Аспек Бейшеев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү: “Алгачкы сүрөттөрүмө Алыкул баа берген…”

Аспек Бейшеев 1938-жылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Көркөм сүрөт окуу жайын аяктагандан кийин мугалимдиктен баштап, андан кийин Кыргыз телерадио комитетинде сүрөтчү болуп иштеген. Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси. Аспек аба акын тууралуу көргөн-билгендерин эскерет.

– Аспек аба, сизди улуу акын Алыкул Осмонов менен жердеш деген сөз ыраспы?

– Мен Алыкул менен жердеш эле эмес, айылдаш да адаммын. Ошондуктан, акын жөнүндө көргөндөрүм, акын менен аңгемелешкен адамдардан уккандарымды айтып бере алам. Алыкул мага куда да болуп кетет.

Ырас, айылдаш элек, бирок мен ал адамды бала кезимде көрчү эмесмин, бирок угуп жүрчүмүн. Анткени,. ал Каптал-Арыкта туулганы менен, өзүңөр билгендей эрте жетим калып, балдар үйүндө тарбияланган. Эс тартканы болсо, шаарда турду. Анын бул жолку келиши өзүнүн узакка созулган оорусуна байланыштуу болгон болсо керек. Бул 1950-жылдын июль-август айлары эле. Алыкулду ошондо биринчи жолу көргөнмүн.

aodf1

– Ошол кезде Алыкул кимдикинде турчу эле?

– Кимдер менен кандай мамилеси бар экенин ким билсин. Адамдар менен ыксыз көп сүйлөшө берчү эмес. Көп учурларда далистеги темир керебетте гезит окуп отура турган. Кээде ал үйдүн тирөөч жыгачына жөлөнүп, ойго батып, тунжурап тура берер эле. Ошентип, ал Суран чоң апамдыкында көпкө жашаган жок, тез эле көрүнбөй калды. Мен ошондо он экиден он үчкө караган кезим экен, азыр ойлосом. Алыкулдун айылга келген учурунан дагы бир эсимде калганы, мейиз, нават, жаңгактын даамын биринчи жолу татып көргөнүм болду. Аларды Алыкул шаардан алып келген экен. Акын келген алгачкы күндөрү дасторконубуз жайнап эле калды. Бирок, мени таңдандырган бир нерсе, анын биз менен чогуу отуруп чай ичпей, тамакты өзүнчө ичкени, же тамак учурунда четтеп, гезит окуп отурганы болду. Ал кээде сыртка чыгып кеткенде, чоң адамдар бири тамшанышса, бири аны аяп учук оорулуу экендигин, тоо алдындагы айыл Кум-Арыктагы кайсы бир табыпка көрүнүп жүргөндүгүн айтышты.

– Акындын дагы кандай сапаттары эсиңизде калды?

– Негедир ал киши мага кызыктуу, табышмактуу адамдай сезилчү. Менин баамымда, ал жашоодогу бардык көрүнүштөргө кызыга берчү. Ошондой бир окуя эсимде калыптыр. Ал кезде Чүй жеринде негизинен кызылча айдалчу. Биздин айылдын эли да бүтүндөй кызылча талаасында эмгектенишчү. Күн кечтегенде талаадан кайтышкан кыз-келиндер, айыл эли чарчашканына карабай, хор ырдап келишер эле. Бир жолку кечте Алыкул алардын алдынан тосуп чыгып, кайра-кайра суранып жатып, аларды көпкө ырдаткан. Сыртынан карап турган биз: “Ушул киши кызык, шаарда булардан сонун ырдагандар бар да, булардын эмнесине кызыкты?”, — дегенибиз эсимде. Көрсө, акын айыл элинин турмушуна, салт-санаасына кызыгып, шаардык турмуш менен салыштырчу тура.

– Алыкул сиздин сүрөт тартып жүргөнүңүздү кайдан билди?

aodf2

– Ошол биздин балалык жылдарда жаш балдар азыркыдай футбол тээп, же бир ташка оюн ойнобой, көбүнчө чүкө ойношчу. Балдар чүкө ойношсо, мен сүрөт тартчумун. Бир күнү акталган тамдын бооруна көө менен сүрөт тартып жатсам, артымдан бирөөнүн деми угулгансыйт. Чочуп кетип карай салсам – Алыкул. Жылмайып карап турат. Уялып да, коркуп да кеттим. Уялганым – чоң адамдан бир чети сүрдөсөм, бир чети шылдыңдап жатабы деп кооптоном. Коркконум – таш бооруна сүрөт тартканымды көрсө, апам урушчу. Бирок Алыкул мен ойлогондой мамиле кылган жок, кайра: “Сен сүрөтчү турбайсыңбы? Мунуң жакшы! Бул өнөрүңдү эч качан таштаба, сүрөтчүнүн талантындай талант болбойт. Үйдө тарткан сүрөттөрүң барбы?” – деди. Үйгө келгенде мен ага калыў кагазга тартылган сүрөттөрүмдү көрсөттүм. Баарын бирден көрүп чыгып, абдан мактады. Мен да ичимден сыймыктанып калдым. Кечинде бададан уй тоскону кеткенимде Алыкул апама келип, уулуңду шаарга сүрөтчүнүн окуусуна алып барайын десе, апам көшөрүп болбой коюптур.

– Ырас, Алыкул менен аз да болсо баарлашып, аз да болсо мамилелешип калган экенсиз. Эми ошол кишиден кандайдыр бир эстелик калдыбы?

– Алыкул шаарга кайтып жатып, “Махабат” жана “Менин жерим-ырдын жери” деген эки китебин, алардын ичине эки сүрөтүн калтырыптыр. Ал сүрөттүн биринин артында акын Райкан Шүкүрбековго арналган кол тамгасы бар экен. Ал эми экинчисинде: “Иним Аспекке, 18.08.1950-ж.” деген кол тамгасы бар эле. Бул эки сүрөттүн Райканга арналган нускасы басма сөзгө жарыяланган. Ал эми мага арналган нускасын раматылык сүрөтчү, Белек Жумабаев: “Алыкулга арнап китеп даярдап жүрөм, ошого пайдаланам” деп алган. Көп өтпөй Белек кайтыш болуп кетип, сүрөт табылбай калды. А китептерин болсо, көп жылдар бою катып жүрүп, кийин уурдатып жибердим.

Назгүл Осмонова, “Де-факто”, 23.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий