Алыкулга жүз жыл кеп бекен?

I

Эпилог ордуна

Алыкулду аздектейли десек…

21-март – орошон акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү жана Нооруз күнү.

Хрущевдун же Брежневдин заманында эмес, мына кечээ эле Ала-Тоонун саясында кимдердин гана мааракесин дүңгүрөтүп тойлободук. 50 жаш, 60, 70, 80, 85, 90, 100, 110, 120, 125, 130… деги койчу, шылтоо болсо той табыла берет тура. Башкасын билбейм, бирок тойлордун саны боюнча кыргыздар Гиннестин китебине киргендей эле болду. Той да болду, тойдун эртеси да болду. Тойдон эмне калды? Адегенде эл «баланча тойдо түкүнчө жылкы союлуп, түкүнчө боз үй тигилиптир» деп уруучул намысты козгогон уу-дуу кеп калды. Кокту-колоттордо ошол тойдо мүлжүнгөн сөөктөр, бош бөтөлкөлөр калды. Ким бирөөлөрдүн оозунда ошондо жеген чучук менен картанын даамы калды. Дүңгүрөп той өткөн жерде бүгүн аңгырап талаа калды. Дагы эмне калды?

 

* * *

Минтип эми эл жүгүн аркалайт дегендин баары текши саясатташып, кыргыздын жоо чабаар сомодой жигиттери бүжүрөп семичке, сагыз сатып, дүкөндөрдө, аялдамаларда, автобус, троллейбустарда «толчокто» да эл кысылышып, атаңгөрү, айкөл пейил дүйнөгө алакандай биз батпай тар заман болуп, тиги кымбат, бу кымбат деп зар заман болуп, деген менен кечээкиге караганда бүгүн, бүгүнкүгө караганда эртең кооз кийинип, дүйнөгө көзүбүз тойбой, тилибизден заар, өңүбүздөн каар чыгып турган болмушта жогорудагыдай дүңгүрөгөн тойлордун дагы канчасы болуп, канчасы болбосун айтып болбойт.

 

* * *

А мүмкүн тубаса акын болуп төрөлүп, акын болуп жашап, акын бойдон өлгөн Алыкул Осмонов сыяктуу таланттардын арбагына мындай тоюңдун да, союлган жылкы, коюңдун да кереги жоктур…

 

* * *

Орус элинин дагы бир касиетине тан берсек болот. Тубаса акындарын тутунган пириндей эле сыйлаган бул эл Пушкин, Есе­нин, Лермонтов сыяктуу акындарынын маараке-сааракесин күтпөй эле, ар жылы алардын туулган күнүндө бейит башына келип гїл коюп, ыр окуп эскеришет. Арбак салтанатын курушат. Ошол күн ыр майрамына айланат. Ал эми коңшу тажик эли Нооруз күнүн Рудакинин бейитинде майрамдашат экен.

 

* * *

Ушул жуманын жекшемби күнү Чолпон жылдыз акыныбыз Алыкул Осмоновдун туулган күнү. Ошол күн – Нооруз күнү. Күн менен Түндүн теңелген күнү. Өткөндөрдү эскерип, жаңыга жакшылык тилей турган күн. Эгерде ким көкүрөгүндө Алыкулду аздектеп, көңүлүндө анын канаттуу поэзиясын багып жүрсө, жүргүлө, 21-март күнү эртең менен анын «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү мүрзөсүнө гүл коюп, ыр окуп, Нооруз майрамын ошол жерден баштайлы.

 

* * *

Эгерде ошол күнү Сүйүнбай, Сооронбай, Жалил, Омор, Эрнис, Сүйөркул, Гүлсайра, Майрамкан, Алымкан, Сагын ж.б. сыяктуу акын ага-эжелерибиз, Эгемберди, Анатай, Шайлообек, Нуралы, Кемел, Кыялбек, Жедигер, Кожогелдидей байкелерибиз, Барчынбек, Дүйшөн, Динара, Мадина, Майрамбек сыяктуу жаш акындарыбыз чай кайнам убактысын бөлүп, ушул поэзия майрамына келип беришсе, анда биз, ырзаадалуу пенделер көр тирликтин көрпайында көөлөнбөй бир көккө көкөлөп учкан болор белек дейм да.

Жана буга катышууну каалагандар 21-март күнү саат 10до «Ала-Арча» көрүстөнүнө келишсе болот. Уюштуруу жагын «Асаба» гезитинин жигиттери өз мойнуна алат. Ушул салтанат ар жылы майрамдала турган адат-салтка айланып кетээр бекен деген аруу үмүттөбүз.

18-март, 1993-жыл. «Асаба»

 

II

Андан бери 22 жыл өтүптүр. Бирок, жыл сайын улуу акындын мүрзөсүнө барып, гүл коюп, ыр окумай салт болуп келет. Ошентип, «асабачылар» жаңы салт жараткан элек.

Алыкулдун поэзиясы бир эле учурда новатордук, ар бир доорго таандык жана илгерки элдик фольклорго да үндөш.

 

* * *

Алыкул эч кимге карыздар эмес, а балким биз ага карыздарбыз. Ал кыргыз поэзиясын жаңы бийиктикке көтөргөн кеменгер акын.

 

* * *

Алыкул – улутман акын, улут жандуу акын, ошол эле убакта башка улуттун ажайып сапаттарын көрө билген интернационал акын.

Анын ар бир ыры – өзүнчө керээз. Сизге, бизге, ага, баарыбызга, кыргыз элине жана адамзатка…

 

* * *

Алыкул өмүр бою өзүн аябады, оорукчан жашады. Бирок, бүгүнкү күндө эң дени соо, сергек ырлар – ал Алыкулдун ырлары.

Ал жалгыздыкта жашады. Бирок, бүгүн эң көп окурманы, күйөрманы бар акын.

Анын ырлары окурман үчүн таңкы шүүдүрүмдү жылаңайлак басып кеткендей таасир калтырат. Бир эле учурда дене-бойду сергитет, көздү ачат.

 

* * *

Алыкул… өзүнчө эле бир доор, өзүнчө бир планета, өзүнчө бир держава. Жүз жыл бою жүрөктү ээлеп келаткан держава.

 

* * *

Алыкулдун поэзиясы – кыргыз тили эң көркөм, ажайып, эбегейсиз поэтикалуу тил экенин далилдеген поэзия.

 

* * *

Алыкулдун котормолору – классика, азырынча эч бир акын багындыра элек өзгөчө бийиктик.

 

* * *

Ал айылдык да эмес, шаардык да эмес, бүткүл адамзаттык.

 

* * *

Алыкулдун сүйүүсү ошондой сүйүү, кийинки урпактарга улана берүүчү, өчпөй турган арзуу.

 

* * *

Ал жек көрүү бар жерде да махабат ырын ырдады, жалган каптаган күндөрү да чындыкты жазды, караңгылыкта жарыктын шооласын көрө билди, өлүм келатканда өлбөстүккө айланды.

 

* * *

Алыкул Осмонов – ар бирибиз үчүн жеке тааныш адам сыяктуу.

 

* * *

Алыкулдун поэзиясында дайым жаз болуп турат, куштар сайрап, булактын шыңгыр үнү угулуп, жер көктөп, гүлдөр ачылып, таңкы таза абада көңүлүң сергийт.

 

* * *

…Басени баканын үнүнө кумар кылган поэзия, Нарекацини Кудай менен сүйлөштүргөн поэзия, Пушкинди акылынан адаштырып, Есенинди эрте өлтүргөн поэзия, Уитменди досторунан өгөйлөнтүп, Чыгыштын акындарын сүйүү менен сулууга дербиш кылган поэзия, биздин Алыкулду он беш жолу кайра тирилткен поэзия.

 

* * *

Чыгыш элинде поэзиянын жолу оңой болбоду, Рудакини сокур кылышып, Ибн-Сина куугунтукта жүрүп өлүп, Низаминин терисин сыйрышып, Фарухияздын оозун төєнөшүп, Сабирди чөктүрүп өлтүрүшкөн.

А биздин Алыкулду кыска өмүрүн ар дайым ажал тооруп, өмүр менен өлүмдүн босогосунда жашады. Ошондогу байма-бай жөткүргөнү азыр да кулагыбызда угулуп тургансыйт.

 

* * *

Поэзиянын бир өзгөчөлүгү бар. Анын энергетикасы аркылуу улуттун майтарылбас духу сезилет. Маселен, немис элинин духу Гейне, Гете аркылуу, орус элиники Пушкин, Есенин, украин элиники Т.Шевченко, испан элиники Гарсиа-Лорка, азербайжан элиники Самед Вургун, тажик элиники Рудаки, казак элиники – Абай.

А биздин элдин нукура улуттук духу Алыкулдун учкул поэзиясы аркылуу жарк этип көрүнүп тургансыйт. Маселен, 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар тээ 90-жылдары эле Ш.Дүйшеевдин «Кайдыгерлик» деген ырынан башталгансыйт. Жок, андан да илгери А.Осмоновдун «Ата журт» деген ырынан бери башталган.

Бизди мокотпой, дайым курчутуп турган бул — Алыкулдун поэзиясы.

 

* * *

Алыкулдун ырларынан түбөлүктүүлүктүн дем алып жатканы туюлат.

 

III

Пролог ордуна

Кайран гана Тарас Шевченконун эли. Бүгүн бытырап кетти, бөлүнүп кетти. Жабыркап турат, жараланды. Анан өткөн жумада Киевде Т.Шевченконун туулган күнүндө 24 саат бою анын элесине арналып радиомарафон болду.

Анан баары, П.Порошенко да, анын оппоненттери да, улутчулдары да, бендерчилери да, батышчылдары да, чыгышчылдары да келип улуу акындын ырларын окушту.

Карасаң, чыныгы акындар өлүп жатып да тирүүлөрдүн камын ойлойт. Бөлүнгөндү бириктирет, бөксөнү толтурат.

 

* * *

21-март – Алыкулдун туулган күнү. Күн менен түн теңелген күн. Келгиле, биз да Алыкулдун ырларын окуп, кыргыз радиосунда 12 саат бою атайын поэзия майрамын уюштуралы. Эгер ар бирибиз бир саптан окусак, баарыбыз 6 миллион сап ыр окуйт экенбиз. Алыкулдун өмүрүн ошончого узартат экенбиз.

Өмүрлөр жашарып, көңүлдөр тазарып, көкүрөк аруулансын.

Нооруз күнүн Алыкулдун ырлары менен аластайлы, арчалайлы.

Жер жарылып көк чыксын,
Желин айрылып сүт чыксын,
Көкүрөктөн агылып ыр чыксын!
Алас! Алас! Алас! Ар балээден калас!
Жакшылыкка жанаш, жамандыктан адаш!

Каныбек Иманалиев,
Жогорку Кеңештин депутаты,
“Де-факто”, 23.03ю2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий