Кемпирдин жалгыз кочкору же, Кочкор өрөөнүнүн аталышынын пайда болушу

Кочкор өрөөнүнүн аталышы кандайча пайда болгонунун себебин Черикчинин жети баласынын бир баласы Караменденин баласы Өмүрдүн башынан өткөн окуя аркылуу баяндадым.

Илгери айылда багар-көрөрү жок бир жалгыз кемпир болуптур. Айылдагы эл орозонун битир-садагасын жана көр садагаларын ошол кемпирге берип турушчу экен. Бир күнү күзүндө айылдагы жигиттер айылга мата (кездеме) жана башка оокаттарды алыш үчүн Анжиянга мал айдай турган болушат. Ошондо баягы кемпир менин бир кочкорум бар эле, ошону айдай кеткиле, сатып мага да мата ала келгиле дейт.

Мал айдоочулар макул болбой атышып, араң көнүшөт. “Апа, сиздин кочкоруңуз азыр күүлөп турган кези, күздүн күнү койлорду кууп убара кылат” деп атышып, кемпирди аягандыктан гана айла жок кошуп алып айдап кетишет.

Жолдон кемпирдин кочкору башка кочкорлор менен сүзүшүп, койлорго ашып, айдагандарды абдан убара кылат. Айлалары кеткенде малчылар кочкорго белдик байлашат, ага да болбойт. Буттарын тушашат, ага да болбойт. Ошентип убара кылып олтуруп ашууну да ашышып, Тогуз-Торого түшүшөт.

Ал кезде Нарындын суусунан өтүш үчүн Тогуз-Тородо жана Кетмен-Дөбө өрөөнүндө сал (паром) болгон. Салдан өтүшөт да, жүрүп отуруп жолдон дагы бир чоң суудан өтүп баратканда буту тушалган кочкор агып жөнөйт. “Кокуй, кемпирдин кочкору акты, кармагыла!” деп бирөө чаап түшүп, кочкорду суудан мүйүзүнөн кармап алып чыгат.

Бир топ кыйнаалуудан кийин Анжияндын базарына келишет. Базарга барганда малдарын бат эле сатып жиберишип, жалгыз кемпирдин кочкору калат, же эч ким бир сурабайт ал жүдөө, арык кочкорду. Ошентип, Өмүрдүн жолдоштору “эми биз тамак ичип келели, сен кочкорду карап тур, алуучу болсо сатып жибер” деп, базардын четине чыгарып жашыраак бирөөсүнө тапшырышат да, чайканага кетишет. Сураган бирөө болбой көпкө турушат.

Аңгыча ары жактан келген кооз араба булардын жанына токтоп, бир шаа мүйүздүү чоң ак кочкорду эки-үчөөлөп кол менен көтөрүп жерге түшүрүшөт. Көрсө, ошол жерде кочкор сүзүштүрүшмөк экен. Кочкордун ээси бай өзүбек болсо арабадан түшпөй, анын бир малайы күндөн калканчын үстүнөн кармап, дагы бир малайы желпигичин желпип турду. Ары-бери өткөн адамдар болсо чоң ак кочкорду бир карап, кемпирдин кочкорун бир карап, “карасаң кыргыздын кочкорун, ушуну эмнеге базарга алып келишти” деп шылдыңдашат.

Анан бирөө чыга калып эле, “Келгиле, башка кочкорлор келгиче күтүп турбай, кыргыздын кочкору менен сүзүштүрүп эрмектеп туралы” деп үгүттөп, ошол жерден ак кочкордун ээсинен уруксат сурашат. Ал ыңгырана карап “мейли” дейт да, “башма баш сайышалы” дейт.

Бул учурда Өмүрлөр чайканадан келип калган эле. Ал ойлонуп туруп макул болот, баары бир эч ким албаган кочкор болгондон кийин, кемпирге бир көйнөк ала бараармын дейт.

Ошентип, мелдеш башталат. Чектелген чектен кочкорлорду бири-бири менен жыттаттырышканда эле кочкорлордун жүнү түктөйүп, алар эки жакка чегинишип, бир топ жерге чейин артка кетишет.

Мына, башталды… Ак кочкор жүгүргөндө жер оюлуп солкулдап жаткандай сезилет.

Кемпирдин кочкору болсо буту жерге тийер-тиймексен болуп учуп келе жатат дейт.

Экөө бири-бирине жакындаган маалда, күтүүсүздөн эле кемпирдин кочкору жерден өйдө көтөрүлө секирип, үстүнөн сүзөт. Эки кочкор тең дароо жерге жыгылат. Элдин баары дүргүп экөөнү көздөй жүгүрүшөт. Аны байкаган кемпирдин кочкору тура калып, жолдо келатканда далай таяк жегендиктенби, эми дагы да таякташат экен деп качып жөнөйт. Анын артынан бир топ киши кубалап барып, араң кармап келишет. Бай өзүбектин кочкорунун жайын айтсак, мурдунан кан чыгып кетиптир, ордунан турбай калат.

Ээси “кочкорду ал, сен жеңдиң” дейт Өмүргө. Ошондо Өмүр “Кудай берди, кемпирдин кочкору менен сүзүштүрүп мен утуп алдым, баары бир өтпөгөн кочкорду эмне кылат болчумун, эми кемпирге бир көйнөк ала бараармын” деп, бычагын чыгара коюп өзүбектин кочкорун мууздап баштайт. Ал эми ошол жердеги эл күрү-гүүгө түшүшүп, кемпирдин кочкорун сат дей башташат. Бирөө 20 койдун пулу деп, бирөө 30 койдун пулу деп, уламдан-улам баа көтөрүлө берет, аягында баягы ак кочкордун ээси 70 койдун пулуна алам деп туруп, кемпирдин кочкорун сатып алат.

Ошентип, Өмүр жана анын жанындагы малчы жолдоштору аябай сүйүнүшөт. Көп оокат алышат. Ак кочкордун этин жолду карай жеп келишет. Жолдо кайтып келаткандагы ыгым-чыгым, тамак-аш бүт бойдон кемпирдин кочкорунун пулунан болот. Айылга келгенде кемпирге 2-3 койдун пулуна барабар оокат, мата беришет. Кемпир аябай сүйүнүп, батасын берет. Малчылар жолдон сүйлөшүп, кочкор сүзүштүрүү окуясын эч кимге айтпайбыз дешкен эле, бирок болбой эле бул окуя элге айтылып кетет.

Убакыт өтүп, кийинки жылы дагы мал айдап барышканда, анжияндыктар “кочкор алып келдиңерби, болсо мага саткыла” деп жарданып калышыптыр дейт. Базардагы эл да “баягы кочкор алып келгендер, кочкорлуктар” деп атай башташат. Мындай болгон сайын кийинки жылдарда да малчылар дайыма кочкорду көп алып барганга аракет кыла башташат. Анткени кочкорлуктардын кочкору баа боло баштайт. Бара-бара анжияндыктар да өздөрү атайы келип, кочкор тандап алып кетишкендери болот. Ошондон кийин Кара-Коо өрөөнү Кочкор өрөөнү деп атала баштайт.

“Кочңар-Башы” – бул Махмуд Кашгаринин ХI-кылымдагы аалам картасында жазылган жер. Бул жерге кыргыздар 18-кылымдын 60-70-жылдарында көчүп келишкен. Бул өрөөнгө көчүп келген эл “кар жатпаган кара жер экен, малга жайлуу экен” дешип, Кара-Коо деп атай башташкан. Себеби, Кочкордун борборунда чоң коо болоор эле. Бара-бара анан Анжияндан жана Кашкардан келген соодагерлер “Кочкор жери, Кочкорго барам” деп олтурушуп, Кочкор аталып кеткен.

1900-жылдарда орустар келгенде Сазановка, 1912-жылы Столыпин району деп аталат. 1917-жылдан тарта кыргыздар Карагоо дешет. 1922-жылдан кийин Сталин району, 1936- жылы кайра Кочкор району болгон. Ал эми 1950-жылы Кочкор экиге бөлүнүп, батыш тарабы Чолпон району болгон. 1963-жылы эки район кайрадан биригип Кочкор району аталган.

Кайырбек КОҢУРБАЕВ, «Ыйык мурас» тарыхый-маданий мурастарды коргоо
жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын төрагасы,
“Көк асаба”, 25.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий