Агындылар

Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Өрт» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878

(Башы өткөн сандарда)

Жездемдин уйларына кайгырганы ушул болдубу, ким билсин, үйдөн чыгып кеткен боюнча кеч күүгүмгө чейин чөп коруктан, эски- уску өтүк, чокойлор илинген жаман тамдан такыр эле чыкпай калды. Баары бир чакырткан менен келбей турганын түшүнгөн Батма энем да: «Бар, атаңды чай ич деп чакырып кел» деп небересин жумшаганын коюп, анда- санда үшкүрүп коюп, айнектен түшкөн күндүн жарыгына жүн тытып олтурду.

 

* * *

Жездемдин бул дүйнөдө душманы болбогондуктан, айылда ага кара санаган бир дагы жан жок эле. Кийин, кийин мен таранчынын бутуна керосинге чыланган жип байлап туруп ширенке чагып учуруп ойногон балдар бар экенин уктум.

 

* * *

Малды, тамды камсыздандыруу дегенди агезде чарбанын канторуна иштегендер эле билбесе, жездеме окшогон карапайым кишилер билчү эмес. Анткен менен кышты – кыштай этти жеп, оңо түштүк.

 

* * *

Анда энемдин тирүү кези. Сабактан тарап чыгарым менен Тукан эжемкине зуу коём. Тукан эжемкине эле баргым келе берет. Анткени алардын ую бар, биздин уюбуз жок. Эжем дайыма жаңы бышкан нан менен сүттүн кам каймагын калпып келип алдыма коюп:

— Энеме көргөзбөй бат – бат жеп алып кетип кал, — дейт.

Эжемдин «энем» дегени кайненеси, жездемдин энеси – Батма кудагый. Эжемдин эмне үчүн «энеме көргөзбөй жеп ал» дегенин түшүнбөйм. Балким, бул да бир ошол кездеги келиндердин ыйманы беле же чындап эле эжем кайненесинен коркчу беле, билбейм.

 

* * *

Мен болсо Батма энемди такыр эле «эне» деп айталбай, өлөр өлгөнчө «кудагый» деп жүрүп өттүм.

 

* * *

Айылыбызда бир да мечит болбогону менен агезде айылдын пейили, элдин динге болгон ишеними менен мамилеси тунук, баланын ниетиндей баёо, азыркыдан алда канча адал, алда канча таза эле.

 

* * *

Айыл боюнча бир эле молдобуз, бир эле медпунктубуз бар болчу.

 

* * *

Айыл жарат- жураттарын медпункттагы Алике эжеге таңдырып, «жин- шайтан» тийгендерин Садык молдого окуттуруп, колу- буту сынгандарын Абдыралы атага шакшактатып алып эле басып кетип, тирилигин кыла берчү. Оорунун да «ысык», анан «суук» деген эки гана түрү болор эле.

 

* * *

Тукан эжемден анын колунда калган балалыгымды «сурамжылап» олтурам.

— Кара жумушка кандай элем, эже? – дейм.

— Өлгөндөй жалкоо болчусуң, — дейт.

— Койсоңчу, сабактан келип эле бастырманын ичинде жүрчү эмес белем, жумуш жасап, — дейм.

— Жумуш жасабай жумуран кал. Сегиз баланын азабы бир тең, сеники бир тең болгон. Эки- үч күн үйгө түнөбөй, дайыныңды айтып койгонго жарабай, жоголуп кеткениңде үрөйүм учуп, жүрөгүмдүн түшкөнүн айтпа. Жалгыз неме дагы эмне болуп кетти, бирөөлөр уруп койдубу, сабап койдубу деп, оюм онго, санаам санга бөлүнүп, анан темселеп айылды түрө кыдырып, сени издеп, теңтуш балдарыңдын үйүнөн таппай, анан Дүрдананын далисинен батинкеңдин турганын көргөндө эсиме келип, бурулуп алып унчукпай үйгө кетер элем, — дейт эжем.

 

* * *

Эжеме айтпай жоголуп кетмей мен үчүн чемичке чаккандан да жеңил эле. Мен кечиксем эле Тукан эжемдин жүрөгү зырпылдап, сарсанаа болуп, тикендин үстүндө олтургансып жүрөгү түшүп, айласы куруганда акырын үйдөн чыгып мени издеп жөнөп, «эмне болсо да энемдин аманаты аман болгойле» деп, көрүнгөн тааныш балдардын үйүнө кирип, жолдо баратып сызылып ыйлап жүргөнү менен ишим эмне. Жолумду тоскон кишим жок, төрт тарабым кыбыла жыргал. Ошентип издеп келатып жолугуп калган кезинде:

— Эмне издейсиң, жоголуп кеткендей мен эмне мал белем, бүгүн барбасам бир күн барам да! — деп опулдап, кайра эжемди коркуткан айбандыгымды эстейм. Балдарым сабагынан же ишинен кечигип калган күндөрү тындырбай телефон чалып, телефону өчүп турса жанымды коёрго жер таппай кетеримди ойлоп, ошондогу эжем менен бүгүнкү өзүмдү салыштырып, аргасыз баш чайкайм.

 

* * *

Ата- энеси бар балдардын ушинтип үйүнө дайынын айтпай эки – үч күн жоголуп кеткенин элестетип көргүлөчү? Кандай ата болсо да каңгып кеткен баласын кара жерге казык кылып кагып жиберет эле го.

 

* * *

Көрсө, Тукан эжем мен мектепти бүтөр- бүткөнчө, бүткөндөн кийин армияга барып келип , кайрадан көчө таптап, бирда ПМКада, чарбада, заводдо, МСОдо, райгезитте иштеп, күлүм додо болбой жүрүп 25 жашка чыкканда араң окууга кетип «биротоло жоголгонума» чейин оюн онго, санаасын санга бөлүп, бычактын мизи менен баскан экен.

 

* * *

Дүрдана Мамбетжуманын апасынын сиңдиси, тайэжеси болчу. Мамбетжума экөөбүз ичип алганда ал апасынан коркуп үйүнө барбай, экөөбүз эжеси Дүрдананыкына келип жатып алчубуз. Дүрдана эже ичмектен жинди болуп, доңуз кооп кетсең да урушпаган сонун киши эле. Биз ичкенде ушундай урушпаган, тынч, сонун үйлөрдү издечүбүз.

 

* * *

Анткен менен мен онду бүткөнгө чейин ичпеген, тартпаган, мандалинди безилдете черткен, бир аз чымыны бар, айылдагы улуу- кичүүлөрдүн баарына жагымдуу бала элем. Музыкант Наматбек агайыбыз бизди ырга, күүгө үйрөтчү. Ыр, күү биздеги балалык ыйык сезимдерибизди ойготту. Биздин жакшы ой- тилектерибиздин башаты мектептеги кружоктон башталган. Каалаган кружокторубузга катышып, ырчы кыз Турсунбүбүнү коштоп сахнага чыксам дегенде ак эткенден так этип жүрүп, кыл баскан манжаларым бир сыйра сыйрылып түшүп, колум жооруп, карматпай калганына карабай мандалин үйрөнгөм. Мандалинди ой- боюна койбой, тим эле безилдетип жакшы чертчүмүн. Жусуп, Кеңешалы, Дакен, Какен, Жумакадыр, Асыкбек болуп баарыбыз мандалин үйрөнүп, такай мектептин концертине чыгып жүрдүк.

 

* * *

Айылыбыздын клубунда өткөн бир майрамда «Тракторчу кызга» деген ырды Турсунбүбү ырдап, мен мандалин чертип берген бактылуу күнүмдү азыр да сагынам.

 

* * *

Бизден 5 – 6 үй жогору багар- көрөрү жок жалгыз кемпир жашачу. Совхоз отун- суу, тамак- ашынан бери камдап берчү. Мен «Тимур командасын» баштап барып, балдар- кыздар жума сайын ошол Апал эненин отунун жарып, суусун ташып берип келчүбүз.

— Суум бар, айланайындар, сууну жөн эле койгула? — дегенине болбой:

— Жок, биз «Тимур командасы» сизге өзүбүздүн суубузду ташып келебиз, — деп Апал эненин чакадагы суусун төгүп ийип, сайга барып суу апкелип, жума сайын келип күлүн чынарып, отунун жарып берип турганыбыз эсимде.

Анда кыргызда азыркыдай карылар үйү жок.

 

* * *

Мектепте «Тапкычтар клубу» деген ачылып, биринчи жолу айылда шоопур болуп иштеген Табис аке ошол клубга 3 рубль таап алып тапшырганы айылга дүң дей түштү. Балдар Табисти көрсөк деп дегдешти. Ошондон бир жумадан кийин: «Ар бирибиз Табистей бололу!» деген баштема сүрөтү менен мектептин дубал гезитине чыкты.

 

* * *

Мунун таасири катуу болду, «Тапкычтар клубуна» мен да бирдеме таап алсам экен, мен да макталып дубал гезитке чыксам экен деп тилеп, мектепке баратып деле, келатып деле «акча таап калбайын» деп жолдун четин карап басып калганым, анан эчтеке табалбаганыма, «Тапкычтар клубуна» кенедей бир жакшылык жасай албаганыма, макталып дубал гезитке чыгалбаганыма ичим ачышып, өкүнгөнүм эсимде.

 

* * *

Окуудан тарап келатып, Жунусаалынын агоротунан иче- карды чубалып өлалбай жаткан эшекти көрүп алып бүткөн боюм «дүр» дей түшүп, олтура калып ыйлап жибердим. Туяктары тыбыраган сайын жарылган кардынын каны- жини жерди көздөй эшилип, тура калайын деп туралбай, айласы түгөп, чанагынан чыгып бараткан көзү аңтарылып, «жардам берип коё аласыңарбы?» дегенсип көчөнү тиктеп, башын жерге чапкылап, коркурап, онтоп, кыбыр эткен сайын каны көлдөп, канга чыланып, кыймылдаган сайын ичи аңтарылып, өпкө- жүрөгү салаңдап, эки таноосунан ысык буу эмес, кан диркиреп, каны менен жаны диркиреп, каректери канталап, оозунан көк буу көтөрүлүп, көз алдымда өлүп баратты курган эшек.

 

* * *

Эч нерсе айдалбай куурай басып, чымчып алар чөбү жок, чаң учуп, ар кай жери пресстин зымы менен тосулуп, албаалап – далбаалап жаткан агоротуна кирип кеткен эшектин курсагын жара тилип, ушинтип жазалаган айбан ким экендигин айылдагылардын бири да билбеген бойдон кала бердик.

 

* * *

Атбашылыктар атты барктап, атка сыймыктанганы менен эшек да көп эле. Ар бир үйдө ат жок болгон менен, ар бир үйдө эшек бар болчу. Такайларын ээрчиткен эшектер үйүр- тобу менен кубалашып, айылдын этегиндеги бейиттердин арасында жүрчү.

— Эшек дегенди сарт минет! – деп чычайган менен Хрущевдин доору келип, минген аты тургай, минелек аттарынан бери шыпырып кеткенден кийин, айылдагы адалдан түгү жогу деле, түгү бары деле эшекти аяк ылоо кылып калган. «Күчү адал, сүтү арам» бул жаныбарды чөп чаап, чөмөлө салып жүргөн бала да минди, чөк түшүп калган чал да минди. Бир жолу балдар менен чаңы булут баскан жолдо жарышып баратып, эшегим мык каккандай тык токтогондо, башынан эки метр алыс учуп барып күп этип жерге түшүп, өпкө- боорум куушурулуп, өзөрүп, боз топуракка оонап, же ыйлай албай, же күлалбай, бозала болуп туруп келатканымды кантип унутайын. Ошондо «ат жыгылсаң жалын тосот, эшек туягын тосот» деген лакапты эстегем.

(Уландысы бар)

«Де- факто», 30.03.2015- ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий