Алыкул мени коштоп жүрөт — Шаповалов

Орус сыйлыгынын ээси Вячеслав Шаповалов айтып бергендей, анын чыгармачыл «атасы» Сүйүнбай Эралиев Алыкулдун чачкан шооласы биздин жашообузга жарык берип, ал эми кыргыз поэзиясынын тарыхында болсо Алыкул обочо турган жана жарык жылдыз бойдон калат деген.

Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгы белгиленип жаткан учурда Sputnik кабарчысынын суроолоруна Кыргызстандын эл акыны, КРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси Вячеслав Шаповалов жооп берди.

— Алыкулдун чыгармачылыгына кайрылышыңызга эмне себеп болду? Адабиятта өз көз карашы жана кол тамгасы бар адам катары сизди акын өзүнө эмнеси менен тартты экен?

— Мунун жөнөкөй гана себеби бар: мындай поэзияны жашыра албайсың. Мен аны кыргыз тилинде абдан кунт коюп окугам. Тилекке каршы, Алыкулду көп которгон жокмун. Бирок атактуу «Акындын китепканасы» даярдалып жатканда муну жасоого үлгүрдүм. Ага кыргыз акындарынан жалгыз Алыкул Осмонов кирген.

Мыкты акын, сынчы жана агартуучу Камбаралы Бобулов аталган сериядан Алыкул Осмоновдун китебин даярдап жатып, мени бул ишке тартты. Анда жаш болчумун. Осмоновдун мен которгон бир нече чыгармасы «Акындын китепканасына» кириши мен үчүн күтүүсүз болгон.

Кийинчерээк менин устатым, «Манастын» мыкты котормочусу, Семен Липкин: «Эгер сен «Акындын китепканасына» кирсең, демек сен классиксиң» деген эле. Ошон үчүн Алыкул Осмоновдун жарык шооласы жетимишинчи жылдардагы биздин бардык акындарга жарык чачып тургандай. Менин бүтүндөй өмүрүм Алыкулдун чыгармачылыгы менен коштолгон.

— Алыкулду «сактап» калганга байланышкан эмне окуя?

— Алыкул Осмонов жөнүндө кеп кылганда биз сөзсүз кыргыз жана орус поэзиясынын ички байланышы жөнүндө айтабыз. Бул руханий жана чыгармачыл байланыш расмий эмес, бирок абдан күчтүү.

Балким мен көпчүлүккө жакпаган ойду айтармын, бирок орус адабияты кыргыз жазуучуларын куткарып калган учурлар көп болгон.

Сталиндин убагында жана андан кийин совет доорунда адабият дүйнөсүндө идеологиялык айыгышкан күрөш жүргөн. Жана ал күрөштү Кыргызстан өзгөчө бир чоң дилгирлик жана умтулуу менен колдоп кеткен. Ачыгын айтканда, ал кезде бири бирине ушундай катуу жалаа жабуулар болгондуктан, ал тургай Москва да буга таң кала карап турган болчу.

Алыкул болсо расмий поэзиядан таптакыр алыс турган адам эле. Жана ал чыныгы тубаса акын экени көрүнүп турчу. Албетте Темиркул Үмөталиев, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов сыяктуу көптөгөн мыкты акындар болгон дечи. Бирок Алыкул Осмонов Есениндей, Твардовскийдей же жаш Лермонтовдой обочолонуп турган чебер болчу.

Бул жагдай ошол кездеги адабият процессинин жетекчилигинде кызганычты жараткан. Осмоновду анда катуу кысмырлагандыктан, ал элге эч таанылбай эле өтүп кетмек. Анын котормолору жана акындык чыгармачылыгына кызыга баштаган орус адабиятчылары анын атын чыгарып, элге тааныткан.

Алыкулдун көзү тирүүсүндө Кыргызстанга москвалык мыкты котормочулардын тобу келген. Алар Осмоновдун «Менин үйүм» деген чыгармасын орусчага которуп, дал ошол китеп миллиондогон орус тилдүү окурмандар үчүн заманбап кыргыз поэзиясынын жана кыргыз адабиятынын символу болуп калган. Китеп алгач КРде, андан соң кеңейтилип кайра иштетилген вариантта Москвада жарык көргөн.

Ошол кездеги адабиятта мындай факттар көп. 70-жылдарын башын эске салсак, анда жасалма авторитеттерди таңуулоого каршы Чингиз Айтматов катуу каршы чыккан. Дегинкиси анын «Жамилясы» жарык көргөндөн кийин, Айтматовду тебелеп-тепсеп салышмек, мындай дегеним, Кыргызстанда бул повесть катуу сынга алынган болчу. Бирок Айтматовдун эмгегине татыктуу баа беришкен Луи Арагон жана башка Москванын ири сынчылары аны коргоп калышкан.

Кыргызстандын көз карандысыздык мезгилинин эң башында ушундай эле абалга Төлөгөн Касымбеков да туш болгон. Кайра эле сынчылар анын «Сынган кылычына» асылып чыгышкан. Бирок Касымбековду Москвадан келген жазуучулар «куткарып» калган, алардын пикири чечүүчү ролду ойноду.

Бири-бирине дайыма дем берип турган кыргыз жана орус адабияттарынын байланыш мыйзам ченеми дал ушунда. Бүгүнкү күндө, мисалы, дүйнөлүк адабият процессинде Борбордук Азиянын орус тилдүү адабияты бөтөнчө көрүнүш болуп эсептелет. Менин китебим АКШда чыгып, экинчиси Франция менен Түркияда даярдалып жатышы эле КРдеги орус тилдүү авторлорго көп көңүл бурулуп жаткандыгын күбөлөйт.

Биз Чынгыз Айтматовдун, кыргыз адабиятынын апологеттери менен өкүлдөрүнүн ишин улантуучуларбыз, жана мен өзүмдү Кыргызстансыз элестете албайм.

— Азыр кыргыз адабиятында абал кандай?

— Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгы заманбап лидерлердин жоктугу тууралуу ойлонууга мажбур кылат. Улуу Айтматовдун да көзү өтүп кетти.

Бүгүн кызыктуу жакшы акындар бар, бирок алардын салмагы башка. Мына азыр кыргыз поэзиясынын улуу тобунун акыркы ири жылдызы Сүйүнбай Эралиев бар, ал эми ага татырлык жаңы акындар, тилекке каршы, жок. Ошондуктан аргасыздан Алыкулга, анын баа жеткис бөтөнчө бир бийик турган чыгармачылыгына кайрыласың.

Азыр биз коомдо Манастын идеяларын, анын маданиятын жайылтып жатабыз. Тилекке каршы, муну көпчүлүгү сабаты аз, эпостун бир нече миң сабын жаттап алып эле өзүн «манасчы» атаган жаштар жасап жатат. Бирок улуу эпостун аркасына жашырынып алып, маданиятты канчалык сактоого болот?! Мындай кайталангыс эпосту жөн эле минтип кабыл алууга болбойт, аны өз акыл-оюң аркылуу өткөрүп, анын ыргагында жашаш керек. Алыкулдун тажрыйбасы да, кайгылуу өмүрү да бизге, эгер маданиятты сактайм десең, ичиңе катып албай, дүйнөгө белек кылыш керектигин, ошол эле учурда ал аяр мамилени талап кыларын дайыма биздин эсибизге салып турат.

Мен жакында эле чыгармачыл «атакем» Сүйүнбай Эралиев менен сүйлөшкөнүмдө, ал Алыкулдун шооласы барыбызга жарык чачып турат деди эле. Анын сыңарындай, кыргыз поэзиясынын тарыхында Алыкул өзүнчө бир обочолонуп турган жарык жылдыз экендигин улам барган сайын көбүрөөк айтып келе жатабыз. Жана Алыкул менен байланышыбыз бизди ага дагы жакындаткансыйт. Ал: «Алыкул — баарыбызга ата» деп айткандай.

Sputnik Кыргызстан, 24.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Алыкул мени коштоп жүрөт — Шаповалов: 1 комментарий

Добавить комментарий