Он беш жолу улам кайра төрөлгөн Алыкул

Акын Алыкул Осмонов өмүрүнүн акыркы жылдарында жашаган Бишкектеги үйү 2001-жылы мурдагы ээсинен сатылып алынып, шаардын менчигине өткөрүлүп, анда акындын үй-музейи уюштурулган. Учурда бул үйдө акындын урунган буюмдары, тарыхый сүрөттөрү сакталуу. “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмеси быйыл, 2015-жылы Осмоновдун 100 жылдыгынын алкагында акындын Бишкектеги музейин чоңойтууну жана Чолпон-Атадагы үйүнө жакын жердеги эс алуу паркына анын ысымын берүү сунушутап жатат.

Алыкул Осмонов

Бул үйдө 1948-1950-жылдары кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмонов жашаган.
Бул үйдө 1948-1950-жылдары кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмонов жашаган.

Алыкулдун үй-музейинде учурда эки миңден ашык экспонат бар
Алыкулдун үй-музейинде учурда эки миңден ашык экспонат бар

Учурда аталган үй-музей Бишкек мэриясына карайт. Ал кайрадан оңдоп-түзөөгө муктаж.
Учурда аталган үй-музей Бишкек мэриясына карайт. Ал кайрадан оңдоп-түзөөгө муктаж.

Акындын өмүрү жана чыгармачылыгын изилдеп, илимий иликтөө ишин алгачкылардан болуп баштаган адабиятчы-окмуштуулар: Ш.Үмөталиев «Алыкул Осмонов» (1958-ж.), Р.Кыдырбаева «Алыкул Осмоновдун лирикасы» (1957-ж.), А.Садыков «Алыкул Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новаторлук» (1962-ж.) жана К.Кырбашев «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (1967-ж.).

Алыкулдун мезгилиндеги саркеч сумка.
Алыкулдун мезгилиндеги саркеч сумка.

А.Осмоновдун котормосундагы Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» чыгармасы 1940-жылдан 1982 -жылга чейин алты жолу басылып, эң мыкты котормо катары кабыл алынган.
А.Осмоновдун котормосундагы Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» чыгармасы 1940-жылдан 1982 -жылга чейин алты жолу басылып, эң мыкты котормо катары кабыл алынган.

Токмоктогу балдар үйүндө, Алыкул экинчи катарда, оңдон биринчи. 1928-жыл.
Токмоктогу балдар үйүндө, Алыкул экинчи катарда, оңдон биринчи. 1928-жыл.

ao8

Алыкул театр ийримин жактырган.
Алыкул театр ийримин жактырган.

Жалындуу жаштык жылдар.
Жалындуу жаштык жылдар.

Алыкул жана Райкан. Чабуул журналында иштеп жүргөн мезгил.
Алыкул жана Райкан. Чабуул журналында иштеп жүргөн мезгил.

Алыкул. 1934-жыл.
Алыкул. 1934-жыл.

Алыкул калемдештери менен.
Алыкул калемдештери менен.

ao14

Алыкул Осмонов замандаштары менен. Арткы катарда оңдон экинчи Касымкул Нанаев, отургандардын солдон экинчиси Кусейин Темирбеков. 1944-жыл.
Алыкул Осмонов замандаштары менен. Арткы катарда оңдон экинчи Касымкул Нанаев, отургандардын солдон экинчиси Кусейин Темирбеков. 1944-жыл.

Алыкулдун калемдеш устаттары. Жусуп, Кубанычбек, Аалы, Жоомарт
Алыкулдун калемдеш устаттары.
Жусуп, Кубанычбек, Аалы, Жоомарт

Алыкул калемдештери менен. Солдон: Н.Байтемиров, А.Осмонов, М.Догдуров, К.Маликов, Ясыр Шиваза, С.Шимеев, К.Кулиев. 1948-жыл.
Алыкул калемдештери менен.
Солдон: Н.Байтемиров, А.Осмонов, М.Догдуров, К.Маликов, Ясыр Шиваза, С.Шимеев, К.Кулиев.
1948-жыл.

Койсары курортунда, 1948-жыл. Алыкул аскер кийимчен. Экинчи катарда оңдон төртүнчү Калим Рахматуллин.
Койсары курортунда, 1948-жыл.
Алыкул аскер кийимчен.
Экинчи катарда оңдон төртүнчү Калим Рахматуллин.

ao19

Кыргызстандын Москвадагы маданият күндөрү.
Кыргызстандын Москвадагы маданият күндөрү.

Акын биринчи кызы Жыпар 15 күн жашап каза болгондон кийин ажырашып кеткен жубайы Зейнеп Сооронбаева.
Акын биринчи кызы Жыпар 15 күн жашап каза болгондон кийин ажырашып кеткен жубайы Зейнеп Сооронбаева.

Бул комузду үй-музейге Ысык-Көлдүн Кырчын айылынын жашоочусу Эсенбай Мамыркул уулу 2002-жылы белек кылган.
Бул комузду үй-музейге Ысык-Көлдүн Кырчын айылынын жашоочусу Эсенбай Мамыркул уулу 2002-жылы белек кылган.

"Алыкул үй борборунун" жетекчиси, Алыкул изилдөөчү Памирбек Казыбаев акын жашаган үйдүн алдына "Алыкулдун ак өргөөсүн көтөрөлү, анда акын тууралуу электрондук материалдарды топтойбуз. Аны жаштарга тааныштырып туралы" -деген максаты бар экенин айтат. Тилекке каршы боз үйдүн курулушу башталып, бирок уланбай калган.
«Алыкул үй борборунун» жетекчиси, Алыкул изилдөөчү Памирбек Казыбаев акын жашаган үйдүн алдына «Алыкулдун ак өргөөсүн көтөрөлү, анда акын тууралуу электрондук материалдарды топтойбуз. Аны жаштарга тааныштырып туралы» -деген максаты бар экенин айтат. Тилекке каршы боз үйдүн курулушу башталып, бирок уланбай калган.

"Алыкул үй-борборунун" туусу
«Алыкул үй-борборунун» туусу

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 23.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Он беш жолу улам кайра төрөлгөн Алыкул: 1 комментарий

Добавить комментарий