Сулайман Рысбаев. «Умай бала»

(жомок повесть)

(Уландысы. Башы)

«Жаку жер үстүнөн көрүнбөйт»

Эртеси кечинде Жакунун ата-энеси Акылтайдыкына келишти. Алардын келгенинин себеби, баягы күнү Акылтайдын эки күн бою жоголуп кетип, анан табышмактуу болуп, өзү эле үйгө келип калышы эле.

— Силер мунун сырын биле алдыңарбы? — деп сурады Жакунун атасы. Анын минтип сурап жатканын Акылтай оозгу үйдөн угуп отурду. Атасы эмне деп жооп берет экен — деп күттү.

— Мен бул окуя тууралуу эч нерсе деп айта албайм… Чынымды айтсам, эмне болуп жатканына акылым жетпейт… — деп чыдамы кеткен Тайыр ордунан тура калды.-Баламдын кантип жоголуп, кантип табылганы — мен үчүн эчак бир көргөн азаптуу түш сымал туюлат… Ишенсеңиз, мен сизге…

Ооба, чын эле, ал эч нерсе айта албайт болчу…

— Эми кантем… Баламды кантип табам…

Бул бышактап ыйлап отурган Жакунун апасы эле. Ал сөздү угуп отуруп Акылтай чыдабай кетти. Өзү жоголуп жүргөндө апасы Сауле да ушинтип ыйлаган да…

«Мен таап берем!» — деп айтып жибере жаздады Акылтай. Алар төркү бөлмөдө ушинтип сүйлөшүп отурганда, Акылтай сыртка билгизбей чыгып кетти. Анткени ал дал ушул азыр «Кара-Бактын» ичинен Умай бала досуна жолукмак да.

Акылтай лифт менен ылдый түштү да, тызылдап чуркап жакын  жердеги ботаника багын көздөй жөнөдү. Өпкөсү өпкөсүнө батып, жүгүрүп келатты.

Тез эле жетип, Умай досун чакырып, Жаку досунун кайда экендиги жөнүндөгү кабарды билип, ата-энесин ыйлатпай таап бергиси келди.

Келатып эле, аптыгып жатып: «Умай досум, жардам бер, Учуп  азыр мага кел!» деп, зорго сүйлөдү да, жерге кулап түштү.

Анын энтигип, башы айланып, кускусу келип жерде жаткан жеринен Умай бала тургузду.

— Мен сага бүгүн жакшы кабар айта албайм, — деди Умай бала муңайым тарта, учурашкан соң, — Кантсе да, аны Салкын-Төр капчыгайын көздөй  алып кеткенин билдим.  Салкын-Төр капчыгайы чоң да, ар бир коктусун карап чыктым. Бирок Жакуну жер үстүнөн көрө албадым. Коркпо, ал аман-эсен. Анткени анын жүрөгүнүн согуп жатышын менин жүрөгүм сезип турат. Умай энем да ушинтип айтты.

— Анда Жаку досум каякта…? — деди Акылтай ыйламсырап.

— Билбейм… Ал жердин астында окшойт…

— «Жердин астында…?» Эмне, аны көмүп ташташыптырбы жерге…?

— Жок, эгер аны жерге көмүп таштаса, анын жүрөгүнүн согушун менин жүрөгүм туя албайт эле да…

—    Анда, менин Жаку досум кайда?

—    Азыр айта албайм… Дагы да үч күн издеймин. Аны уурдаган адамдардын өзүлөрү да жердин үстүнөн көрүнбөйт. Алар жердин астына үй казып алып, Жакуну ошол жакта алып жүрүшсө керек…

Ал ушинтти да, килемине түшүп алып, учуп кете турган болду:

— Мейли, Акылтай, кайгырба… Жакшы кал. Досуңду таап берем.

Акылтай үн дебей кол булгалады да, үйүн көздөй үнсүз басты. Ал дагы эле демин баса албай энтигип келаткан. Астымдан атам издеп чыгып, «дагы да кайда жүрөсүң?» десе, эмне дейм деп, шылтоо издеп да келатты.

Айткандай эле, үйдүн бурчуна келип калганда алдынан атасы чыкты.

— Кайда жүрөсүң баятан бери?-деди ал тынчсыздана, бир нерседен шектенгендей. Бирок үйдөн жаңы эле узатып чыгып, ары көздөй басып кетип баратышкан Жакунун ата-энеси тургандыктан, сөз ушуну менен үзүлдү. Атасы да башка эч нерсе деп сураган жок… Сурагандан да, тартынды. Сураса да эмне деп сурайт..? Баары бир, бир сырдуу нерсени анын жүрөгү сезип турду.

Акылтай короодогу достору менен ойноп кетти.

 

Зөөкүр аңчынын туткунунда

Умай бала Жакунун караанын жер үстүнөн издеп, чын эле таппады. Ал адамдардын көп амалынын бир амалын билген эместигинен да ушундай болду…

Э-эй, кайсыны айталы?! Адамдар кийинки он-он беш жылдын ичинде адеп-ыйманы бузулуп, издегени пайда, аны жулуп алабы, уурдап алабы — иши кылса, жан кыйнабай жакшы жашоону көздөмөйү күч алды. Өкмөттөн коркпогону биякта калсын, кудайдан да коркпой баратат. Кудайдан да коркпогону ушу да: тирүү басып турган адамды карактап барып, бөйрөк-шыйрагын сатып байыганга өткөн жан кечти-зөөкүрлөрдүн күн санап көбөйүп баратканына эмне дейсиң…

«Алы жетпеген — акыретчил…» болуп бүттү бүгүнкү адамдар.

Кичинекей Жакып да, ошондой адам кебетесиндеги эки буттуу  айбандардын курмандыгы болуп отурбайбы.

Анын үстүнө, күн сайын жумушка кечигип барчу Жакунун апасы, ошол күнү да шашканынан баласын бакчанын оозунан киргизип эле жумушуна кете берген эле. Ал дайыма, күн сайын ошентчү… Жанагы адам кебетесиндеги эки зөөкүр муну күн сайын байкап жүрчү.

Жаку бакчага кирип келатканда, зөөкүрдүн бири машинада отурган да, бири бакчанын оозунда турган.

Ал Жакунун алдынан капыл-тапыл чыга калды да, ойлонтуп үлгүрбөй:

— Ай, дос, сени тигинде атаң чакырып атпайбы…

«Атаң» дегенде бакчага кыйылып зорго келчү Жакып артына бурулган. Караса, бакчанын тушундагы жол жээгинде «АУДИ-100» маркасындагы кара машина турат.

Ооба, атасынын «АУДИси»…

Жакып сөзгө ишенип, аркасына шарт бурулду. Тиги белгисиз адам да анын артынан келип, машинанын арткы каалгасын ачып, кичинекей баланы кошо ала кирди. Бул окуяны эч ким байкабай калды. Машина да турган ордунан учкан куштай «чуу» эте алып учуп жөнөдү.

Эки зөөкүрдүн балдарга жасаган бир нече аңчылыгынын дагы бири ушинтип ишке ашты. Алардын бул ирет туткуну Жаку болду.

Алкарадай алкынган сулуу «АУДИ» шаардын чеке жагындагы Салкын-Төр капчыгайын аралап келди да, машинасы менен бетондолгон жер — төлөнүн ичине кирип кетишти. Жер-төлөнүн ичи кенен үй экен. Үйбү, жер — төлөбү, сырт-тан түк билинбейт.

Чыркырап-туйлап ыйлаган Жакуну, бир коркутуп, бир алдап жатып, эптеп тынчтантышкан. «Сотка» телефон менен ойноп, алаксый калат да:

— Атам кайда күтүп жатат мени? — дей берет.

— Атаң азыр келет. Сага апаң айткан жок беле. Биз атаңдын достору болобуз. «Сени да бул жакка ала келгин, досторубуз менен чогуу эс алабыз» деп бизди жиберди. — дешет алар.

— Алдап атасыңар… Мага апам айткан эмес… — дейт ыйлап Жаку.

— Азыр… көрөсүң го… Ал биякта күтүп отурат. Биз сени алдап эмне кылабыз…

Бала да… Түркүн оюнчуктарды көргөндө, кирип келген бул бөлмө ага оюнчук дүкөнүндөй болуп көрүнгөн.

— Мына, булар менен ойноп тур… Мен азыр атаңды биякка чакырып келем. — деди тиги киши.

— А, сиздин атыңыз ким? — деди Жакып ыйлактап, элеңдеп.

— А, менин атымбы… Азыр… азыр келип таанышабыз…

Ал аркы бөлмөгө кетти, анткени, өзү айтып жаткан баланын «атасына», аты айтылбаган, баарынын «кожоюнуна», бу баланын алынып келгени айтылмак.

Аңгыча, дагы бир адам кирди да,:

— О-о, жакшы жигит тура… Кана сени ким ыйлатты. Кел, мурдуңду аарчып коёюн. Атаң көрсө уят да, чоң эле жигиттин мурду булганып турса жарашпайт да… — деди да, колундагы апакай жүз аарчы менен Жакунун мурдун аарчып-аарчып койду. Бала мурдун эч күмөн санабай тосуп берди, шуу-шуу дем алды. Анан бат эле уйкусу келип, көшүлүп уктап кетти…

Тиги жигит, наркоздон улам уктап калган баланы чечиндирип, операция бөлмөсүнө көтөрүп жөнөдү.

Операция өтө жашыруун эле. Эмне болуп жатканын да эч бир жан билбеген-туйбаган жашыруун жер астындагы бөлмөдө болмок…

Ошол эле операция бөлмөсүндө бөйрөгүнөн жабыр тарткан, Нурабаддын белгилүү бир жеке ишканасынын жетекчиси, чоң бизнесмендин баласы жаткан. Дасыккан хирург баланын оң бөйрөгүн тиги бизнесмендин  баласынын жабырланган бөйрөгүнүн ордуна салмак…

(Уландысы бар)

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий