Кочкор өрөөнүндөгү аламат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши

(Уландысы. Башы)

Мусулман тарыхый булактарында Суяб шаары сооданын борбору болуп, “Суйе (Чүй) дарыясынын жээгинде жана Каштек (Кашат, Шамчы, Занби, Шамшы) ашуусунун түштүгүнөн орун алган. VII- кылымда эле бул шаарда ар түрдүү өлкөлөрдөн соодагерлер жашаган» (В.В. Бартольд. Бишкек. Сорос-Кыргызстан, «Шам», 1996-год, с.103). Тилекке каршы, Каштек ашуусунун Кемин жагындагы Чүй суусунун жээгинде орун алган шаар жок болуп жатпайбы.

Сюань Цзан Ысык-Көлдү жээктеп чыгышынан түндүк-батышка 500 ли (250 км) жол басып, Суйе дарыясынын жээгиндеги шаарга келдим, шаар айланасы менен 6-7 ли экен, бул жерде ар кайсы мамлекеттердин соодагерлери жолугуп, соодасын жүргүзөт. Айдоо жерлеринде кызыл таруу, буудай, арпа жана жүзүм өсөт экен. Жапайы чыккан токойлор жокко эсе. Аба ырайы суук жана аркыраган шамал жүрүп тургандыктан жашоочулар кийизден тигилген кийим кийет экен (Аристов. Бишкек. 1997 г., с. 230.).

Кочкор өрөөнүндө токойлор жок. Азыркы шаардын сепили айланасы Кум-Дөбө айылынын орду менен алты-жети ли болот. Башка өрөөндөрдөй болуп карагай ж.б. өспөйт, катуу шамал басымдуулук кылат. Ал эми таруу, арпа, буудай жана жүзүмдүн өскөнү өрөөндүн түндүк тарабы. Кайнарда таруу, арпа, буудай жана алма, жүзүм өсөт. Ак-Бешимде же Чүй өрөөнүндө аркыраган катуу шамал болбойт. 250 чакырымдын 178 чакырымы көлдүн узундугу, көлдөн Кум-Дөбөгө чейин 64 чакырым болот.

Ал эми В.Д.Горячева, К.Байпаков жана В.М.Массондор жана башка кыргыз тарыхчылары Ак–Бешим даана Суяб шаары дегенден кайтпай жазып келишет. Кыргыз тарыхчылары орус чыгыш таануучуларынын жана изилдөөчүлөрүнүн жазганын үлгү кармап, бул версияны бекем тутуп олтурушат.

 

Кара-Таш аянтындагы сел агызган таштар
Кара-Таш аянтындагы сел агызган таштар

Семенов–Тян-Шаньский Суяб шаарын Талас дарыясынын жээгине алып барат, ал эми Миң-Булак өрөөнүн Түркстандын жанына жайгаштырган (Миң-Булак Кочкор өрөөнүндөгү Сарала–Саз жайлоосу болгон.). Бузулган суунун сели жүргөндөн кийин суу ылдыйлап Сарала–Саздын коктуларынан булактар чыкпай калган. Жайкы убактарда хандар, байлар жана султандар ысыктан качып, Кочкор өрөөнүндөгү салкын жерге келип, эс алышкан, ал эми тарыхты карасаңыздар, жайында ысыкта Түркестандын тегерегиндеги жерлерге эч ким чыдай албайт, ысыгы 40 градустан ашып турат жана Казахстандын тааласынан соккон ысык желге эч ким токтобойт. Семенов–Тян-Шаньский кербендер Боом капчыгайы аркылуу өткөн деп жазган, бул жерде өзүнүн башынан өткөн окуялардан байкаса болмок, капчыгай аркылуу кербен өткөн эмес, Капчыгайдын ичи менен, тоо-зоокалардын кыры менен кой жол деген жалгыз аяк жол бир адам өткөнгө гана жарайт. Негизги ашуулар Шамшы (Шамчы) ашуусу жана Калмак-Ашуу (Чоң–Кемин) болгон. Терс суусу Кочкор суусу же Чүй суусунун башталышы, анткени Кочкор суусу Орто Азияда жападан жалгыз чыгышка аккан тетири суу, ошондуктан Терс (тескери) деп аталган. Ал эми Түркстанда чыгышты көздөй аккан суу жок экен. Түркстанга атайын барып изилдедик, ал жерде Талас суусунан бөлүнүп чыккан Терсы суусу бар экен, ал суу батышты көздөй агат экен. Миң-булак деп айтылган жер Кара-Таунун түштүк жагында Түркстан шаарынын батышында экен, булак деген жок экен, жөн эле катуу жаан жааса, коктулардан салаалап аккан сууну аташса керек. Бирок жаан деле жаабаса керек. Ал жердин түштүк жагы анча алыс эмес, кадимки Кызыл-Кум чөлү экен. Ошол кездеги картага түшүрүлгөн жер аттарына таянышып П. П. Семенов-Тяншанский жана Н. А. Аристов жазышса керек.

Семенов-Тяньшанский Боом капчыгайын Буам жана Бом деп атаган. Боом атайын кербен жолу болгон эмес. Буум, Бугам жана Туюк деген түшүнүккө жакын.

Мындан башка, Гумбольдт Берлинде Түндүк Тян-Шанда жанар тоо атылган, мага ошонун чордонунан үлгү ала кел деп Семенов-Тяншанскийге тапшырат. Семенов-Тяншанский жанар тоо атылган жерди тапкан эмес, кейпи, Шамшы ашуусунун батышынан суу атылып агып, бир топ убакытка чейин атылып турганын кимдир бирөөлөр ал жөнүндө кабар жеткирсе керек.

Боом капчыгайы болсо бул чөлкөмдөгү эң коркунучтуу кербен жолу болгондугу байкалып турат (Бернштам А. Н. Чуйская долина. Труды Семиреченской археологической экспедиции // МИА. 1950. № 14. с. 26.).

Кастек (Кашат) ашуусу өткөн тоо түрктөрдө, алардын ишеними боюнча, ыйык тоо болуп эсептелет жана Теңирден болуп кеткендиги айтылат (В. В. Бартольд. Бишкек, Сорос-Кыргызстан, 1997-год, «Шам.», с. 110.).

Бул бел Кашат, Шамчы ашуусу (азыр Шамшы ашуусу) деп аталат, тарыхта бул ашуу Теңирдин, Кудайдын ыйык жери болгон дегени бар.

Тянь-Шанга жана Нарын Ат-Башыга барчу жол Шамшы-Кочкор ашуусу аркылуу өтүп турган (А.Н. Бернштам. Бишкек, Сорос-Кыргызстан «Шам», 1997-год, с. 417).

Кашат (Шамчы, Шамшы) ашуусу орто кылымда, Кашкар, Ат-Башы, Кочңар-Башы жана Суяб шаарларын Чүй өрөөнү менен байланыштырган бирден бир ашуу болгон.

Ашуунун түбүндө кербендер Теңирге, Кудайга сыйынып, шам жагып, ушул белден аман-эсен өтүп кетели деп зыярат жазагандыгы жана бара-бара Кашат ашуусу Шамчы Занби, Шамси, Шамшы болуп өзгөрүлүп кеткендиги байкалат жана эл ичинде айтылып жүрөт. Бул жөнүндө Шамшы айылынын тургуну 87 жаштагы Жумагазыдан уктум.

Ашууларга жакын жерлерден табылган артефактыларга караганда, Шамшы жана Кемин тараптагы ашуулар көп пайдаланылганы, ал эми Боом кийин эле 19–кылымдын экинчи жарымынан баштап орустардын келиши менен ачылганы маалыматтарда бар.

Азыркы Кыргыз тарых музейинде турган Шамшы айылынан табылган 27 коло буюмдар катылган жерге барып караганда, бул буюмдар кийин сел алып кеткен шаарлардан табылганы билинди. Себеби сел жүрүп кеткен жердин үстүнө көмүлүптүр.

Чүй өрөөнүнөн Синьцзянга кеткен жол Боом капчыгайы аркылуу эмес, Чоң-Кемин, Көк-Ойрок ашуусу аркылуу Ысык-Көлдүн түндүк жагына Чолпон-Атанын тушунан чыккан (А. Н. Бернштам. Бишкек, Сорос-Кыргызстан, «Шам», 1997- г., с. 416.).

Ак-Бешим шаары Чүй суусунан алыс, түштүк жагында, кийин Шамшы ашуусу жагынан жана Боом жагынан келген сел кордойлоп жеген саздактуу Кең-Булуңду түзгөн ойдундун түштүгүнөн орун алган, ал жерди казышканда буддизм, несториан жана христиандарга таандык курулуштар табылган. Түрк элдеринин мусулмандарына таандык болгон артефактылар аз табылган. Бул шаар Суяб сыңары жок болуп кеткен эмес. Боом (Буум, Бугам) капчыгайы туюк болгон. Чүй (Кочкор) суусу Ысык-Көлдөн агып чыккан эмес, бирок Ысык-Көлгө куйган жана\же 2 миң жыл мурун Көк-Мойнок, Орто-Токой-Кочкор өрөөнүнүн чыгыш жагы өзүнчө көлдөр болгон.

Кочкордун борбору 1803 метр же азыркы Кум-Дөбөдөн (Кочкор-Башы-Суябдан) 115 метр ылдый, ал эми Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1610 метрде турат жана 1200–жыл мурун азыркы деңгээлинен 100 метр ылдый деп жазылган маалыматтарда. Демек, Чүйдүн (Кочкордун) суусу көлгө дайыма куюп турган.

Байыркы жазма булактарда баяндалгандай, Ысык-Көл биздин доорго чейинки 7-кылымда сыртка агып чыккан эмес (Плоских В. М. История и проблемы: исследование затонувщих памятников Иссык-Куля. Часть 7. Баракелде .ру. 30. 07. 2012.).

Сюань Цзань үч көл бар экен деп жазат. Ошол кезде даана эле үч көл болгон: Ысык-Көл, Көк-Мойнок көлү жана Орто-Токой көлү. Чүй суусу Орто-Токойго кошулуп, андан ашканы Ак-Өлөң жагы менен Ысык-Көлгө куюп турган. Ушул жерден айта кете турган сөз: Сюань Цзань Боом капчыгайы менен эмес, Шамшы ашуусу менен Чүй тарапка кеткени, ортодон Суяб шаарын тапканы, ал азыркы Кум-Дөбө айылындагы Кырк-Чоро, Төрт-Күлдүн чалдыбары экени анык.

Автордун божомолу боюнча, Чүй дарыясы 1200 жыл мурун өзүнүн суусун толук көлгө берип турган. 1000-1500 жыл илгери Ысык-Көлдүн деңгээли азыркыдан ылдый болгон. Кургакчылыктан көл азайып 100 метрге ылдыйлап кеткен. Кургакчылыктан эмес, көлдүн чыгыш жагынын чөгүүсү менен көл төмөндөп кеткен, төмөндөгөн көлдү толтуруп, азыркы абалына келүүсү үчүн 5-6 кылым убакыт кеткен.

2 миң жыл илгери Ысык-Көлдүн бийиктиги 1640 метрге барган. Чүй суусу Ак-Өлөң өрөөнү тарабынан көлгө куйган. 13-19-кылымдарда аба ырайынын нымдуулугу көбөйгөн сайын көл 1815,5 метрге чейин көтөрүлгөн (А. О. Конурбаев. Трансгрессии и регрессии озера Иссык-Куль: Проблема не решена.).

Көлдүн чыгыш жагы чөгүп кеткенден кийин көл деңиз деңгээлинен 1610 метр эмес, 1500 метрдин тегерегинде болгону маалыматтарда бар. Эгерде 1818,5 метр бийиктикке көл келсе, анда азыркы Кочкор, Кара-Тоо. Арсы жана Семиз-Бел, Ак-Жар айылдарына чейин көл болуп турган десек болот. Ал эми Ысык-Көлдүн акваториясындагы бардык шаарлар, турак жайларды көл каптап кеткен болот. Бардык тарыхый маалыматтарда кургакчылык (регрессия) 11-кылымдан башталып, бир нече кылымдан ашык созулганын жазышат. Анда Сизиң-Көл, Сөң-Көл эмес эле, азыркы Орто-Токойдон батышты көздөй Кочкор өрөөнүнүн жарымына чейин созулган узун көл болгон.

Чүй суусунун башындагы, түндүк жагындагы Кочкор-Башы-Суяб шаары караханиддердин ордо кенти (азыркы Кум-Дөбө айылы жайгашкан жердеги шаардын чалдыбары) деп айтууга толук негиз бар.

Караханиддердин ордосу экендиги 2012 жылы жайында айдоодон табылган үч жез (фелс) тыйындан байкалды. Анда 444-449-жылдарга (1052-1057ж.) таандык экендигин тарыхчылар аныкташты. Карахандардын бийлигинин убагында 435/ 454ж.ж. (1043-1044-ж.). Шереф-ад-Дин (Арслан–хан Сулейман) мамлекетти экиге бөлүп, өзүнө Кашгар менен Баласагунду калтырып, калган жерди туугандарына бөлүп берген. (В. В. Бартольд. Бишкек, Сорос-Кыргызстан, 1996-год, «Шам.», с. 403.). Муну жазып жаткан себебим: биз тапкан тыйындардын бирөөндө бир жак бетинде “Ла илаха илалах, мухаммадан расулулах”, экинчи бетинде Шараф-ад-дин деп титулу (унван) жазылганы окулду, калганы өчүп калган. Бул жерде байланыш бар экендиги байкалып турат.

Бул жерде сепилдин ичинде тегирмен, кирпич, карапа идиш бышырган устаканалар, айнек эриткен устакана, темир устаканалары, мечит-медреселер жана ханакалар болгондугун, кан сарай, аскерлердин жайлары болгон деп маалыматтарда жазылган. Миң жылдан бери бул жер далай жолу казылып, кыргыздар, уйгурлар, монголдор, калмактар байлык издешкен. Орустардын келиши менен Кочкор өрөөнүндөгү Темир Болот жана Борукчу болуштугунда кыргыздар мүрзө казыптыр деп, ар түрдүү буюмдарды таап алышкандарын жана эл арасына атайын кыргыздардан баканооз адамды коюшуп, табылган буюмдарды жана артефактыларды Ташкенге алып кетип турушкан. Негизи кыргыздар мүрзөдөн башка сел менен агып, өрөөндүн талааларында жана тоонун этектеринде топуракка көмүлүп калган буюмдарды жана артефактыларды таап алышып, сарттарга жана уйгурларга сатып турушкан. Орустардын келиши менен сатууга катуу тыюу салынган. Бул жөнүндө ошол кезде Ташкенден чыгып турган «Туркестанские ведомости» деген гезиттин 1897-1910-жылдардагы сандарына жарыяланып турган. Сыртка чыгып турган бышкан кирпичтерди алып, башка курулушка пайдаланышкан. Мисалы, Бектен деген бай адамдын күмбөзүн сепилдин кирпичтери менен курушкан. Совет мезгилинде кемегеге бузуп кетишкен.

Көпчүлүк курулуштар көмүлүп калгандан кийин асты көңдөй боштуктар пайда болгон. Бул боштуктардан ар түрдүү буюмдарды алып чыгышкандар жөнүндө фактылар бар. Бир нече күндөр бою суу толбогон боштуктар бар. Бул боштуктарга кирип да көргөнбүз. Жер астындагы боштуктагы курулуштарды 1958-жылдан кийин булдозер менен топурак–таш менен толтуруп, айдоого айландырышкан.

2011-жылы июль айында Кыргыз улуттук университетинин археология жана этнология кафедрасынын археолог окутуучулары Ороз Солтобаев жана И. Москалев башында турган студенттик практикада биринчи жолу (Төрт-Күл, Кырк-Чоро) Кочкор-Башы шаарынын борбордук сепилинин чалдыбары изилденип, бу сепилдин аянты (870х410 метр) 35 гектар, 36 мунаралуу, 4 капкалуу (дарбаза) жана дубалдын калыңдыгы 4 метр, бийиктиги 8 метр экендиги аныкталды. Изилдөөнүн жүрүшүндө шаардын аймагынан табылган артефактылар байыркы доорлордон бери адамдар жашаган сактар, усундар, түрктөр болгондугу байкалды. Табылган тыйындар X-кылымга таандык экени, артефактыларда кыргыз элине мүнөздүү оймолор түшүрүлгөнү байкалды.

Бул Кочнар-Башы-Суяб (Төрт-Күл, Кырк Чоро,Суйап, Су-е-чэн, Су-е-шуй чэн) шаарынын борбордук сепилин Х кылымдын экинчи жарымында сел каптап, сепилдин дубалдары көпчүлүк жеринде урап, дөңсөөгө айланган, чыгыш жак бөлүгү селдин топурагы менен толуп, катмар 2 метрге чейин көтөрүлгөн. Сепилдин сыртындагы карапайым калк жашаган аянттар (рабад) 2-2,5 метрге чейин топурак, кум жана шагыл менен көмүлгөн. Ысык- Көлдөн табылган артефактылардын көптүгүнө караганда миңдеген адамдын сөөктөрү көлдүн астында калган шаарларга гана тийиштүү эмес эле, Кочкордон дагы агып баргандыгы даана байкалат. Себеби Суяб жана Кочкор–Башы шаарларында 15-10 миңдеген адамдар жана өрөөндүн башка жерлериндеги турак жайлардагы элдин көпчүлүгү оокат-мүлкү менен селдин агымында кеткен. Кочкор өрөөнүндө ойдундары, дөңсөөлөрү жок тегиз талаа пайда болгон. Ушул табылган миңдеген адамдын сөөктөрү, карапа буюмдардын сыныктары жана башкалар жөнүндө орус изилдөөчүсү Н. А. Аристовдун чыгармасында толук жазылган.

Н. А. Аристов Кочкор өрөөнүндө тоо этектеринде мүрзөлөр көп экендигин, бирок турак жайлардын калдыктары жогун айтып, адам жашаган жайларды тапкан эмес. Себеби турак жайларды, шаарларды сел каптап, тегиздеп, топурак, кум-шагыл менен көмүп кеткен.

Чыгыш таануучу Н. А. Аристов минтип жазат: «Миңдеген адамдын сөөктөрү чачылып жатышынын себебин, менин байкоомдо, аламаттын күтүүсүздөн болгондугу менен түшүндүрсө болот, бирок кандайча болгондугун айтуу мүмкүн эмес. Эгерде ойдуңга суу акырындан толсо адамдар качып чыга бермеги түшүнүктүү. Адамдардын сөөктөрү менен кошо кирпичтин, карапа буюмдарынын сыныктарынын чогуу болушу Кочкор суусунун агымы Ысык-Көлгө бурулушу менен же жер астындагы суунун агымдарынын ичкериши же кеңейишинен көлдүн суусунун көтөрүлүшү же азаюусунан деп ар кандай божомол менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.

Эл ичинде айтылып жүргөн уламыштарда Ысык-Көл ойдуңун белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес, түштүк же түндүктөн бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат (Н.А.Аристов.Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Сорос 2001-год. с. 53.). Элдик уламыштарда көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөгүүсү да айтылат (Ошол эле жерде, с. 29). Түндүк жагындагы Тору-Айгыр суусунун куймасында жүздөгөн адамдын сөөгү толкун менен агызылып, жээкте чачылып жатышы бул сөөктөр жергиликтүү элдикиби же согушта өлгөн адамдардын сөөгүбү белгисиз. Ысык-Көлдүн кээ бир жерлеринде абдан көп адамдын сөөктөрү жаткандыгы таң калтырат. Бул сөөктөр усундардын сөөктөрү эмес экендигин бул сөөктөр менен дайыма карапа идиштердин жана кирпичтердин сыныктары аралашып жаткандыгы, бул адамдар өз убагында кирпич бышырып, карапа кумураларды жасаган адамдардан экенин, усундар эмес экендиги көрүнүп турат. Эгер көчмөн эл болсо, аларга кирпич жана карапа идиштердин эмне кереги бар эле (Н. А. Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Сорос, 2001-год, с. 40.).

Миңдеген адамдын сөөктөрүнүн чогулуп жатышы кан агызган чоң согуштун кесепети же аламаттан кийинки көрүнүш деп түшүнүүгө аракет кылдык. Кандуу кагылыштын жана аламаттын кандай деңгээлде, кандай шартта болгондугу белгисиз, эбегейсиз көп адамдын сөөктөрү менен кошо көптөгөн кирпич жана карапа сыныктарынын жатышынын аныгын да билүү кыйын (Н. А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Сорос, 2001-год, с. 44.).

Ушул Н. А. Аристовдун жазганын окугандан кийин Кочкор өрөөнүндөгү сел элди мал-мүлкү жана турак жайы менен кошо көлгө Ак-Өлөң тарабынан агызып кеткендиги даана билинди. Мен бул сел жөнүндө эски кишилерден, көбүнчө атамдан көп угаар элем. Убагында элес албагандыктан бир топ фактылар унутулуп калды. Н. А. Аристовдун китебин тапканга чейин сел кайда куйган деп жүрчүмүн.

Г.Фетисов 1877-жылы көлдүн түштүк-батыш жээгинен доктор Ригел менен кыдырганда Көтмалды менен Барбулактын ортосунда жээкте көптөгөн карапанын сыныктары жана адамдын сөөктөрүн көрүшкөн.

Ысык-Көлдүн чыгыш жагы чөгүп кетишинен улам чөккөн жер тулкусу (массасы) баскан суу Шамшы ашуусунун батыш жагындагы Шиш–Чокунун түбүнөн 3600 метр бийиктиктен суу оргуштап атылып чыгып, аккан суу жүз миллиондогон сандыкча салмагы менен өтө чоң болгондуктан бир өрөөндүн таш топурагын, кумун жана тоо башындагы мөңгүлөрдү кошуп Сарала-Саз жайлоосун аралап, Х- кылымдын экинчи жарымында Кочкор өрөөнүн сел болуп каптаганы байкалат.

Чүй өрөөнү жагын да каптап өрөөндөгү Шамшы капчыгайын кордойлоп жеп, азыркы Токмоктун аймагындагы элди мал-мүлкү, турак жайлары менен Чүй суусуна агызып кеткен. Селдин капташы жана Кемин тараптан Боом капчыгайынан чыккан суу биригип кордойлоп жеп Кең-Булуңду пайда кылган.

Сел Кочкор-Башы (Суяб) шаарынын борбордук бөлүгү сепилдин дубалын талкалап киргенде, бул жерде мечиттер, медреселер, кандын ордосу, жоокерлердин жашаган жайлары, бай адамдардын үйлөрү селдин ылай топурагынын астында калган.

Байкоолорго караганда, суу эл тынчып калган кечки же түн ичинде жүрсө керек. Себеби азыр тиричилик үчүн казган убакта чыккан сөөктөр көмүлбөй, адамдар отурган абалда калгандыгы байкалган. Ал эми айыл ичиндеги бала бакчанын жерпайын казуу учурунда 1988-жылы бир жерден 18 адамдын сөөгү чогуу чыккан.

Бузулган суу 1904-жылы жана 1911-жылы да өтө катуу кирген дешет. 1904-жылы киргенде Бугучу айыл элинин боз үйлөрүн агызып өрөөндүн түштүк жагындагы Айгыржал тоосунун бетине жеткирген. Ошондон бир ай өткөндөн кийин тоонун бетине барып, боз үйлөрүн, алачыктарын алышканда, алачыкта байланган чаначтагы кымыз ошол бойдон экенин көрүшкөн. Суу оргуштап атылып чыгышын 1911-жылдагы жер титирөөнүн убагында да көрүшкөн, тоо башынан үйдөй болгон мөңгүлөр кошо агып, Айгыр-Жал тоосуна барып урунган, тоо башында эч кандай көл болгон эмес. Эгерде көл болсо суу бир жакты көздөй жырылып же Кочкор өрөөнүн каптамак же Чүй тарапты каптамак, суу атылып чыгып, түндүк жана түштүк тарапты да каптаган. Жергиликтүү эл ал жерде көл жок экенин, суу жердин астынан таштардын арасынан чыгаарын жана көөрүктүн үнүндөй үн чыгып тураарын айтышат.

Сел жүргөндө агымы Ак–Өлөң жагы менен көлгө куюшу Орто-Токой Кочкордун чыгыш жагы менен өзүнчө көл болуп тургандыктан азыркы плотина курулган жер туюк болуп, Кара-Мойнок деген аты болгон. Бул көлгө батпай калган суу Ысык-Көлгө агып кирген. Суу батпай кеткен кезде Көк-Мойнок көлүнүн Чүйгө агымы көбөйүп, бир топ мезгилден кийин ал капчыгайды жарып-жырып кеткендей байкалат.

Эгерде Орто-Токой капчыгайы жана Көк-Мойнок ачык болсо, селде аккан адам сөөктөрү жана буюмдары Чүй өрөөнүнүн сууларынан чыкмак.

Орус тарыхчыларынын жана чыгыш таануучуларынын жазган версияларын бекем тутпай, көлдөн табылган артефактылардын көптүгүнө караганда, миңдеген адам сөөктөрү көлдүн астында калган шаарларга гана тийиштүү эмес эле, Кочкордон дагы агып баргандыгы даана байкалат. Себеби Кочкор өрөөнүндө Суяб жана Кочнар–Башы шаарларында 15-10 мин адам жашап турса, өрөөндүн башка жерлериндеги турак жайлардагы, шаарлардагы элдин көпчүлүгү да селдин агымында кеткен.

Түз аккан селдин суусу Сарала-Саздан Ортоктун тоосуна урунуп, Шамшы капчыгайынан чыга бергенде түштүк–чыгышты көздөй каптап, ал өрөөндөгү шаарларды, турактарды андан ары түштүк–чыгышка диагонал боюнча аралап, Теңдик айылынын түштүк жагындагы тоого урунуп, ал тоонун бетиндеги ак чополуу жарчаларды жараткан. Бул жактагы шаардын курулуштарын каптаганда кээ бир жери 15 метрге чейин, кээ бир жери 10-11 метрге чейин көмүлгөн.

Ал эми түштүктү көздөй аккан селдин суусу Кочнар-Башы-Суяб шаар-сепилин каптап, өрөөндү жарып өтүп, Айгыр-Жал тоосунан ашып түшүп, Сандык-Тоонун Кап-Быжы, Чалай, Алтын-Булак жана Туздун тоолоруна жаба берген. Суу бул тоолордун бетине чопо топурактарды агызып, жабыла бергени азыр да көрүнүп турат. Туз-Тоолорунун коктулары аркылуу өткөн суу туздардын кандайдыр бир чоң бөлүгүн көлгө агызып кеткен. Селдин күчтүүлүгүнөн Кыйшык, Байит, Кара-Таш жана Боктуу-Тоонун аянттарына үйдөй таштарды агызып чыккан.

Шаарлардын жана турак жайлардын селге аккандагы кирпичтерин, карапаларын жана башка артефактыларды сууга аккандан кийин сынып, сүрүлүп, жешилгендерин Ак-Жардын Куржу-Булуңунан Кум-Дөбөдөн 11 чакырым алыс жерден таптык. Таш жаргылчактар, кайыкка окшош дан сүргүчтөр сынган. Бышкан кирпичтер сүрүлүп-жылмаланган жана сынган. Карапа буюмдар да сынып майдаланган. Күржү-Булуңга имерилиш болгондуктан сайроондоп көптөгөн артефактылар калып калган. Ал эми сууга акпай, көмүлүп калган сепилдин ичиндеги колдонгон таш буюмдар толук сынган эмес. Бул таш буюмдардын жана кирпичтин сыныктары азыркы Кочкор, Семиз-Бел жана Арсы айылдарынын тушуна агып барганда шагыл-кум болуп, эч нерсе калмак эмес.

Көлдүк элдин ичинде “айланып келген суу” деген уламышта калган сөз бар, себеби көлдүн чыгыш жагы чөгүп кеткенде, жер массасы баскан аймактын астындагы суу Шамшы ашуусунун батышынан Шиш-Чокунун түбүнөн чыгып, Кочкор өрөөнүн каптап, кайра көлгө куйгандыгы байкалат.

Бул жеке эле Кочкорго эмес, Чүйгө да таасирин тийгизген. Карап көрүңүздөр, Кемин шаарынын тушундагы терең коо, Чүй тараптагы Шамшы капчыгайынын ичиндеги чоң жарлар, Шамшы айылынын тушундагы терең коо, Токмоктун түштүк-чыгышындагы миллиондогон тонна кум-шагыл кендери, Токмоктун аягындагы Кең-Булуң деп аталган саздактуу ойдуңдун пайда болушу — селдин таасири. Жай акса мындай терең коолор пайда болмок эмес.

Ак-Бешим шаары Суяб шаары дегенге окшошпойт, орус чыгыш таануучуларынын жана тарыхчыларынын бир макулдашууга келбегендиги көрүнүп тургандыктан күчтөп эле Ак-Бешим шаары Суяб шаары деп беките берген туура болбойт ко деп ойлойм.

  1. Ак-Бешим шаары Чүй суусунун түндүк жээгинде жайгашкан эмес, Бузулган-Суунун Чүйдеги Шамшы капчыгайы тараптан жана Кемин (Боом) тараптан келген эки агымы кошулуп, кордойлоп жеп пайда кылган Кең-Булуң ойдуңунун түштүк жагында жардын жээгинен орун алган. Ал эми азыркы Токмок шаарынын ордундагы Чүй суусунун жээгине чейинки Ак-Бешим шаарынын карапайым калк жашаган бөлүгүнїн түндүк жагын сел алып, Кең-Булуң ойдуңу пайда болгон. Кызыл-Суу шаар сепилинин түндүк жагын да селдин суусу кордойлоп жеп, Чүй суусунун жээгиндеги турак жайларды да сел алып кеткендиги байкалат. Суяб шаары, тарыхый маалыматтар боюнча, Чүй суусунун башталышынын түндүк жагындагы жээктен орун алган.
  2. Ак-Бешимден табылган артефактылар жана курулуштар христиан, будда, несториан жана манихей диндерин туткан элдерге көбүрөөк таандык экенин, түрк элине, түргөштөргө, карлуктарга же караханиддерге тийиштүүсү аз экенин маалыматтар айтып турат. Кызласов Ак-Бешимди казып изилдеп, Ак-Бешим менен Бурана Суяб менен Баласагун шаарларына окшошпой жана тең келе албай тургандыгын даана жазган.
  3. Суяб шаары суу жээгиндеги бекемделген сепилдүү шаар деп Тан империясынын тарыхый маалыматтарында жазылып турат. Суяб шаары караханиддердин кан ордосу деп тарыхта жазылгандан кийин ал шаарда негизинен түрк эли жашаган болуш керек. Шаарда түрктөр, карлуктар, түргөштөр, кыргыздар жашаган болушу керек. Ислам динин кабыл алган эл жашаган. Көєнє кытай жазма даректеринде Суяб шаары Су-е-чэн, Су-е-чуй чэн (Суйаб өзєнїнїн боюндагы шаар) деп аталган.
  4. Айтат эмеспи: «Киши жок, маселе жок” деп, ал эми шаар жок, маселе бар, ал шаар кайда? Ак–Бешим эч жакка жоголбой эле ордунда турат, шаардын калдыгы тургандан кийин Суяб деп атай берсе болобу? Суяб шаарынын Х-кылымдын аягында тез эле жок болушу биздин тарыхчыларда «эмне үчүн?» деген суроо жаратпагандыгы таңгалдырат.

Суяб 6–10-кылымдарга таандык шаар. Батыш түрк, түргөш жана карлук кагандыктарынын борбору болгон. Суяб 7–10-кылымдагы жазма даректерде эскерилет. Орто кылымдагы авторлордун маалыматтарына караганда, Суяб Чүй өрөөнүндө жайгашкан,бирок андагы орду али тактала элек. Айрым окумуштуулар Суябды Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан кыштагынын жанындагы шаар чалдыбары менен байланыштырат. Англиялык окумуштуу Ж. Клоссондун пикири боюнча, Суяб Ак-Бешим шаар чалдыбарына (Токмоктон 10–12 чакырым түштүк-батыш тарапта) окшоштурулган.

Ал эми Суяб жок. Суяб кайда? Чүй суусунун башындагы түрктөрдүн, карахандардын, карлуктардын жана түргөштөрдүн ордо кенти (Кара-Ордо же Күз-Ордо – Кыргыз каганатынын борбору) Суяб деп суунун жээгиндеги шаар экенин, Кыргыз каганатынын ордосу болгондугун жана анын ордосу Кочкор өрөөнүндө экендигин аты эле айтып турбайбы.

Ушул жогоруда жазылган жана табылган макалаларды топтоп жатып мен В. М. Плоскихтин “История и проблемы исследования затонувших памятников Иссык-Куля” деген макалаларына да кайрылууга аргасыз болдум жана андан төмөндөгү нерселерди таптым.

suualdy2

suualdy1

Академик Л.С.Бергдин жазуусу боюнча, көлдүн жээгинин чөгүүсү жер титирөөдөн болду десе, кээ бир авторлор эбегейсиз зор жер чөгүүсүнөн болду дешет (Берг Л.С.Озеро Иссык-Куль, с. 78.). Мындан эмнени байкоого болот? Бул маалыматтар суунун көтөрүлүшү жана жээгинин чөгүшү жалпы чоң аянтта болгондугун кабарлайт (В. М. Плоских. История и проблемы исследования затонувших памятников Иссык-Куля. «Баракелде», 26-06-2012.).

ХI-XVI-кылымдарда көлдүн суусунун деңгээли өтө ылдый (регрессия) болгон (Умурзаков, Винник, 1975.).

1000-1500 жыл мурун Ысык-Көлдүн деңгээли азыркыдан 100 метрге ылдый болгон жана кургакчылыктан (регрессия) көлгө суунун кошулушу азайган (А. О. Конурбаев. ”Трансгрессии и регрессии озера Иссык-Куль: проблема не решена”.).

XIX-кылымда Ысык–Көлдүн гидрогеологиялык жана археологиялык жалпы маалыматтарды талдап көргөндө, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик.

  1. Ысык-Көлдүн трансгрессия жана регрессия себептерин (өтө көп нымдуулук жана кургакчылык) жана көлдүн термелүүсүнүн өйдө-ылдый болуусу азыркы убакка чейин аныктала элек, бирок тектоникалык жаракалардын термелүүсүнөн болгондугун байкоого болот деп жазат В. М. Плоских.
  2. Көлдүн түбүнөн табылган ар кайсы доордун тарыхый–археологиялык эстеликтерин бир гана жолу болгон селдин же өтө көп нымдуулуктун натыйжасы десе болот. Трансгрессиянын жүрүшүн тактоо үчүн археологиялык эмес башкача изилдөө жүргүзүү керек, трансгрессиянын акыркы мезгили Улуу Жибек жолунун маанисинин жоголушу менен убакыттарынын дал келүүсү таң калтырат (В. М. Плоских. “История и проблемы исследование затонущих памятников Иссык-Куля”, «Баракелде», 26-06-2012).

Трансгрессия жана регресиянын кесепеттери жана азыркы абалы жөнүндө өзүнчө макала жазылды, аны төмөндөн окуйсуздар. Бул жерде байыркы доорлордогу элдердин: сактардын, усундардын, түрктөрдүн, кыргыздардын орто кылымда жашаган жана башка элдердин мүлкү, жашоо-тиричилик куралдары Кочкор өрөөнүнөн жана Ысык-Көлдөгү турак жайлардан көлдүн суусунун ичинде аралашып калгандыгы байкалат.

Ал эми Улуу Жибек жолунун маанисинин жоголо башташы, Ысык-Көлдүн чыгыш жагынын чөгүүсү Кочкор өрөөнүндөгү катастрофадан (топон суу жүргөндөн же Түндүк Тян-Шандагы жер титирөөнүн кесепетинен) кийин Кочкор-Башы-Суяб шаарынын элинин, ошондой эле өрөөндөгү шаарлардын, башка турак жайлардын селдин суусуна кабылгандан кийин жана жергиликтүү эл, кандар, бектер, жоокерлер жана карапайым букара, келген кербендердин, соодагерлердин селге агып, жок болуп кетишинен аймактагы өзгөрүүлөрдөн болуп жүрбөсүн.

Ушул жерде айта кете турган бир сөз: Кыргыз каганатынын жок болуп кетиши жөнүндө 2012-жылы 14-17-ноябрда Бишкекте болуп өткөн Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган илимий конференцияда Новосибирск академиясынын академиги, тарых илиминин доктору, кыргыз таануучу, археолог Юрий Худяков минтип айтты: “В это время Кыргызский каганат исчерпал людские ресурсы”. Эмне үчүн бул сөз айтылды? Адамдар эмне болуп жок болуп кетти? Эпидемия болдубу? Же согуштан кырылыштыбы, же башка себеби барбы? Мына ушул айтылган сөзгө жооп катары Кочкор өрөөнүндө болуп өткөн аламат, Токмоктун айланасындагы турак жайларды сел алышы жана Ысык-Көлдөгү шаарлардын жок болуп кетишинен болбосун? Кыргыз каганатынын ордосу өзөгү болгон элдин жок болуп кетишинен болуп жүрбөсүн?

(уландысы бар)

Кайырбек Коңурбаев, “История Кыргызстана и кыргызов”, 03.02.-18.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий