АЙЗАДА

Көзүмдү жашылдантам күнөкөр болуп…

Айзада экөөбүздүн ортобуз бир жаш гана айырма болгону менен негедир ал мени “сиз” дей берчү. Сен деп эле айтчы деп таарынсам деле болбой акыркы убакка дейре сиз деп өтүп кетти. Эмнеге экени табышмак бойдон калды.

Канчалык жакын болгонубуз менен ачылып сүйлөчү эмес. Тымпыйып жумушка келет эле, кыйналдым деп сыртына бирдирчү эмес, катуу сүйлөгөнүн, катуу күлгөнүн да бир да жолу көргөн жокмун. Кээде акырын басып кабинетине кирип кеткенин да байкабай калчубуз.

“Көрсө, Чынара Жакыпова тууралуу сиз жазган турбайсызбы. Жазганыңарга карап, тирмийген тикенектей кыз элестеткем” деп койду автобустун айнегин ары карап тиктеген бойдон баратып. Биз анда Университеттин биринчи курсуна жаңы эле өтүп, колхоздун жумушун аткармакка Токмокко баратканбыз. Айзада өзү курактуулар менен бир жыл мурун даярдоо курсунан келип, бир аз “дед” болуп калышыптыр.

Кайсы бир гезиттин бир полосасын алып, студенттер өзүнүн бетин даярдамак болуп сүйлөштүк. Көп макалаларды Айзада жасамак эле. Материалдар кечигип жатты. Мен Айзаданы таппайм. Анан эле аялдамадан турган жеринде кыйшайта кийген шляпасынан таанып “колго түшүрдүм”. Мени байкабай калабы деп атайы ары карап алган экен.

Окууну бүтөргө жакын “Асабада” студенттер даярдаган бет чыкты. “Мурда кишиге окшоп “Асабаны” сатып алчумун, Азыр итке окшоп жыттап алчу болдум. “Асаба” Карыкеев жыттанса алам, болбосо жок” деген Айзаданын саптары жүрөт. Кыраакы Мелис байке Эшимканов кийинки жылдары эле Айзаданы “Асабага” кызматка алып, чогуу иштешип калдык.

Ал бизге окшоп, урду-келди макала жазчу эмес. Тандап жазар эле. Анча-мынчаны “жеңил тема” деп койчу. Криминал темасынан жаа бою качар эле. Аз болсо да, аналитикалык макала менен коомго саресеп салган ой-толгоолорун берип жүрдү. “Мен Абазовадан корком, анан Абдувахаб Мониевдин макалалары конкурент болот” деп калар эле оюн-чынга салган Жолдошбек Зарлыкбеков. Чын эле тил боюнча макала жазса “Силер кыргызча сүйлөп койгонуңар үчүн Путин келип жонуңардан балак алмак беле?” деген сөздөр менен таамай “атар” эле да.

Көп макаласын өз атынан жазчу эмес. Койгон псевдоними да, Бурулча Түнкатар кызы же болбосо Сакадай бою сары алтын Шок Булбул” деген сыяктуу шумдук аттар болчу. Чыккандан кийин эле “Эй муну ким жазды?” деп чуру-чуу түшүп калчубуз. Бир жолу “Улуттарга саякат” деген тамашалуу макала чыкты. Болду-болбоду бул Шайлообек Дүйшеевдин эле стили деп токтолгонбуз. Дүйнө-жүзүн “кыдырып”, бардык элди мүнөздөп келип, өзү агезде коңшу Казакстанга деле чыгалек кезинде кудум ар бир элди аралап жүргөндөй жазып, бүт бардык элден кыргызды гана мыкты эл деп көрсөткөн макала Айзада Абазованыкы экенин кийин гана билип калып, өзүнөн сурасам “ии ооба, аны биз “Илхамдын” кыздары илгери ошентип “саякаттадык” эле” деп койду…

Кай жерде болсун жеңилген тараптын таламын талашып турчу. Бир күнү кирсем кызарып-татарып отуруптур. Көрсө бирөөнү “талкалаган” макаланы гезитке чыгарып берүүнү суранган бир байкуш Айзадага акча сунуштаптыр. “Элестетиңиз анын арзыбаган акчасы үчүн мен бейкүнөө адамды жаманатты кылышым керек экен” деп күйүп-бышты. “Сенин ушундай адилеттигиң үчүн жакшы көрөм да” деп атып араң сооротконум эсимде “Ачка калсам да ошондой акча менен балдарымды бакпайм” деген.

Гезит деген тегирмен. Ал күнү-түнү гүүлдөп иштеп, гүүлдөп чыгып туруш керек. Өзгөчө жумасына үч гезитти “жаратып” турган биздин “автомат” редакцияга түтүш кыйын эле. Айзаданын балдары жаш, үйүндөгү тиричилик да көп болдубу кийинки учурда аз жазып калды. Анан эле өзү кирип арыз жазып кеткенин уктук. Аз жазган менен макалаларынын ар бирин раматылык Алым Токтомушев агай планеркада көп мактап калчу.

Айзаданы акыркы жолу мындан он жыл мурун көрүпмүн. Уулум төрөлгөндө үй-бүлөсү менен бала көрүп келишти эле. Көчөдөн кеч келсем биздин короодо балдары менен күтүп отурушат. Кап ай, келериңерди айтып койсоңор болмок? Деп тынсыздана түшкөнүмө.

— Жок, силер да камданып убара болобу дедик, — деп койду коомай гана. Агезде кол телефон деле бар эле. А бирок Айзаданын бактылуу, күнгө тоттуккан сулуу жүзүн ошондо биринчи ирет жана акыркы ирет көрүшүмдү билбепмин. Жолдошу да ак көйнөк кийип, галстук тагынып, кучак толо гүл көтөрүп алышыптыр.

Кээде тагдырдын ырайымсыз таш боордугун айткым келгенде ушул Айзада менен менин бир тууган эжем Айнураны эстей берем. Жаратканым аларды дүйнөгө алып келген менен бактыны неге бербеди экен? Өмүр бою азап менен тозокту тартып, эми мына андан чыгам деген күнү колдон сууруп кетиш үчүнбү? Жок дегенде чиедей балдарын чоңойтконго убакыт бербейт беле? Көзүмдү жашылдантам күнөкөр болуп…

Айзаданын акыркы күндөрүндө төмөндөгү ыры тууралуу сүйлөштүк эле. Текстин издеп таппай өзүнөн сурасам “Ооба, жазып койом” деген. Үлгүрбөптүр. Акыры издеп жүрүп өз архивимден таап алдым. Болбой калган гений да биздин курбу болчу…

 

СУЛУУ ТУРМУШТУН КӨРКҮН КЕТИРГЕН МУСАПЫРЛАР

Бурулчанын селкинчектин бүгүнкү каармандары: болбой калган генийлер, жанбай калган жарыктар же экинчи көз менен караганда кесирлүү келесоолор, болбосо сулуу турмуштун көркүн кетирген мусаапырлар.

Алар биздин бир кездеги классташыбыз, айылдашыбыз, жатындаш бир тууганыбыз же бир бөлмөдө жашап, бир чайнектен чай ичкен жан курбуларыбыз.

Алар бардык жерде бар, көчөдө, базарда , пивоканада, ооруканада, түрмөдө-иши кылып жалтыраган кеңсе менен Ак үйдөн башка бардык жерде.

Алардын бизге кереги жок, алардан жаа бою качабыз. Качуунун формуласы ушундай, канча даражаң көтөрүлсө ошончо качасың. Жогорку даражага жеткенде качпай, алардан коргоносуң. Жаныңа жансакчы алып, корооңду коргонго айландырасың.

Алар бизге керек, 200 грамм куюп берип, 2 саат маектешип, 2 жылдык идея жыйнап алыш үчүн, 3 миң сомго эч ким макул болбогондо 300 сом төлөп дааратканаңды тазалатып алыш үчүн да керек. “Тээтигини карасаң, баягы атактуу да” деп мурун чүйрүгөн аялдардын эрмек кылчу ушагы үчүн да керек. Жок дегенде “кыйын болсоң азыр неге бечарасың?” деп кыйынсына сынтагып алыш үчүн дагы керек.

Алар жалаң эле алкаш менен кайырчылар эмес. Алардын арасында жай турмуш кечирип, көр окаттан колу бошобогон, асыл жанын аялынын ачуу тилинен арачалай албаган, балдары үчүн баарына макул болгондор же күйөсүнүн кызыл камчы, куу союлунан башы көтөрүлбөгөн, динин, дилин басып берип, ичкени ирим, жегени желим экенин жан адамга билгизбей жашап жүргөндөр, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элегинде оорукчан болуп, көкүрөгүндөгү көрөңгөсүн көйгөйгө айландырбай аздектеп жүргөн асылдар бар. Баарынан да ошолор үчүн бүгүн бир курбумдун “Адамдар капа кылса кечириңиз, аялдар капа кылса кечириңиз” деген саптары менен адамзатынын, аялзатынын атынан кечирим сурар элем.

Баарына үнүм жетпес. Андыктан бир курбума жазган ырым аркылуу курбумдун тагдырлаштарына кайрылайын:

Оюмдун бир барагы жүрөсүңбү?
Ордуңду башкалардан талашалбай
Оргуштап турса дагы шык талантың
Оош-кыйыш бул заманга жарашалбай

Сезимдин бир барагы жүрөсүңбү?
Сезилип башкаларга бир пендедей
Сезимтал жаның далай сыздаса да
Сыртыңдан бир чайпалбай, бир кенебей

Өзгөчө ак дил элең мамилеге
Өзүңдүн бир ойлобой сынарыңды
Өгөйлөп койгон жокпу өжөр жашоо?
Өксүтүп чырпыгында чынарыңды

Деги сен канттиң экен бул күндөрдө
Тизгинин тирликтин башкаралбай
Туманга бастырдыңбы тунук жанды
Туюкка кептелдиңби башкалардай
Кайда бол, аман болчу бир момун жан
Мен деле сени эстеп жүрө албаймын
Капыстан бүгүн сени эстегендей
Капыстан эртең сени унутамын.

Бурулча ТҮНКАТАР кызы Саяк тегин
“Агым” 26-сентябрь, 2003-жыл

 

Бүгүн сенин туулган күнүң Айзада! Болгону 42 жашка чыкмаксың. Эгер көзүң бар болгондо береги чоң корзина алдына чоң тилегимди билдирмекмин…

Сен көп адамдарды жакшы көрүп, көп адамдарды эстен чыгарбай турат элең. Жогорудагы “Болбой калган гений” да дүйнөдөн өтүп кетиптир. Ага сен гана эскерүү жазмаксың… Жашоодо сага окшош адамдар азайып баратат. Жаткан жериң жайлуу болсун Айзада!

Карамат Токтобаева, 15-февраль 2015-жыл.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий