөп-чар шуудурап, тигил сезип калабы деп кайра шүк отуруп калды. Ичинен убакыттын тезирээк өтүшүн гана тилеп отура берүүнү чечти акыры..

Ушул убакта анын так эле түбүнө дагы бирөөлөр тапырап чуркап келди. Ал ушунчалык жакын келгендиктен көзү умачтай ачылып, чакчая түштү. Эгер үнү чыкканда бакырып жибериши да мүмкүн эле. Бирок, үн чыгаруу деген нерсе ага дегеле буйруган эмес. Көздөрүн алаңдаткан бойдон чөптүн тереңине ого бетер тыгылып отура берди. Жанагы келген неме болсо өзү отурган жердин так эле түбүнө турат. Дудуктун көзүнө жанагы тапанча кармаган киши кайра элестеди. Ал азыр мунун чыгышын күтүп чөптүн түбүндө турат окшойт. Аңгыча нарытан дагы бирөө шашпай басып келди эле тиги биринчи келген дабыш дүңкүлдөп, бир башкача басып чөптүн артын көздөй кетти. Бала ошондо байкады бул адамдын дабышы эмес экенин. Биринчиси торпок, экинчиси уй саап жүргөн аял деп баамдады акыры. Ошондо гана жүрөгүнүн лакылдаганы бир аз басаңдап, денесинин тырышканы жазылгандай болду. Дагы бир аз отурган соң акырын башын чыгарып эки жагын карады. Көрсө уй саар маал болуп, аялдар, анча-мынча эрте турган эркек кишилер пайда болуп калыптыр. Баары бүттү дегенсип тээ чыгыштан жаркылдай чыга келген күн тоо башында илинип турат.

Акырын үймөктүн түбүнөн чыгып, короонун арты менен көчөнү көздөй басты. Бул айылдын эли короолорду жол жээктете зым менен тосмолопоп, анан зым торду түптөй жыш тал отургузуп салышчу. Бала жашынган үйдүн ээси дагы жыш тал отургузган экен, ошол талдарды аралап өтүп, башын чыгарып көчөнү карады. Жанагы өзүн кууган машина көрүнбөйт. Анда-мында сааны бүткөн аялдар уйларын көчөгө агыта башташыптыр. Аларды көрүп бир аз демине дем кошула түштү да, зымдардын арасынан этияттык менен өтүп көчөгө чыкты. Бирок, ошондо да көчөнүн ортосу менен баса алган жок. Алаңдап эки жагын каранган бойдон короолорду, тал-теректи түптөп үйүн көздөй жөнөдү. Бир маалда эсине кароосуз калган койлору келди. Эми атасына койлорду эмнеге таштаганын кантип түшүндүрөм деген ой мээсин жей баштады. Чын эле бул атасы Сатый менен дагы, апасы Зуура менен дагы жарытып сүйлөшө алчу эмес. Деги бул үйдөн эч ким анын тилин түшүнчү эмес. Ага болгону койду көргөзүп «койго бар», уйду көргөзүп «уйга бар» дегенди билишчү. Же болбосо ага-инилери аны артынан айдап алып көң ташытып, отун ташытып, кар ташытып иштетишээр эле. Кыскасы төрөлгөндө эле тубаса дудук түшкөн немени үйүндөгүлөр кул катары гана пайдаланышчу. Өзүнүн азан чакырылып коюлган аты өчүп «дудук» болуп, кийин кой айдаган коңгуроону колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөндүктөн «шыңгырак дудук» аталып калган. Бечара, колунда коңгуроосу жок болсо кой айдаганга да жарачу эмес. Ошондон улам атасы ага тапкычтык менен коңгуроо жасап берип койгон. Баласына эң чоң жардамы ошол болду анын. Ошону менен жаз-күз койдун өтөлүн ушул шыңгырак дудук алчу. Таң атпай баланы ойготуп, колуна бир шише айран, бир тегерек нан карматышчу да, малын алдына салып талаага кетирип ийишчү. Башында кичинекей неме ойноп кетип, же койлорун таштап үйгө эрте келе калып жүрүп бир нече жолу айоосуз токмок жеди. Андайда атасы аны чоң кишини ургандай кызыл камчыга алып сабачу. Эч ким, ал тургай тууп өстүргөн апасы да болушчу эмес. Ошентип жүрүп байкушту кой артынан калбаганга үйрөтүштү. А кийин болсо шыңгырак дудук жерге жарык кире электе туруп, малын короодон чыгарып кеткенге көндү. Апа сөрөйү күндүз кечке жей турган наны менен иче турган айранын жатаарда эле даярдап, бир баштыкка салып босого жакка коюп койор эле. Андан башка уулунун камын көрүү, эс алдыруу, эркелетүү деген анда болчу эмес.

Кыскасы баары ага кулагы кесик кулдай мамиле кылчу. Бир туугандары болсо ал жок бир да жумуш кылчу эмес. Ал тургай кээде бир канча жумушту ага көргөзүп коюп, өздөрү ойноп кетишчү. Же эч нерседен бейкапар жылуу-жумшак үйдө отурушчу. Дудук аларга башында атаандашканы менен кийин көнүп деле калды. Анын оюнда ушунун баары бул жашоодо кадимки эле көрүнүштөй, ал тургай өзү көр оокат үчүн гана жаралгандай сезилчү. Оюн, жаңы кийим, даамдуу тамак дегенди такыр эле самабай да калган.

Баса, мунун дагы бир өзгөчөлүгү бар эле. Анысын айыл эли кийинкиге чейин оозунан түшүрбөй аңыз кылып жүрүштү.  Башында мунун андай жөндөмү бар экенин эч ким деле байкачу эмес. Балким ошол окуя болбогондо дагы деле билинбей калмак. Кыскасы, ал мындай болду. Бир күнү кечке маал дудуктун кою кандайдыр бир кысталыш болуп көчөнүн кесүүсүнө кошулуп кетти. Айтмакчы, бир көчөнүн эли койлорун кезектешип кайтарып жүргөндө, дудугуна таянган атасы аларга малын кошчу эмес.

— Менин дудугум эч кимге кор кылбайт. Өзү эле кайтарат койду, — деп мактанып корсулдап калчу ал.

Айтканындай эле дудугу аны эч кимге кор кылган жок. Ошол күнү гана саат басып анын кою кесүүгө кошулуп кетти. Атасынан өлгүдөй корккон бала дагы тил уккусу келбей жан талашып шыңгырагын шыңгыратып чимирилип жүрүп койлорун талаадан эле бөлүп алды. Башка бирөө болгондо кечинде короосунун алдынан деле бөлүп алмак. Бирок дудукка андай кылууга болбойт. Койлорун башка бирөөгө кошуп жиберүү, аны жон талаштыра урулган камчыга дуушар кылаары турган иш.

Ошону менен кесүү кайтарган балдар койлорун айдап кетишти. Ойноок балдарга баары бир да. Дудуктун кою кошулду, кайра бөлүндү, бүттү. Мындай окуя беркилер үчүн кеп кылаарга деле арзыбаган иш эмеспи.

Бир топтон кийин, күүгүм тартып калганда дудук койлорун айдап келди. Атасы аны «элдин эң артында айдап келип жүр» деп үйрөткөн. Байкуш келди да койлорун камап коюп, көчөдө туруп калды. Бир маалда алардан 5-6 там ылдый жашаган Мукаш өйдөнү карай өттү. Дудук ошону эле күтүп турса керек, шап эле колдон кармап короосун карай тартып жөнөдү. Тиги кишинин «эмне болду?» дегенин уккан да жок. Же өзүнөн үн чыкпайт. Башында кетенчиктеген менен эмнеси болсо да бара көрөйүн дегенсип Мукаш анын жетегинде басып короого кирип барды. Дудук түз эле аны койлордун жанына алып келди да, бир жерге тургузуп коюп, өзү аралап жөнөдү. Берки болсо анын кылыгын түшүнбөй дагы эле башы маң. Бир маалда дудук бир ак койду шыйрактай кармап, дуңдап чакырды. Барып караса өзүнүн кою. Ошондо түшүндү иштин жайын. Көрсө анын бир кою буларга кошулуп кеткен тура. Бирок, иштин эң кызыгы, бул бала короосуна кирген чоочун кой Мукашка таандык экенин кайдан билди десең?  Кийин анын бул жоругун кошуналар бүтпөс кеп кылып айта башташты.

— Тобоо, ал менин малымдын энин билет экен эй? – деп айтып чыкты Мукаш эртеси эле айылга. Андан кийин кошуналар анын кой толуктаганына, малды кандай таанырына кызыгып көз сала башташты. Ошондо билинди бул баланын шумдуктуу өнөрү.

— Шумдугуң кургур, ал биздин көчөдө кимдин малына кандай эн салынганын жатка билет экен, — деп жатышты алар уу-дуу кеп кылып.

— Эй аны айтасың. Өмүрү мектепке барып, эсеп-чотту үйрөнбөгөн неме, өзүнүн койлорун кантип толуктайт экен дебейсиңерби, — деп ачылыш кылды дагы бирөө. – Ал деген ар бир коюн өңүнөн тааныйт экен. Агын актай, карасын карадай таанып алыптыр.

Айылдыктар башта ишенбей, атайылап сынап да көрүштү. Натыйжада элдин айтканы туура чыкты. Ошондо алар Жараткандын адилеттигине дагы бир жолу тобо дешип, жакаларын карманышты.

— Байкушка тил бербеген менен акыл-эсти шумдук бериптир Кудай Таала. Кокус бул бала окуса шумдук адам болмок окшойт, — деп шыпшынышты уккандар.

А атасы алардын кебине корстон боло күлүп гана кутулуп жүрдү. Ал үчүн дудукту окуткандан көрө малын бактырып алганы дагы пайдалуураак сезилчү.

Бул биздин каныбызда бар. Бул балам мал багып турса берки балдарым деле окуп-чокуп чоң адам болот, — деп койчу Сатый элге мактангансып. Бирок, ал дудукту эл көзүнө эле балам дегени менен, нары жагында эч качан баладай көргөн жок.

Азыр да байкуштун көз алдына атасынын ачуу жүзү тартылды. Чын эле кантип айтат ал атасына? «Мени бирөөлөр кууду, тапанча менен атты» дегенди кантип айтат? Эмне деп айтат? Атасы анын айтканын күтөбү? Же «кой кана» деп колуна тийген неме менен чаап, сабап киреби? Ушул ойлор баланын мээсин мурдагыдан да мыжый баштады. Байкуш, үйүнө жетээрин жетип, бирок дарбазаны ачып кире албай далдырап туруп калды. «Кантип айтам? Эмне деп айтам?» деген суроолор миң ирет кайталанып, жообу табылбай жатты. Дарбазаны ачаарын, же ачпасын билбей туткасын кармаган боюнча тура берди. Ушул маалда үйдүн эшиги ачылгандай болду. Дудук дарбазага жакындай калып тешигинен шыкаалады. Так эле атасы экен. Бир нерсеге нааразы болуп алган окшойт. Кабагы бүркөлүп, жини келгендей сүйлөнүп атат. Баланын оюна дароо койлору келди. «Таштап кеткенимди билип алган го» деген ой зып дей түштү мээсине. Кирерге тешик таппай кайсалап, үйдүн артын көздөй айлана чуркады. Тамдын артында мал кирип-чыга турган зым эшик бар болчу. Ары-бери аттап өтүп, дубалга далдаланды. Атасы чын эле бирөөгө нааразы болуп алыптыр. Өзүнчө сүйлөнүп алып эшиктин алдына чыкты да, көчө ылдый басып кетти.  Байкуш дудук Сатый ылдыйкы кайрылыштан бурулуп кеткиче чый-пыйы чыгып, жанын койоор жай таппай турду. Качан атасынын карааны көрүнбөй калганда чымылдаган бойдон койлоруна жөнөдү. Бирок бул жолу көчө менен кетүүдөн айбыгып, аңызды аралап, талааны аралай чуркады…

 

* * *

Надыр облустун коопсуздукту коргоо мекемесинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө бир топ жылдан бери эмгектенчү. Ал өз ишин жан дили менен аткарып, кызматына ак мамиле кылган чыныгы милиционерлерден эле. Далай эле кызматкерлердей болуп жеп ичүү, байлык топтоо колунан келип турса да, арам жолго баспай, так жүргөнү көпчүлүк башчыларына жага берчү эмес. Натыйжада, аны улам башка жерлерге которуп, биринен-бирине оодара берише турган. Ал эми азыркы иштешип жаткан башчысы болсо ага мурдагылардан да өтүп кастарын тигип калды. Бирок, ишинен айып таба албай туруп мекеменин оозко алынып калган чыгаан кызматкерин алып ыргытуу анын колунан азырынча келе элек. Анткени менен, Надырды жайына койбой эң татаал, башы ачылбас иштерди айтып, жумшаганы-жумшаган.

Мына, бул жолу да капкайдагы борбордон алыскы айылда катталган кылмышка Надырды шилтемей болду. Нөөмөтчү аркылуу айттырып бөлмөсүнө чакыртты. Баса, начальник керек болсо өзүнө түз чалууну да ыраа көрчү эмес. Атайын кыр көрсөтүп нөбөтчү аркылуу сүйлөшө турган.

Көп күттүргөн жок. Эшигин такылдатып кирип келди. Узун бойлуу, түксүйгөн кара каштуу, акырын сүйлөгөн, сыпаа жигит болчу.

— Чакыртыпсыз, — деди ал кирип жайланышкан соң.

— Ооба, — чакырттым деди башчы кабагын чытып. – Азыр Кара-Таштын аймактык милиционери телефон чалды. Алардын айылына жакын топурак алган карьерден адамдын өлүгү табылыптыр. Жергиликтүүлөрдөн эмес дейт. Чекесине тийген октон улам көз жумуптур. Айтымына караганда чоң кылмыш болгон окшойт. Тезинен ошол айылга жөнөгүлө. Сөөктү бул жакка изилдөөгө салып жиберип өзүң ошол жакта кал. Эл-журттан сураштыргыла. Көргөн-билгендер бардыр. Кандай маалымат болбосун дароо билдирип тур.

— Макул. Кайсы машина менен барабыз?

— Моргдон машина барат да. Ошону менен эле бар?

— А келгенимечи?

— Надыр, эркелегенди койсоңор боло. Машина тартыш болуп турганын көрүп турбайсыңбы…

Берки унчуккан жок. Баары бир унаа берилбесин жакшы билчү. Кызматтык машиналар короодо бош эле турат. Бул башчынын жөн эле кычастыгы. Бөлмөсүнө жетип эле моргдун кызматкерлери менен байланышты. Убакыт болжошуп алып алардын тамтыгы чыккан унаасына түшүп, тоо этегинде жайгашкан айылды көздөй жөнөдү. Үйдө аялы, эки баласы күтүп отурат. Бирок, кызмат деген кызмат. Аларга карай турган убакыт эмес. Чөнтөк телефонунан кыска маалымат жиберип тим болду. Сарсанаа кылбас үчүн дайыма ушунтип койот бир жакка кетеринде. Болду. Ошол кыска маалымат жөнөтүү жетиштүү. Майрам күн болобу, бала-чакасынан бирөөнүн туулган күнү болобу, ага баары бир. Кызмат деген кызмат. Баса, анткени менен үйүндө деле аталык милдетин так аткарчу. Балдарына жароокер ата, аялына сүйүктүү жар боло алды. Аялы да анын ишинин татаалдыгына түшүнүү менен мамиле кылды. Мамлекеттин өп-чап айлыгы менен жетишпеген турмуштун оош-кыйышына чыдап, күйөөсүнө арка-бел болуп келет. Экөө турмуш кургандан бери канча жолу ишинен которулуп, канча жолу көчүштү. Же өкмөт ошол которгонуна жараша жайланышаар үй-жай, отун-суусун камдап берип койсочу… Бир жерге жаңыдан жайланышып, ошол жерден орун-очок алаарда, кайрадан түп көтөрүлтүп көчүрүп жөнөшөт. Улам-улам окуусунан, дос-жарынан калган балдарынын кыйналганын айтпай эле кой. Анан барган айылга көнүшмөй, ал жердеги жаңы батирин жууп-тазаламай, оокат-кечесин үйүп-жыйып ташымай. Деги азабы көп.

Надыр ушуларды ойлоп келатты. Анын бул аймакка которулганына бир жылдын жүзү болгону менен азыр бара турган айылга жолу түшө элек болчу. Мурда-кийин тааныш болуп, келип жүргөн жер болгондо иш кыйла жеңилирээк болот беле…

Табылган өлүктү жергиликтүү эл аңдан чыгарып, бери көлөкөгө жаткырып, үстүн жаап коюшуптур. Нары жак, бери жагын тегеректеп бир топ адамдар жүрөт. Күнүмдүк турмушка жаман да болсо бир аз бойок кошкон бул окуя элет ичиндегилерди өзүнө тартып, кызыгуулары тарабай турган экен.

— Кудайга тообо, бу жалданма жан алгычтар ушул жакка да келген тура, — деп жакасын кармап жатышты алар. – Элүү жылда эл жаңы деген ушул. Болбосо мындайды кинодон эле көрчү эмес белек. Кара чечекей адамды өлтүрүп, аңга көмүп кетет деген качан болду эле кыргызда.

Надыр алар менен сылык учурашып, биринчи ким көргөнүн, кандай көргөнүн сураштыра баштады. Жанында жолдош болуп аймактык кызматкер, айыл өкмөт жана бир-эки жергиликтүү өкмөт адамдары жүрдү. Өлүктүн түспөлүн кылдат карап эле анын ур-токмокко алынганын жана тапанча чекесине такай атылганын билди. Баса, анын улуту башка экени жергиликтүү элди эле эмес, өзүн да таң калтырды. Калкынын токсондон ашык пайызы кыргыздан турган алыскы аймакта чет элдикти өлүү эмес, тирүү жолуктуруунун өзү сейрек учурай турган көрүнүш эмеспи. Кылмышкерлер дасыккан адамдар окшойт, бир да белги калтырбаптыр. Бир гана ушунча шарт турганына карабай, чала көмүп кетип калганы кызык. «Демек, аларга бир нерсе тоскоолдук кылса керек» деди ичинен. «Эмне шаштырды экен? Кап, издерге карап, канча адам экенин билсе болот эле, кашайып топураган кишилер бүт тебелеп салган тура. Ай ушул кызыгы күч кишилердин ишке тоскоол болгону ай!» Казганактап кетпей турган элди карап ичинен кейип койду. Бирок, сыртына чыгарган жок. «Болоору болуптур, эми жок дегенде буларды сураштырып, маалымат алуу жагын ойлонуш керек.»

Дээрлик баарын сурап көргөнү менен кашайып бирөөнөн да дурусураак бир нерсе уга алган жок. Айласы кетип жарды айлана басып, тигилердин машинасы токтоп кеткен жерге келди. Дөңгөлөктөрүнүн изин карады. Кетээрде күч менен жерди тытып, чаң сапырып кетиптир. «Деги эмнеге мынча шашкан булар?» Анан аңдын үстүңкү кырына чыгып тиги ойдуңдагы топурап жүргөн элди карады. Морг кызматкерлери сөөктү алып кеткенден бери алар бир топ азайып калганы менен, дагы эле айланчыктап басып жүргөндөр суюла элек. «Ээх, элет элинин кебелбеген адамдарын карачы. Бирөөсү да шашып койбойт» деп ичинен бир эсе ыраазы болгонсуду. Алардын ушул жөнөкөйлүгү, камырабастыгы да жакчу өзүнө. Жакпай анан?.. Дайыма кайдадыр шашмалап, жандалбастап жүргөн шаар тургунуна булардын минтип жүрүшү суктанаарлык көрүнүш эмеспи. Анын үстүнө өзүнүн да алтындай балалыгы айылдын так ушундай карапайым адамдары менен эриш аркак өтпөдүбү.

«Ишти шашылыш токтотуп, машинаны катуу айдап кеткенине караганда кимдир бирөөдөн качып, же кимдир бирөөнү кууп кетишкен көрүнөт. Ким болду экен ал? Качышты бекен? Же куушту бекен? Ушул айылдын эле тургунубу же… Ушул күздүн сөөк какшаткан суук түнүндө таң атпай бул жерге кайсы чоочун келиши мүмкүн. Болду-болбоду жергиликтүүлөрдөн… Бирок, жергиликтүүлөрдөн болсо эмнеге эмдигиче көргөн адамдын шек-шоораты жок? Элеттиктер демейде мындайды ичине катып жата албайт эмеспи. Бат эле дуу болуп чыгышы керек эле. Же кармап ала кетиштиби? Же өлтүрүп кетиштиби? Жок… Жок, мүмкүн эмес. Андай болгондо эмгиче жоголгон адам да билинмек». Кайрадан ойго батып ары-бери басты. Бир кулагын айылдын таза абасын жара бакылдап сүйлөгөн кишилерге да салып, алардын кебин да тыңшады. Тигилер ылдый жакта, а бул болсо үй боюнчалык жарчанын кырында тургандыктан алардын үнү шашпай угулуп турду.

— Ой өлүктү биринчи ким көрүп, милицияны ким чакырды? – деп бул жерге жаңы келген бирөө кызыга сурады тургандардан

— Жаныбектин баласы көргөн тура.

— Кайсы, жанагы чоң баласыбы?

— Жок берки карасы. Түндө бир ую келбей калып ошону издеп келиптир. Келсе аңдын ичинен эле карга-кузгун айланып калыптыр дейт. Анан, уй өлүп калганбы деп жакындап келип карап алып кайра айылды көздөй бакырып качкан тура. Ошол, ошону менен атасына айтыптыр. Атасы болсо тиги участковой Канатты чакыртыптыр.

Надыр бул айтылгандарды жанатан бери он жолу укту. Кимден сурабасын ушундан башка маалымат ала алган жок. Албетте, окуяга тап-такыр тиешеси жок нерселерди да кошуп айткандар болду дечи. Бирок, негизги өзөк ушундан башка болгон жок. А тиги кара баланы деле кепке тартты. Бирок, андан деле ашыкча кеп чыккан жок. Атасы менен учкашып келди да, көргөнүн көргөндөй айтып берип, кайра кетип калды. Жашы 13-14кө келип калган, оорукчан бала экен.

Аңгыча, аңдын ичинде тургандардан экөө аттарын минип жардын кырына чыкты. Бирөөсү Надырдын жанына токтоп, тоо тарапка турнабай сала баштады.

— Бүгүн үчүнчү күнбү? Базарга чейин букамды табышым керек эле, — деди ал көзүн дүрбүдөн албай.

— Уулуңду эле жиберип ийбейсиңби, — деп жооп кылды ага жанындагы.

— Ал мектептен бошобой жатат. Жанагы алтын күз деген майрамга даярданабыз деп эле керээли кечке жүрөт.

Надыр аларды угуп саал ойлоно калды. Анан жакындай басып,

— А жанагы кара бала мектепке барбайбы? – деп саал кызыккансып сурады.

— Барбайт ал. Аны менен шыңгырак дудуктун атасы жыргады. Баланын баары мектепте жүрсө, ал экөө талаада мал артынан жүргөнү-жүргөн.

— Шыңгырак дудук дейсизби? Аты шумдук го.

— Аты эле дейсиңби, өзү да шумдук анын. Байкуш таң атпай, эл тура электе койдун артынан кетет да, керээли-кечке кайтарат. Жаанбы, суукпу урганы да жок. Оорубайт дагы, ыйлабайт дагы. Жаны жан атаң гөрү

— Таң атпай кетет дейсизби? Кайда кайтарат коюн? – Надыр эми кызыга сурай баштады. Окуянын түйүнү чечилип бараткансып, көзү балбылдап кетти.

— Эми ар кандай. Кээде тиги туура жолдон чыгып, тээ тиги дөбөлөрдү көздөй жайып кетет. Кээде ушул дөбө менен өтүп, тээ тиги бетке жаят.

— Бүгүнчү? Бүгүн кайда жайыптыр?

— Билбейм бүгүн кайда экенин. Эй, Сапар! – тиги киши аңдын ичин карап кыйкырды. – Жанагы шыңгырак дудук бүгүн коюн кайда жайыптыр?

— Дудукпу? Ал тигине, маңдайдагы бетте жүрбөйбү.

— Аа, тигине. Тиги бетте жүргөн ошол шыңгырак дудуктун кою тура. Өзү кайда кетти экен? Көрүнбөйт го! Тиги киши эми ошол бетте жүргөн койлорду карай турнабай салды. – Демейде сербеңдеп эле койлорунан чыкпайт эле, бүгүн жок.

— Кана бериңизчи?! – деп шашмалады Надыр. – Демек ал коюн ушул жерден жайып өттү да туурабы?

— Ооба, ушу жерден өтөт көбүнчө.

— А канчаларда чыгарат коюн?

— Ой, ал таң ата электе чыгарат. Күн жаңыдан чыгып атканда анын кою төшкө жетип калган болот.

— Таң атпай деңизчи. Мектепкечи? Мектепке барбайбы?

— Аа, ал шордуу тубаса дудук да. Аны ким окутмак эле? Тиги Жаныбектин баласы болсо бир аз акылы кем. Аны да атасы мектептен чыгарып алды.

Надыр эми анын сүйлөгөнүн уккан да жок. Көзүнө тиги кишинин турнабайын такап алып, маңдайындагы жантай бетте жайылып турган койлордун чеке-белин сыдыра карап, кой кайтарган баланы издеп жатты.

— Бүгүн көрдүңөрбү аны? – деп сурады Надыр жанындагы экөөнөн.

— Жок, — дешти тигилер таң калгандай. Бу милициянын бул жердеги ишин таштап капкайдагы дудук балага кызыкканы аларга түшүнүксүз болуп турду.

Надыр дүрбүнү ээсине бере салып жардын кырына саал жакындады да,

— Бүгүн тигил дудукту кимдир бирөө көрдүбү? Жүрөбү ал? – деп сурады.

Топтошуп турган адамдар бири-бирин элейип карап калышты. Анан көрбөгөндөрүн айтып, Надырды суроолуу карашты. Аны эмнеге сурап атканы акылдарына чүргөлбөй койду.

«Өлтүрүп кетишти го байкушту? Же салып кетишти бекен?» деп ичинен зырылдап алды Надыр.

— Атасы ким анын? Баласы үйүнө келиптирби? Надыр кайра сурады жанындагылардан.

— Атасы жана жүрбөдү беле ушул жерде. Чоң тору ат минген семиз, сары киши, — деди тургандардын бири.

— Ой анын баласы күндүз дегеле үйүнө барбайт. Коюн таштабайт ал. Сатый жеп койоор аны коюн карабаса.

— Байкушту десең. Үнүн Кудайга жеткире сабайт тура ал. Балага да ошончо мыкаачы жан болот экен, тообо!

Надырдын эми даана шаштысы кетти. Артында турган кишинин атын сурады шарт эле.

— Дудукка барып келейин, атыңызды берип туруңузчу, — деди шашмалап. Тиги киши «мейли» деген болуп атынын чылбырын кармата салды. Бала кезинде көп эле атка минип көнгөн Надыр дароо аттанды да тигил бетти карай желдире бастырып жөнөдү. Топтошкон кишилер аны элейе карап кала беришти.

 

* * *

Күн кызарып тоо башына эңкейип, дене бойду ичиркенткен муздак жел жүрө баштады. Туш тарабы тоо менен капталган өрөөн болгон соң бул жак бат эле сууктап, кыш эрте келе турган. Бирок, бул көрүнүш жергиликтүү элге чоочун деле эмес. Тээ бала чагынан бери тоо койнунда өскөн эл өкмөттүн көзүн карап көмүр түшүрүп бер, электр кошуп бер деп отурбай эле отун-суусун камдап, суукка камынып алчу. Кеч кирээри менен мештерге отуну, көңү шыкай жагылып, боркулдап казаны да кайнап, чайы да чыйылдап чыга келет. Үй ичи болсо оттун жагылышы менен кутка бөлөнүп, өзүңөн-өзүң мемиреп, өзүңөн-өзүң жаның сергийт. Ал эми көмөч казанга бышкан ысык нанды каймакка матыра жеп, артынан сүт кошулган ысык чайдан ууртап боргулданып оттун алдында отурсаң бул өзүнчө эле айтып бүткүс керемет. Андайда сыртта улуп-уңшуган аяз турса да сөөгүңдүн музуна чейин жибип, көңүлүң көтөрүлүп чыга келет.

Айылдагы аймактык милициянын үйүндө отуруп Надыр ушуларды ойлоду. Курсактары тойгонуна курсант болуп бир тегерек таттуу токочту кармап алып мештин артында ойноп отурган балдар анын көзүнө ысык көрүнүп, өзүнүн тээ артта калган бала күндөрүн эске салып өттү. «Атаганат, ошол күндөр бир кайрылып келсе кана!..»

— Начальникке чалдыңызбы? – деп оюн бөлдү Канат. «Эмнеге чалам, кайсы начальник?» дегенсип бир саам элейе карады аны Надыр.

— Ал эмне деди? Машина жибермей болдубу? – деп суроосун улантты берки Надырдын жообун күтпөй. Кептин төркүнүн ошондо түшүндү.

— Аа. Ага чалганда эмне? Баягы эле да. «Көргөн-көрбөгөнүн так билбегенден кийин аны алып келгенде эмне?» деп оңураңдап койду. Билгем анын ошентээрин.

Ошону менен кайра унчукпай отуруп калышты. Надырдын көз алдына эми кой артынан делпектеп чуркап жүргөн чилмийген арык бала тартылды. «Байкуш ай» деп ичинен сызып алды. Колуна тынымсыз шыңгыраган коңгуроо байланган чыбык көтөрүп алыптыр. Баса, аны жана аттанып барганда таба албай бир топ убара болду. Бери жактан баратканда жакшы эле бир баланы көргөндөй болгон. Бирок, жакындай берип эле эч кимди таппай калса болобу. Жайылган койду тигиндей тегеренип карады, мындай тегеренип карады, жок. Кыйкырып да көрдү. Аттанаарда атын сурабай калган экен. Баары эле «дудук, дудук» дей берип атын айтышпаптыр. Өзү да сарсанаа болуп атып, тактап алганды унутуп калган тура. Барып алып эмне деп издеп, эмне деп чакыраарын билбей айласы кетпедиби. Дагы жакшы бери жактан койдун жанында жүргөнүн көрүп калган экен. Болбосо, бала жок деп кайра кете бермек окшойт. Нары бастырды, бери бастырды. Жанындагы дүпүйгөн бадалга кирип алдыбы, деп анын түптөрүн да жакшы эле шыкаалады. Акыры айласы кеткенде жонго чыкты да, атын чылбыры менен наркы бетке тушап коюп, өзү кой жакты аңдып жатып калды. Бул анын акыркы амалы болчу. «Коюн өлүп баратса таштабайт дешти эле. Демек ушул айланада эле отурат» деп ичинен кымылдап отурду. Жаңылбаптыр. Жаңы эле өзү караган бадалдын түбүнөн суурулуп чыга келди. «Шумдугуң кур оой, кантип жашынган ага? Карабадым беле жакшы эле» деп башын чайкады Надыр. Утур-утур Надыр кеткен жакты бир карап, тигил ылдый жактагы кишилер топтолуп турган дөбө жакты бир карап коюп коюна чуркап келди да, бир айланып тоону карай имерип жиберип дүпүйгөн шыраалжындын түбүнө отура кетти. «Эми коркутпай акырын барайын» деди Надыр ичинен. Байкуш бала чоочун немеден чочулап айылды көздөй качып кетеби деп ичинен санааркады. Ордунан туруп ары барып атын кармап минип, жок издеген киши болуп койду аралап чыга келди. Ушинтип чыкса тигинин көңүлү бир аз токтолоор деген амалы болчу мунун. Балким кепке да ушул койлор аркылуу тартам деп ойлоду. Бирок, кепке тартып кете алаарына көзү жеткен жок. Бир ооз кеп айта албаган тилсиз менен эми кантип сүйлөшөөр экен? Акырын көздүн кыйыгын салды балага. Байкуш, кудум дыр берип үркүп кетээр жапайы улактай элейип карап туруптур. Көзүнөн мөлт-мөлт куюлган жашы жаак ылдый куюлуп кеткен. Өзү эле илмийип арыктаган, кан-сөөлү жок куп-куу бала экен, эми минтип коркунучка кабылганы ого бетер көзү алайып, ого бетер корунуп калган. Ансыз деле боорукер неме эле, баланын кебетесин көрүп жүрөгү зыр-зыр этип тилинип кеткендей болду. «Алда бечара ай!» деп алды ичинен. Анан калп күлгөн болуп, койлорду жаңсап бармагын көргөзүп «баракелде жигит!» деп баркылдады. Дагы бир бастырып аралады да, семиз кочкорду көргөзүп «мону канчага сатасың я, досум?» деп көңүлдүү сүйлөдү. Дудуктан болсо үн жок. Дагы эле жанагыдай алаңдап өзүн бир карап, тигил алаканга салгандай көрүнүп турган дөбөдөгү кишилерди бир карап турат. Шакмарлап кирдеп, жедеп  жамаачыланып бүткөн күрөң күрмөсү менен мурдун аарчып, бытыйган колу менен жаашын аарчып койот. Надырдын жүрөгү дагы чыдабай кетти. «Адам эмес турбайбы, адам эмес!» деп нары карап сөгүнүп алды. «Байкуш чиедей болгон немени жылуураак кийинтип деле коюшса эмне» деп дудуктун ата-энесин жемелеп жатты ал. Деги бул балага кантип жакындап, кантип сөз баштайт эми?.. Кайра бурулуп «канчадасың я досуке» деп кепке тарта баланы көздөй бастырып көрдү эле, байкуш бала шыпылдай басып жонду көздөй жөнөдү. Тим эле эми бир аз жакындаса бакырып ыйлап каччудай дикилдеп жүрөт. Эки көзүн Надырдан албай карап атып топ шыраалжынга чалынып жыгылып да кетти. Ордунан кайра тура калып колунан ыргып кеткен коңгуроолуу чыбыгын алып жонду карай чуркады. Надыр эми артынан баргысы да келген жок. Тигинин түрүнөн баары бир сүйлөшүүгө болбосун билди. «Кечинде үйүнөн барып сүйлөшпөсө болгудай эмес» деди да дөбөдө турган аттын ээсин карай бастырды.

Ошол ошо болгон. Атты ээсине берип кетиргени менен баланы аяй карап дөңдө бир топ отурду. Акыры күндүн суугу жанынан өтө баштаганда айылга бет алып участковойдун үйүнө келди. Экөө бир аз кеңешип алып дудуктун үйүнө барышты. Бирок, бул жолу деле кыйратып маалымат ала алган жок. Атасы дугдуңдап орой сүйлөгөн киши экен, «кайдан билмек эле? Көрсө келип айтпайт беле» дегенден башка эч нерсе айткан жок. Акыры сыртка чыгып баланын үйгө келишин күтүп калышты. Демейде баласын «элдин артында келип жүр» деп урушчу атасы бүгүн аяган болуп эң кичүү эрке уулун «койду айдашып кел» деп жиберди. Анысы так кетээрде апасы артынан чыгып,

— Ме, мобу жылуу күрмөнү да берип койчу. Тоңуп калды го байкуш, — деп жаңыраак кара күрмө берди. Участковой Канат мыйыгынан жылмайып алды да Надырды акырын жеңден тартып,

Канынан жаралган баласы экенин булар бүгүн билишти го, я — деп шыбырады. Надыр болсо бечара дудуктун тоодогу элесин унута албай, унчукпай тура берди. Көп өтпөй эки бала койлорун айдап жетип келишти. Берки жардамга барганы деле баары бир бала эмеспи, ата-энесинин бүгүнкү анткорлонуп атканын ойлоп да койгон жок. Адатынча дудукка койду айдатып коюп өзү аркасында шашпай ойноп келетат. Улам-улам таш алып урган болуп койот. Үйгө жакындап калганда гана койду таштап, булардын жанында турган атасынын жанына чуркап келди да,

— Ата, ата, дудук айран куйган бөтөлкөсү менен нан салган баштыгын жоготуп ийиптир, — деп сүйүнчүлөгөнсүп кыйкырды.

— Ой энеңди урайын. Ушинтет эми, — деп бир ызырынып алды Сатый. Бирок, жанында турган өкмөттүн адамдарынан жалтайлады окшойт, кайра кебин буруп кетти. – Буга күнүгө баштык берип атып баштык да түтпөс болду. Эми эртең эмнеге азык салып кетет экен?

Чоочун кишилерден коркуп турган неме азыр атасына чуркап корголойт го деп күттү эле, тилекке каршы бечера дудук атасынын күпүлдөгөнүнөн ого бетер санааркап, бирде атасын, бирде Надырды жалтаңдай карап койлорун айдап өтүп кетти. Бул көрүнүш Надырдын жүрөгүнө дагы бир жолу октой кадалды. «Атаң көрү ай! Бу бечара атасына да корголой албайт тура. Корголомок тургай корунуп турганын карачы эми» деди ичинен. Анан ошол кабагы салынган бойдон Сатыйга күңкүлдөп алды.

— Баштыгыңызга кейибей түштө бир маал ысык чай берип коюп турсаңыз боло балага. Мобу суукта айран тамак болобу?

— Аа, эми суук түштү ал деле болот. Кантип ушул чычкандай немени ачка койолу, — деп кайпактады атасы. Анан берки эрке баласына карап, — Тур тиги койлорду короого кама. Тигил кирсин үйгө, — деди.

Эркеси элтейип атасын бир карады да анын түктүйгөн кабагын көрүп койду карай чуркады. Бечара шыңгырак дудук керээли кечке оттогонго курсактары кампайып ынтыккан койлорду тыгылыштырбай чубата айдап киргизип аткан болчу. Иниси чуркап барып чыңкылдап «үйгө кет» дегенде гана элеңдеп булар турган жакты карап алып, үйгө кирип кетти.

— Э Зуура! Чай берип, курсагын тойгуз баланын. Азыр биз да киребиз, — деп заңк этти Сатый дудуктун артынан.

Чогуу деле кире беришсе болмок. Бирок, үй ээси калп эле көчөнүн өйдө жагын бир карап, ылдый жагын бир карап маалкатып тура берди. Бир топто араң,

— Жүрүгүлө, — деп экөөнү үйгө чакырды.

Бирок, алардын жардамы менен деле кыйратып маалымат ала алган жок. Надырдын көзү даана жеткен бир гана нерсе, байкуш баланын өтө катуу коркуп калганы болду. Ким эмне сурабасын, башын чайкап же көзүн жалдыратып гана отуруп бергени менен жалжылдаган көздөрдө укмуштуудай чоң чочулоо турду. Ушул жерден анын ата-эне сөрөйгө дагы жаны кашайды. «Булар деле сүйлөшө албайт турбайбы муну менен. Коркутуп-үркүтүп жумшагандан башка эч нерсени билишпейт тура» деп ичинен түтөп отурду. Акыры өз үйүндө деле эч нерсе чыгара албасын билип, кейий коштошту да, ордунан туруп чыгып кетти. Артынан Канат кошо чыкты. Надыр жинин баса албай бир топко чейин дуңкулдап келе берди. Акыры жинин чыгаргандай буркулдап,

— Бул бала бирдеме билет. Көргөн бул бала. Биз гана сурай албай атабыз, — деди.  Дагы бир саам унчукпай баскан соң,

— Эптеп ушул ишти бүтүрүп алайынчы, андан кийин бир күн түнөтпөйм баланы бул үйгө, — деп ызырынды.

— Биз киргиче кийимин которо калышканын көрдүңүзбү? – деп кошулду Канат. – Жанагы жаман шымы бутунан түшчү эмес эле, бизди сыртка кармай туруп кийинте калышкан тура.

— Желмогуздар!..

 

* * *

Күндүн илеби күн өткөн сайын кайтып, сууктай баштады. Анан калса түнү менен улуп-уңшуп шамал да болуп чыкты. Ошондонбу, же башка бир нерсе болдубу, айтор эртең менен электр жарыгы да өчүп калыптыр. Таң эрте туруп көнгөн Надыр бүгүн да эрте ойгонуп үстүнө Канаттын эски күрмөсүн баса кийип сыртка чыкты. Күн али чыга элек болчу. Кечээ кечке маал асман бетин бербей каптап келеткан булуттарды түнкү шамал алда кайда сүрүп кеткен окшойт. Болбосо бул кебетеси менен кар деле жаап коймок го.

Булар жаткан үй айылдын чыгыш жак четинде болчу. Зым менен тосулган анча чоң эмес бакчанын нары жагы эчак эгин-тегини орулган сап-сары талаа. Ар кай жеринде шашпай басып субай-султаң мал оттоп жүрөт. Айыл эли болсо али жылуу төшөгүнөн тура элек. Айлана жымжырт. Надыр ичиркенип турганына карабай айылдын таңкы таза абасына, тээ бала чакты эстеткен көрүнүшүнө суктанып басып жүрө берди. Оюна капкайда калган балалыгы келип, көңүлү бир эсе көтөрүлүп, бир эсе ошол күндөрүн сагынгансып туталанып баратты. Бул минтип басып каякка чейин бармак ким билсин, аңгыча таңкы таза аба менен тараган коңгуроонун тынымсыз шыңгырагы көңүлүн бузуп кетти. Бул маалда айыл ичинде кайдагы коңгуроо? Ким болуп кетти дегенсип эки жагын карады. Тигине, ылдыйраактагы короодон алдында койкоңдой баскан кара теке, он чакты эчки баштаган койлор чыга келди. Артынан өңү өчүп кеткен күрөң күрмөчөн бала таягына байланган коңгуроосун ары бери шаңгыратып койду айдап алыптыр. Башына кайсы атасынан калганы белгисиз эски малакай, бутуна чоңураак желим өтүк кийип алган. Кечээ эле топтоголок болуп тоюп келгенине карабай, тим эле көптөн бери ачка калгансып ар кай жерге токтой калып жутуна тытмалаган койлорду таягы менен чымылдата кубалаган сайын коңгуроосу таңкы абаны жарып шаңгырай калып жатты. Айрыкча жаны тынбаган эчкилердин убарасы күч. Сербеңдеген улактар улам бир талды тегеренип эки аяктап тура калып кабыктарын сыйрып жеп жиберип, же тосулуп турган зым короону аралап кетип жөн басышпайт. Ушулар менен алек болуп келеткан бала качан бери жакта өзүн кызыгуу менен карап турган Надырды көргөндө элейип тура калды. Ал тургай артка бурулуп качып кете жаздады.. Байкуш же өз жолу менен коюн айдап өтө албай, же артка бурулуп качып кете албай, тек гана көзүн алаңдатып үйүн бир карап, жол жээктеп туш келди жайыла баштаган койлорун бир карап жаман болду. Анын минтип бушайман болуп турганын сезе калды да Надыр балага колунан келишинче жагымдуу жылмаюу тартуулап, түз пейилин көргөзкүсү келди. Бажаңдап сүйлөгөн болуп утурлай басты эле, дудук  артына бурулуп бир аз нарылап барып кылчактап токтоду. Кокус эми бир кадам таштаса тап-такыр эле качып кетчүдөй. Надыр айласы кеткенде артка бурулуп үч кошконго келди да талаага кетчү жол тарапты бошотуп четке чыга берди. Ошондо да дудук бир саам көз жаздымда калтырбай улам-улам кылчактай каранып койлорун зыркырата айдап талааны көздөй жөнөдү. Бул жолу Надыр анын колундагы баштыгына назар оодарды. Сатыйдын аялы дагы эле бир нан менен бир шише айран берип койгон экен. «Ушундай сөөк какшаткан сууктун күнү муздак айран балага канчалык азык болоор экен деги?» Ичинен ызырынып сүйлөнүп-сүйлөнүп алды да, шарт бурулуп артын көздөй жөнөдү. Ошол бойдон дүңкүлдөй басып үйгө келсе Канат дагы эле уктап атыптыр. Аялы болсо жаңы эле туруп от жага баштаган экен. Маанайы пас учурашты да, өзү жаткан үйгө кирип кетти. Канаттын алтыларга чыгып калган баласы менен бир бөлмөдө уктаган болчу. Кирсе ал чукуранып коюп таттуу уйкуда жатат. Наристе баланын жылуу үйдө мемиреп уктап атканын көрүп көзүнө жаш тегеренди. «Бечаранын ушул баладан айрымасы канча дейсиң… Ашып кетсе 3-4 жаш улуудур. Карачы эми оюндан башканы билбей турган маалда тигинтип таң атпай түйшүккө салып коюшканын. Ата болгонун урайын ошол Сатыйдын. Апа болгонун урайын…» Надыр бир топко кейип отурду. Бир туруп азыр эле барып арыз жазып, баланын укугун тебелеген немелерди жоопко тарттырып, баланы алып кетейин дейт… Бирок, берки иштин жүрүшүнө тоскоол кылып алуудан коркот. Деги тиги кылмышкерлердин кебетесин көргөн жалгыз күбө ушул гана болушу мүмкүн. Атаганат, тили болгондо эмне…

— Чай ичиңиз байке.

Надыр чочуп кетти. Ойго катуу берилип кеткен экен.

— Азыр, — деп жооп бере салды да жаткан ордун жыйнаштыра коюп сыртка чыкты.

Шыпылдаган келин нары бери чай кайнатып, кечээки туураган этти ысытып ортого койду. Надыр жайланышкыча Канат да жуунуп келип дасторкондон орун алды. Анча-мынча кобурашкан болуп чай ичип отурушту. Курсактары тоюп болгон кезде Надыр,

— Айылдын кайсы жеринде дүкөн бар? – деп суроо салды. Канат эмне кыласыз дегенсип карап калды эле, аялы элпектик кылып биринчи жооп кайтарды.

— Мектептин арт жагындагы көчөдө Жайна эженин дүкөнү бар. Эмне бир нерсе алат белеңиз?

— Ооба… Майда-чүйдө алайын дегем.

Надыр чай ичип бүткөн соң түз эле дүкөндү көздөй жөнөдү. Сабак башталганга мектептин айланасы тунжурап тынчып калыптыр. Жана эле топ-топ болуп өтүп аткан балдардын аягы үзүлүп, көчөдө анча-мынча эле кишилер жүрүшөт. Адатынча ток пейил тартып, турмушуна ыраазы болгондой эч кебелбей шашылбаган элет эли. Өз элинде жүргөндөй улуу кичүү дебей баары менен учурашып жүрүп отурду. Барса дүкөн бек экен. Эмне кылаарын билбей туруп калды. «Дүкөнчүнү ким деди эле, аты ким эле» деп эстей албай жатты ал. Аңгыча арттан бирөө,

— Дүкөнгө келдиңиз беле? – деди учурашып бүтүп эле.

— Ооба. Качан ачылат?

— Тетиги дарбазаны такылдатып Жайна эже деп чакырсаңыз чыгат.

— Аа, рахмат. Ырас болбодубу.

Эсинен чыгып кеткен экен. Бул жерлерде дүкөндөр шаардагыдай дайыма ачык турбайт эмеспи. Көпчүлүк убакта оозун калдайган кулпулар кайтарып турган болот. Бирок, ээси дүкөндүн жанында эле жашагандыктан, кайсы убак болбосун ачтырып алып соода кыла бересиң. Бул жолу да ошондой болду. Дарбазаны бир эки такылдатканда эле башына бир байлам жоолук байлаган бирөө чыга келди да, көп деле суроо суратпай дүкөнүн ачты.

 

* * *

Тоо-ташты темселеп жүрүп дудукту араң тапты. Жоругу жолдо калган бала бүгүн демейдегидей коюн төштү көздөй айдабай, түптүз эле аңызды аралатып отуруп айылдын ылдый жагындагы сууну көздөй жайып кетиптир. Аны антип ылдый кетет деп ким ойлоптур. Анан калса ар кай жерде эле топ-топ болуп жайылган койлор. Эгер кечээки атын берген киши жолукпаганда Надыр тиги төш жактан эле издеп жүрө бермек. Ошол киши көрүптүр. Кечээ сатам деп  жүргөн букасын издеп жүрүп дудукка жолуккан тура. Анын айтуусу менен тез эле таап келди. Бирок жакындап келээрден мурун алыстан акмалап, баланы бир сыйра карап алды. Болбосо кечээкидей жашынып алса, бул кокту-колоттун ичинен таптыргыдай эмес. Ар кай жерде дүпүйө өскөн бактар да бар экен. Акмалап отуруп дудук качан талааны көздөй жайылган койдун алдын тоскону басканда бул да аны көздөй жөнөдү. Нары карап шашпай бараткан бала муну байкаган жок. Ушундан пайдаланып бир топ жакындап алды. Анан тиги бала калтырып кеткен азыгынын жанына барып жайланыша отурду. Колуна көтөрө келген баштыгын ачып бир газетаны жайды да үстүн жайната баштады. Таттуу токочторду ортого коюп, макиси менен чапталган балыктын капкагын ачты. Жемиш ширесин, алма, момпосуйларды баштыгы менен ортого жайды. Баарын жайгарган соң бала жакты карады эле ал, тээ нары жакка туруп алып өзүн элейип карап туруптур. Ордунан жылып өзү жасаган дасторконду ага көрүнгүдөй кылып отурду. Анан жайдары кыйкырып кол булгалады. Өзү токочтон бир сындырып жеди да, ширеден желим чөйчөккө куюп кере жутту. Анан желим кашык менен калайдагы балыктан сугунду. Макиси менен алмадан кесип оозуна салып тамшана чайнады. Өзү ушунтип азыктанып атканы менен көзү тигинде турган балада. Анысы болсо ошол ордунда бойдон кыймылдабай турат. Деги эле жакындачудай эмес. Анын келбесин байкаган соң ордунан туруп жайылган койду айлана басып кетти. Бул туурары менен тиги да элеңдеп кыштакты көздөй дыр берчүдөй обдулуп алды да, кайра негедир бир нерсесин кыя албай аткансып токтоп калды. Ооба, ал койлорун таштай албай жатты. Жакын эле жерде бир канча короо кой жайылып жүргөн. Кокус бир аз алыстаса эле аралашып кетчүдөй. Анан калса алардын көбү мурункудай кошуна-колоңдун эмес, ушул жактагы сарайларда жашаган койчулардыкы болчу. Кокус аларга кошулуп кетсе бөлүп алыш кыйынга турмак. А атасына эмне? Коркуп атасыңбы, бирөө аңдып атабы, ага баары бир эмеспи. Койлору короого толук кирбей калганын билчү болсо оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып сабап жатып калмак.

Байкуш бала ушуларды ойлогондо бир карыш алыстай албай буйдалып тура берди. Бирок, көз алдынан бир күн мурунку куугунтук кетпей жүрөгү лакылдап жатты. Баары бир жан деген таттуу тура чиркин. Ал ушунтип кечке деле тура бермектир. Ооба, Надыр туруп басып кетпегенде дегеле ал жакка жоломок эмес. Көз жоосун ала жайнап турган таттуу-тарапа да аны азгыра койгон жок. Балким өмүрү көрбөгөн немелерге көзү күйүп тургандыр, бирок, жүрөгүнө тынчтык бербеген коркунуч аны бир саам да жалгыз калтырбай койду. Акыры, айласы кеткен Надыр тап-такыр алыстап кетти. Ал ат чабым жердеги коктуга келип дүпүйө өскөн чийдин далдоосуна отурду. Ошол жерден акырын башын чыгарып, баланы аңдыганга өттү.

Бул убакта дудук тиги таштап кеткен дүйүм даамдын жанында турган болчу. Жетип эле өзүнүн айран куюлган шишеси менен наны салынган баштыгын колуна алды. Анан бир аз нарыраак басып Надыр кеткен жакты бир саам карап турган соң кайра келип сырты кооз кагазга оролгон момпосуйдан эки-үчтү кармады. Колундагы баштыкты шашмалап жерге таштай коюп момпосуйду аарчып жиберди да биринин артынан экинчисин оозуна салды. Надыр чынында акчасын аяган эмес болчу. Тандап туруп эң сонун шоколаддарды алган. Өзү да башынан баласаак неме кайсынысы балага жагаарын жакшы билчү. Иш ойлогондой эле болду. Таттууга ынак жаны чыдай албай кайра келди да бүт шоколад момпосуйду шашмалап койнуна сала калып басып кетти. Тээ нарыраак барып эки жагын караганча шашпай шимип жеди. Эки көзү дагы эле Надыр кеткен тарапта. Милиция эмне, киши өлтүргүч эмне дегенди али ажыратып биле элек неме, анын бул айылдагы кишилерден өзгөчөлөнтүп турган кийимин көрүп алып эле корко берди. Баягы муну кубалаган немелердин да кийгендери ушундай көз жоосун алган кийимдер эмес беле. Деги ошондон бери бул өзүнүн айылдаштарынан башка бирөөнү көрсө эле, же көзүнө чоочунураак бирөө көрүнсө эле далдоолорго кирип жашынчу болгон. Мына өзү да, малы да көнгөн бетти жалаң ушул чоочундардын айынан таштап келип отурат. Болбосо ал жак кандай кенен эле. Башкаларга кошулат, жоголуп кетет менен иши жок, коюн жайып коюп жата берчү. Кыялында анча-мынча сыналгыдан көрүп калган согуш кинолорун элестетип, нары-бери чуркап, тоголонуп ойногонду да жакшы көрчү. Деги андай убакта буга эч ким жолтоо болчу эмес. Жедеп жалгыз жүргөнгө көнгөн неме, эч ким жокто өзүн эркин сезип, жыргап ойночу. Эми карачы коркунучту. Кечээ эле аны так ошол кинолордо көргөндөй неме менен атып, артынан сая куушпадыбы. Андайдын огу тийсе бул эмес мындан чоң кишилер өлүп калаарын сыналгыдан далай көргөн.

Эки жагын дагы бир топко элеңдеп караганча койлорду бир сыйра тосуп келди. Оюнда тиги киши кайра келип таштап кеткен немелерин алат деп ойлоп жатты. Бирок андан дайын жок. Тиги таттуу ширеден болсо сугу өтүп баратат. Андай кутудагы ширени ал бир жолу гана ичкен. Ооба, бир жолу кечинде үйгө барса ошондой шише мештин жанында турган экен. Ичин чайкап көрсө чулкулдап, бир кыйла эле жүргөнсүйт. Кыязы бир туугандары жок калды деп таштап салган го деп ойлоду да, бирөө келип колунан жулуп кеткиче иче калмакка оозун ачып оозуна көңтөрүп жиберди. Көмкөрүшү менен нары жакта отурган агасы менен эжесинин боорун тытып каткырып жатып калышы бир болду. Көрсө алар жөн эле муну шылдыңдамакка ширенин кутусуна арак куюп коюп байкап отурушуптур. Өмүрү мындай ачуу немени татып көрбөгөн неме какап-чакап, көзү-башынан жаш кетип эле жатып калды. Так ошол убакта сырттан кирип келген атасы бала болуп башына түк чыкканы биринчи жолу буга болушту. Дудук анын эмне дегенин чынында толук түшүнгөн жок. Бирок бир билгени атасы берки экөөнү аябай тилдеди дагы, колдорунда ичип отурган ширенин жарымдай элек кутусун алып, беркиге бердирди. Мына ошол күнү даамын таткан мындайдын. Байкеси менен эжесин каратып коюп бир топко тамшанып ичкен болчу. Мына эми, дал ошондой шире азыр бүтүн бойдон алдында турат. Акыры чыдабай кетти. Эпейип отура калды да оозун ачып култулдатып жута баштады. Үч-төрт жуткан соң кайра ордуна коюп оозун бурай салып өйдө турду. Тиги киши дагы эле жок. Анан газетанын үстүндө жаткан токочторду, оозу ачылган балыкты карады. Ошондон кийин өзүн токтото албай калды.

Надыр ошону менен ага дагы бир жолу жакындап көрдү. Бирок, бул жолу деле майнап чыккан жок. Бала ал жакындаган сайын алыстап кетип атты. Акыры айла жок кетүүгө туура келди. Керээли кечке басып жүргөн неменин курсагы ачып, чарчап да кетти. Түз эле Канаттын үйүнө келди. Курсагын тойгузгандан кийин начальнигине чалып болгон ишти айтты. Эптеп шылтоо таппай турган немеге кудай берди окшобойбу, «бир ооз кеп айта албаган баланы аңдып жүрө бербей келбейсиңби» деп бир кыйла опузалады. Анткени менен Надырга окшогон такыба немелердин жолтоо болбой алыста жүргөнү деле жакшы эмеспи. «Мейли дегеле өзүң билчи. Каалашыңча аңдышып жүрө бер. Кийин өзүң жооп бересиң» деди да сөзүн токтотту. Надыр мындан башка деле жооп күткөн эмес. Эрте турган неме жылуу үйгө киргенден кийин шалдырап уктап кетти.

 

* * *

Ошол күнү айылга кайдан-жайдан текшерүү келип, мектепти басып жатып калды. Чоңдордун мынча карпа-күрп келип калаары көптөн бери боло элек болчу. Качан болбосун текшерүүчүлөр тиги борбордон чыгаардын алдында айылдарга кабар жетээр эле. Ошону менен мугалимдер келе тургандарды коноктоо кезеги кимде экенин тактап, нөөмөтү келген мугалимди үйүнө жөнөтчү. Ал болсо карызга батып болобу, же акыркы акчасын сарптайбы, деги кандай болсо да дасторкон даярдайт эле. Айтмакчы, негизи эле бул чоңдордун алды-ала кабарланышына да так ушул сый тамак себеп болчу окшойт. Болбосо, текшерүүчү деген айттырбай келип, мектеп жамаатынын чыныгы жүзүн көрсө кана. Ошондо гана талапка жооп бербей турган мугалимдердин чыныгы жүзү ачыкка чыкмак. Бирок, иш дайыма тескерисинче башталгандыктан, сапаты жок агартуучулар текшерүүчүдөн жашырылып, ар кандай шылтоолор менен мектептен алыстай турушчу. Аларга кошулуп кээ бир айыпты ачаар ашынган шок, же эки тамганы кошуп окуй албаган окуучуларга да «уруксат» берилээр эле.

Кыскасы, борбордон келээр чоңдордун жазылбаган каада-салты бул жолу бузулду. Күн бир аз көтөрүлүп калган кезде мектептин алдына дүңкүйгөн жол тандабас токтоп, ичинен кычыраган бешмант, кыры чыккан шым, аппак көйнөк, галстук тагынган кишилер чыгып деректирдин бөлмөсүн карай качырып эле кирип келишти. Мындайды күтпөгөн мугалимдер, «ким болосуңар, кайдан келдиңер» деп сураганга да жарабай, алдыларына түшүп тызылдап чуркап, сапырылып жатып калышты. Беркилер болсо ого бетер катаалданып, алдынан кандай киши чыкпасын кууруп келатышты.

— Бул эмне деген кийим? Алдагы көйнөктү кайдан таап алгансың?! – деп завуч аялды кирээри менен эле каарып өттү бирөөсү. – Деги өзүңөрдүн үстү-башыңар оңолбосо, окуучулар кантип тыкан жүрмөк эле? Же силер үчүн алардын баскан-турганы менен тазалыгы баары бирби?

Байкуш завуч эмне дээрин билбей бир кызарып, бир бозоруп эле кала берди. Жооп бермек тургай көзүнө жаш тегеренип, ыйлап да жибере жаздады окшойт. Алаңдап коркуп турган деректир эптеп анысын ажыратып калайын дедиби, же дагы бир балакет таап чыкпасын дедиби, эптеп сөз таап куткарып кетмекке жалпаңдап ортого кыпчылды.

— Агайлар, бүгүн күн суук болуп жылуулугуна карап кийип алса керек да. Болбосо, муну кийчү эмес… Биздин айылды билесиңер тоонун түбүндө эле болуп… Баса, өзүңөр да үшүп калгандырсыңар. Кирип жайланышкыла…

— Жолдош директор! Кечирип коюңуз, бирок сиз биздин эмнеге келгенибизди унутуп калдыңыз окшойт. Биз бул жерге тээ борбордон бери жылынганы келген жокпуз. Балдардын абалын, билим берүүнүн абалын текшергени келдик. Демек, башталгыч класстан баштап баарын бирден кыдырып, таанышып чыгышыбыз керек.

Деректир бир саам жооп бере албай мукактанды.

— Ма-ма-макул… Макул кыдыралы, — деди ал айласы кеткенде. Бирок, текшерүүчүлөр анын жообун күтүп турушкан жок. Артта турган жаш мугалимдин бирөөнөн биринчи класстын кайда экенин сурады да, аны алдына салып алып жөнөп кетишти. Ого бетер шаштысы кеткен деректир күдүңдөгөн бойдон алардын артынан жөнөдү. Ал байкуш оюнда эптеп буларды алаксыта туруп, мугалимдерин аз да болсо даярданып алууга шарт түзмөк болгон. Анан калса тиги башталгыч класстагы бир мугалимди да «тезирээк барып кел» деп дүкөнгө жумшап ийген болчу. Оюнда ал жактан таттуу тарапа, чай-май алдыра калып, бир сыйра чай бере калмак. Эми минтип текшерүүнүн так ошолордон башталаары анын таптакыр шаштысын кетирди.

Үч текшерүүчү ээрчишкен бойдон түз эле биринчи класска кирип келишти. Мотурайган балдар дүркүрөгөн бойдон ордунан туруп, жапырт салам айтышты. Дардыйган толук текшерүүчү унчукпай алик алган болду да столдун үстүндө турган журналды колуна алып бир сыйра көз чаптырды. Анан балдарды бир нерсе издеп жаткансып сыдыра карады. Берки экөө болсо унчукпай гана артта турушат.

— Отургула, — деди бир маалда жанагы далдыгый. Анан шашпай басып балдарды айланып чыкты. Ошону менен ооз ачып сүйлөбөй класстан чыкты. Деректирге анын кылыктары ого бетер сырдуу, ого бетер сүрдүү болуп, жүрөгү лакылдап чыкты. «Эми эмне кылып ийээр экен? Кайда бараар экен?» деген ой анын мээсин тынымсыз эзе берди. Текшерүүчү болсо түз эле кийинки классты көздөй басты. Кире турганы канчанчы класс экенин, жетекчиси ким экенин сурап да койгон жок. Окуучулар бул жолу да шарт тура калышып жапырт учурашып тосуп алышты. Бирок бул жолу тактада сабак өтүп аткан мугалим башка эч ким көргөзө албаган эрдик кылды.

Текшерүүчү кирип эле балдар менен учурашымыш болду да, класстык журналды алып карады. Бирок, башкаларчылап мугалимдердин сабактык жыйнагын, окуучулардын бааларын караган жок. Алар тууралуу оозун да ачпады. Жаш болсо да өз билимине ишенген чыйрак мугалим анын бул өзгөчөлүгүнө таң калганын жашырган жок. Башкаларчылап кымырынып-кымтынып отургандын ордуна шартылдай басып келип нарыраак турган дептерин алып текшерүүчүнүн алдына кармады.

— Мына агай, муну да карайсызбы? – деди ал. Деректирдин жалжылдаган көзү огунан чыгып кетчүдөй алайып, тигини матай карады. Ичинен «Бу бейбаш дагы эмнени баштады эми? Кайда болбосун ушунтип таксына бергенин качан койот деги бул? Канча айтыш керек буга?» деп кыжынып турду. Бирок, кеп тап-такыр күтпөгөн нукта уланды.

— Мунуң эмне? – деп корсулдай сурады текшерүүчү. Ал баягыдай эле кабак-кашы менен тигини коркутам деди окшойт, кабагын карыш салып тикчийе карады. Бирок, анын караганынан берки жалтанып да койгон жок.

— Бул мугалимдин конспектиси агай. Же сиз андайды карабайсызбы?

— Ммм. Конспекти дечи?! Кара десең карайын. Келе берчи!

— Алыңыз. Мына. Бул болсо журнал. Баса силер райондонбу келдиңерби, же областтанбы?

Текшерүүчү мындай суроону күтпөсө керек. Көзүнө тартынып алган көз айнегинин үстүнөн аңырая карады.

— Сенин оюңча каяктан деп ойлойсуң? – деп кекете сурады ал.

— Билбейм. Бирок, сиз конспектини да билбегениңизге караганда… Ушул жерден деректир чырылдап ортого кирди.

— Каныбек, токтот! Эмне деп турасың дагы?! Деги качан койосуң ушундай оройлугуңду я? Мен сага канча айтам?! Агай, айланайын кечирип коюңуз. Бул бейбаштын катыгын мен өзүм берем. Сиз капа болбой туруңуз.

Ал ушинтип оңураңдап, күңкүлдөп урушуп жатып тиги жигитти чыгарып жиберди. Күтүлбөгөн каяшадан эси кете түшкөн текшерүүчү так керек маалында кепке кошулган деректирди карап кара күчкө күлдү. Анан аны кубаттаган болуп бир эки-сөз айтты да катар турган парталарды айлана басты. Ошону менен аларга эч ким жолтоо болгон жок. Келгендер болгон классты кудум бирөөнү издеп жүргөнсүп бир сыйра карап чыгышты. Качан баардык класстар каралган соң кайра деректирдин бөлмөсүнө келишти. Бул убакта берки билгичтик кылып бөлмөсүнө дасторкон жайдырып дүйүм тамакка толтуруп салган экен. Мындай ыкчам уюштуруучулукка керек болсо алыстан келгендер да таң калышты. Деректир өздөрүнөн калбай эле ээрчип жүргөндөй болду эле. Ал тургай тиги толук текшерүүчүнүн артынан калбай ээрчип жүргөн эки жигит айланада жүргөн мугалимдердин ар бир кыймылын көз жаздымда калтырбай карап турушкан. Анан кантмек эле? Алардын жедеп бышыккан кесиби ушул эмеспи. Шефтин айланасында турган эч бир жан көз кырынан сыртта калбаш керек.

Бөлмөгө текшерүүчүлөрдүн артынан деректир анан дагы бир-эки чыкыйган мугалим кирди. Деректир жалпаңдай сүйлөп төрдөн орун көргөзүп, жайгаштырып жүрдү. Жашыраак мугалим келин болсо алар отураары менен буркурап кайнап турган самоордон булоолонто чай куюп кыдырата сунду. Бери жакта бирөө ортого нан сындырып, дагы бирөө колбаса кесип, кайдан жайдан табылган бодо малдын этин туурап суна баштады. Текшерүүчү бир чыны чай ичкен соң, жетекчиге жаңдап «тигилерди чыгар» дегендей ишаарат кылды.

Баары чыгып кеткенден кийин, деректирди карап,

— Урматтуу Жолдубай Сапарбаевич. Биз бүгүн тээ борбордон бул мектепке мугалимдердин деңгээлин, же окуучулардын билимин текшергени келген жокпуз. Биз бул жакка балдардын укугу тебеленип жатабы, же жокпу ушуну караганы келдик. Өзүңүз билгендей биздин мамлекеттин мыйзамы боюнча ар бир бала мамлекеттик мектепте бекер билим алууга толук укуктуу. Бирок, өзүңүз деле уксаңыз керек, тиги борбордо канчалаган бала ошол укугунан пайдаланбай, базарларда, көчөлөрдө акча табуунун камы менен жүрөт. Мына ошол балдарды кармап сураштыра келгенде дээрлик токсон пайызы так ушул айылдардан келгени маалым болуп жатат. Натыйжада биз маселени өз жеринде текшерип, чара көрмөккө айылдарга келип отурабыз. Мисалы, бүгүнкү текшерүүдө ар бир класста жок дегенде бирден, а кээ биринде болсо бешке чейин балдардын сабакта жок экенин байкадык. А тиги жогорку класстарда болсо балдардын саны ушунчалык аз. Кана буга кандай дейсиз?

— Туура. Туура айтасыз. Бирок… бирок  биз баардык балдарды окутуу үчүн колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Өзүңүз деле сураштырып көрүңүз, биздин айылда антип шаарга иштегени кеткен бала жок. Баардык бала окууга тартылган… Балким тап-такыр көчүп кеткендер…

— Жок! Койо туруңуз, — деп кепти жыра тартып ортого кирди текшерүүчү. – Көп эле сөздү узарта берүүгө убакыт жок. Дагы көп жерди карап чыгуубуз керек. Ошондуктан азырынча көчүп кеткендер тууралуу кепти койо туруңуз. Андан көрө ушул айылда катталган, ушул айылда эле жашаган, бирок сабакка келбеген балдар тууралуу кеп кылсак. Мисалы, биздин угушубузча, айылдарда жашаган мектеп жашындагы балдардын, айрыкча башталгыч класстагы балдардын сабак убагында мектепке барбай, талаада мал багып жүргөнү тууралуу, кой кайтарып же уй айдап жүргөнү тууралуу маалыматтар бизге жетти. Эсиңизде болсун, мындай көрүнүш баланын укугун бузууга жатат жана андай балдар үчүн ата-энелерден мурун, так эле сизге окшогон директорлор көбүрөөк жооптуу болуп калат.

— Жок, аксакал. Жок… Бизде андай ата-эне да жок. Андай балдар да жок… сиз…

— Угуп туруңуз Жолдубай Сапарбаевич. Шашылбай угуп туруңуз. Биз бул текшерүүгө канчадан бери даярданып келетабыз. Мисалы так ушул айыл тууралуу да маалыматтарыбыз бар. Мисалы, окууга бармак тургай, үйүндө тынчыраак уктабай, таң атпай кой жайып чыккан бала. Эстесеңиз…

Деректирдин көздөрү алаңдап, такыр эле өзүн жоготуп койду. Эмне дээрин билбей быдылдап сүйлөй баштады.

— Ким айтып жүрөт сизге андайды? Ким айтты деги? Кайсы оозуна ээ боло албаган немелер таратат ушундай ушакты? Бизде жок андай. Бул ушак… Бул… бул..

— Жолдубай Сапарбаевич! Көздөй кишилер бар бизде. Кокус тактап алчу болсок, керт башыңыз менен жооп бересиз… Жакшылап ойлонуңуз…

Деректир шайы кеткендей шалдырап отуруп калды. Кудум бирөөдөн жардам күткөн баладай текшерүүчүлөрдү бир сыйра жалдырай карап чыкты. Баары тең теше тиктеп, сүрдүү отурушат… Акыры эчаккы күнөөсү ачыкка чыккан немедей актана баштады.

— Мен айткам ал кишилерге. Таптакыр болбой коюшпадыбы. Канча айттым деги…

— Кимге? Эмне айттыңыз эле шашпай сүйлөңүз… Текшерүүчүнүн көзү жайнап, ал тургай жанындагыларга күлмүңдөй карап да алды. Бирок, деректир аны байкаган жок.

— Жанагы Сатый деген киши да. Жеткен кежир, жеткен тоготпос… Балаңызды окууга бериңиз, жок дегенде шаардагы майыптар үчүн ачылган мектепке жибериңиз деп канча айттым.

— А эмне ал майыппы?

— Ооба. Ал дудук. Тап-такыр эле укпайт дагы, сүйлөбөйт дагы. Башында биринчи класска деле киргизгенбиз. Бирок, болгудай эмес. Ойлосоңуз, такыр укпаган баланы кантип окутабыз. Андай балдар үчүн атайын мугалимдер керек…

— Түшүнүктүү. Түшүнүктүү. Кимдин баласы дейсиз? Канчада? Кайсы жылдан бери кой кайтарат? Кайсы тарапка жаят коюн? Бизге бала тууралуу толук айтыңыз. Калган маселени биз өзүбүз чечебиз.

— Аа макул. Макул… Албы ал, тиги Сатыбек деген кишинин баласы. Сатый деп коюшат айылда. Былтыр биринчи класска алып келишкен. Ошондо быйыл 7-8дерде болуп калат. Атасы ага ошол окуудан чыккандан бери кой кайтартат. Колуна коңгуроо байланган таяк көтөрүп алат дайыма. Ошонусу болбосо койду да айдай алмак эмес. Такыр сүйлөй албайт да. Окуган да жок.

— Койду кайда кайтарат? 7-8деги бала жалгыз кой кайтаргандан коркпойбу?

— Ой жоок. Эмнеден коркот дейсиз? Биздин тоолор айылга жакын эмеспи.

— Тигил айыл үстүндөгү төш тарапка жаябы?

— Ооба, көбүнчө алардын койлору ошол жакка жайылат

— Таң атпай чыккан күндөрү да болду беле?

— Ал дайыма эле таң атпай чыгат. Эл эми уйкудан турганда анын кою бир тоюнган болот.

— Жакшы. Жакшы. Демек Сатыбектин баласы дедиңиз. Эми угуп туруңуз Жолдубай Сапарбаевич, биз ал баланы ушул бойдон калтырбайбыз. Бирок, сизден бизге дагы бир жардам кылууңузду өтүнөбүз. Жардам кыласызбы?

— Албетте. Албетте.. Биз дагы ушу мамлекеттик иш деп жүргөндөн кийин кантип кол кабыш кылбайлы..

— Анда мындай. Биз карап, текшере турган айылдар дагы көп. Дагы көптөгөн балдардын тагдырын чечишибиз керек. Албетте ар бир айылда сизге окшоп кесибин сүйгөн, так иштеген адамдар болсо жакшы деңизчи. Бирок, көпчүлүк замандаштарыбыз менен иштешиш да кыйын.

— Ооба, ооба. Тоң моюн, оңго айдасаң солго баскандар толуп атат.

— Ооба. Деги азаматсыз. Эми кеп мындай. Биз бул текшерүүбүздү аяктап балдардын тизмесин толуктап чыккыча бул маегибиз тууралуу эч кимге унчукпаңыз. Айыл жеринде билесиз, жел чыгарсаң дүң дей түшөт. А эгер бул маекти тиги Сатый угуп калса, баланы бизден мурун качырып кетиши мүмкүн. Кийин алардын кылыгын далилдеш да кыйын болуп калат. Андан көрө байкатпай кармаганыбыз оңой эмеспи. А кокус кандайдыр бир кокустук болуп дейлиби, же бир өзгөрүү болуп дейлиби, бул Сатыйлар баланы бир жакка жибере турган болсо, сиз мага токтоосуз кабарлап коюңуз. Ушул иш колуңуздан келеби?

— Келбей анан. Албетте келет, — деп жадырай түштү берки.

— О мына! Ушундай кишилер болсо баардык жерде. Анда эмесе мобу менин номеримди жазып алыңыз. Дагы бир жолу эскертип койоюн, бала ушул айылдан сыртка аттады дегиче мага чалыңыз. Макулбу?

Деректир тынымсыз башын ийкеңдетип макулдугун билдиргенче алдына жылдырылган телефондун бетиндеги номерди шыпылдата жазып алды.

Ошондон кийин гана текшерүүчү бир жумуш бүтүргөндөй жеңилдеп, кабагы ачылды. Анан алдындагы жумшак нанга каймактан килейте шыбап оозуна салып жыргап чайнай баштады. Артынан алдындагы чайды шоркурата ууртап жиберип жанындагыга чынысын сунду. Беркиси лып этип тура калып чынысын алып самоорду көздөй жөнөдү. Деректир аларды көрө калып эшиктен бирөөнү чакырмакка жөнөмөкчү болду эле текшерүүчү жеңинен кармап кайра ордуна отургузду. Анан жаңы куюлуп келген чайдан шоркурата ууртап, кыргыз нанды кайра-кайра каймакка матырып сугунуп кирди. Былчылдата чайнаган сайын тамшанып, артынан чайдан дембе-дем ууртайт. Ушул каймактын даамына ыраазы болдубу, же көңүлүн көтөргөн дагы бир нерсе болдубу ким билсин, көз көрүнөө кебетеси өзгөрүп, мурунку кабагы карыш түшкөн кишинин ордуна жагымдуу жаркылдаган киши болуп чыга келди. Акыры алдындагы чыныдагы каймак түгөнгөндө гана майлыкты алып маашырлана оозун сүрттү да, ордунан тура жөнөдү. Жанатан бери ашкере жалпактап, «алыңыз», «жеңиз» деп кайпактап отурган деректир тигилер тураары менен ордунан учуп туруп артынан чыкты.

Алдынан жол бошото калып коштошуп аткан окуучуларга, мугалимдерге карап да коюшкан жок. Тек гана баш ийкемиш болуп шыпылдап кетип баратышты. Алдыда адаттагыдай эле көз айнекчен текшерүүчү, ага улай эле бири узун бойлуу тартайган, бири жапалдаш бойлуу, бирок, негедир эби сыны жок күржүйгөн жашыраак жардамчылары. Айтмакчы бул күржүгүйгө үстүндөгү бешманты, кырдуу шымы такыр эле жарашпай тургансыйт. Анан калса өзү дагы кыйналып кеткен бейм, галстугун шалбырата тартып таштап, мойнундагы топчуларын бошотуп салыптыр. Тиги күржүйгөн моюн мындай моюнтурукка чыдабаса керек. Буларга бирде катарлаша калып, бирде артка кала түшүп келеткан деректир анын мойнун бир карап алып өзүнчө таң калгандай шыпшынып алды.

Төртөө ошо чубашкан бойдон машинага келишти. Жанагы узун бойлуу арткы эшикти ача калып көз айнекченди отургузду да өзү рулга отурду. Берки болсо нары жагынан айланып барып айдоочунун катарына отурду. Деректир болсо эмне кылып кимиси менен коштошоорун билбей туруп калды. Капкара жолтандабас эми от алып жөнөй берээрде арткы терезе акырын түштү да текшерүүчү деректирди өзүнө жаңдап чакырды.

— Жанагы дудук такыр сүйлөбөйбү? – деди ал эңкейе берген деректирге

— Жок. Такыр сүйлөбөйт.

— Ата-энеси менен дагы сүйлөшө албайбы?

— Жок. Ата-энеси менен дагы сүйлөшө албайт.

— Балким бир туугандары менен сүйлөшөөр.

— Жок аксакал. Эч ким менен сүйлөшө албайт ал. Анын тилин бул айылда азырынча эч ким билбейт. Анан калса ал куурагыр укпайт дагы.

— Жакшы… жакшы экен, — деп нарылай түшүп күбүрөндү текшерүүчү. Анын эмне дегенин укпай калган деректир ого бетер эңкейип,

— Кандай дейсиз? – деп жалтаңдай сурады.

— Жок, эч нерсе эмес. Мен өзүмчө эле. Макул анда Жолдубай Сапарбаевич. Көрүшкөнчө.

— Аа макул. Жакшы жетип алыңыз…

— Терезе жылмыша көтөрүлүп, машина жүрүп кетти.

— Мына! Ушунтип эле бүтүрүп койчу иш болчу, — деди артта отурган буурул чач өзүнчө маашырланып. – Эми дудук эмес, төрт аягы тыбыраган тулпар болсо да колубуздан чыга албайт. Туурабы Нурик?!

— Туура шеф, — деп күзгүдөн артын карады узун бойлуу жигит.

— Туура болсо, анда бул ишти экөөң бүтүрөсүң. Баса, диктофонго жазылдыбы баары?

— Ооба жазылды.

— Жакшы. Жакшы. Бизге ал тууралуу ар бир маалымат керек. Азыр чогулуп отуруп бүт изилдеп чыгабыз дагы түнү менен аттанасыңар. Байкашымча таң атпай тиги баланы талаадан күтүп алсаңар болот. Андан кийин өлтүрүп келесиңерби, же тирүүлөй кармап келесиңерби, аны өзүңөр билгиле. Бирок, иш таза аткарылсын. Түшүнүктүүбү?!

— Түшүнүктүү шеф.

Шефи мойнундагы галстугун чечип ыргытып, тысырая артка таралган чачын маашырлана сылап чалкалай отурду. Кечөөтөн берки мээсин тынымсыз чукуп, желкесинен ныгыра басып жаткан жүктү бирөө ыргытып жибергенсип, кере-кере дем алды. Бул баланы кайдан таап, кантип кармайм деп түнү менен ой басып чыккан неме акыры тапкан акылы алда немедей ишке ашканына курсант болуп, өзүн ааламда жок акылдуу сезип келатты. Канча күндөн бери ушул жактарда жүрсө да бир да жолу назарына илинбеген тоолор бүгүн гана көзүнө илинип, алардын улуулугуна, эч сыр бербеген сүрдүүлүгүнө суктанып, таңдайын шыкылдатып отуруп, мемиреп уйкуга кетти.

 

* * *

Чыгыштан жарык жайыла чыгып, айланага үрүл-бүрүл жарык түшө баштады. Демейде жай күнү болгондо бул убакта айлана канаттуулардын жан эргите сайраганына толуп, шаңга бөлөнүп чыкмак. А азыркы сай сөөктү сыздаткан суукта канатуу да калбай калган окшойт. Анда-санда ары-бери учкан карга-кузгун эле болбосо, асманда канат серпкен бир да жандык жоктой. Ушундай жымжырт талаанын тынчтыгын бузгусу келбегенсип тээ айылдын ылдыйкы тарабынан эки жигит коктунун таманы менен чыга келди. Экөө анда-санда күңкүлдөшө сүйлөшкөнү эле болбосо, кабактарына кар жаап, бир чети уйкудан калганына нааразы болуп, бир чети кыш боло элек жатып сөөктөн өтүп чучукка жеткен суукка нааразы болуп үңкүйүп келе жатышты. Булар болжошкон жерге келип коктунун боорунан жайланышкан убакта айлана дагы толугу менен жарык болуп калды. Бирок, күн дагы эле уясынан чыга элек. Экөө коктунун күңгөй бетинен орун алып баштарын койкойто чыгарып айылды карап жатышты. Бир маалда күржүгүйү чөптүн муздактыгына чыдай албай сөгүнүп тура калды да коктунун таманы менен ары-бери баса кетти. Чөнтөгүн аңтарып жатып тамекисин сууруп чыгып чычайта тиштеп жаңы эле күйгүзмөкчү болду эле, берки узуну артын карабай туруп күңк этти.

— Тамеки тартканга болбойт, Боха!

— Ой эми ал дудугуң тамекинин жытын биле калат дейсиңби?

— Балким билет. Балким билбейт. Бирок, сен үчүн шефке жооп бергим келбейт. Бул жолу колдон чыкса шеф башыбызды кесип койот, эсиңде болсун!

Күрсүгүйдүн эми такыр эле жаны кашайып чыкты. Тамекисин колуна мыжыга кармап туруп ыргытып таштады. Узуну болсо камырабай гана жата берди. Чынында тиги баланын кой жайып чыга турган убагы да болуп калган. Эми колдон келишинче сактанбаса болбойт. Сактанбай анан. Эптеп жарым саат чыдай турса бул түйшүктүн баары бүтөт эмеспи. Кайдагы бир баланын маселеси чечилбей мээлерин эзип бүттү. Ошол жолу болбой калгандан күндөн бери шефи үчөөндө тынч алып уктоо деген жок. Айрыкча экөөнө эле убал болду. Шефи эстеген сайын кыжынып, кыйкырып, урушуп атып шайларын оодарды. Дагы кечөө мектепке келип кеткенден бери бир аз жоошуп калды. Баланын тубаса дудук экени бир топ эле санаасын тынчытты окшойт. Ошентип бүгүн минтип экөө бул жерге дудукту кармап кеткени келип отурат. Кечөө анын таң атпай кой артынан чыгаары тууралуу маалымат алышпады беле. Демек анын көзүн тазалаганга таңкы ээн талаадан өткөн сонун шарт болмок эмес.

Бирок… Иш такыр ойдогудай болбой, булардын шаштысы кете баштады. Улам-улам дүрбүсүн көзүнө такап айылдын талааны карай чыга турган көчөсүн карай берип экөө тең тажады. Эми Боханын тамекисин тыймак тургай сүйлөгүсү да келбей калды. Таң атып, жерге жарык кирмек тургай талаага мал айдап чыккан кишилер да пайда болду. Бир аздан кийин болсо көчөлөрдө бирин-серин мектепке жөнөгөн балдар көрүндү. Ушуларды көргөн сайын Нуриктин заманасы куурулуп баратты. «Дудукка эмне болду экен? Булардын келээрин шекшип калышканбы? Же бала бирөөгө айтып койду бекен? Эч ким менен сүйлөшө албайт дешпеди беле? Жаңылыштыбы я?…» Ушул сыяктуу ойлор барган сайын мээсин жеп, бир орунга тура албай калды. Улам-улам тура калып коктунун таманы менен өйдө-ылдый басат. Кайра жата калып айылга дүрбү салат. Ал тургай тээ тиги көчөнүн башындагы мүрзөгө карай кеткен чоң көчөнү да көз жаздымда калтырган жок. Жок. Дайын жок. Дегеле кой айдап эч ким чыга элек.

Ушунтип турганда Боха сүйүнүп кеткенсип кыйкырып жиберди. Нурик жаңы эле ордунан туруп, ордуна берки жаткан болчу.

— Тигине! Тигине чыгып келетат!

— Кана-кана! Берчи дүрбүнү. Ошо бекен?

Нурик Бохага катарлаша жата калды да дүрбүнү жулуп алып айылдан чыгып келеткан койлорду сыдыра карады. Кудум экөөнө кычастык кылгансып эки жээги жыш тал менен тосулган жолдон койлор бирден-экиден шашпай чубап жатты. Эми качан дудук чыгаар экен деп экөө тим эле кымылдайт. Акыры койлор да чубап бүттү. Кой артынан күттүргөн дудук да чыкты. Жайыла баскан койдун улам бир жагын кайрып айдамыш болуп, шашпай келатат. Колуна баягы жылаажын үндүү коңгуроо байланган таягын кармап алган. Уйкусу канбай калганбы, же өзүнүн эле көңүлү жокпу, айтор булардын кыжырына тийип өтө жай айдап келатты. Эптеп эле баскан болот. Жерден топурактын кесеги болобу, же малдын катый түшкөн тезеги болобу, деги колуна тийген неме менен койдун артта калгандарын ургулап койот. Берки экөөнүн ан сайын чый-пыйы чыгып чыдамы кетип баратат. Тезирээк кармап, күм-жам кылыш керек эле. Өтө кеч болуп кетти. Эптеп колго тийсе ары-бери бурдай калыш керек дагы кокту ылдый чуркап отуруп айылдын ылдый жагы менен аккан чоң сууга салып ийиш керек. Болгону ушул. Деги талаага бастырган кишилерге жолугуп калышпаса болду.

Ушунтип ар бир ирмемди санап, тырыша күтүп жатышты. Тим эле шаштылары баягыдан да кетип, бир орунга жата албай калышкан. Койлор болсо ого бетер каалгып, басаар басмаксан. Тигилген төрт көз тиги ыкшоолонуп келеткан балада. Деги бир басып койсо боло жарыбагыр…

Акыры күткөн убак да келди. Жайыла баскан койлор шашпай кыбырап коктуга түшүп, алды нары жакка өтүп кетти. Бала болсо эми айдаган коюн да унутуп калгансып арык жээктеп жер карап келатат. Жанагы таягын артына сүйрөп алыптыр. Учуна байлаган коңгуроосу улам-улам шыңгыраган болуп койот. Ошол илкиген бойдон коктунун кырына келди да, бир дөңсөөрөөк жерге чыгып туруп калды. Берки экөө акырын эңилип жакындай башташты. Өткөндө чочуп калган неме буларды көрсө кудум ошондогудай жеткирбей кетиши мүмкүн. Башка бала болгондо алдап эле кармап алышпайт беле. Айрыкча Нурик жер менен жер болуп жылып келетат. Коктунун кыры менен дүңкүйө-дүңкүйө өскөн чийлер ага жакшы далдоо болду. Эптеп 20 кадамча жакындап алса чуркап барып деле баса калмак. Шамдагайлыгына чен жок жигит болчу. Бирок мына ыргып туруп баса калам деп турганда таптакыр күтпөгөн иш болуп кетти. Жанатан экөө дудук деп күтүп аткан неме кудум тил бүтө калгансып тээ тиги чоң жол тарапты карап кыйкырып берсе болобу. Эми аттайм деп илбирсче түйүлүп турган Нурик тигинин кыйкырышы менен жерге жалп этип жабыша түштү. Жабышпай анан.. Дудук деп аткан бала кадимкидей кыйкырып сала бербедиби. Жанагы коктунун кырындагы дөңсөөгө туруп алып, тээ өйдөрөөк кой жайып чыккан курбусун чакырып жатты ал…

Эми балээ болду… Эми эмне кылыш керек? Нуриктин артынан жерге жабыша сойлоп келеткан Боха тигинин дудук эмес экендигине деле кайыл. Жөн койсо барып эле баса калганы турат. Тура калып чуркай берээрде Нурик аны кежигеден мыжыга басты. Чынында бул канчалык олбурлуу көрүнгөнү менен өзүнөн алда канча акылдуу, алда канча шамдагай Нуриктен тайсалдап турчу. Анын үстүнө тапшырманы дагы шеф дайыма Нурикке тапшырчу. А жөн гана кара күч, же бирөөнү коркутуш керек болгондо Бохадан өтөөрү жок эле. Анын кебетесин көргөндө эле далай адам ыштанын булгап койчу. Кыскасы бул күч турганда акылдын кереги эмне деген кемпайдын эле дал өзү. Кемпайлыгы ушул да. Шефи узатып атканда «колунда коңгуроо байланган таягынан тааныйсыңар» деп койгон экен, мына эми колундагы ошол таягына карап эле кармап кеткени турат. А анын дудукпу, дудук эмеспи, иши да жок. Деги муну кармап кеткенде эмне? Айгак даана көбөйгөнү турбайбы. Тигил жакта чыныгы күбө тирүү калганы аз келгенсип, кенедей айылдан кыска убакыттын ичинде эки кылмыш катталмак. Анда эле бүткүл республиканын көңүлү бурулуп калаар ушул жакка. Мына анан дудук эмес балакет болсо да тиги баланы сүйлөтүшпөй жаны жокпу алардын. Баса десең… Ага эмне болду экен? Эмнеге келбей калды ал. Таң атпай кой жайып чыгат дешпеди беле. Атасы койдон өлүп баратса калтырбайт деп айтты эле го деректир. Эми бул эмнеси? Тиги бала болсо ансайын өчөшкөнсүп кыйкырып атты.

— Кубаат! Ээй Кубаат! Коюңду бери айдаа! Экөөбүз чогуу кайтарабыз.

Нурик эми токтолгон да жок. Кандай сойлоп келсе кайра ошол бойдон артка жөнөдү. Анан бир маалда коктунун таманы менен бөкчөңдөй чуркады. Бир топко ушунтип барган соң бир жерге дүкүйө өскөн чоң чийге далдалана калып кайра алды-артын карады. Кыязы буларды байкаган, кууган куугунчу жокпу деди окшойт. Бирок жакын арада көзүнө эч ким деле чалдыга койгон жок. Тиги бала болсо нары жакта калган койлорун көздөй баягыдай эле илкиген бойдон басып баратыптыр.

 

* * *

Бул жолу Надыр да катуу күтүлбөстүккө учурады. Эртең менен дагы эрте туруп кечинде даярдап койгон анча-мынча таттуусун алып баланы тосо чыккан болчу. Бирок аны канча күтсө да кечээки убагында чыкпай койду. Ал кечиккен сайын Надырдын ого бетер чыйпыйы чыкты. Ал тургай үйүнө барып сурагысы да келди. «Эмне болду экен бечара? Же ооруп калды бекен? Же бир жакка алып кетиштиби? А кокус, жанагы кылмышкерлер алып кеткен болсочу?..» Надырдын минтип чочулаганында да мандем бар эле. Себеби буга окшогон күбөлөрдү издеп келип уурдап кетүү, же жок дегенде көзүн тазалап кетүү буга чейин көп эле болгон.

Кыскасы ал ушунтип бир топко санааркады. Эгер балким эл туруп, ары-бери басып калган убак болгондо тартынбай эле кирип сурап чыкмак. Бирок азыр анте албады… Кантип тебелеп кирип барат? Тим эле кабар айтчудай болуп, эл тура электе кирип баруу кимге жаксын? Айла жок алыстан акмалап гана тура берди. Бир маалда топ-топ болуп окууга шашкан балдар да өтө баштады. Баса, кечээ сурап жүрүп дудуктун атын тактаган болчу. Бакыт деген жакшынакай аты бар экен бечеранын. Анысын дагы тиги медпункутта балдарды каттоого алган мед айымдын архивинен таптырды. А тиги Сатыйларга барып сурагысы да келген эмес. Ал киши негедир эле чочулап, кача берчү болду. Баласына зыян тийгизип койот деп ойлойбу, же кандай, деги түшүнүксүз. Оо бир топтон кийин, качан элдин баары туруп, кернейлерден жагылган оттун түтүнү бурулдап чыгып калганда чыкты дудуктун койлору. Артынан коңгуроосун шыңгыратып өзү чыга келди. Баса, бул жолу негедир атасы Сатый да айдашып алыптыр. Надыр алгач бул көрүнүшкө түшүнө алган жок. Бир топто барып билинди иштин сыры. Көрсө бүгүн дудуктун ордуна эки жаш улуу агасы чыгыптыр кой кайтарганы. Ошого атасы кошо айдашып келеткан тура.

— Тигил коктуну өрдөтүп барып төшкө жай. Ошол жактын чөбү жакшы. Эптеп түшкө чейин карай турсаң анан дудукту жиберем, — деп баркылдап келатты Сатый.

Алардын сүйлөшкөнүн угуп эле артка кетти. Сатыйды дайыны жок кызгандырып, жинине тийгенден көрө түшкө чейин күтө турганы эле оң. Деги дудуктун аман экенин билди. Болду, санаасы тынч. Барып тамактанып алып, райондун борборуна барып келе калышы керек. Шектүү бирөө кармалды дейт ал жердеги кесиптештери. Канат болуп чогуу барышмай болду. Анын машинасы бар. Кокус иштин түйүнү чечилсе кийинчерээк келет. Анда бул баланы биротоло ала кеткени келет. Болбосо, түшкө чейин келип калышаар.

Баса, дудуктун бүгүн талаага чыкпай калганына дагы өзү себеп болгонун билген жок. Сатый баягүнү тиги милициялар баласын суракка алгандан бери эле ичинен сестене баштаган. Анан эми анысы аз келгенсип кечинде дудугу чөнтөгүнө толтура момпосуй салып жетип келиптир. Башында буга ким берди буларды деп көпкө ойлонду. Акыры бир топто араң түшүндү жанагы милийса деген немелер дагы эле сурака алып атканын. Эми коркутуп сүйлөшө алышпаган соң, алдайлы деп чечишкен окшойт. Кечээ көчөдө туруп айылдаштарынын бирөөнөн борбордон келген милиция талаада жүрөт дегенин угуп күлүп коюшкан. Көрсө ушуга барып аткан тура.

— Деги кайдагы балээге кабылды эле бул? Көрсө көрдүм дебейт беле? Деги көрсө эмне, көрбөсө эмне?! Эмне ушу дудук кармап берет беле ишпиондорун? – деп бир далайга түнөрүп отурду ал. Акыры кемпирин карап,

— Кой ушул ызы-чуу бүткүчө баланы мектепке жибере туралычы. Болбосо булардын түрү жаман. Балаңды окутуп койбойсуңбу деп жалаа жапкандан да кайра тартпайт. Эртең жоопко тартылып кетпейли. Койду бир жумача берки балдар деле карай турат, — деп улуу баласына жаңсай сүйлөдү. Аялы да ого бетер кейип алды.

— Кайдагы кара саат чыга калды эле? Бөөдө балдарды окуудан калтырып… Бири-бирин өлтүрмөктөн бышырып жесе деле ушул айылга келбей эле коюшса эмне. Талаада калгырлар. Карачы эми… Тиги Жолдубайга сүйлөшүп бир класска кошо туруш керек тигини. Бир айча окута турса болду да. Ошентип эле сүйлөшүш керек.

— Ой кайдагы бир айча. Кеткиче эле. Тетиги милийсалар кеткиче эле кошо турсун. Бир ай дегенде койду ким карайт? Азыр кесүүгө кошконго да болбойт. Жугуштуу оору деген көп. Былтыр канча кой өлдү. Сен дагы кошолонуп кетесиң да. Бир жумача окута тур деп айт. Бир жумада кетээр тиги шимшиген неме. Катын баласы бардыр анын дагы, Кудай урбадыбы!..

Маселе ошентип тез эле чечилген. Эртеси Сатыйдын аялы дудугун эптеп кийинтип алып мектепке жетелеп жөнөдү. Ал биротоло улуу баласын да сурай келмек. Бирок, мектеп деле булардын дудугун күтүп отурбаган экен. Деректир дудук менен апасын көрүп чок баскансып секирип кетти. «Э кокуй текшерүүчүнүн жашыруун айтканы буларга да жеткенби?» деген ой мээсине шак дей түштү тим эле. Көзүнө ошо күнкү текшерүүчүнүн каардуу элеси тартылганда тим эле дене-бою зыркырап кетти.

— Ой силерге эмне болду? Эмне келдиңер? – деди ал учурашпай эле. Анын минтип сирпилдегенине Зуура көңүл буруп да койгон жок.

— Бу балабызды окутканы келдик эле.

— Кандайча окутканы?…Эмнеге окутасыңар? Ким айтты силерге? Ким?!.. Деректир такыр эле карбаластап калды. Кокус чын эле тигилердин сөзү буларга чейин жеткен болсо, эртең жоопко өзү да тартылып калышы мүмкүн. «Баланын укугун тебелеген неменин жазадан качуусуна жардам берген деген оңой жаза эмес чыгаар. Ансыз да буга касташкандар көбөйүп баратканда…»

— Эмнени ким айтты деп атасыз? Биз өзүбүз эле окуталы дедик.

Эми эмне деп жооп берет? «Текшерүүчүнүн айтканын ким айтты» дейби? Же «окутпагыла, силер мыйзамдан качуунун шылтоосун издеп атасыңар» дейби? Эмне дейт деги? Акыры карбаластап отуруп чөнтөгүнөн бет аарчысын таап чыгып чекесинин терин сүрттү.

— Деги сиз ойлонсоңуз, баланы ушул убакта кантип окууга берсин? Кайсы класска кошом мен муну?

— Айланайын агай, антпеңиз. Былтыр биринчи класска катталбады беле. Ошого кошо туруңуз быйыл деле.

— Экинчигеби? Ой мунуңар тамга тааныбайт да керек болсо.

— Ой мейли эми. Бир жумача окута туруңузчу. Анан тиги милийсалар кеткенде эле кайра чыгарып алабыз.

— Чыгарып алып кайда алып барасыңар? Ого бетер шекшине сурады.

— Эми көрөбүз да. Балким шаарда майыптар үчүн окуу жай бар дейт…

— Жок! Ага алып барбайсыңар! Эч жакка чыгарбагыла баланы!

— Ой, эмне болду сизге? Анда сиз окутуңуз муну?

— Окутам. Өзүм окутам. Ушу сөздү айтаарын айтып алып кайра чочуп кетти. «Эртең шаарга алып баралы дегенде «өзүм окутам» деп алып калган десе эмне дейм? Таза балээге калбаймбы ошондо?…»

— Бир жумача окутам. Жо эки жумача. Болду. Милиция кеткиче дейсиңерби? Макул милиция кеткиче окутам.

— Аа болду. Бизге ошол эле болот. Эми ойлосоңуз, биз муну шаарга деле алып бара албайбыз. Ага канча акча керек. Андан көрө эптеп ушу милийса кеткиче окуп атат дедире турсаңыз, анан калганын өзүбүз чечип алабыз да.

Ошондо гана «өхх» деди деректир.

— Аа ошондой дебейсиңерби? Мен дагы эмне болуп кетти дейм, — деп жеңилдене отурду.  – Макул. Экинчи класска кошуп койгула. Мени айтты дегиле. Экинчи сабакта мен да табыштап койом.

— Рахмат, агай. Рахмат.

Ушундан кийинкиси оңой эле уланды. Улуу баласын бир жумага сурады эле деректир чым этпей уруксат бердирди. «Эмнеге? Эмне болду?» деп сурап да отурган жок.

Мындан дудукка эле кыйын болду. Апасы муну эмнеге бул жакка алып келгенин, эмне кылыш керек экенин билген да жок. Жөн гана бас деген жакка басып, отур деген жерге отурууга аргасыз болду. А апасы кеткенден кийинки балдардын шылдыңдаганын айтпай эле кой. Биринчи тыныгууда баары тегеректеп алып, айласын кетиришти. Бир нерселерди жаңдап, ал тургай кийиминен тартып да көрүп атышты. Анан өздөрүнчө ыржактагандарычы. Байкуш дудукка ушунун баары жат көрүнүп, ого бетер корунуп отурду. Апасы отургузуп кеткен жерден мектептен тараганга чейин кыймылдаган жок. Бир топто гана өзүнөн улуу эжеси келип ээрчитип кетти.

 

* * *

Ал күнү Надыр дудук менен дагы жолукту. Бирок, бул жолу бала көп деле качкан жок. Алгач чочулаганы менен балалык ышкысы күчтүүлүк кылды. Анан калса Надыр тиги райондук борбордон атайын даярдана келген болчу. Колундагы баштыкта алма-салма, чет өлкөнүн шоколаддарын, шире ала келген. Койлордун берки четине жакындап келип отурду да жерге ала келген газетасын коюп, үстүн жанагылар менен жайнатып салды. Анан өзү нары басып кетти. Койдун наркы четинде карап турган бала бир топ кыйылып турду да, бир маалда акырын жакындап келип отура калып жей баштады. Бул убакта Надыр шашпай басып койлорду бир сыйра тегеренип чыкты. Тээ ылдый бөлүнүп бараткан эчкилерди бери үркүтүп, койго кошту. Анан кайра жымыңдай басып баланын жанына келди. Байкуш жедеп ар кимден корунуп, жалтаң өскөн неме Надыр келгенде да башын жерге салып, күнөөлүүдөй үңкүйүп отурду. Бирок мурдагыдай тура качкан жок. Надыр ичинен кубанып кетти. Бул өтө чоң жетишкендик болчу. Эптеп бала менен достошуп алса болот эле. Анын сырын айттырыш үчүн достуктан башканын кереги жок болчу. Мына эми ошол максатка жетээрине аз эле калды.

Надыр жерге жүйүртө басып отуруп ширенин кутусун алып, жанындагы желим чөйчөктүн бирөөнө толтура куюп жарымына чейин жутту. Анан тиги баланын чөйчөгүн да толтуруп ага сунду. Бала бир аз кысынып турду да анан колуна кармады. Андан кийин Надыр алмадан кесип бере баштады. Бара-бара бала тартынбай эле сунганын алып жеп кирди. Кыскасы бул күнү Надыр айылга көңүлдүү келди. Бир топко чейин бала менен чогуу болуп, койлорун тосушту. Анча-мынча сүйлөшкөнгө да аракет кылды. Бирок, натыйжа чыгара алган жок. Албетте биринчи эле күнү сүйлөшө калам деп ойлогон деле эмес. Бүгүнкү күнү таанышып, көнүшкөнгө эле жетишсем экен деген болчу. Ошонусу ишке ашты. Кудайга шүгүр.

Кийинки күн да ушундай эле өттү. Бала дагы түшкө чейин сабакта болду да сабактан кийин койлоруна келди. Анын артынан эле Надыр келди камданып алып. Бул жолу ал Канаттын үйүнөн ысык тамак, нан, каймак, термоско чай куйдура келиптир. Албетте алма-салма, таттуусун да унуткан жок. Бала баары бир ушудайларга жакын болот эмеспи. Бирок күздүн суугунда ага жагат деп эле таттуу бере бербей, курсагын тойгузаар бирдеме да берейин деген болчу. Ошентип экөө талаага отуруп алып жакшылап тамактанышты. Байкуш дудук эми чочулабай калыптыр. Тамакты да жакшы жеди. Улам алыстай баскан койлорду тосмолойт дагы кайра келип Надырдын жанына эпейип отуруп калат. Бул көрүнүш кийинки күнү дагы кайталанды. Экөө эми кадимкидей эле чогуу отуруп тамактана баштады. Курсактары тоюп отуруп калган кезде Надыр ала келген папкасын ачып балдар үчүн бир эки журнал, бир сүрөттүү китеп, эки альбом жана жыйырма-отуздай эндей сүрөт алып чыкты. Бул альбом менен сүрөттөрдү Канаттын үйүнөн алган. Алардын үй-бүлөлүк альбому менен балдарынын өзүнчө альбому бар экен. Берки бош сүрөттөрдү болсо Канаттын аялы аркылуу кошуналарынан, жакшыраак катышкан теңтуштарынан чогулттурду. Атайын баланы тартыш үчүн кызыктууларын тандап алды. Андан кийин альбомдун арасына да, бош сүрөттөрдүн арасына да шектүү кылмышкерлердин, издөөдөгү адамдардын сүрөттөрүн аралаштырып койду. Себеби, жалаң кылмышкерлердин сүрөттөрүн кармата коюу али наристе немеге туура эмес таасир берип коюшу мүмкүн болчу. Андан көрө аларды көп сүрөттүн арасына салып коюшса бала тааныбагандарын жөн эле карап өтүп кете бермек. Эгер чын эле өзү тааныган кылмышкерди көрсө анда сөзсүз башкача кыймыл кылышы мүмкүн. Демек, Надыр дудуктун ар бир сүрөткө кылган мамилесин байкап отурушу керек. Анын бир да кыймылын жаза кетиргенге болбойт. Бул эң негизги чечүүчү убакыт. Эгер ушулардын ичинен бирөө болуп калса, анда иш бир кыйла жеңилдээри турган иш эмеспи.

Баары ойдогудай болду. Бала сүрөттүү китепти да, журналды да барактап чыкты. Андан кийин Надыр ага өзү да көрүмүш болуп альбомдорду ачып жылдыра баштады. Керээли кечке эриккен неме сүрөттөрдү бирин калтырбай карап отурду. Ал тургай Канаттын кичине баласын көрүп жылмайып да алды. Кантсе да бала эмеспи. Өзү теңдүү баланын кубанычтуу сүрөттөрү анын да көңүлүн көтөрүп жатты. Надыр ага андан кийин тиги Канаттын аялы чогулткан сүрөттөрдү суна баштады. Дудук буларды да кызыга карап чыкты. Аларга аралаш эле кылмышкерлер сунулуп жатты. Бирок, дудукта азырынча өзгөрүү жок. Катардагы эле адамдарды көрүп аткансып нары койо берди. Мына аягына да чыкканы калышты. Кезекте эки кылмышкер аралашкан он чакты эле сүрөт калыптыр. Надыр дагы эки жөнөкөй сүрөт сунду да үчүнчү кылып бир кылмышкерди жылдырды. Кантсе да эс тутуму күчтүү бала эмеспи, дароо эле тааныды. Тааныганда да кандай? Сүрөттү бир карады да дароо башын көтөрүп Надырга жалжылдай тигилди. Ичинде «бул эмнең?» деген ой турдубу, же «муну эмне алып келдиң?» дедиби айтор суроолуу көздөр менен жалжылдай карап, бир саам турду. Бирок ошондой эле суроого толгон көздөр Надырда да бар болчу. Ал да баланын көзүнө тигиле карап, «чын эле ушулбу?» дегенсип зарыга карап турду. Акыры дудук колундагысын таштап ийди да эми Надырга да ишенбей калгансып кетенчиктеп барып, өзүнчө отуруп калды.

Надыр болсо бир кубанып, бир чочулап отурду. Кубанганы иштин түйүнү аз да болсо чечилгени. Чочуганы болсо Кыргызстандан чыгып кетти деген коркунучтуу кылмышкердин так эле алдынан чыга келгени… Сүрөттү кармаган бойдон бир саам отурду. «Демек бул келген экен да» деп жатты ичинен. Ал тууралуу баардык маалыматтарды көз алдына жандандырып эстөөгө аракет кылды. «Өз аты Кайрат болсо керек эле. Кайрат Жумагулов. Кылмышкерлердин арасында Карышкыр деген аты менен таанымал. Мурда 2 жолу соттолгон. Кийин «ден соолугуна байланыштуу» деген шылтоо менен азаттыкка чыгарылып, ошол бойдон Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул убагында өтө чоң кылмышкер болчу. Бирок, акыркы убакта аброю таптакыр ылдыйлап кеткен. Ал тургай мунун ордун башкалар ээледи, эми алар Кайратты тындым кылат деген имиш да чыккан. Бирок, мунун баары бир келээрин болжоп, коркуп отургандар да жок эмес. Демек ошолордун ойлогону келген экен. Балким, келээри менен эле жолун тазалап киргендир… Эх-х Карышкыр, Карышкы-ыр. Эми кайда качып кутулаар экенсиң? Ден-соолугуң шылтоо боло албас эми…» Башын көтөрүп дудукту карады. Корко баштаганбы, же ошол күндү эстедиби, айтор көздөрү алаңдап, куп-куу болуп отуруптур. Надыр дароо мостойо түшкөн жүзүн өзгөртүп, баланы жылмаю тартуулады. Анан алдындагы жайнаган сүрөттөрдү жыйнап папкасына салып, китептерди, журналды калтырып койду. Алдындагы момпосуйдан бирди алып, сыртын аарчып балага сунду. Тигил бир топко эмне кылсам деп турду да, сунулуп турган колду кыя албагансып акырын кыймылдап момпосуйду алды.

 

* * *

Эртеси күнү Надыр үчүн дагы ийгиликтүү болду. Ал бул жолу балага кишилердин эмес машиналардын сүрөттөрүн алып келди. Мурдагыдай жашырып жаап, алаксытып отурбай түз эле машиналарды көргөзө баштады. Бала башында дулдуюп сүйлөбөй отура берди. Бирок, Надыр дагы көшөргөнүн койбоду. Улам бир машинанын сүрөтүн көргөзүп, алдына тосо кармайт дагы кайра нары коюп койот. Акыры бала чыдабай кеттиби же, жардам бергиси келдиби айтор, акырын колун сунуп кара жолтандабастын сүрөтүн беркинин колунан алып бир саам карап турду да, «ушул» дегенсип беркинин алдына таштады.

Надыр ичинен дагы бир жолу жым дей түштү. «Уурунун көчүгү кууш деген ушул. Мына машинасынын үлгүсү да табылды. Эми кармаш керек каапырды» деп кымылдап отурду ал. Кечээки алган маалыматын сураштырып түз эле борбордо иштеген жакшы мамилелеш оперге чалган. Бирок, Карышкырдын келгени тууралуу аларда деле маалымат жок экен. «Балким жаңы келгендир? Же жаңылып калбасын тиги балаң?» — деп күмөндөнүп койду анысы. Ошентсе да Надырдын суранычы менен дагы жакшылап иликтеп көрмөй болду. Албетте, алардын колунда кылмыш дүйнөсүндөгү жөргөмүштүн жөтөлгөнүн туя турган кулактар бар. Ошондойдон бир-экини кармап келип катуу кысмакка алса эле сайрап беришет эмеспи. Деги, баары бир кимдин келгени, кимдин кеткени билинет дечи. Бирок, бул жерде адам өмүрү турган соң ылдамдабаса болбойт. Андай жексурлардын бир күн азат жүргөнү бир канча адамдын башына туулган коркунуч.

Надыр бүгүн да маалыматын чогултуп түнү менен болсо да ошол досуна байланышмак. Эгер андан оң жооп келсе, анда түз эле начальнигине кабар бериш керек дагы, баланы тыкыр суроого алыш үчүн шаарга алып кетиш керек. Андай так маалымат жок алып баруу тиги кежир начальниктин гана кыжырын козгойт. Ансыз деле өчөшүп жүргөн неме ого бетер айласын кетирет мунун. Алдына далилдерди койгондо гана жооп таба албай калат эмеспи.

Оозу ачылган желим баштыкта турган алмадан керте тиштеп ойлонуп отурду. Дудук болсо жанында таягынын учу менен жер чукуп отурган. Бир саам ойго батып кеткен экен, бир маалда эсине келип, эми турсамбы деп карай бергенде дудук өзүн жалжылдай карап турганын байкады. Кебетесинде кандайдыр бир нерсени айтайын дегендей түрү бар.

— Эмне болду? – деп башын суроолу ийкеди. Бала шып этип артка жыла берип жаңы эле чукулап отурган жерин көргөздү. Надыр биринчи түшүнгөн жок.

— Эмне курт бар бекен? – деп баланы кайра карады. Анан ордунан туруп барып тиги көргөзгөн жерди үңүлө тиктеди. Чөбү таяк менен такырайта кырылып буту менен тапталган жерде кандайдыр бир жазуулар тургансыйт. Алгач көргөн көзүнө ишене алган жок. Бир топко карап атып араң тааныды. «D1100L» дегенге же «D1100С» дегенге окшош жазуу бар экен.

— Машинасынын номурубу? – деп сүйүнө карады баланы. Бирок тиги өзүнө тигиле карагандан башка жооп бербеди. Шашып-бушуп чөнтөгүнөн телефонун сууруп чыгып чалып иймек болуп кайра токтоду.

— Бул биринчи тамга «О»бу же «Д»бы? Акыркы тамга да так эмес…

Анан эки жагын карай калып жакыныраак жерде турган чычкандын ийинин көрдү. Топурагын тим эле дөбө кылып үйүп коюптур. Ошого жетип барып нары бери топурагын жайып, таптап жиберди да баланы өзүнө чакырды. Нарыраак турган бир түп ит мурундун бадалынан айланып жүрүп тикенеги жок чырпык таап сындырып келе калды. Дудук деле анын оюн түшүнүп турган окшойт. Тиги чыбыкты сунаары менен алды да эки колдоп эпсиз кармап акырындык менен жазып кирди. Мектепке кечээтен бери барып, партага отуруп атканы менен колуна калем кармап көрбөгөн неме жазганды деле, тамганы деле билчү эмес. Болгону ошол күнкү эстеп калган машинанын артындагы номурду кандай көрсө так ошондой чийип бергенге аракет кылып жатты. Анын мынчалык эске тутуусу күчтүү экенин ким билиптир. Эптеп көргөн кишисин тааныса экен деп отурбады беле. Ошондо гана ал тууралуу Канаттын айткадарын эстеди. «Ал бир көргөн немесин унутпайт. Ал тургай койлорду да бири-биринен ажыратып тааный алат. Кайсы козу кайсы койдун баласы экенин 2 жылдан кийин да таап бере алат» деген болчу.  Көрсө чын экен да. Мына эми карачы. Тигинтип бир жолу гана көргөн номерди жазып атканын.

Дудук такырга шашпай, ар бир тамгага кылдат мамиле кылып жазып чыкты. Биринчиси латынча D экени белгилүү. Экинчиси менен үчүнчүсү болсо тигинен сызылган таякчалар. Демек 11. А үчүнчү менен төртүнчү тоголок. Ушу акыркысы гана баш жагы түзүрөөк, бирок аягы кайрылгансып турат. С эле болсо керек. Акыры кандай болсо да борборго кабар бермей болду. Баягы опер досуна чалып, «D1100C» деген номердеги джип машинасы кимге катталганын, кайда болгонун тактап берүүсүн өтүндү.

Арадан жарым саат деле өткөн жок. Ыкчам кыймылдаган экен досу. Телефону шыңгыраганынан алса ошол.

— Ой, тиги балаң акыл-эси ордунда немеби?, — деди ал шылдыңдай күлүп. – Аны ээрчип убара болбой эле койсоңчу я?

— Эмне болуп кетти анча? Же эмне таппай койдуңбу?

— Таптым, таппагыдай эмнеси бар экен. Аның тиги Жалал-Абаддын машинасы экен. Сураштырып отуруп ал жакка да чалбадымбы.

— Анан бар бекен?

— Бар болгондо да кандай. Тим эле килейген джип экен аның. Кытылдай күлдү досу.

— Кандайча килейген? Эмнесине күлүп атасың?!

Эми баары чечилет деп турганда досунун минтип какшыктай сүйлөгөнүнө жаны кашая түштү.

— Жанагы Гүлжигиттин ырын уктуң беле? «Чоңойгондо джип болом, джип болом» деген ырды?

— Э билбейм аныңды? Гүлжигитиңди да тааныбайм. Берки машинаны айтчы аны коюп.

— Анда угуп коюшуң керек экен досум. Бул айткан машинаң ошентип ырдап коюп Жалал-Абадда жүрөт.

— Ой кокуй оой, маалкатпай айтчы эми. Эмне эле деп атасың? Бар бекен же жок бекен?

— Тико экен досум, тиикоо. Ал номер менен катталган Жалал-Абад боюнча бир эле тико бар экен.

— Койсоң?

— Койбой эле. Карышкыр Жалал-Абадда тико менен жүрөт «чоңойгондо джип болом, джип болом» деп ырдап коюп. Ха-ха-ха… Боорум, ай боорум.

— Эээй ушу сенин тамашаңды…

Надыр ызаланып кетип телефонду коюп салды. Анан шаша басып келип жанагы дудук жазган топурактагы жазууну кайра карады. «Балким О болуп жүрбөсүн?» Ушул ой менен кайра чала калмакчы болду да, телефонду кармаган бойдон токтоду. «Эми Ошто катталган машина ушул жакка чейин келе койбос… Кылмышкер деле анчалык аңкоо болбосо керек. Бул жакта дароо эле байкала турган номер. Баса, Жалал-Абаддын машинасы менен деле ушул жакка чейин келбеши керек эле? Бул жерде кандайдыр бир жаңылыштык болуп аткансыйт.»

Күмөндөнгөн бойдон дудуктун жанына кайра барды. Ал жана номур жазып бергенден кийин койлорду бир сыйра тосуп коюп эчкилер токтобой кирип кетип аткан жарчанын кырына барып отуруп алган. Жанына келип катарлаша отурду да колуна кармай келген чыбыкты балага сунду. Өзү болсо жарчанын жээгиндеги шагыл таштуу такырдын бир жерине тизелей отуруп «кайра жазчы» дегенсип белги берди. Дудук деле эринген жок. Шарт эле отура калып жазып кирди. «Мына, даана эле D менен башталып атат. Бир капталы түз сызылган тоголок. О болгондо тегиз тоголок болбойт беле? Эми эмне кылыш керек? Деги эч нерсе жазбаса мынчалык ойлонтпойт эле. Демек бул бирдеме билет. Ошон үчүн жазып атат да…»

Башын кармап жазууну тикирейе карап бир топ отурду. Аңгыча телефону дагы шыңгырап калды эле тиги досу бир нерсе айтканы кайра чалдыбы деген үмүттө шашмалап карады. Ордунан тура калып болгон чөнтөгүн сыйпалап атып араң тапты телефонун. Канат экен.

— Алло, эмне болду Канат?

— Байке, кандайсыз? Жакшысызбы? Дудуктун жанындасызбы?

— Ооба, эмне болду?

— Байке, мен сизге баратам. Абайлабасак болбойт. Азыр бул жактагы бирөө чоочун кишилер жүргөнүн көргөн экен. Ошону угуп эле сизге чалып атам.

— Чоочун кишилер? Ким көрүптүр? Кайдан көрүптүр?

— Ушул айылдык эле бирөө көрүптүр байке. Дал ошол силер кой жайган беттин үстүнөн көрүптүр. «Капыстан жолугуп калдым» дейт. «Наркы беттен чыга калсам мени көрүп дуңкулдаган бойдон ылдый түшүп кетишти» дейт. «Биздин айылда мындай зуңкуйган узун неме жок эле, кайдан келген?» деп кетип калгам» деди. Ошого силердин жолуңарды утурлап чыктым эле.

— Макул. Рахмат Канат. Рахмат.

«Келээрин билгем алардын» деп кымыңдады ичинен. Бирок, миң билген күндө да ушунча жакын жүрүшкөнүн ойлогон эмес экен. Бир саам тула бою дүркүрөп кетти. «Бул жанкечтилер талаа жеринде ит аткандай атып ташташы да мүмкүн? Милиция экенин карамак беле алар?» Эки жагын абайлай карады. Баладан оолактай берип калың күрмөсүнүн ичинен, колтук тушуна катып жүргөн тапанчасын сууруп чыгып, бир сыйра карап, даярдап туруп кайра салды.

 

* * *

Ошону менен Надырдын кечке айласы кетти. Баланы эми бул жерде кармоого болбойт. Бирде болбосо, бирде тузакка илинип калышы мүмкүн. Кокус түнү менен үйлөрүнө кирип барса эмне болот? Дагы жакшы, чоочун-чобурга такыр жолобогон, айылда көп жүрбөгөн бала экен. Болбосо муну алаксытып жүрүп деле уурдап кетишмек. Кечинде үйгө келгенден кийин Канат экөө көпкө ойлонушту. Начальникке чалып болгонун болгондой айтып көрдү эле ал такыр ынабай койду.

— Кайдагы Карышкырды айтасың? Анын чет өлкөгө чыгып кеткенине канча болду? Ал эми бул жакка даап келе албайт. Сен кечке бир баланы карап жүрө бергидей эмне бала бакчада иштейсиңби? Канча жумуш калды бул жакта? Эртеңден калбай келгиниң, — деп нааразы болду ал. Ушундай оңураңдаган неме. Бул жакка которулганы аз эле болду. Жогору жакта ишенген адамы бар экен. Ошондон го, деле бул жактагыларды көзүнө илгиси келбейт.

Надыр ага кеп коротуп да отургусу келген жок. Бир топ ойлонду да «Кызыл жарым ай» коомунда иштеген аялына чалды.

— Алоо, Айнек кандайсың? Жакшы жатасыңарбы? Балдар жакшыбы? Эрмектай эмне кылып атат? Аа жакшы… Жакшы… Мен деле жакшы жүрөм. Эртең барайын деп турам. Бирок сенин жардамың керек болуп атат. Сен эртең жумушуңан суранып чыга аласыңбы? Ооба, эртең. Кеп мындай. Баягы дудук баланы алып кетиш керек болуп атат. Ии, баягыда айтпадым беле. Ошону алып кетиш керек болуп атат. Бирок мен алып кете албайм. Себебин дагы… Угуп турсаң… Началник эмне дегенин келгениңде айтып берем… Эми аны билесиң да… Болду эми кейибей турчу, аны биринчи көрүп аттык беле… Сарсанаа болбо… Кыскасы ушундай…Баланы сен «Кызыл жарым айдын» атынан алып кетишиң керек. Жөн эле… «Баланы текшертебиз, азыр майып балдарды карап атабыз. Гуманитардык жардам» деп эле алып кетесиң… Калганын биз жардам беребиз. Кыскасы эртең келе бер. Документтериңди, керек болсо жумуштагы кийимдериңди да ала кел. Сөзсүз кел Айгүл, сөзсүз! Макул… Эртең мененки автобус менен чык, бул жактан тосуп алабыз. Мектептин жанындагы аялдамадан түшөсүң. Макул. Жакшы тур. Көрүшкөнчө.

Бул Канат экөөнүн чыгарган чечими болчу. Баланы эптеп көздөн далдоо кылып алып кете туруш керек. Ошол эле убакта ал жактан да сураганга оңоюраак. Нары бери темселебей, үйүнө алып барып адамча мамиле кылса, керек болсо булардын тилин таба турган психологдордон жардам алса да болот. Анан калса мындан башка чара да жок калды. Бул жер күн өткөн сайын кооптуу болуп баратат. Тигилердин аңдып жүргөнүн болжоп жүрдү эле, бүгүн ачыкка чыкты. Атаганат, жанагы начальниктин тоң моюндугу ишке такыр тоскоол болуп туруп алды. Болбосо, жардамга киши жиберсе бул жакта кимдер шимшип жүргөнү эчак билинмек. Бирок, уккудай эмес. «Дудугуң, келесооң» дейт да турат.

 

* * *

Эртеси баары ойдогудай болду. Аялы эртең мененки автобус менен жетип келди. Аны Канат тосуп алып түз эле мектептин деректирине кирип барышты. Деректир ар кандай шылтоо айтып, кыйыктанганына болбой дудукту кабинетине алдырып, үйүнөн атасын чакыртышты. Кайран Сатый баласын жибергиси келбей канча чырылдаганы менен өкүмөттөн жазганат экен баары бир. Айла жок, макул болуп, баш ийип берди. Ошондо гана арына келдиби же, дагы эле эл көзүнө кылдыбы айтор, баарын үйүнө ээрчитип барып баласынын үстүндөгү кийимин жаңыртымыш болду. Кийин айылдын этек жагынан буларга Надыр кошулду. Ошону менен Канаттын кызыл аудиси зуулдаган бойдон борборду карай жөнөдү.  Байкуш, дудук үйүнөн алыстаганга жүрөгү дүкүлдөп, балбал жанган көздөрү жылтырап коркуп келатты. Анын бир гана ишенгени канча күндөн бери ашына болуп калган Надыр. Азыр да ошонун колтугуна кынала отуруп, корголоп алган. Анын минткени Надырдын ого бетер жүрөгүн жибитип, бечерага пейили төгүлдү.

Баса дудуктун шаарга сапар алышы тууралуу кабар ушул турган айыл элинен биринчи Карышкырга жетти. Булар кабинеттен чыгып Канаттын машинасына отуруп-отура электе эле деректир баягы текшерүүчү калтырган номерге чалды. Карышкыр мындай маалыматты жөн калтырабы? Бала менен чыккандар тууралуу ийне жибине чейин такып сураган соң деректирге ыраазычылык билдиримиш болуп телефонду койду да, дароо жигиттерине кыйкырды.

— Дудукту колдон чыгара турган болдук акмактар! — деп бир тийди тигил экөө бөлмөгө кирээри менен. – Мен силерди ичип-жесин деп багып жүрөмбү, я?! Кана колуңардан бир иш келгени?! Кана?! Ой ушу силерге ишенген мен да акмакмын, эннеңди!.. Жаны күйгөнүнөн чыдай албай ордунан туруп терезени карай басып кетти. Бутуна сыналгынын пульту уруна калды эле, жини менен анысын бурчту карай ыргыта тээп салды. Деги жинин эмнеден чыгараарын билбей жаман болду. Терезеде жедеп кир баскан парда илинип турган. Көзүнө ал дагы мокочо көрүнүп кетти окшойт капталды карай силке тартып таштады. Ылдырап араң турган немеге ушул эле жетишпей жаткан экен. Бир топ илгичтери жулунуп, ого бетер шалпыйып жатып калды.

— Бүгүндөн калсак анда иштин бүткөнү, билип койгула! — деп кайра бурулду берки экөөнө. Заар чачкан көздөрү менен экөөнү матай тиктеди бир саам.  – Эгер бүгүн да колуңардан келбесе анда менден жакшылык күтпөгүлө. Же түрмөнүн түбүндө чирийсиңер, же алдагы калдайган башыңардан ажырайсыңар. Башка жол жок.

Экөө лам деп ооз ачпай туруп беришти. Башчысынын айтканы менен болуп, көзүнүн агы менен тең айланып көнүп калган немелер үчүн тигинин ар бир айтканы айныгыс мыйзам болчу. Тээ бала чагынан бери ушул адамдын ачуусун да, таттуусун да көрүп чоңоюшкан.  Мындан башка ылымсанаар адамы да, эш тутаар карааны да жок. Ал тургай так ушул жеп-жутуп жиберчүдөй атырылып турган мыкаачыдан башка адамдын баары буларга душман сезилчү. Бала чагынан таштандыга айланып, кароосуз калган немелер кийин ушул кишинин карамагына өтүп, кулагы кесик кулдай кызматын кылып келишет. Ошол бала кезинен берки мээсине сиңип бүткөн бир гана нерсе — бул алардын өмүрү да, өлүмү да так ушул кишинин колунда деген түшүнүк. Мына ушул түшүнүктүн айынан кожоюну колу-буту шал болуп, өлүм төшөгүндө жатса да кол кайтарып, каяша кыла алышмак эмес. Азыр да ошондой болду. Карышкыр мурунку карышкырлыгынан калып, айласы кетип алдастап турганына карабай экөө анын баардык жемесине чыдап, шалбырап турушту. Шефи болсо аларды канча күндөн бери оозуна келген сөз менен ашата сөгүп, жер-жеберине жетип келет. Баса, Карышкырдын да ошо күйгөнүнчө бар эле. Күнү кечээ бул аймакта Надыр-баркы артып, эми бир аз убакыт болсо бүтүндөй республикага сөзү өтөөр күчкө жетем деп турганда буга күтүлбөгөн бут тосуу болду. Эч кимге белгисиз бир суу куйдунун итчилиги менен мыйзамдын торуна кабылып, капаска чалынды. Ошону менен жолго түшүп келеткан иштери бир заматта ойрондолуп, крим дүйнөдөгү Надыры төмөндөп кетти. Мындайда кимдин-ким экени бат эле билинет эмеспи. Мурда колунан иш келип турганда көзүн карап, ылымсанап жүргөн немелер тез эле боорун качырып, керек болсо душманга айланып чыга келишти. Андан кийин акырындап киреше таап турган булактарын тартып алышты. Бара-бара душмандыктары ого бетер күч алып өзүнө кол сала турган кейипке өтүштү. Албетте, алар үчүн буга окшогон көк беттин тирүү отурганынын өзү эле коркунучтуу болчу. Ушундай алсырап турганда көзүн тазалап салбаса, кийин баары бир кедерин тийгизбей коймок эмес. Бөрү карыса да бир койлук алы бар деген кеп тегин жерден айтылбаган тура. Душмандар ушуга көзү жетип муну жок кылмак болушту. Иш барган сайын ырбап баратканын туюп бул да бекер отуруп берген жок. Бар айласын салып, колдо бар быдырын колдонуп жүрүп, акыры бир шылтоосун тапты. Дарыгерлерден «бир жумага жетпеген өмүрү калды» деген справка алдырып азаттыкка чыгып, чет өлкөгө чыга качканга жетишти. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет дешет эмеспи. Алды-артын карабай араң кутулган неме чет жерде жүрүп кайра эле тирденди. Тез эле өзүнө окшогондор менен байланыш түзүп, мамиле күткөнгө жетишти. Бара-бара Надыр-баркы көтөрүлүп, чоң оюндарга кошула баштады. Деги баары ойдогудай келеткан. Кечээ баягы өзүн сызга отургузган суу куйду Жекини таап, өч алам дегенге чейин баары эле сонун болчу.

Ооба, башынан өткөн кырсыктын баарын башкалардан издеп, башкаларды күнөөлөп атканда чыккынчылардын ана башы өзүнүн досу, эң ишенген адамы Жеки экенин укканда жаны болуп көрбөгөндөй кейиди. Акыры ызасына чыдабай жетип келип өч алмакчы болду. Алдына койгон максаттары көзүнө көрүнбөй, эси-дарты өч алууга ооду. Качан өзүнө ишенерлик абалга келгенде гана кайрылып келип, мурдагыдай эки тизгин бир чылбырды колума алам деген ойлору бир заматта бырын-чырын талкаланды. Кыскасы ушунча байлыгынан, бийлигинен ажыратып, душмандарынын алдында тизе бүгүүгө аргасыз кылган немени өз колу менен жайлап, биротоло тындым кылмайын жай алып отура албай калды. Акыры жумуштарын жыйыштырып коюп, көксөөсүн суутмакка аттанып чыкты. Албетте Жеки шүмшүк дагы жөн отурбай мунун бир топ иштерине ээ чыгып, өзүнчө байлык жыйнаганга жетишкен экен. Ал тургай бир далай акча чогултуп чет өлкөдөгү банктарга чыгарып ийиптир. Мунун баарын ушул жердеги узун кулак тааныштарынан укту. Мурда-кийин мындай ишти далай кылган эргул  Жекинин кайда басып, кандай тураарын бир заматта тактап туруп, оңтою келген күнү чычканды мышык алгандай басып калды. Жекиге бул жолу тегеректеп жүргөн жигиттери да жардам бере алган жок. Ошону менен кургурду жерден алып көргө салды тим эле. Өзү аймакчы, чыккынчылык кылмак тургай, атын укканда чочуп тургуча кыйнамай болду. Атаганат убактысы гана тар болуп калды да. Болбосо, жанагы чогулткан байлыктарын бир тыйынына чейин алдырып туруп, андан кийин аркы дүйнөгө узатып коймок… Бирок, мунун келишин байкаган атаандаштары, өздөрүнчө шекшинип, аңдый башташты. Албетте ар кандай кокустук болуп кетиши да мүмкүн эле. Ошого жараша алар менен күч сынашууга да эрте болчу. Натыйжада, Жекинин көзүн тезирээк тазалап моокумун кандырып алып басып кеткенден башка чарасы калган жок. Акыры ошондой да кылды. Жакшы эле баары ойдогудай ишке ашып келаткан. Өлүктү ың-жыңсыз жоготконго ыңгайлуу жер да тез эле табылды. Балким ошо күнү «муну өз колум менен жайлайм» дебей эле жигиттерин жиберип, өзү жылуу ордунда отура бергенде бүт баары ошол бойдон жымырайып бүтүп калмак. Тигил күтүүсүз күбө болуп калган койчу балага өзү эмес, мобу алдында турган эки желдети кабылганда деле алардын көзүн тазалап туруп басып кетмек. Бирок, кычастыкты карачы… Эң акыркы жүрүштө баары ойрондолуп жатып калды. Артын жакшы эле таза кармап, абийирине доо кетирбей жүрдү эле, минтип кайрадан кара так сүйкөлмөй болду. Болгондо да ушу жүзү кара Жекинин айынан экинчи жолу капканга чабылып отурат. Эми эмне кылыш керек?

Сыналгынын маңдайында турган эски креслого башын мыкчый отурду. Катардагы эле бирөөнүн 2 бөлмөлүү батирин бир айга алышкан болчу. Мунусу да көңүлдү айлантчудай чалдыбары чыккан эски батир. Шашылыш эле алышкан. Мынчалык көпкө калабыз деп ким ойлоптур. Башында бир жумага деп сүйлөшүштү эле эми минтип, иштери бүтпөгөн соң бир айга жылдырышты. Деги үй эле аты болбосо, кедейдин кепесинен айрымасы жок. Же бир кенедей шарты болсо эмне кургурдун. Тээ СССРден калган оокаттар, эски көрөн-шөрөндөр…

— Бүгүн бүтүрбөсөк болбойт! – деп креслонун кырын бир урду бир маалда. – Мына мобу үйдүн ыпыр-сыпыры силерге жагып атса отура бергиле. Бирок, мен мындан нары чыдай албайм!

Берки экөөнөн дагы эле үн чыккан жок.

 

* * *

Күн капталдай көтөрүлүп, төбөгө жакындап калды. Бүгүн жуманын иш күнү болгондуктан бул жолдордо азырынча көп деле машина жок. Кокус базар күнү, же базардан бир күн мурда болгондо ары-бери каттаган машина бир топ көбөйүп калмак. Чындыгында бул жер алыскы район болгону менен, дем алыш күндөрү өтө турган мал базары менен бүткүл республикага барктуу болчу. Мындан беш-алты жыл мурда керек болсо коңшу мамлекеттерден да соодагерлер келчү дешет. Бирок, алардын келиши менен баалар кескин өзгөрүлүп кетти. Дыйкандар малын каалагандай баага сата баштагандан кийин, ортодо абадан акча таап жүргөн ортомчулар көп кирешеден куру жалак отуруп калышты. Натыйжада, алар чара көрүшүп, чет элдиктерди жолотпой коюуну чечишти. Албетте, мындайда жанагы крим дүйнөнүн куурагырларынын эле күнү тууйт эмеспи. Тигинисин кордоп, мунусун колдомуш болот дагы, акырындап-акырындап бийликти колго алышат. Андан кийин кызыл кулактардын кирешесинен үлүш алып гана отура бер. Мына ошол киреше көзүн кызартып, кыргынга түшүрүп атпайбы аларды дагы. Бирок, крим төбөлдөрдүн андайы менен бу жергиликтүү элдин иши эмне? Сатчусу колундагы малын жетелеп, алчусу акчасын томпойтуп чөнтөгүнө салып базарга барат, көңүлдөрүнө төп келген баага соодалашып кайра жолуна түшүшөт. Тиргилик деген ошентип өтө берет тура жай адамдыкы. Айрыкча элет элине көп деле шашылыш жок. Натыйжада минтип жолдор дагы бош. Ал тургай ар кайсы жерден жол тоскон МАИ кызматкерлери да көрүнбөйт.

Кыскасы, ушул зымыраган жол менен Канат кызыл аудисин чымылдата айдап келатты. Жанында чогуу келеткан жүргүнчүлөрү эчак көшүлүп уйкуга кеткен. Бир гана бечера дудук көзүн ирмебейт. Анан кантсин кургур? Туулганы кой артынан калбай, короодон чыкпай чоңойгон немеге күздүн суугунан бир да жашылы калбай саргайган сары талаа дагы кызык көрүнүп келетпайбы. Жана бир топко чоочуркап, алаңдаганы менен бала эмеспи, бат эле анысын да унутуп, терезеге жабышкан бойдон сыртты карап келет. Канат «бул буркурап ыйлап, тежиктенип айлабызды кетирбесе экен» деп санааркап атты эле, эми тигинтип алаксып калганына санаасы тынып, көңүлү көтөрүлүп калды. Анын мындай тынч келээрин билсе дагы бир киши деле салып алышмак экен. Эмне, жок дегенде балдарына таттуу-паттуу ала барганга жарамак да. «Мейли эми, ушу тынч баратканыбызга деле шүгүр» деп топук кылды кайра.

Ошентип зымырап отуруп жолу эзиле бергенинен улам асфальт токтобогон белге да жете келишти. Бул жер ушул жолдун чечилгис көйгөйү. Тээ кар эрип, күн жылыгандан баштап ушунтип эзилип турганы турган. Же асфальт токтобойт, же шагыл токтобойт. Деги бир багы ачылбаган бел. Көпчүлүк убакта машиналар тыгылат, же дөңгөлөктөрү бир балээге учурайт. Мына азыр дагы бир машина токтоп турган экен. Болгондо да зыңкыйган кара джип токтоптур бул жолу. «Бу шаардан келген немелер деги жолду карап айдаганды да билишпейт» деп өзүнчө кыйынсынып койду Канат. «Зыңгыраган түп-түз жолдорго эле көнүп алышкан окшойт. Ал тургай дөңгөлөк алмаштырганды билбеген кемпайлары да бар. Ана, айтпадым беле. Сомодой болгон эки жигит жүрүп жол тосуп жардам сурап атышканын карап кой.» Чын эле булар жакындай бергенде эле бирөөсү бурап аткан домкратын таштай коюп, ордунан туруп кол булгап калды. Беркиси болсо узун боюн жашыргансып чөк түшө калып, жанында турган бош дөңгөлөктү кармалай кетти. Өзү деле руль кармап, жолдо жүргөн неме болгон соң тигилердин көңүлүн калтыргысы келбей машинасынын күүсүн азайтып, акырындап токтой баштады. Надыр менен аялы уйкусунан ойгонгон деле жок. Канат бир саам экөөнү карады да, ойготпой эле түшүп кетмек болду. Бирок, күтүүсүздүк так ушул жерден башталды. Жанатан беймарал сыртты карап келеткан бала Канат бурула бергенде шарт секирип чыгып артты көздөй жөнөп калды. Канат анын бул күтүүсүз кыймылынан улам эч нерсе дегенге үлгүрбөй атып чыгып артынан чуркады. Ошондо гана Надыр удаама-удаа жабылган эшиктин үнүнөн ойгонуп, эки жагын каранды. Алдында аялы да кудум өзүндөй болуп элеңдеп отурат.

— Кайда чыгып кетишти? – деп таңыркай сурады Надыр.

— Билбейм, заара ушатканы чыгышты го – деп болжолдоду аялы.

— Аа, анда келишээр…

Ушуну менен Надыр унчуккан жок. Оң капталына кыйшайып уктаганга мойну ооруп калган экен, акырын мойнун бурап кычыратып, колун чоюп керилди. Бир маалда көзү алдындагы машинага урунду.

— B7768C – деп шыбырай окуду номурун. Анан джиптин жанында булар келген тарапты карап турган жигитти карады. Тим эле күрсүйгөн неме экен анысы. Бут алдында машинанын кошумча дөңгөлөгү жатат. «Дөңгөлөк алмаштырып атышкан го бечералар» деп ойлоду ичинен. Аңгыча джиптин нары жагынан куркуйган бирөө чыгып багажникти ачты да ичине эңкейип бир нерсени бери аңтара салды. Анысы шалбырай илинип машинанын номурунун үстүңкү жарымына чейин жаап калды.  Ушунун баарын Надыр жөн гана карап отурду. Оюнда болсо дудуктун алдыдагы тагдыры, «андагы маалыматтарды кантип алыш керек?» деген суроолор удургуп жатты. Ой деген күлүк болот тура. Бир маалда дудуктун талаадагы жазган номери көз алдына тартылды. Такырайган топуракка жазылган «D1100C» деген жазуу. Бир саам анын кандай жазылганын элестетип отуруп эле көзү чакчая түштү. Көрсө так ошол жазуу маңдайында турган экен. Тең ортосунан өйдө жагы чүпөрөк менен жабылган номер так эле бала чиймелеген жазууга окшошуп туруптур. Тигине үстүңкү бөлүгү жабылган В тамгасы «D» болуп калыптыр. Жантая сызылган кош сызык болсо 77 деген номердин ылдый жагы. (Аны 11 деп окубады беле) Ал эми 68 деген жазуунун астыңкы эки тогологун Надыр 00 деп окуган болчу. Демек дал өзү. Жүрөгү «шуу» дей түштү. Бирок, өзүн жоготкон жок. Кебелбей отурган калыбында тизесине арта салынып турган күрмөсүнөн тапанчасын сууруп чыгып, даярдай кармады.

— Айнек мени жакшылап ук! Азыр мен эшикти ачаарым менен руль жакка өт дагы, машинаны от алдыр! – деп шыбырай сүйлөдү ал. Өзү болсо сүйлөп жатып айдоочу жактагы күзгүнү карады. Тигине Канат артта чырылдап жулунганына койбой дудукту кармап келетат. Кайран дудук машинаны тааныыры менен качып жөнөгөн тура. Эми көзү багажникти чукулап аткан жигитке илинди. Ал жанатан бери эч нерсе кылбай эле нары карап тоңкоюп турат. Демек колуна куралын даярдап мерчемдүү убакытты күтүп атса керек.

— Эмне дейсиң? Эмне болуп кетти? – деп алаңдай сурады аялы.

— Сурооңду токтот! Мен эшикти ачаарым менен рулга отур! Машинаны от алдырып айдап жөнөйсүң. Билесиң да айдаганды. Көзүн алдыдагы эки жигиттен албай сүйлөп жатты. Бирок, кебин аягына чыгара алган жок. Багажникте турган жигит колуна кичинекей автомат оролгон чүпүрөктү кармаган бойдон бурулуп келатканын көрүп калды. Дароо машинадан ыргып чыгып тапанчасын ошону карай сунуп удаама-удаа аткылады. Анткени менен тиги дагы оңой эмес экен. Көзгө илээшпеген тездик менен капталга бир тоголонду да тизелеп отура калып буларды карай ок жаадырды. Надыр бир эки ирет тарсылдата атып алып машинага далдаланды. Автоматтын огу аудинин капталын, айнектерин бир заматта бырын-чырын кылып тытып жиберди. Мынчалык өзгөрүүнү күтпөсө керек, аялы рулга өтмөк тургай чырылдаган бойдон бут койгон жакка кирип кетти. Канат болсо эптеп илешип келип машинанын артына далдаланды. Ал дудукту тыбыраганына карабай бооруна бекем басып алыптыр. Иштин оңунан чыкпай баратканын көрүп Надырдын көзү чакмактай түштү. Эптеп бир деме кылбаса болчудай эмес. Автоматтын огу жаап атканына карабай машинанын арт жагынан чыга калып өлөрмандана аткылай баштады. Бул жолу тигилер джиптин артына кире качканга мажбур болушту. Кыязы мынчалык каршылык болоорун күтүшкөн эмес окшойт. Кудай жалгап Канат ушул учурду пайдаланганга үлгүрдү. Ал арткы эшиктен дудукту машинанын ичине ыргытып ийип, өзү рулга отура калды. Кудай жалгап ачкычы да тешигинде сайылган бойдон калган экен. Бураары менен ауди дүр этип от алды. Ылдамдыкка салып ордунан козголо бергенче Надыр болгон огун атып бүтүп, дароо ордуна жайланышты. Ошону менен Канат ордунан атырылткан бойдон джипти айланып өтүп, сызып жөнөдү.

Жанатан джиптин наркы жагына далдаланып отуруп алып, жигиттерин башкарып отурган Карышкыр ордунан ыргып туруп, тапанчасы менен аткылаганча чуркап чыкты. Анан аудинин артынан татырата атып аткан жигиттерин карап,

— Машинага отургула акмактар! – деп бакырды. Өзү да арткы эшикти ачып машинага кирди. Бир заматта үчөө ордуларына отуруп тигилерди кууп калышты. Чынында жанатан машинанын деле дөңгөлөгүн чечишкен эмес. Жөн гана кошумча дөңгөлөктү алып чыгып, домкрат менен машинаны көтөртүп коюшкан. Анын баары ошол ордунда калды. Карышкыр эми таптакыр жиндеп, оозуна келген сөз менен сөгүнүп баратты. Бир маалда чыдабай кетип Нуриктин автоматын ала калды да, арткы терезеден колун чыгарып алдыдагыларды огу түгөнгүчө татырата аткылады. Качан огу түгөнгөндө автоматты Боханын алдына ыргытып,

— Окто батыраак! – деп чаңырды.

Байкуштун ойлогон ою бул жолу да текке кетти. Деги баары эле бул ойлогондой чыгып келаткан. Жанагы дудук чыга качпаганда балким мунун эч бири болмок эмес. Өзү чыгып берген немелердин чыкыйына тапанча такап кармамак дагы, баарын шашпай мойнун бурап өлтүрүп туруп, жардын кырынан ылдый машинасы менен кулатып иймек. Бирок, жанагы дудук дагы сааттай болуп качып бербедиби. Ушу өмүрү кой артынан калбай жүргөн неме машинаны таанып калат деп ким ойлоптур. Тааныса мени тааныйт деп жашынып отурганы да ошол болчу. Анан шайтандай болуп анысы качып, беркиси кууп берген соң жигиттерин дагы токтотту. «Эми алар менен куушуп жүрө бербей отура туралы. Артындагысы кармап келсин, анан улантабыз» деп ойлогон. Болбосо тиги дудук баягыдай талаа аралап качып берсе, бул тоолордон аны кантип кармайт эле. Кокус тиги кырларды аша кетчү болсо, ал жакта малчылардын сарайлары толуп атат. Бирде болбосо бирине жолугаар бул чымылдаган неме. Ошентти да, артынан кеткен куугундун кармап келишин күттү. А тили жок неме ага баары бир эч нерсе айта алмак эмес. Машинанын далдоосуна дүңкүйүп отуруп алып гана жигиттерин башкарып отура берди. Кудайдан болуп берки машинадагысы да ордунан жылбай үргүлөп отурган. Кылгылыктын баарын кылса тетиги дудук же, дудук көтөргөн неме кылат деп ошондон көзүн албай, ошолорду саксына карап отурду эле, балээнин баары тескери жактан келбедиби. Мына эми минтип алдыдагы тамтыгы чыккан машинаны артынан калбай демите кууп келетат.

Кайра эле баягы кууган менен качкандын көрүнүшү. Алдыда өйдө-ылдыйга анча шайы келе бербеген ауди менен аны такымдай кууган аңды дөңдү карабай адыраңдаган жол тандабас. Тоо арасындагы ээн жолдо буларга жардам кылаар дагы, арттагы кууганга тоскоол болоор дагы эч нерсе көрүнбөйт. Надыр жардам сурап бөлүмгө чала калайын деди эле кашайгансып телефон да тартпайт экен. Таптакыр айла кетти. Арттагы күрүлдөгөн неме уламдан улам жакындап келет. Азыр дагы бир аз жүрсө жол бир капталы типтик жарга жетип барат. Балким арттагылар да атайылап ошол жакка сүрүп бараткандыр. Ошол жардан ылдый аңтарып ийсе булардын өлбөгөндө эмнеси калат эле. Эми кандай кылса экен?…

Аңгыча көзүнө оң жакты көздөй кеткен топурак жол илинди.

— Оңго сал! – деп кыйкырып жиберди Надыр. Канат шашмалаган бойдон жолдун чаңын сапырып оңго бурулду. Дагы аз жерден Кудай сактады. Жол жээктей орнотулган цемент түркүктү сол капталы менен бир уруп алып оңолуп кетишти. Ошол болбогондо ала салып жатып калышмак. Куйрук улаш келеткан джип мынчалык тездик менен бурулаарын күтпөсө керек. Кайкылдатып тормузун тээп отуруп араң токтоду да, дүңкүлдөгөн бойдон жолдон чыгып булардын артынан түштү. Үстүндөгү бош топосу желп эткен желге сапырылып, чаңы буртулдап учуп турган жол үстүндө эки машина куушуп жөнөдү. Бул жол шагылы жок болгону менен ар кай жери адырая казылып, жаан токтогон жерлери оюлуп кеткен шагыл жолго караганда алда канча түз экен. Надыр ушундан пайдаланып артты карап отура калды да арттагы куугунду болжолдоп аткылай баштады. Ансыз да алдыдагы машинанын сапырылта көтөргөн чаңына кабылып, айласы кетип келеткан немелер эми бет маңдай атылган окторго туруштук бере албай кетенчиктей калышты. Таамай атылган тапанчанын огу алдыңкы терезени тешип-тешип ийди эле күтүрөгөн чаң бир заматта жыртыктардан кирип баарын жүдөттү.

— Буйтап айда! Артынан калбай буйтап айда! – деп бакырды Карышкыр жаалданып.

Кубалашмай узаган сайын Канаттын үмүтү үзүлүп баратты. Себеби алдыдагы эски кашардан нары жол көрүнбөй койду. Кашайып бул топурак жол так ушул сарайга гана катташ үчүн салынган окшойт. Андан нары боз чалган эле адыр экен. Мунун машинасы ал адыр менен узак кете албас. Артта болсо тигилер калбай келетат. Мунун санаасын арттагы Надыр деле туюп турган экен. Ал машинанын улам бир капталына өтүп аркы адырлардан өтмөк издеп жатты. Акыры эч ылаажы таппады окшойт алдын караган бойдон ой басып отуруп калды. Бир маалда кепке келип бүрүшүп, тыгылып жаткан аялын тарткылап кирди.

— Айнек тур! Чык алдыгы жерден. Бол! Чык эми батырак! Бол эми! Бышактай бербей менин сөзүмдү ук! Азыр биз тиги сарайдын артына барып токтойбуз дагы, арттагы куугунду тосуп чыгабыз. Башка чарабыз жок. Түшүнүп атасыңбы? Жол түгөндү. А сен ошол убакта телефондорду алып сарайдын артындагы тоонун башын көздөй чурка. Колуңан келишинче бийик чык. Телефон тартып калаар. Антенна чыккан эле жерден бул жакка жардам чакыр. Макулбу?!

— Жок! Мен барбайм! Баралбайм, — деп буркурап жиберди аялы. Ал тоону бир карап, арттагы куугунду бир карап алаңдай берди.

— Барасың Айнек, барасың! Биздин тагдырыбыз сенин колуңда, билип атасыңбы! Башка кылаар айлабыз жок! – деп бекем-бекем сүйлөдү Надыр. Анан Канатка кайрылып,

— Тээтиги кашардын арты менен кирип сол жак башына токтот, — деди. Өзү болсо аялын бери каратып колуна эки телефонду карматты. Бир колу менен көзүнүн жашын сүртүп, саксайып кеткен чачтарын артына карай сылады да,

— Биздин акыркы үмүтүбүз сенде. Колуңдан келишинче тез чурка, — деп жалооруй сүйлөдү. Айнек эч нерсе айта албай буркураган бойдон жолдошунун мойнуна жабышты. Байкуш дудук болсо эч нерсени укпайын, эч нерсени көрбөйүн дегенсип башын катып, арткы орундуктун алдында тыгылып жатат.

— Даярдангыла, азыр токтойбуз, — деди Канат. Надыр Айнектин кучагынан чыга калып, баланы тыгылып жаткан жеринен сууруп алды. Байкушту аялындай кылып качырып ийейин дейт, бирок бул аны түшүнгүдөй эмес. Мобу тырышып жаткан жеринен араң сууруп чыкты. Кантсе да бала эмеспи, ушунун баарын көзү көрбөй калса эле кутулчудай болуп, бекем тыгылып алыптыр. Аны ошо бойдон бооруна басып, бир колу менен тапанчасын оңтойлой кармады. Ошол кезде Канат дагы узун сарайды айланып келип эбак бузулуп, дубалы аңырая ачылып калган тушка келип токтоду. Үчөө үч жагынан шуулдап чыгышты. Аялы түз эле тоону беттей чуркады. Берки экөө болсо алдыда боло турган кармашка даярданыш үчүн ыңгайлуу орун издеп жөнөштү. Надыр бооруна бекем кыса чыккан баланы кайда жашыраарын билбей сарайдын ичин карап жатып көзү бир капталда үйүлүп турган эски көңгө илинди. Урандылардан аттап кирип ошонун бир бурчуна отургузду да жанында от тамзыгыга деп үйүлүп жаткан куурайдан үстүнө толтура ыргытып таштады. Ушул убакта Канат тарсылдатып ок чыгарды. Артынан эле жооп кылып тигилер да тытыратып калды. Надыр кайда бекинип, кайдан ок чыгараарын билбей алдастай түштү бир саам. Анан маңдайдагы терезеден башын чыгарып сыртты карады. Тигилер кашардын маңдайына эмес, артына токтогон экен. Шып этип секирип терезенин кырын басып, андан ары кашардын үстүнө чыгып кетти. Канат тигилердин узакка созулган огунан кийин анда-санда жооп кылып турду. Кашардын үстүнө дүкүйө өскөн чөп ошо бойдон куурап калыптыр. Надыр ошону аралап акырын сойлоп жөнөдү. Тигине джиптин төбөсү да көрүндү. Дагы жылып келип жакшылап караса далдоосунда бирөө жүргөнсүйт. Эптеп эле ачыкка чыкса ыргыта атса болчудай. Карышкырдын өзү экен жашынган. Ал улам шып этип чыга калып татыратып жиберип кайра жашынып жатты. Надыр биринчисинде атканга үлгүрбөй калды. Чочутуп албай даана атайын деп кийинки чыгышын чыдап күтө баштады. Бирок тиги көпкө чыкпай койду. Надыр бүткүл дитин коюп ошону күтүп тура берди. Убакыт да өтө аз. Эптеп муну жайлай калып Канатка жардам бербесе болбойт. Берки экөө аны жалгыздап кетиши мүмкүн. Демин ичине каткан бойдон күтүп турду. Дал ушул убакта күп этип үстүнөн бирөө басып калды. Экөөнүн  салмагына эски жабуу чыдайбы. Астындагы жыгачтар кычырай түшүп экөө тең ичине кирип кетишти. Көрсө жанагы күржүйгөн неме басып калган экен. Топо чаң болуп эле кулап түшүштү. Надыр тигиге караганда алда-канча ыкчамдык кылып тура калды да, берки өйдө болоору менен бет талаштыра урду. Тиги болсо анын чапканын сезип да койгон жок. Тек гана жаагын колунун сырты менен аарчып акырайа карады. Надыр таң кала карап алып кайра шилтеп-шилтеп жиберди. Бирок, тиги дале кенеген жок. Кебелбей турду да бир кезде Надырдын чаап келеткан колун шап эте кармап экинчи колу менен көмөлөтө койду. Ошону менен эсине келтирбей эки-үч жолу көмөлөтө-көмөлөтө тепти. Андан кийин эми тура албайт дедиби, көзүнө кирип кеткен чаңды ушалап туруп калды. Надырга ушул эле керек болчу. Наркы капталында дат баскан темир казыктын учу чыгып турган экен, ошону кармаганча ордунан турду. Берки күржүк аны мылжыя карап бир нерсе айтмак болду эле, ооз ачканга да үлгүрткөн жок. Бир секирип капталына өтүп келип казыктын иймек башы менен башка басып калды. Тептегиз кыркылган чачтан бир заматта дыркыраган кан сызылып чыгып бетин жая берди. Көзү аңтарылып бир саам нес болуп турган соң акырын чалкалап барып күп этип жыгылды. Ушундан кийин айлана тынчып калганын байкады. Сыртта да негедир атышуулар токтоп калыптыр. Надыр топурактын арасынан тапанчасын таап, ичин ачып огун карады. Эки эле ок бар экен. Туш келди аткылай бергенге болбос. Бутунун учу менен басып Канат турган жакты көздөй жакындады. Андан такыр эле дайын жок. «Өлүп калды го байкуш» деп ойлоду ичинен. Көз алдына анын томурайган эки баласы менен ыйманы ысык колуктусу тартылды. Алардын жетим, жесир калганын ойлоп заманасы куурулуп кетти. Негедир ошонун баарына өзүн күнөөлөдү. Бир саам начальнигинин тоң моюндугун эстеп ого бетер итататайы тутулду. «Ошол акмак баарын кылган» деп күбүрөндү ичинен. Ичинен ушуларды ойлогончо акырын жылып жанагы сарайдын урап калган башына жакындады. Мына эми тешикке жетип сыртты карай бергенде оң жак чыкыйына шак этип бир нерсе тийип буйдамга келбей кулап түштү. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Бирөө башка урганына көзү жетип, тезирээк туруш керек экенин билип турса да, кудум көкүрөгүнөн бастырып койгонсуп, козголо албай жатты. Эптеп бир капталына оодарылып барып турмакчы болду эле кайра кулап түштү. Бул жолу бети менен жер сүзүп жыгылды. Кайра чымырканып тырышып атып колуна таянып туруп оозундагы кыктарды түкүрдү. Ушул убакта жанына кимдир бирөө жакындап келди. Надырга анын эки буту эле көрүндү. Башын көтөрүп карайын деди эле шак эткизе курсакка тээп жиберди. Байкуш эбелектей учуп эки аласалып барып жатып калды. Тим эле өпкөсүн үзө тепти окшойт. Ичи эңшерилип, дем ала албай бир саам жатты. Бир маалда көзүнүн караңгылашканы тарагандай болду. Айланасы тунук көрүнүп, кайда жатканын боолголоп алды. Эми жанагы буттун ээси келип бет алдына отурду. Көрсө жанагы багажникке эңкейип турган куркуйган неме экен.

— Сен деги өзүңдү коргогонду билесиңби? – деп кекээрлей сурады ал.

— Эки мүнөт убакыт бер. Коргонгонду сага үйрөтөм, — деп ызырынды Надыр. Мунун жообуна ыраазы болду окшойт, мыйыгынан жылмайып алып ордунан туруп, нары басып кетти. Шашпай спорттук костюмун чечип, бир жерге кынаптап илди.

— Сен досуңа караганда чыйрак экенсиң бирок, — деди бери бурулуп. – Бир тепкенден чыкпай калды го аның.

Надыр дале унчуккан жок. Канат тууралуу укканда анын балдары кайра көз алдына тартылды. Жүрөк тушу туз куйгандай зырпылдай түштү. Ошондон чыйралып кеттиби, колу-буту калтыраганына карабай өйдө турду. Тайгандай болгон неме мунун оңолгонуна сүйүнгөнсүп маңдайына туруп мылжыңдай күлдү.

— Шеф өлтүрбөй карма дебегенде сени жана эле жайлап койот элем, — деп ырсактады. Анан шып эте оң бутун көтөрүп келип, кайра сол бут менен башка тээп калды. Надыр чала-була тосконго үлгүрдү. Бирок, баары бир соккуга туруштук бере албай кулап түштү. Бул жолу тигинин көз көрүнөө тээп алганына ызаланып кетти. Ордунан тура калып болгон билген кыймылдары менен чабуулга өттү. Анткени менен мышыктай немеге бир да соккусун жеткире алган жок. Шапылдатып тосчусун тосуп, буйтачусунан буйтап келди да, оңтоюн келтирип туруп кайра өзүн тарс эткизе төшкө тепти. Надыр ыргыган каптай күү менен барып дубалга урунду эле артындагы араң турган кирпичтер жер жайнап кулап жатып калды. Надыр ошондон нары жөрмөлөгөн бойдон сыртка чыкты. Артынан берки да чыкты шылдыңдай жылмайып. Чыгып эле шефин карадыбы, же жөн эле эки жагын карагысы келдиби оң жагына бурула бергенде Надыр эки буттап секирип келип кайра сарайга киргизе тепти. Мынчалык сокку жейм деп ойлобосо керек, беркинин эми жүзүндөгү жылмаюу да жоголду. Ошону менен экөө колу-буту тең иштеп кышылдап, күшүлдөп мушташып киришти. Экөө тең арына келдиби, же маңдайындагы оңой жоо эмес экенин сездиби, айтор биринен-бири калбай мушташып жатышты. Бирде тигиниси кулап, бирде мунусу жыга чаап бир топко алышышты. Акыры баары бир шамдагай неме машыккандык кылып, үстөмдүк кылып кетти. Жанагындай катуу соккулар менен талуу жерлерге удаа-удаа урду эле Надыр ордунан тура албай кышылдап жатып берди. Берки ызасына чыдабай кетти окшойт жерде жаткан немени мойнунан орой кармап так көтөрүп муунта баштады.

— Койо тур, шашылбай, — деген үн чыкты ушул убакта.

Муунтуп атканы башын көтөрүп караса шефи келип калыптыр. Дароо колун бошотуп, беркини таштап жиберди. Карышкыр жаңы эле урап түшкөн жерден талтаңдай басып кирип келди да, жерде жаткан неменин чачынан тутамдай кармап өйдө көтөрүп, тизелете отургузду.

— Дудукту кайда каттың? – деп тиштене сурады ал. – Жанатан бери карабаган жерим калган жок. Кайда жоготтуң аны?

— Карышкыр… Сен… Сен мыйзамга каршы чыгып атасың билип атасыңбы? – деп кайра кекете сурады Надыр тайманбай.

— Эх, өларман десе! Билип койгунуң, дудугуң экөөңдүн көзүң тазаланса, менин күнөөм мыйзам алдында өзүнөн-өзү шыпырылып жок болот. Же эмне далилиң барбы колуңда?

— Далилдин баарын өзүң сайрап бересиң!

— Ошондой дечи. Тайманбайм дечи. Азыр көрөбүз. Сүйрөп кел тигини.

Карышкыр жигитине сыртты жаңсай сүйлөдү. Нурик шып этип секирип чыгып кетти. Көп өтпөй көзү аңтарылып, эсине келе албай жаткан Канатты желкесинен бурдай кармап дыркырата сүйрөп келип, шефинин алдына отургузду. Карышкыр аны чачынан аткый кармап чыкыйына тапанча такады.

— Эми ушул жерден айтып калбасаң, мобу участковой үйүн, бала-чакасын аман-эсен көрөт деп ойлобой эле кой. Бейкүнөө адамдын өлүмүнөн коркпосоң жооп бер, дудукту кайда каттың?!

Надыр Канатты аянычтуу карап алып ойлоно баштады. Кандай тегеретсе да булардан соо кутулбасын түшүндү. Баланы айтуу, же айтпоо окуяны эч кандай өзгөртпөйт болчу. «Баары бир тирүү күбө калтырбайсың» деп ойлоду ичинен. Эми эптеп убакыттан утуунун гана айласын ойлой баштады. Эгер аялы өзү айткан тапшырманы аткара алса, анда милициялар бул жерге тез эле кирип келишет. Себеби бул сарай шаарга анча деле алыс эмес. Көп болсо жарым сааттык жол. Дагы жакшы, опер группа калаанын так ушулар жүргөн учунда жайгашып калыптыр. Болбосо, машинанын көптүгүнөн улам наркы беттен берки бетке аралап өтүш эле бир канча убакытты алып коймок. Демек, дагы он мүнөттөй чыдай турса келишээр.

— Айт деп атам, — деп бакырды Карышкыр.

— Айтканда таба аласыңбы? – деп кебелбей сурады Надыр.

— Сен айта бер. Табышты, таппашты өзүм билем.

— А кокус кайра качырып ийсеңчи. Анын эске тутуусу укмуш күчтүү. Сенин машинаңдын номуруна чейин бир көрүп жаттап калыптыр.

— Былжыраганыңды токтот! Жинин кармай албай көкүрөк тушка тээп жиберди. Бирок анын тепкени Надырга көп деле катуу тийген жок. Тиги куркуйган жалаңкычтын соккусуна караганда мунуку эптеп эле бирдеме экен. Ошентсе да буга ар бир мүнөт керектүү эмеспи. Калп эле нары кулап түшкөн болуп, тоголонуп жатып калды.

— Тургуз акмакты! Тиги шыпылдак эки аттап жетип келип эки колтуктан көтөрүп шефинин алдына тизелетип отургузду. Надыр дагы эле тилин тарткан жок. Карышкырдын ого бетер кыжырын кайнатып, айтышып отура берүүнү көздөп жатты ал.

— Кайрат Жумагулов. Сен мени коркуткандан көрө өзүңдүн келечегиңди ойлон. Мисалы, сен тууралуу маалымат кечээ эле бүтүндөй органдарга билдирилген. А машинаң болсо эчак эле каттоого алынды. Сен эми керек болсо ушул райондун жолунда да нары-бери жүрө албайсың.

— Жап жаагыңды! Жап! Ачуусуна чыдабай жаактан нары тартып жиберди. Надыр капталына ооп барып кулап түштү. Бирок бул жолу өзүнүн сөзү да беркиге оңой тийбегенин даана билди. Карышкыр ызасына чыдабай ордунан тура калып аркы-терки баса баштады. Шефинин ачууланганынан чочулап калган Нурик акырын нарылаганча жол бошото берди да сырт жакка далысын салып токтоду. Кебетеси кудум ээсинен буйрук күткөн иттен бешбетер анын ар бир кадамын жаза кетирбей карап, жалдырап турат. Надырга бул көрүнүш майдай жакты. Тигинин айласы кетип, кыжына баштаганын билип, ого бетер чабуул койо бермей болду.

— Сен андан көрө келечегиңди ойло. Эгер азыр өз ыктыярың менен колго түшүп берсең сенин күнөөң бир кыйла жеңилдейт. А тиги желдетиңдин кебетесин карачы. Бөөдө жап-жаш жигиттин убалына калып жүрбө.

— А сен антип боорукерленбей эле кой! Кудум ыркыраган иттей жулунуп келди маңдайына. Мурундары тийишчүдөй жакын келип айтты бул сөзүн Карышкыр. – Мага жетишет сенин насаатың. Азыр мен сени өз колум менен жайлайм да, ушул сарайды турушу менен өрттөп жиберем.

Так ушул маалда тарс этип тапанча атылды. Карышкыр селт этип чочуп тура калып артына бурулду. Бир айтканын эки кылбаган Нуриги какая калып, колун артка сермеп, кудум артындагы нерсеге жетпей аткансып, чабалактап барып узунунан кулап түштү. Так эле айдалынын ортосуна ок жеген экен. Карышкырдын минтип алаксый калганы Надырдын чырагына май тамызды. Алда-кайдан күчүнө-күч кошулуп, ордунан ыргып турду да, эңгезердей эменин кокосуна жабышып,  жерге оодарып түштү. Шаштысы кеткен Карышкыр үстүндөгү муунтуп жүргөн немеге тапанчасын оңдой кармап атмак болду эле, Надырдын бир колу тапанчага кошо жабышты. Анткени менен анда шай калбай калыптыр. Жанагы жеген соккулар бир топ эле эсин оодарып койгон экен. Сол колу менен кокосун орой кармап турса да тиги моюн бербей кышылдап, тапанчасын ыңгайлай берди. Аны токтотконго Надырдын бир колу алсыздык кылып жатты. Балким, бул жүрүш менен ал өлүмгө дуушар болмок. Бирок, окуя күтпөгөн жерден оңуна өзгөрүлдү. Жанатан бери башы кеңгиреп, эс-мас жаткан Канат эптеп ордунан козголуп төрт аяктап жөрмөлөп келип тигинин колун кайрый басып жатып калды. Карышкырдын эми такыр айласы кетти окшойт, колу кайрылган бойдон туш келди атып-атып алды. Качан тырышканы токтоп кыймылдаганга алы келбей калганда Надыр колун бошотуп, ордунан турду. Азырынча муну өлтүрбөш керек болчу. Курун чечип колун артына кайрып чатырата таңып таштады. Канат болсо ошо бойдон ордунан тура албай солуп жатты. Көрсө тиги шамдагай аны өлөөрчө тепкилеген экен. Надыр эми дубалды таянып араң туруп аялын карай жөнөдү. Ал урандылардын түбүндө көзү алайган бойдон үнсүз-сөзсүз жалдырап отуруптур. Канаттын тапанчасы дагы эле бир колунда мыжылып турат. Бечара салаалап куюлган көз жашына, саксайган чачтарына, этек-жеңинин топо-чаң болуп булганып, ар кай жери айрылганына карабай Надырга ушунчалык сүйкүмдүү көрүндү. Өз жанын өлүмдөн сактаган жубайына эптеп жетип, колундагы тырмыша кармаган тапанчасын алып ыргытып, бооруна баса кучактады.

— Мен эч кимге чала албай койдум, — деп араң шыбырады Айнек. – Эч бир жерден телефон тартпай койду…

Надыр аны бооруна бекем басып, чачынан жыттап бир саам отурду. Бир маалда он кадамдай нарыраак үйүлүп турган эски көң көзүнө урунду. Ошондо гана өзү катып койгон бала эсине келип ордунан шашмалай туруп, көңдү карай жөнөдү. Кагыраган куурайлар жанагы үйүлгөн боюнча былкылдабай туруптур. Анын баарын ары-бери тоголотуп оодарып салды эле байкуш бала өзү жаткырган бойдон бүрүшүп жатат. Тизелей отура калып кош колдоп өйдө көтөрүп маңдайынан өптү. Бүткөн бою майда калтырак басып турган бала бекем жумуп алган көзүн акырын ачып Надырды карады да, кудум тили жаңы чыгып келеткан немедей булдуруктап келип мойнунан ороло кучактады…

 

n_asanbaev_mН.Асанбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий