Айзада Абазова. “Таң чолпонум”

(аңгеме)

Чолпон өмүрүнүн дал ортосуна келгенде жашоодон катуу чарчаганын сезди. 15 жылдан бери өйдө-төмөн уруш-талаш менен жашап келе жаткан үй-бүлөлүк жашоосуна чекит койгусу келет. Мындан ары минтип жашоодон тажады. Бирок, бул акыркы да биринчи да чечим экенине ишене албай кетет. Себеби, бул биринчи жолку ажырашам деген чечими эмес, канча жолу ажырашып, канча жолу элдешти. Буга балдар түгүл туугандары да көнүп бүттү. Тим койгула бүгүн ажырашса эртең элдешет, бул чыгып кеткен ойноок колдой болуп калды. Өзгөчө маани берүүнүн кереги жок дешти туугандары. Күйөөсүнө ушул гана нерсе керек болуучу. Эми каалаган убагында аялын кубалап жиберет. Каалаган убагында алып келип алат. Чолпондун аргасы түгөндү. Кимдир бирөөнүн колундагы каалагандай оюнчук болуп жатканына канчалык арданбасын, тагдырынын ачкычы өзүнүн эмес, күйөөсүнүн гана колунда сымал жашоодон күйөөсүнүн эмес, өзүнүн кадыры кетип, өзүнүн көңүлү сынып, эми такыр эле бактылуу жашоодон үмүтү үзүлгөндөй абалда эле. Бирок, үмүтүн үзүп жашоо бул тирүүлөй өлүк деген экенин барган сайын сезип келет. Тирүүлөй өлүк менен эч ким эсептешпесин, туугандары да, достору, коллегалары, а түгүл ушул жашоого балдар үчүн көнүп жашап келем деген балдары да эсептешпесин сезди. “Апа, ажырашкан колуңуздан келбеген соң урса да, өлтүрсө да унчукпай жашабайсызбы, же такыр эле атамсыз жашайлы десек, элдешпей коюуга да эркиңиз жетпейт. Сиздей жумшак, сиздей эрки жок адамды эч жерден көргөн эмесмин. Кудай мени сиздей шөлбүрөк кылып жараткандан сактасын” деген кызынын сөзү сай-сөөгүнө жетип өлгүсү келип кетти.

Бирок, өлгүсү келбейт. Өлгүсү келген, өзүн-өзү өлтүргүсү келген адамдарды эч качан жактаган эмес. Жашоо бул бир берилген белек. Кандай оор күн болсо да жашоодон, болгондо да бактылуу жашоодон үмүт үзбөө керек дечү өзүнө. Балким, анын трагедиясы дал ушунда болуп жүрбөсүн. Ал жөн эле жашап эмес, бактылуу, чексиз бактылуу жашагысы келет. Жөн эле басынтса да унчукпай күйөөсүнө баш ийгендей жашоо менен ал эч качан келише албайт. Ооба проблемасы ушунда окшойт. Күйөөсү анчалык деле кызыл камчы эмес, башы көзүн жарышып, күндө мушташып деле чыдап жашап жүрүшпөйбү дегендерге эч качан кошула албайт. Ал минтип жашай албайт. Ашмалтайы чыгып урушмак түгүл көңүлүн басынткан сөз үчүн, дилин сындырган аргасыздык үчүн эле канча азапка батып келет. Дилинин эркиндиги ал үчүн баарынан маанилүү. Ал бирөөнү чексиз бактылуу кылып, өзү да чексиз бактылуу болуп гана жашагысы келет. Ал күйөөсүн чексиз бактылуу кылгысы келген. Эртең менен жумушка өөп узатып, кечинде өөп тосуп алган бактылуу күндөрдү элестетчү. Бирок, турмуш ал ойлогондой болбоду. Күйөөгө чыкканы күйөө ага эч ыраазы болбоду. Балким ал чын эле идеалдуу аял болбогондур. Бирок алгачкы жылдары идеалдуу болууга аябай аракет жасачу. Күйөөмдү кантип ыраазы кылсам деп ойлоно берер эле. Салаттын түрлөрүн жасап, тамакты даярдап күйөөсүн жаркылдап тосуп алуу керек деп күлүп тосуп турар эле. Мунусун ал байкаган да жок. Мындай чөп-чарларды мен жебейм, эт менен камыры жок да тамак болчу беле деп түртүп койду нарындык күйөөсү. Анын түрлөп жасаган салатын жеңемдин салатын жегени атайын келдим деген студент кайниси гана билбесе, андан башкага кереги жок экенин билгенде бир сынды. Андан кийин бир апапапак ич кийим сатып алды. Кийип алып өзүн күзгүдөн карады. Аккуудай болуп бир башкaча керемет аял турду маңдайында. Өзүнө өзү суктанып алды. Мынча сулуулугун, мынча назиктигин өзү деле билчү эмес окшойт. Жер чийген аппапак ич көйнөкчөн ары-бери басып бир топко өзүнө суктанды да, аны аяр кармап, кечинде кийип күйөөсүн сүйүнтүп ага бир ажайып түн тартуулагысы келди. Акыры түн да кирди. Ал баягы көйнөгүн кийип күйөөсүнүн алдына басып келди. Карачы жарашат бекен ээ? — деди андан жылуу сөз күтүп.

— Эх, ушу сен ай, — деди күйөөсү оор үшкүрүп. Мындай шөлбүрөктү кайдан таап алгансың? Ушундай караңгы, ушундай табитсиз аң-сезими артта калган немесиң да. Азыр аялдар кандай кийет билесиңби? Чеч алдагы шөлбүрөгүңү! Азыр деген аялдар эркекти кызыктырыш үчүн мүмкүн болушунча кыска кийет. Жоон саны көрүнүп тургудай. Ээ, келесоо десе, — деди жактырбай.

Чолпондун үстүнө бирөө муздак суу чачып жибергендей ичиркенип кетти. Адатынча нааразы болгонун ачык билдире албады. Унчукпай барып үстүндөгү көйнөгүн чечти да, күйөөсү сатып берген кыска ич киймин кийип келип анын жанында күнөөлүүдөй басып келди. Күйөөсүнүн муздак сөздөрү ал түнү эле эмес, эртеси да, анын эртеси да көңүлүнөн эч кетпей туруп алды. Акыры чыдабай акырын айтууга аракет кылды.

— Жаным, сен неге мен кийген кийимдерди жактырбайсын? Мен сен кийген кийимдерге эч качан сын айтпайм го? Ар бир адамдын табити ар башка да. Сен өзүң каалагандай кийин. Мен өзүм каалагандай кийинейин. Кийимди да базардан өзүм тандап эмес, сен алып бергениң жакпай атат, — деди күнөөлүү болуп.

— Сен өзүң каалагандай кийине албайсың. Мен да, сен да мен каалагандай кийинебиз. Себеби, менин табитим сеникинен жакшы, — деди күйөөсү “болду!” “бүттү!” дегендей кесе сүйлөп. Чолпон андан ары чырды ырбатууну каалабады. Болуптурчу, мунун баары болгону чүпүрөк го. Буга мынчалык көңүлүмдү буруп нервимди коротпоюнчу, ансыз деле башка нервди корото турган проблема толтура го, — деп өзүн сооротту.

Чындыгында эле башка проблема толтура боло турган. Күйөөсү өтө катаал. Ар бир мүнөттү көзөмөлдөп турганды жакшы көрөт. Ар бир мүнөтү ченелүү. Сабактан саат бирден 5 мүнөт өткөндө чыгасың, аялдама университеттин алдында эле турат, андыктан эки мүнөттө аялдамага келесиң, он мүнөт автобуста болосуң, 3 мүнөт бул аялдамадан үйгө келесиң, ошондо саат 1:20да үйдө болуп кал” дечү күйөөсү. Табиятынан мүнөзү бош, эч качан шашып көрбөгөн Чолпонго бул жапайы жорук эле. Антсе да алынын келишинче аракет кылып 1 саат 20 мүнөт болбосо да 25 мүнөт өткөндө үйдө болуп калуучу. Ага кошумча тазалыкты катуу сүйгөн күйөөсү үйдү мизилдетип кармоону талап кыла турган. Өзү да таза жүрүп, аппак кийинчү. Көйнөгүн кой носкиси аппак боло турган. Күндө ак носкини которуп кийип аны да так калтырбай жууганды талап кылат. Кээде баш кийим болбогон соң бут кийимде так болот экен да, деп нааразы болууга аракет жасаса катуу кыйкырып жаагын басып коё турган. Анан ушундай жашоодо көйнөгүмдү жактырбайт деп үч күн көңүлүм түшүп жүргөнү эмнеси деп ойлоп койду өзүнчө. Бирок, анда көйнөгү эмес, көңүлү сынганын эч унута албады. Мындай майда көңүлү сынуулар эч нерсе болбой каларын Чолпон кийин түшүндү. Күйөөсүнүн аялдарга барары жөнүндө айтып калгандарга анчалык маани берчү эмес. Бир күнү эле күйөөсү толтура уколдорду алып келип сайып берүүсүн өтүндү. Укол салгандан аябай корко турган. Башканы тобокелчиликке салууга болот, бирок, бирөөнүн ден соолугуна залалымды тийгизгим келбейт деген ал кошуна врачка барып дарыларды көргөздү.

— Бул кимдики, — деди, — жакшы тааныш кошунасы.

— Күйөөмө жазып беришкен экен.

— Күйөөң сени менен болуп атабы?

— Жок бир жумадан бери боло элекпиз. А неге сурадыңыз?

— Сен болбойм дедиңби?

— Жок, ал өзү каалабай атат. Бир айга чейин болбойбуз деди го?

— А сен неге деп сурабадыңбы?

— Жок. Мен антип сурай албайм. “Өлүп баратасыңбы”, — деп урушат го.

— Ой, бечарам ай, ушунча да баёо болосуңбу? Эмнеге эле күйөөңдүн көзүн карап турасың, мынчалык корккудай ага не күнөө кылдың эле, ыя?

— Күйөөмдү билесиз го кыялын. Ашыкча суроо берип, ансыз да уруш-талашты ырбаткым келбейт.

— Күйөөң сенден башка менен жүрүп алса деле чыр чыгаргың келбейби?

— Ал теманы да козгобой калгам.

— Неге?

— Сен неге мага сыртыңды саласың? Башка бирөөнү жактырып калдыңбы десем, сен начар аял болсоң башкага да барышым мүмкүн. Ал үчүн сен өзүң жакшы аял бол. Өзүңө тартып тур. Болбосо мени тыя албайсың деген.

— Олдо бечарам ай. Ушундай да аял болобу деги. Анда өзүң дарылап жүрө бер ошентип. Күйөөн 1 ай кошула албайт сени менен себеби оору жугузуп алган экен. Эми дарыла анда, — деди күлүп.

Кошуна аялга билбестик кылып келип алганын сезген Чолпон уялып кетти. Саамга ойлонуп турду да, баары бир өзү сая албасын түшүнүп кайрадан ага кайрылды.

— Сиз баары бир ага сайып берип туруңузчу. Мен корком.

— Олдо байкуш ай. Макул эми. Сенин күйөөң да, меники беле. Кечирсең, койсоң өзүң билесиң да.

Бул Чолпондун үчүнчү жолу көңүлүнүн сынышы болду. Ошентип жылдар өткөн сайын анын күйөөсүнөн көңүлү кала берип эми такыр эле көргүсү келбей калды. Эми ал күйөөсүн мурдагыдай бактылуу кылууну каалабайт дагы. Баягыдай чексиз бактылуу болгусу келген үмүттөр өчүп, эптеп эле күн өтсө, уруш-талаш чыкпаса, жаным тынч болсо, деп жанынын тынчына гана качырып калды. Муну күйөөсү башкача түшүндү. Ар жагыңда болбосо тарбиялай албайт тура киши. Энең бербеген тарбияны эми мен бермек белем, жүрө бер ушинтип тирүү өлүктөй болуп. Мен идеалдуу аялды кааладым эле. Аял деген жашоодо камкор эне, сүйүктүү жар , төшөктө ойнош болуш керек. А сен эч нерсеге көңүлүң жок. Мурда да кичине аракет кылчу элең жакшы аял болушка, эми болсо тирүүнүн өлүгүндөй болуп эч нерсеге көңүлүң жок, сага күйөөнүн үй-бүлөнүн деле кереги жок окшойт деп буркулдап алды. Мындай сөздөрдү уга берип бышы кулак болгон Чолпон үндөбөдү. Каалаганыңды кыл, каалаганыңды сүйлө, мага баары бир. Менин эми жакшы аял болгум да келбейт. Себеби сен жакшы күйөө эмессиң деди ичинен. Сыртынан эч нерсе дебеди. Сыртынан ажылдашып айтышып, ит-мышык болууну башынан сүйбөйт. Ал каалаган бакытка бул күйөө менен жете албасын түшүнгөнүнө көп болгон. Андан көрө нервин коротпой жаңы бакыт, жаңы жашоону каалайт. Кыялында аны чексиз сүйгөн, чексиз эркелетип көңүлүн карап турган, жылуу сөз айтып, жылуу кучагына алган бир эркекти самачу болду. Бул оюнан адегенде коркуп жүрдү. Бирок бул ой бара-бара күчөп эми андай адамды кайдыгер эле каалабай издечү да болгон. Көптөгөн көздөрдүн, көптөгөн адамдардын ичинен өзүнө жылуу бир көздү издейт. Өзүнө мээримин төккөн бир караанды кыялданат, самайт.

Кыялы алда кайда учуп асманга кетти. “Чолпон жылдыз болуп калсам ээ?” деп алды оюнда. Анда асманга туруп алып жерден өз сүйгөнүмдү издейт элем. Ошентип жүрүп өз кыялына терең кирип кеткенин өзү да билбей калды. Күнүгө таңда асманга карап Чолпон жылдызы болуп айланат да Жерди карап өз сүйгөнүн издейт. Көптөгөн адамдардын, көптөгөн караандар көз алдына чубайт. Аларды бир топко чейин карап турат да таң агарганда булуттардын арасына сиңип жок болот. Ошондой күндөрдүн биринде ал Жер шарындагы миллиарддаган караандардын арасынан өз сүйгөнүн таап алды. Жүрөгү бир болк этип, ал сүйкүмдүү караанга бир топко көз токтото карады да анын баскан тарабын көздөй узата карап жүрүп отурду. Таң агарып Чолпон жылдыз булуттардын арасына сиңип жок болордо ал караан да алда кайда барып көрүнбөй кетип жатты. Эми Чолпондун күндө таңда күткөнү ошол караан. Караан үйүнөн чыгып жумушка бараткан болот. Күндө таңда Чолпон жылдызы ал караандын үйүнөн чыгып жумушка жеткиче көзү менен жеткирип коёт. Аябай сүйлөшкүсү келет. Бирок ал негедир көктү карабайт. Ал да өзү сыяктуу жашоодон катуу көңүлү калган неме белем, негедир асманга тигилип жылдыздарга суктанып, Айды узатып, Күндү тосуп дегендей жаркын көңүлүн эч көрө албады. Акыры өзү чечкиндүүлүк кылды. 14-февраль сүйүү күн болуучу. Сүйгөнүнүн караанына зар болгон Чолпон бүгүн башкача балбылдап күйүп, башкача жылуулук чачыратып турган. Мындай жылуулукка, мындай сулуулукка багынбай коюуга мүмкүн эмес эле. Акыры жердеги Жан асманга тигилди.

— Саламатсызбы? — деди Чолпон жылдызы жадырап.

— Саламатчылык. Сен кимсиң?

— Мен жөн эле. Сиз менен сүйлөшкүм келди.

— Эмне жөнүндө?

— Эмне оюбузга келсе ошол жөнүндө. Мисалы, бүгүн сүйүү күнү го, сүйүү жөнүндө сүйлөшсө болобу?

— Болот. А эмне деп?

— Сиз бирөөнү катуу сүйүп көрдүңүз беле?

— Ооба, аскерде кызмат өтөп жүргөндө, бир орус кызга аябай ашык болгом. Экөөбүз бир жарым жыл сүйлөшүп жүрдүк. Кыргызстанга алып келейин десем, ата-энем катуу каршылык кылып, ошол бойдон бир боло албадык…

— Андан кийин эч кимди сүйбөдүңүзбү?

— Анчалык эч кимди сүйө албадым.

— Азыр жалгызсызбы?

— Ооба.

— Аялыңызчы?

— Андан көңүлүм калган үчүн жалгыз жүрөм да. А сенчи?..

Чолпон жооп бере албады. Таң агарып кеткен эле. Булуттарга сиңип жок болууга туура келет. Мейли эртең сүйлөшөм деди оюнда. Эртеси да таң атарда Чолпон асманда кайрадан жанып турду. Тааныш караан кайрадан горизонтто пайда болду.

— Саламатсызбы?

— Саламатчылык. Кечээ жооп бербей кете бердиң да?

— Мен таң атканда булуттарга сиңип жок болом.

— Неге антесиң?

— Күндү жакшы көрөм. Күнгө орун бошотуп, Жер бетине жарыкчылык, жылуулук келишине тоскоол болбоюн деп муздак денем менен, муздак көңүлүмдү таңкы муздак аба менен кошо ала кетем.

— Неге муздакмын дейсиң?

— Мен да сиздей муздагам да жарыман. Бирок, сиздей эркин эмесмин. Аны менен дале жашайм. Муздаган денемди алып кетүүгө, чечкиндүү эрким жок менин. Ортодо кыйбай турган татынакай балдарым бар. А сиз кантип балдарыңызды таштап кете бердиңиз?

— Балдарым менен байланышып турам. Ал эми анын өзүн көрөйүн деген көзүм жок. Дегеле аялдарды көрөйүн деген көзүм жок.

— Мени көрүп эле турасыз го?

— Кечиресиң, сага тийип каларын ойлобопмун. Мен сени аял катары эмес, жөн гана жылдыз катары караймын.

— Сиз адамсыз го. Андай муздак болбоңуз да. Мен жылдызмын. Күнгө жетпей жок болуп, түндү гана пааналган муздак дүйнөдө калсам да жылуулукту жакшы көрөм. Жылуулукка зармын мен. А сиз адам болуп туруп муздак болгонуңуз, бир аялдын айынан бүт аялды жек көргөнүңүз туура эмес го?

— …

— Неге унчукпайсыз. Сиз да белгисиздикке жок болдуңузбу? Ансыз деле мен таңга жетпейт элем. Сиз ага да жетпей жок болдуңуз да. Макул эмки таңда жолугарбыз…

— Саламатсызбы?

— Саламатчылык. Сени көрүп сүйүнүп кеттим.

— Неге?

— Көнө түштүм окшойт. Жашоомо бир өзгөрүү болуп жаткандай. Мурдагыдай супсак, көңүлсүз жашоомо бир жарык киргендей башкача таңды күтчү болдум.

— Баарыбыз таңды күтүп жашайбыз. Баарыбыз бактылуу болгубуз келет. Сиздин аялыңыз деле бактылуу болгусу келген, менин күйөөм деле бактылуу болгусу келет. Бирок, түшүнө албайм, эмнеге бактылуу боло албай атабыз?

— Билбесем.

— А мен билем. Себеби, биз баарыбыз өзүбүз бактылуу болгубуз келет. Бирөөнү бактылуу кылгысы келгендер аз. Мен өзүмө бакыт тилегенге караганда бирөөнү бактылуу кылганды жакшы көрөм. Бирок, бул деле жакшы эмес окшойт…

— Неге?

— Мен күйөөмдү бактылуу кылгым келген эле. Мен сага жакшы аял болуп берем дегем. Дал ошонум бактымдын балтасы болду окшойт. Ал менин жакшы аял болушумду, дегеле ага аял болушумду каалабаса, минтүүнүн эч кереги жок экенин түшүнбөпмүн да.

— Анан ал каалабаса неге жүрөсүң?

— Азыр эми ал каалап жатпайбы. Кетиргиси келбейт. Болгону жакшы аял болушумду каалайт.

— Анда кетпе. Эми бактылуу болсоң болот да. Ортодо балдарың турса, күйөөң каалап турса.

— Жок, эми менин ага болгон сүйүүм, каалоом түгөндү. Эми жакшы аял болгум келбейт. Бирок, аны таштап да кете албайм. Балдарымдын атасы го. Бир тууган болуп калдык да.

— Анда бирге жашайсың да.

— Ооба, ошентебиз. Баса, биздин убак бүтүп барат. Жакшы калыңыз, эртең таңда жолугушканча.

— Макул жакшы бар.

— Салам.

— Оо, бүгүн сиз биринчи салам айттыңыз го?

— Сени күттүм да. Аябай көнүп калыпмын.

— Мага да сиз менен сүйлөшкөн жагат.

— Балдарың жакшы жүрөбү? Күйөөң таарынткан жокпу?

— Балдар жакшы. Күйөөм жөнүндө сүйлөбөй эле коёлучу. А сиз өзүңүз балдарыңыз менен кабарлашып атасызбы?

— Ооба, телефон менен сүйлөшүп атам. Айлыгымды алып, кызыма салып жибергем. Ал кечээ ага компьютер алдым деп сүйүнчүлөдү. Эми интернет улап компьютер аркылуу сүйлөшүп турмай болдук.

— Азаматсыз. Бир чети сиздердики туурадыр. Бир үйдө , муздак жашап, балдардын да көңүлүн муздаткыча, апасы жанында, сиз алыста ата-энелик милдетти аткарганыңыздар деле жөндүүдүр.

— Албетте, ата-энеси кашында турганга не жетсин, бирок, ата-эне бири-бирин каалабай балдар үчүн гана жашаган болсо, бири-биринен алыс жашап деле балдарга камкордук кылса болот го. Бул эми аргасыздык дечи, бирок, бирге жашасам да, жашабасам да мен алардын атасы экенимди унутпайм.

— Бирок, балдар апасынын жанында, а сиз алардан алыс, сагынасыз да ээ?

— Ооба, кыйналам, сагынам, жандарында болуп, аларды эркелетким келет.

— Мен ошол кыйынчылыкты күйөөмө ыраа көрбөдүм. Өзүм балдарды таштап кете албайм. Мен кайда болсом балдар ошол жакта болуш керек. Күйөөм каалайбы, каалабайбы балдар мени менен болушу керек деп, үйдөн балдарды алып кетип калып да көрдүм. Күйөөм аябай кыйналып кетти. Ортодо балдар чайналды. Ал аябай баласаак да. Калп айткан менен болобу, жаман күйөө дегеним менен жакшы ата.

— Ооба, балдарга ата менен эне экөө тең бирдей керек. Макул, мен жетип калдым жумушка, эртең сүйлөшөлү.

— Кандайсың жаным?

— Саламатсызбы, сиз бирөө менен сүйлөшүп жатасызбы?

— Жок сени менен эле сүйлөшүп атам. Не болду?

— Жаным дегениңизден, жаны менен сүйлөшүп атканда жолтоо болдумбу деп коркуп кеттим.

— Сени айттым антип. Ошентип айтсам болобу?

— “Жаным” деп жакын адамын айтат го. Мага чоочун адам мындай сөз айтса кыжырым келип кетет.

— Мага кыжырың келип кеткен экен да…

— Жок, сизден жагымдуу угулду. Эгер өзүңүзгө ушундай айткан жакса, жүрөгүңүз туура көрсө айта бериңиз.

— А сенчи? Сен мени ошентип айтасыңбы?

— …

— Неге унчукпайсың, айткың келбейби?

— Сиз бош адамсыз. Каалагандай айтканга болот сизге. А мен күйөөсү бар аялмын. .. Макул, убакыт бүттү, жакшы калыңыз.

 

ayzada_abazovaА.Абазованын башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий