Акын Алыкул Осмоновдун балдарга калтырган рухий мурастары жана айтар акыл-кеңештери

«Балдар жазуучусу болуп үйрөнө албайт, ал үчүн атайын төрөлүш керек» деген да сөз бар. Албетте, бул сөз бекеринен чыккан эместир, анткени бардык эле жазуучулар баланын психологиясын туура түшүнүп, бала менен бала болуп жашап, бала болуп ойлонуп, балдардын тилин таап жаза албайт. Андай болбогондо, т.а. баланын жан дүйнөсү жашабаган чыгарма-балдар адабияты болуудан калат. Ошон үчүн балдар адабияты балдар тууралуу чыгармалардан эмес, байыртан балдар үчүн жазылган чыгармалардан улам жаралган эмеспи.

Улуу жазуучу Л.Толстой айткан тура: «ар бир жазуучунун ыйык милдети-балдар үчүн жакшы чыгарма жазып берүү» -деп. Ошол сыңары, улуу акын А.Пушкин балдар үчүн эмне деген керемет жомокторду жазып берди. Л.Толстой кедей-кембагалдардын балдар үчүн далай убактысын арнап, «Азбука» жазып, чакан аңгемелердин классикалык үлгүлөрүн калтырды. Өзүбүздүн улуттук адабиятыбызда сөз устаты А.Токтомбаев, романчы Т.Сыдыкбеков менен аты аалам кезген Ч.Айтматовдор балдарыбызга атайын кайрылып, көптөгөн мыкты аңгеме-поэмаларды берди. Алардын катарында сөзсүз түрдө А.Осмоновдун ысмы айтылбай койбойт. Анткени ал дагы балдарыбызга не деген мыкты ырларын жазып калтырып, улуттук балдар адабиятыбыздын көрөңгөсүн көбөйтүп берип кетти.

Чындыгында, А.Осмоновдун да улуу акын-жазуучулардын салтын улап, чоңдор адабиятына кандай кызмат кылса, улуттук балдар адабиятыбызга да бир топ белегин берип кеткенин атайын изилдеп көрө элек экенбиз. Байкасак, анын балдар үчүн ырлары арбын экен, мазмуну терең, тематикасы ар кыл экен.Алар тек гана «бак тигели, жүргүлө» дегендей жөн салды декоративдик ырлар эмес, ар бир сабында акыл-ой, ар бир сөзүндө таанытуу, ар бир куплетинде тарбия берүү идеялары камтылган нагыз дидактикалык поэзиянын үлгүлөрүнөн экен. Ар бир ыры курулай насаат, кургак дидактика эмес, элдик нукура нарктуу таалим-тарбия менен сугарылган, турмуштун өзүндөй, нагыз насаатчы мугалимдин тарбия саатындай мазмундуу, ар бир ыры баланын кыялын, мүнөзүн, жүрүм-турумун таасын чагылдырган, балага жакын, бирде эскертип, бирде сындап, бирде бирде эскертип, ошону менен улуулук таалим-тарбиялык сөзүн айтып тургандай жандуу ырлар экен.

Ушундай маани-мазмуну менен, 2000-жылы басылып чыккан «Балдарга» деп аталган кыргыз, орус жана англис тилдериндеги жупкадай китеп (Алыкул фонду тарабынан «ЭркинТоо» ачык типтеги акционердик коомунан чыккан, Б., 2000, 3,5 б.т.) мазмуну жана мани-маңызы менен алда-канча көлөмдүү нарктуу акыл кутучасы өңдөнүп турат. Анткени Алыкулдун жыйнакка кирген кадимки «Эне тили», «Грунья Савельевнага», «Жибек кийген эрке кыз» жана «Бүкөн» аттуу классикалык ырларын кошпогондо, нагыз балалыктын дүйнөсүн чагылдырган жыйырмадан ашык ырлары балдар чыгармалары кандай болуусу керек? –деген суроого «ушундай болушу гана керек» дегендей таасын жооп болор чыгармалар экени талашсыз.

Жыйнакты барактаган жөн эле окурман адамга айрыкча көзгө көрүнөр «Түлкү менен каздар», «Чымын-чиркей» ырлары, «Жамгыр ыры»,»Балдар жана турналар», «Эки алган Эмилбек», «Калпычы Канымгүл», «Эки метр Эсенгул», «Китептин душманы» ж.б. ырлары анын таанытуучулук жана таалим-тарбиялык маани-маңызын изилдей келген адамга алардын барк-баасы андан бетер ачык-даана көрүнүп чыга келет.

Антсе да, улуу акындын айрым ырларында ачыктык менен дааналык айкын көрүнүп-сезилип турса, айрымдарында нагыз элдик нарктуу идеяларды нукура элдик көз караш жана ширин сөздөр менен сыпаттап бергенин жеткире түшүнө албай, «бул сөздүн ичине улуу акын не деген ойлорду батырды экен?» деп, ачык даап айта албай, сөз менен ойдун тегерегинен кыйла кете албай убара да болот экенсиң. Антпесе, улуттук тилдин каймагын калпыган улуу акындын ырларындагы элдик тилдин сырын жеткире түшүнө албаган болор элек да. А биздин милдет-акындын мына ошол бай рухий мурасын терең талдап түшүнүп, табышмактарын, таалим-тарбия мурастарын балдарыбызга жеткирүүгө аракет жасообуз керек.

Эң кичинекей балдардын тилин таап, тилин гана эмес, дилин да тапкан, жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө катылып жаткан гуманисттик сезимдерин ойготор «Түлкү менен каздар» аттуу ыры бүгүнкү күндөгү балдар китептеринин дээрлик көбүнөн орун алып, мазмунун байытып келет. Андагы каздардын балдарына катылган куу түлкү менен балдарын андан сактап калуу үчүн жан далбастаган каздын окуясын окуган бала каздын балдарына кошулуп, түлкү менен күрөшкө чыгып, ырдын ичине кире калып, түлкүнү кууп, каздын балдарын коргоп калгысын келтирет. Анткени түлкү куу да, күчтүү дагы, азуулуу тиши бар, анын үстүнө ачка. Каз болсо жалгыз, жалгыз өзү балдарын куу жана ач түлкүдөн коргоп калууга күчү келбес! Балам жаш, тие көрбө-деп жалдыраса болбой, «менин кардым ач, балдарыңды бирден кармап жеймин» деп, ач көздөнөт. Анда учурда казга ким жардамга кетр экен? Дал ошол көз чачырап турган кезде арытан «борс-борс» үрүп, бактыга жараша, күчүк келе калбаспы! Ал түлкүгө каршы үрүүгө «башы жаш, алы аз» экенине карабастан, «баатыр болсоң, кел кармаш» деп ачык күрөшкө чыгып, куу түлкүнү кубалып, каздын балдарын сактап калганы эне казга чоң күч, бел, кубат болот.

Дегинкисин айтканда, акын Алыкулдун балдарга арнаган ырлары чоңдор адабиятындагыдай эле предметтүү да, элестүү да, образдуу дагы. Окуган адамга бала, анын турган-турушу, кебете-кешпири даана көрүнүп, жүргөн –турганы даана элестеп кетет. Буга жогорудагы эле ырдан ач түлкү, сак күчүк жана балдарын коргогон эне каздын мисалынан да күбө болдук. Мындай мисалдарга «Жамгыр ыры» да айрыкча далил боло алат. Ыр жамгырдын кызматын сыпаттоо катарында жазылуу менен, аны балдар түшүнсө экен-деп тилейт.

«Жаа, жаа,
Жамгырым, жамгырым,
Жумшарт эгин тамырын.
Кара көсөө көз ачпай,
Өлсүн каран калгырың»
(19-бет)-деп, жазда кубаңдаган шамалдан катып калган жерди жумшартып, жаңы чыгып келаткан эгин эрте амал алып, тамыры жумшарган неме бат өсүп кетсе экен, ага жолтоо болчу, кара көөгө чулгап өстүрбөй коер, кара көө деген отоо чөп өспөй калса экен-деп, дыйканга болушуп, ага жан тартып отурбайбы. Андан ары «жаштайынан түйүлтүп, кызылчаны кубаттантса экен» деп күтсө, алма-өрүктү тез бүрдөтүп, текши мөмө алдыр» деп тиленет. Баарынан да, турмушта барчылык болсо, адамдын пейили кең болот, алаканы ачык болот, тасмалы жайык болсо, пейили да кең болот-дейт. Ошону эске салып, дагы да минтет:

«Жаа, жаа,
Жамгырым,жамгырым,
Жыргат элдин бардыгын.
Колу тарды март кылып,
Сандыктан нан алдыргын»
(20 бет).

Албетте, жамгыр жааса, кар качат, көк чыгат, мал тоюнат, жер бети көркүнө чыгат, табият ойгонуп, элге ырыскысын чачат, жамгыр менен бирге жер бетине береке жаайт. Автор мына ушуну балдар билсе экен деп айтып отурат.

Акындын балага деген тилеги ырларында даана берилген, алар кудум балага зар акындын өз баласына каалаганы, тилегени өндөнөт. «Бешик ыры» аттуу ырында «Алдей, алдей, бөбөгүм, арка сүйөө жөлөгүм» деп, балага болгон улуу сүйүүсүн айтат. Ырда автор: «Эжекең жүрөт мектепте, Атакең жүрөт кырманда» деп, нагыз айылдын турмушун көзгө тартат. Анан да, бешикте жаткан наристеден көптү күтүп: «Белдүү жигит болорсуң, бешигиңе сыйбасаң»-деп элге кызмат кылган белдүү жигит болсо экен-деген тилегин кошот. Баарыдан да, балдарыбыз заманга жараша өссө экен, заманга кызмат кылса экен, заман талап кылгандай тарбия алса экен деп тилеп:

«Алдей, алдей, турумтай,
Алышып ойнойт кулун-тай.
Аркырап учат заманың,
Артынан калбай жулун, тай!»
–(22-бет) деп жыйынтыктаганы ырдын күчтүү пафосто аякташына май тамызып турат.

Эми деле болсо эске салалы, акындын балдар ырларынын тематикасы ар түрдүү. Жогорудагы үч ырда байкалгандай, бирде табияттын мыйзамдуу жашоосу (түлкү менен каздын күрөшү) тууралуу сөз болсо, бирде табияттын адам жашоосу менен карым-катышы (жамгыр жана адам турмушу) чагылдырылат. «Бешик ырында» да бешикте жаткан наристе баланы бирде турумтай кушка, бирде желеде булкунган кулун-тайга салыштырып, «болор бала бешигинде булкунат, болор кулун желесинде жулкунат» деген элдик сөздү эске салып, бала менен замандын, мезгилдин байланышын ойго алып отурат.

Табият темасындагы «Кара чыйырчык» жана «Балдар жана турналар» деген эки ыры тууралуу да кеп кыла кетели.

«Кара чыйырчык көрсөңөр,
Урбагыла таш менен.
Жыгачтан уя салгыла,
Ала шалбырт жаз менен.

Кара чыйырчык көрсөңөр,
Атпагыла жаа менен,
Тал башына кооздоп,
Үй салгыла кепкенен».
(23-бет) деп башталган бул төрт куплет ырын азыркы күндө кайсы кыргыз баласы билбейт? Анын мазмуну менен маанисин талдап түшүндүрүп отуруунун зарылдыгы жок. Анткени кара чыйырчыктын кызматы адамга зор экен: ал «адамдан ырыскысын талашып», эккен эгинине кол салар зыянкеч чегирткелер менен кармашат, алма-өрүккө курт түшүрөр пайдасыз көпөлөктөрдөн коргойт, ж.б. Демек алар, акын айткандай, майда көрүнгөнү менен адам турмушуна алып келер майда кырсыктардын алдын алып, алар менен кармашкан бул кара чыйырчык дал ошол «майда күрөштүн майда баатырлары- биздин кара чыйырчыктар» экенин абдан элестүү сыпаттайт.

Ушундай эле темадагы «Куштар кетти» деген балдар сүйгөн дагы бир ыры ушул китептен орун алган. Анда чабалекей тууралуу баян этилип, кышкы кийими жок, күздө жылуу жактарга кетип калган тура, сасык үпүп да, биз сүйгөн күкүк да жок, асмандап учкан турналар жок- деп келип:

«Бизден кеткен келгин куш,
Жакшы жерге консо экен,
Кайра бизге келгиче,
Аман-эсен болсо экен»
— (49-б.)-деп, балдарды ойлонтуп, гуманисттик сезим-туюмдарын дагы бир ирет козгоп өтөт.

Жогоруда эскертип өткөндөй, акындын айрым саптарындагы кыргыздын нагыз элдик ырлары менен табышмактарыдагы сыпаттамалардай, сөздүн бүрү, ойдун гүлү ширелген ырларына азыр сөз кылар «Балдар жана турналар» аттуу ыры кошулат десем болот. Андагы айрым саптары, бир катар сөздөрү, жогоруда эскерткендей, элдик табышмактарды (айтмакчы, «Ай астынан өткөн жигит, алтын чоор тарткан жигит, Күн астынан өткөн жигит, күмүш чоор тарткан жигит» деген табышмак бар эмеспи, (жандырмагы – каркыра, турна) да эске сала кетет. Алсак, мындай:

— Эй, эй, каркыра, турна, кайдан келе жатасың? — деп бала сураса,

— Алтын саамай кыз алып, кыштан келе жатамын-деп жооп катат каркыра менен турна. Андан ары:

— Эй, эй, каркыра, турна, эми кайда барасың? -деп дагы сураса,

— Күмүш көкүл бала алып, күнөс жерге барамын-дейт каркыра менен турна. Ойлонуп көрөлү: мындагы «алтын саамай кыз», анан дагы «күмүш көкүл бала» деп, акын эмнени айтып жатат? «Алтын саамай кыз» дегени-кыштын ызгаарынан эми гана бошонгон табиятка көрк берер алтын жазды апкелаткан жокпу? Же жаз жадырап көркүнө чыккан табиятка дагы да көрк кошор, күмүш күндүн нуруна жаркыган, гүлдүн жытына балкыган күнөс жер-жадыраган жайга келатпасын! Ооба, ошол эмеспи акын кубанып айтып жаткан каркыра-турнанын сыры!

Тематакасын байытып, мазмунун тереңдеткен акындын ырларына, албетте, анын балдарды билимге, таалимге, тарбияга үндөгөн төмөндөгү ырлары кирет. Мисалы: «2 менен Эмилбек», «Калпычы Канымгүл», «Телибай тентек», «Эки метр Эсенгул» ж.б. Аларда акын, бирде балдардын окууга, билим алууга кылган мамилесин сындап, бирде намыстанууга чакырып, бирде аталык, улуулук, нарктуу кеңешин айтып, тарбия-таалимин аябайт. Алардын мындай жоруктары башкаларга мисал болор бекен, мындай жорукту кайталабас бекен, эстерине келип, эс-акылдуу болушар бекен, булардай болбой, үлгүлүү балдардан болуп өсүшөр бекен-деген ниетте бутанын учуна айрым тентек мүнөз балдарды мисалга тартат. Ошолордун бири-Эмилбек деген эбелектей жеңилбек бала. Акындын сүрөттөсүнө караганда, ал окуганы го «айла» жок экен, эгер «бир» деген баа болсо, тартибине «бир» коер тентек да экен. А «Калпычы Канымгүлчү»? Тили таттуу, эрке өскөн, мектепке жаңы кирген Канымгүлдүн мугалимине жооп берип отурганын карабайсыңбы.

«- Кечээ неге келбедиң?-десе:
— Бутум ооюп…-деп созулат.
— Бейшембидечи?-десе:
— Муйдум ооюп…-деп мурчуят.
— Бешиндечи?-деп сураса:
— Мысыгым ооюп…- деп үлбүрөйт.
— Онундачы? –десе:
— Күчүгүм ооюп…-деп күлдүрөт.
— Үчүндөчү?-деп сураса:
— Бассым ооюп… — деп жүрөгүңдү эзет…»
(32-б.)

Ырды окуп отуруп, бир жагынан, Канымгүл «калпычынын» жообуна таң каласың, экинчи жагынан, калп шылтоо айтып сабакка келбей жатканы үчүн күнөөлөгүң келет, а кайра анын тилинин таттуулугуна ичиң элжирейт. Ал үчүн улуу акындын баланын тилин таап, бала болуп ойлоп, бала болуп сүйлөп, бала болуп жашап жатканына ыраазы болосуң. Ошентсе да, авторго кошулуп, Канымгүл мындан ары калп шылтоо айтып ооруп, калп шылтоо айтып сабагына келбей жатканын аяп кетесиң. Кайра, андай жоругун таштап, жакшы окуп, жакшы өсүп, жакшы адам болсо экен-деп автор менен бирге тиленип кеткениңди байкабай каласың.

Эми «Телибай тентек» биякта калсын, «Эки метр Эсенкул» кандай бала болду экен? Ошону тыңшайлы.

«Партасына отурса,
Башы чыккан Эсенкул.
Бардыгынан бөлүнүп,
Чачы чыккан Эсенкул.

Катар сапка турганда,
Мойну чыгат Эсенкул,
Башкалардан коркоюп,
Бою чыгат Эсенкул»
(39-б.)-деп, жумшак юмордун күчү менен Эсенкулдун сүрөтүн тартат акын. Ал — балдар ат коюп алгандай, аты-жөнү — «Эки метр Эсенкул». Ал эмне үчүн «эки метр Эсенкул» болуп калды экен? Анын тарыхы мындай экен көрсө: Эсенкул деген бала биринчи класска киргенде сабагын билбей калыптыр, экинчи класста эки жыл бою ордунда калыптыр, үчүнчү класска киргенде үч жыл бою отурган баягы партасынан дагы да жылбай калыптыр. Анан улам жыл сайын өзүнөн кичүү балдарга кошулуп окуганда, алардан жашы улуу, бою коркоюп узун болгон бала «эки метр» болбогондо кантмек?!

Албетте, бул абдан уят иш. Адамдын уятын чыгарып, элге шылдың кылуунун өзүн да оор көрүп, жүрөгү ооруган гуманист акын ырынын соңунда Эсенкулдан кечирим сурап, мындай деп жатпайбы:

«Катуу айттым түшүнсөң,
Мени кечир, Эсенкул.
Окуусу өспөй, мойну өскөн,
Эки метр Эсенкул».
(40-б).

Акындын ушул сыяктуу билим-таалим багытындагы ырларынын катарында «Китептин душманы», «Китепти сүй», «Биринчи сентябь» аттуу ырлары да бар.

«Китептин душманы» аттуу ыры да анчейин талдап отурууну талап кылбайт. Албетте, китептин баркын билбей, таза кармап окубай, барактарын айрып, базарда семичке, тойдо эт орогондой орой мамиле кылса, китепти сүйбөй, кадырына күйбөй, чылым ороп, жаман жерге таштап, жаман күтсө- албетте, ага билим жукпайт, акыл кирбейт, китептен таалим албайт, тарбия көрбөйт, андай адам-чындыгында китептин да, билимдин да душманы. Акын балдарга ушуну эскертип отурат. Ошон үчүн ырды акын:

«Бардыгынан ким жаман,
Китеп жырткан шум жаман.
Китеп сүйгөн балдардан
Наалат алсын ал адам»
(44-б.) деп сөзүн жыйынтыктайт. Жыйынтыктайт да, «Ким китептин душманы?» деп балдарга кайрадан суроо таштайт. Балдарды дагы бир ирет ойлонтот, ырдын мазмунунан жооп издетет.

Жыйнактагы «Китепти сүй» деген ыры жогорудагы кеп кылган ырдын уландысы катары туюлат.

«Сүттөй таза тилеги,
Деңиздей кең талабы.
Көктөй тунук, акыйкат,
Анын ар бир барагы.

Таалай жолун көрсөтүп,
Чакырып турат келчи -деп.
Арамдыктан тазалап,
Жакшылыкты ээрчитет» —
(48-б.) деп, китептин ар бир барагы билимге сугарып, таалим-тарбияга чакырып турарын, адеп-ыйманды көздөй ээрчитип отурарын айтат. Ошон үчүн китепти сүй, сыя төгүп булгабай, жакшы сакта»-деп кеңеш берет, акыл-насаат кебин айтат балдарга.

Жыйнактагы «Чымын-чиркей ырлары» деген топтомунда, бирде аларды таанытууну көздөсө, бирде алардын «жоруктарын» сындап, балдарга алардын мисалында тарбия берүүнү кыялданат.

«Абийири жок балитбай,
Аш-тамакты бүт булгап,
Балдар, мунун жолотпо,
Үйүңөн айда, ыраактат»
деп чымын тууралуу айтып, балдарды санитардык жактан тазалыкка үндөсө («Чымын»);

«Шишитип кетет этиңди,
Көйнөгүңдү чеч-дебей,
Безгек деген заары бар,
Балдар, Муну койбогула эстебей»
(«Чиркей») — деп, ден соолугу үчүн кооптонуп кам көрөт.

«Ийнелик, ийнелик,
Иш кылуудан ийменип,
Кыш болгондо карды ачып,
Жатып калат ийменип»
(«Ийнелик») деп, балдарыбыз ийнеликтей жалкоо болбосо экен деп санаага батып, эмгекчил болуусун тилейт.

Кумурскадай мээнеткеч жана ынтымактуу болсо экен балдарыбыз –деп самап:

«Кумурска, кумурска,
Кыйын экен жумушка.
Талыкпаган мээнеткеч,
Татынакай турмушта» —
деп жазат («Кумурска»)ж.б.

Акыйкат үчүн бир баса айта кетер нерсе- акын Алыкул улуттук жазма балдар адабиятыбызда майда жанр болуп эсептелинген дидактикалык жанрдан «Бат айтма», т.а. жаңылтмач ырларын алгач ирет жазып бергенин эсибизге алсак болот. Элдик бат айтмаларды айтпаганда, кыргыз балдарынын эне тилинде бат, көрктүү сүйлөөсүнө кам көргөн мындай бат айтма жанры Алыкулга чейин биздин жазма балдар адабиятыбызда анчейин көзгө учурабайт. Эмесе, ушул бат айтмаларынан бир-эки мисал келтирели:

«Көпкөк,
Көгүчкөн,
Көгүлтүр
Көккө
Көмүлгөн.
Көрдүңбү.
Көйкөлүп,
Көрүнгөн
Көк түстүү
Көлдү өөп
Көбүргөн».

Көрдүңүзбү, бат айтмадагы негизги өзгөчөлүк: бирдей тыбыштардын кайта-кайта кайталанышы, ички уйкаштыктар, тыбыштардын «мелодиясы», муундардын ритмикасы, бирдей рифмалар, бир көрүнүштү азгантай жана уйкаш сөздөр менен логикалык жактан үзбөй ырааттуу айтып берүү, элестүүлүк… Ушунун баары- жыйнаса, көп болсо, эки узун сап ыр болор, бирок чоң бир керемет сүрөттүн кеңири полотносун тартып бергендей мааниси бар экендиги менен баалуу. А аны жаңылбай тез-тез айтып, баланын тилин бат айтууга үйрөтүп, ага жатыктырып, эне тилинде так жана таза сүйлөп машыкса экен-деп, көрктүү сүйлөөгө, ырды көркөм айтууга, чебер сөздүү болууга үндөп отурган акындын ой-тилеги андан бетер баалуу.

Албетте, мындай бат айтма ырларга, чындыгында эле, биздин акындарыбыз бүгүн деле анчейин маани бербегендей. Ошентсе да, 50-жылдардын башындагы мындай маанилүү башталыш балдар адабиятыбызда акындар А.Кыдыров, Т.Самудинов, Б.Асаналиевдердин чыгармачылыгында 80-жылдардан кийин гана кайра жанданган. Ал эми учурда жазуучу А.Муратов бул багытта жакшы иштеп жатканын белгилөөгө тийишпиз.

Мына ушундай. Алп акын Алыкул өзүнүн улуттук адабиятыбыздын көөнөрбөс үлгүлөрүн жазуучулук турмушунун бийиктигинен туруп, кичинекей балдар үчүн ошол бийиктиктен ылдый түшүп келип, ушул биз сөз кылгандай кичинекей балдар үчүн өзгөчө «чоң» ырларын жазып калтырган. Ал ырлар бүгүн да, кийин да, сөзсүз түрдө, улуттук балдар адабиятыбыздын казынасын байытып, мазмунун тереңдетип, маанисин көкөлөтүп, текчесин толуктап турары шексиз.

С.Рысбаев, профессор

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий