Режиссер Эрнест Абдыжапаров:“Шабдан баатыр жөнүндө эпопея фильм тартылат”

Тарыхый инсандардын тарыхын тасмалаштыруу аракети уланууда. Кезекте – Шабдан баатырдын өмүр чыйыры. Режиссеру – Эрнест Абдыжапаров. Анын айтымында, кино мамлекеттин заказы менен тартылат. 2014-жылы күзүндө чечим кабыл алынып, токтом чыккан. Алгачкы даярдыктарга 10 миллион сом бөлүнгөн.

— Тасманын сценарийин ким жазды?

— Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев экөөбүзгө тапшырылган. Бирок, ал сценарий жазгандан баш тартты. “Өзүң каалагандай жаз, мен толуктоо, тактоолорду киргизгенге жардам берем” — деген. Атайын түзүлгөн көркөм кеңештин, департаменттин тапшырмасы менен сценарийди эки айдын ичинде жазып бүтүрдүм. Өткөн жумада талкууладык. Көп сунуштар киргизилип, каалоо-тилектер айтылды. Эң негизгиси сценарий кабыл алынды. Кинофильмди баштоого киностудияга тапшырма берилди. Шабдан баатыр жөнүндөгү фильмдеги режиссерлук ишимди дагы бир сыйра тактап чыккан соң, бир айдан кийин кайрадан жолугушалы деген чечимге келдик. Шабдан баатыр Жантайдын уулу деп айтылганы менен тарыхый маалыматтарды карасак, негизи анын жашоо-турмушу элибиздин тагдыры менен байланышкан экен. Орчундуу тарыхый окуяларга катышкан.

— Сценарийдин негизинде кандай?

— 1842-жылы Балыкчыда өткөн кыргыз урууларынын жыйынында (Жантай уюштурган) Ормонду хан кылып шайлашат. Ошондо Шабдан үч жашта экен. Бала кезинен ушундай олуттуу окуяларга туш болуп, эрте жетилген. Бул эпизодду көбү жактырышты. Ошол эле учурда Шабдан 8 жашка чыкканда Ормон хан менен Кененсарынын чабышына күбө болгон. Аталган окуя 1847-жылга таандык. Бирок көбү, эми муну тим эле койбойсуңбу, казак менен кыргыздын ортосунда ар кандай сөздөр чыгышы мүмкүн дешти. Ойлонуп көрүүгө туура келет. 1854-жылы Бугулар менен Сарыбагыштардын ортосунда жаңжал чыгып, Ормонду Балбай бычак менен саят. Ошол кезде Шабдан мал кайтарган жигит болуп, барымтага барып жүргөн маалы. Муну сценарийге киргизсем, айрымдар эми Бугу менен Сарыбагышты тирештиресиңби дегендей сөз айтышты. Аны да ойлонуштуралы дедим. Андан кийин Шабдан баатыр Кокон хандыгына кызмат кылат. Себеби, кыргыздардын баштары бирикпегенин көрөт. Шайлаган ханыбызды жоготуп алдык. Кокондо кызмат өтөп жүрүп, орустарга каршы чыгып, баатыр атка конгонун да айта кетүүбүз абзел. Ал Узун-Агашта орустарга каршы чыгып, бирок алардын күчтүү экендигин (замбирек, мылтыктары менен) баамдайт. Анан ушул өзүбүздүн куралдарыбыз менен кыргыз элибизди сактай алабызбы деген ойго келет. Анткени, ошол мезгилде Англия Ооганстанга келип, Кытайлар Кашкарды басып алган. Ат-Башыга сагалап көз салып турушкан. Орустар казактарды каалагандай башкарышкан. Ошондой кырдаалда көп нерсеге көзү жеткен Шабдан баатыр орустарга кызмат кыла баштаган. Аларга кызмат кылып жүрүп, акырындап кыргыз элинин жашоо-турмушу нукка түшкөнүн байкайт. Банктар, артелдер ачыла баштайт. Чарба өнүгөт, кыргыздар орус тилинде окуганды үйрөнүшөт. Орусча билим ала башташат. Ошондой учурда дагы бир теңсиздик иштерге күбө болот. Орустар жерибизди тартып ала башташат. Элдин арасында нааразылык күчөйт. Анысы аз келгенсип, Шабдандын уулун түрмөгө камап салышат.

Баягы Александр IIIтүн учурундагы зоболосу көтөрүлгөн Шабдан баатыр Николай падышанын мезгилинде кордук көрө баштайт. Анан кыргыздардын арасынан да сен орустарга сатылып кеткенсиң деген оппозиция көтөрүлөт. Ушундай окуялардын күйүтүнөн эл-жерим деп күйгөн Шабдан 1912-жылы каза болот.

Бир вариантымда ушул эпизод бар. Аны титрге жазабызбы жазбайбызбы десек, эми орус менен болгон мамилени бузабызбы деген дагы бир топ чыкты. Бажы биримдигине кирерде эмне кыласың дегендер болду. Буларды ойлонуп жатам.

— “Бул – тарых” дебейт белеңиз…

— Жогоруда айтылгандардын баарын киргиземби, киргизбеймби билбейм, дагы бир сыйра карап чыгам. Балким жымсалдайбыз, балким таптакыр алып саларбыз. Көпчүлүгү ал окуяларды коюп эле Шабдандын баатырдыгын, ички дүйнөсүн ачып бер дешет. Ушинтип эле баарын жашырып айтпай, көрсөтпөй жүрө беребизби?! Ошол чындык айтылбагандыктан, ар кандай сөздөр, ушактар чыгып жатат. Маселен, Ормонго байланыштуу, анын тегерегинде көп сөз бар. Кененсары жөнүндө кеңири жомоктор чубалжып эле келатат. Орус менен кыргыздын мамилеси жакшы, бирок, 2016-жылы үркүндүн 100 жылдыгы болот. Баарын жымсалдай берсек, кандай болот? Буларды эске алып, көркөм кеңештин мүчөлөрү менен талкуулап, сценарийди дагы бир карап көрөм.

Дагы бир нерсе бар. Кокон хандыгында кызмат кылып жүргөнүндө Алымбек датка вазир болгон. Шабдан ал кызматка Малахандын учурунда барган. Малахан өлтүрүлүп, Шахмурат бийликке келген, Шахмурат өлтүрүлүп, Насирдин бийликке келген. Ошондо Шабдан Алымбек датка менен бирге иштешкен. Курманжан датка ал жакка барып турган. Албетте, бул тарыхта жазылган эмес, бирок жылдар айтып турбайбы. Жылдар туура келип жатса, эмне үчүн Шабдан менен Алымбек датканы тааныштырбайм?! Орустар Кокон хандыгын талкалап, Алайга кирип баратканда Абдылдабек датка Скобелевге: “Ош уездине Шабданды башчы кылып шайласаңар, биз каршы чыкпай, баш иебиз”, — деп кат жазат. Кокон хандыгына төңкөрүш чыгарабыз дегендер да Шабдан менен акылдашкан. Шабдан баатыр жөнүндө көркөм эпопея кинофильми 2016-жылы элге тартууланат деген ниеттемин.

Маектешкен Карбалас БАКИРОВ, «Эркин тоо», 18.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий