Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

Jusup-Abdrahmanov-300x232

Редакциядан: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нуска кол жазмасы анын кызы Ленина Абдрахманованын колуна 1989- жылы тийген жана азыр да сакталып турат. Күндөлүк 1920- 1930- жылдары жазылганына карабастан, биздин замандаштарыбыздын кызыгуусун жаратып келет. Анткени бул жасалмасыз, ачык- айрым жазылган, бир адамдын күнүмдүк турмушу, өз элинин чыныгы патриотунун, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган жетекчинин тагдыры. Биз бул баа жеткис, тарыхый күндөлүктү орус тилинен кыргызчага которуп сунуш кылабыз.

1928- жыл
Москва. 18. 08. 1928
Тагдырдын жазмышы менен тарыхый зор окуянын күбөсү болуп калдым. Ошондуктан күнүгө өзүң көргөндөрдү, башыңан кечиргендерди, кайрадан жан дүйнөңдөн өткөргөн нерселерди жазып калтыруу тарыхый жагынан алганда кызыктуу болбой койбос. Бул аруу тилекти күндөлүк жазуу менен жүзөгө ашырсаң болот, ошол себептен мен күндөлүк жазууга аракет жасайын. Чынында оюмду бир топ эле кечигип ишке ашыра баштадым, бирок “эч болбосо кеч болсун”.

 

Менин күндөлүгүмө…
Азыр сен менин жападан- жалгыз, баарынан ишенимдүү, дегеле унчукпаган досумсуң. Кайсы бир мезгилге чейин сен мага ишенимдүү дос болоорсуң. Бирок менин колумда турганыңда гана мен сага ишенем, ал эми чоочун колго тийгениңде, балким, кыянаттык кылып кетээрсиң. Сени сатып кетпейт деп айта албайм, бирок кандай болгон күндө да сенден дегеле эч нерсени жашырбайм. Ой- толгоолорум, сар- санаам тууралуу саясий ишмер катары эле эмес, жөн эле катардагы пенде катары да айтып берейин.

Бир гана өкүнүчтүү жагы—сен угуп гана тим болуп, бирок жооп бере албаганың. Жараткан маңдайыма жалгыздыкты, кандай гана кыйынчылык келбесин, ар дайым андан жол таап чыгып кетүү түйшүгүн буюрган окшобойбу, бирок “мына ушундай” тагдырыма моюн сунууга туура келет.

Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, менин ой- толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат – баарысын тыңдап тур.

 

19.08.1928
Баштан өткөндөр тууралуу азыноолак баяным
Ташкенттен Москвага жетип келдим. Темир жол тилкеси тууралуу маселелер боюнча келе жатам. Маселе чечилип каларына ишене албайм, бирок бар же жок деген акыркы чечимди угайын деп келе жатам. Ушунум туура болор. Мени М.Н. узатып койду. Вокзалда бир жарым саат поезд күтүп, аны менен сүйлөшүп олтурдум. Экөөбүз көп нерселерди сүйлөштүк, бирок көбүнчө жеке турмуш тууралуу. Ал – менин турмушумдагы мен абдан жакшы көргөн, бекем достошуп жүргөн жападан- жалгыз адамым. Андан мен эч нерсени жашырган эмесмин жана жашырбайм дагы. Менин ар бир кыймылым, ойлорум, максатым—баары ага белгилүү, анткени өзүм ага баарын айтып берчүмүн жана айта бермекчимин.

Байкуш менин кыргыз калкым! Сен өз тагдырыңды жеке турмушун чече албаган, бирөөнү сүйүп калып, анын айынан сени менен коштошуп кеткени жаткан бактысыз бир балага ишенип, тапшырып койдуң.

Балдарым жана бир тууганым эмне болот? Эмне болмок эле, жашоо деген улана берет да. Токо, бир боорум! Сага абдан кыйын болор, күчүгүм. Чын эле мээм айнып калдыбы? Чын эле силер менен коштошуп кетип каламбы… Баарын таштап кетип каламбы?.. Мен күрөшүп келген, дагы эле күрөшүп жаткан нерселердин баарынан ал айым мага кымбатпы? Жок, жок… жана жок! Мен жашашым керек! Анткени эң кымбат адамыма жашап жана күрөшүү керек, аны менен бир жалпы ишке, революция үчүн күрөшүүгө убада бербедим беле. Ал дагы жакында биз жакка келип, мени менен, Лениндин армиясы менен бирге жалпы иш, революция үчүн күрөшүүгө, менин ишиме жана элдердин арасындагы эң бактысыз элдердин кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө убада бербеди беле?

Мен эмне болуп жатам? Түшүнбөйм.

Кош бол, досум! Эртең сөзүбүздү кайрадан улантабыз.

 

20.08.1928
Чырм этип алдым, бирок уйкум кадимкидей канып калыптыр. Баягы кыйын күндөргө кабылган убакта уктабай калганымдын кенемтесин толуктап алайын десем да болбоду. Бирок баары жайында. Шолом- Алейхимдин «Коммивояжерин» окуп жатам. Абдан кызыктуу экен, бирок еврей калкына мүнөздүү. Китеп окуп жатканым менен, оюм башкада, ал тууралуу ойлоно берем, оюм бир жерде болбой, эмне окуганымды деле түшүнбөй турам…

Сен жаман киши окшойсуң, Ж. Башкалардай болуп, неге сен өзүңдүн жеке турмушуңду чече албайсың, башкача айтканда, неге жашооңдун мүнөтүн, күнүн санап турбайсың. Акыры мени бир ой чырмап турат, кайран гана менин шордуу калкым! Бакыйган бир уюмду жетектөөнү мага окшогон бир кемпайга тапшырып койдуңбу. Мен ушунча эле бир шүмшүкмүнбү, элдин ишенимине татыктуу боло албаймынбы? Жок, жок, антип айтканым туура болбос. Мен элимдин балдарынын эң начары эмес элем, ооба, эң начары эмес болчумун. Ал эми азырчы?

Азыр эң эле чабалы, такыр ишке жарабаганы- менмин. Мындай чабал жана ишке жарабаган кишини жетекчи кызматка койбош керек. Жетекчилик жумуштан кетишим керек, ооба, кетишим керек. Менден күчтүүрөөгүн, ишенимге татыктуураагын тандап алышсын. Ж. деген М. жанында болбосо, басып жүргөн бир сөлөкөт. Сөлөкөттөр адамдарды башкарбашы керек.

 

22.08.1928
Серафимовичтин “Железный потогун” окуп жатам. Бул көтөрүлгөн элдин каарман күрөшүнүн бир үзүмү экен. Бул китепти сүйүктүүм М. мага белекке берген. Китептегидей өз элимдин Кожух баатыры боло аламбы? Билбейм, билбейм, себеби өзүмдү өзүм тааный албай кетем. Менин кайсы бир сапаттарым өзгөрүлүп кеткендей, бирок кайсы сапаттарым? Аны да билбейм. Кандайдыр бир сыйкырлап койгондогудай айлампада калдым.

Ушул айлампадан чыга аламбы? Таң… Балким мени жөлөп- таяган бирөө болсо, чыгып кетээрмин. Эгер менин эң жакын, эң мыкты деген, жөлөгүнө муктаж болуп жаткан кишим мени таштап жатса, андан бөлөк ким мени жөлөп- таямак эле?

Поезд кечигип жатат, мунусу дагы ачуумду келтирүүдө. Мына, Пензага да жетип келдик. Бул жакта Наумчик менен Левка жашайт. Алар М. нын жакындары.

Аларды көргүм келип жатат. Албетте, сөзсүз көрүшөм. Бирок качан?

Башыма жакшы нерсе, маанилүү ой келбей жатат! Бул Жусуптун, революция үчүн күрөшүүчү, саясий ишмер катары күнү батып баратканынын башталышы эмеспи? Эгер ушундай болсо, анда М. өзүнүн В.сы үчүн абдан кымбат төлөгөн болот. М.нын бактысы үчүн адам саны бир кишиге кемисе эмне экен. Мейли, кемий берсин…

 

23.08.1928
4 саат кечигип, Москвага жетип келдим. Мындай нерсе Советтер Союзунда гана болот. Бул биздин темир жол транспортубуздун абалын билдирет. Абал мышык ыйлагыдай. Андан ары эмне болоорун, бир кудай билет. Бористикинде болдум…

Чоң театрда «Хованщина» коюлуп атыптыр. Бул М. нын эн сүйүктүү чыгармасы. Мен деле оюнду көргүм келди, бирок кечигип калыптырмын.

Кайрадан тамеки тарта баштадым. Ага берген убадамды аткара албадым. Бул начар белги. Ага болгон кусалык, келечегимдин бүдөмүк болгону, нервимдин чыңалышы кайрадан тамеки тартууга түрткү берди.

 

“Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, менин ой- толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур”.

 

22.08.1928
… Серафимовичтин “Железный потогун” окуп жатам. Бул толкуган элдин каарман күрөшүнүн бир үзүмү экен. Бул китепти сүйүктүүм М. мага белекке берген. Китептегидей өз элимдин Кожух баатыры боло аламбы? Билбейм, билбейм, себеби өзүмдү өзүм тааный албай кетем. Кайсы бир сапаттарым өзгөрүлүп кеткендей, бирок кайсы сапаттарым? Аны да билбейм. Кандайдыр бир сыйкырлап койгондогудай айлампада калдым.

Ушул айлампадан чыга аламбы? Таң… Балким мени жөлөп- таяган бирөө болсо, чыгып кетээрмин. Эгер эң жакын, эң мыкты деген, жөлөгүнө муктаж болуп жаткан адамым мени таштап жатса, мени андан бөлөк ким жөлөп- таямак эле?

Поезд кечигип жатат, мунусу дагы ачуумду келтирүүдө. Мына, Пензага да жетип келдик. Бул жакта Наумчик менен Левка жашайт. Алар М.нын жакындары.

Аларды көргүм келип жатат. Албетте, сөзсүз көрүшөм. Бирок качан?

Башыма жакшы нерсе, маанилүү ой келбей жатат! Бул Жусуптун, революция үчүн күрөшүүчү, саясий ишмер катары күнү батып баратканынын башталышы эмеспи? Эгер ушундай болсо, анда М. өзүнүн В.сы үчүн абдан кымбат төлөгөн болот. М.нын бактысы үчүн адам саны бир кишиге кемисе эмне экен. Мейли, кемий берсин…

 

23.08.1928
4 саат кечигип, Москвага жетип келдим. Мындайлар Советтер Союзунда гана болот. Бул биздин темир жол транспортубуздун абалын билдирет. Абал мышык ыйлагыдай. Андан ары эмне болоорун бир кудай билет. Бористикинде болдум…

Чоң театрда «Хованщина» коюлуп атыптыр. Бул М.нын эӊ сүйүктүү чыгармасы. Мен деле оюнду көргүм келди, бирок кечигип калыптырмын.

Кайрадан тамеки тарта баштадым. Ага берген убадамды аткара албадым. Бул жакшы белги эмес. Ага болгон кусалык, келечегимдин бүдөмүк болгону, нервимдин чыңалышы кайрадан тамеки тартууга түрткү берди.

 

24.08.1928
Өкүлчүлүктө болдум. Иштер кандай болуп жатканынан кабар алдым. Иш чатак. Өзгөчө тилке (темир жол- ред.) боюнча. Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин шаабайы такыр эле сууп калыптыр. Москвалык дагы бирөөнүн үйүндө болдум. Москвадагы иштер тууралуу сурадым, абал анчалык жакшы эмес. Партиянын ичиндеги абал, өлкөдөгү жана эл аралык абалдан кубанарлык эчтеке жок. Күрөшүш керек. Ким жеңүүчү болот? Күнү батып бараткан түзүлүштүн бизди кулатканга күчү жетеби? Жок, биз күчтүүбүз. Материалдык- техникалык жана адам күчү жагынан алганда биз күчтүүбүз. Европанын негизги өлкөлөрүндө Компартиянын таасиринин өсүшү да маанилүү, анан дагы Советтер Союзу менен биригиши. Алдыдагы согушта бизди негизги ушул нерселер сактап калат, партия гана оозун ачып калбаса болду. Эмнеси бар экен, күрөшсө күрөшө беребиз. Мен революциянын жоокерлеринин катарында боломбу- жокпу, билбейм. Болор- болбосумду билбей жатканымдын себеби – башыман ар кандай келесоо ойлорду чыгара албай жатамын…

 

25.08.1928
Дагы өкүлчүлүктө болдум. Рудзутак менен жолугушум керек эле. Ал шаарда эмес экен. Сталинге кирейин деп ойлоп, кайра ал оюман кайттым. Андан көрө биринчи Рудзутак менен сүйлөшүп, андан майнап чыкпаса гана Сталинге кириш керек…

 

27.08.1928
Рудзутакка кирдим. Тилкени (темир жол- ред.) 28- 29- ж.ж. курулуш планына киргизүү тууралуу сүйлөштүм. Рудзутактын кабинетинде отурганда тилке тууралуу гана ойлодум. Азыр деле баш- отум менен ишке кирип кете алаарыма кубандым. Рудзутактан чыккандан кийин, М. тууралуу ойлой баштадым. Бул кандай балээ эле…

 

28.08.1928
Күндөлүктү кайрадан окуп чыктым. Мен ушунчалык келесоо болуп калдымбы, өткөн күндөрдө дегеле бир да оңдуу сөз, оңдуу ой жазган эмес экенмин. «Эс алуу жана маданият багына» барып, анда бир сааттан ашык жүрдүм. Кылаарга жумушу жоктор үчүн жакшы жер экен. ЦИКтин президиумунун заседаниесинде болдум. «Арактын баасын төмөндөтүү» боюнча мыйзамды өткөрүштү. Кайда барабыз, каякка токтойбуз…

 

30.08.1928
… Кечинде Чоң театрга барып, «Хованщинаны» көрдүм, биринчи актысында араң чыдап олтуруп, анан кетип калдым. Кушнерлер менен баргам. Булар кандай гана жакшы кишилер. Алар менен жүрсөң, өзүңдү абдан жеңил сезесиң.

 

31.08.1928
Тимирязев атындагы академияда болдум. Башкармалыктын катчысы көп эле суроолор менен мени жарга такады. Ректорлуктун эмне кереги бар? Бул мекеме аябай демократиялуу болушу керек эле, иш жүзүндө тескерисинче экен. Организмге кирип, соо жерин калтырбай койгон бюрократия ал жакка да жетип барыптыр. Алар студенттерге кандай мамиле жасашаарын элестете албайм. Ипподромдо болдум. Жакшы ипподром экен. Аттары мыкты. Украина алдыга чыкты, Ташкент артта калды. Жылкы баласы багылган жерде, обочо жерде ушундай ипподром болсо. Жер- жерлерде мындай ипподромду уюштуруунун эң чоң тарбиялык мааниси бар, а бул жер бекерчилер таймашкан талаа сыяктанат. Акчаны ыгы менен сарптаганды билбейт экенбиз. Харбинден дагы бир телеграмма келди, Лашевичтин абалы жакшы эмес, партиянын дагы бир мыкты уулу, лениндик гвардиянын мыкты күрөшчүсү кеткени жатат. Партиянын ХХIV съездиндеги анын сөзүн эстедим. Лениндик гвардиянын эски катары сейректеп баратат, ал эми жаңыларынын арасынан жүздөгөнүнөн жалгыз Лашевич сыяктуу, большевиктин бирөөн сактап калыш үчүн алмашууга болор эле. М. буга кандай карайт болду экен, аны менимче жакшы көрчү эле.

Жолдош Кржижановскийге кирейин дедим эле. Ал СТОдо, кабыл ала албайт. Анда кабыл алчу убак келгенге чейин күтөбүз да. Эртең М.га барам. Эмне үчүн экенин өзүм да билбейм. Бир гана каалаганым- аны бир көрүп, сүйлөшүү. Азыркы убактагы адамдар жазалоону билишпейт. Адам үчүн эң жаман жаза – бул баарынан сүйүктүү жана кымбат кишиңден айрылуу.

Баарынан дагы адам өзү эмне кылып жатканын түшүнбөгөнү баарынан жаман экен. Мен да ошондой абалда калдым. Эмне болуп жатканымды өзүм билбейм… Бир гана аңдаганым—иштей албай жатам. Бул кейпим көпкө созулабы- жокпу, аны да билбейм. Кечинде “аквариумда” болдум, “Айлампанын квадратурасын” көрдүм. Эч деле мааниси жок, бирок күлкүлүү экен…

 

01.09.1928
Лашевич каза болуп калды. Бул тууралуу БК аза күтүү менен кабарлады.

Бул трагедиялуу өлүмгө ким күнөөлүү? Канткенде да аварияга учураган машина күнөөлүү эмес. Революциянын сыноодон өткөн күрөшчүлөрү акырындап катардан чыгып кетип жатат, ал эми өлкөнүн абалы начарлоодо. Эгин жыйымы начар. Өнөр жай товарлары жок. Дыйкандар үчүн иш жүзүндө репрессия эле болууда: алдыда- кара туман каптап келатат. Совет бийлиги үчүн «жут» болбойбу?

 

02.09.1928
Түнкүсүн жакшы уктай албадым. Эртең эмне болот? деп ойлой берип, тынч уктаганым жок. «Макар Чудраны» араң окудум жана Горькийдин «Биринчи сүйүүсү» менен тааныштым. Эгер мен буларды мурда окуган болсом, андагы каармандарды «келесоолор» демекмин. Азыр мен бекем, жалындаган, жүрөктөн чыккан сүйүү эмне экенин түшүнөм. Горький өзү жөнүндө эмес, Забар жөнүндө эмес, мен жөнүндө жазгандай сезилип кетти. Азыркы окуяларды он жыл мурун туйгандай көрүндү. Айырмасы эле- канчалык кыйын болсо да, Забар менен Радда жасаганды мен жасай албайт элем…

Вагондун терезесинен жыйнала элек эгинди көрдүм. Жаратылыш да бизге «жардам» берип жатканын ойлодум. Өлкө түшүмдү жакшы алат, бирок наны жок, анткени өнөр жай товарлары жок, дыйкандар акчага сатпайт, анткени тынымсыз жамгыр жаап, эгинди жыйнаганга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Өлкө айыл чарба кризисинин алдында турат. Ушул абалдан кантип чыгууну эч ким билбейт. Оңдо- солдо жалаң жол башчылар, бирок өлкө кантип өнүгүш керек экенин эч ким айтып бере албайт. Эгер Ильич болгондо…

 

05.09.1928
УОСто жана НКПСтен тилкенин курулуш планына киргизилгенин териштирип чыгышты жана НКПС курулуш зарыл дешип, буга бекем турушмакчы. Бул жагынан жолуң болгонун ойлосоң, жыргай түшөсүң. Эртең менентен баштап Хинчукка жолугайын деп жолуга албай койдум. Мекемеде жок экен. Жамгыр жаап турат. Чарчаганымды сезип турам. Өзүмдү да ойлошум керек болуп калды, андан ары эмне болот?

… Мындай жашоонун мага кереги жок. Мурдагы, иштегенди билген жана ишке жан дили менен кубанган Ж. үчүн күрөшөм. Эгер аны таппасам, анда бүттү, баары бүтөт.

БКда болдум. Кызматкерлер тууралуу сүйлөштүм. Эл комиссарынын үч орун басарын, жер боюнча, юстиция боюнча, саламаттык сактоо боюнча орун басарларды сурадым. Мен Москвадан кеткенге чейин издеп табууга убада беришти.

ВЦИКтин секретариатында Өзбек өкмөтүнүн бюджетинен Кыргызстанга Сүлүктүдөгү оорукана, мектептер үчүн каражат боюнча токтом даярдаттым. Бул Союздун ЦИКинде бекитилиши керек. Жолдош Позерн менен сүйлөштүм. Борбор Азия АЗЭКОСО келерки жылдын ирригациялык курулуш планына Ат- Башы участогун кошту, ал эми Союздун мампланы Чүй өрөөнүндө иликтөө иштерин киргизди. СТО Түрксибге тартылган райондун чарбаларын көтөрүү чарасын сунуштады, ал эми Орто Азия суу чарба мампланынын «келесоолору» тескери жасап атышат. Өкүлчүлүккө директива бердим, алар өкмөттүн атынан протест берсин деп. Сууну топтоо жагынан да мүчүлүштүк бар. Дотация бербей жатышат, а бизде болсо таңсыктык бар. Эгер дотация берилбесе, суу чарбасынын эксплуатациялык иштерин жыйыштырып кой дегенге барабар. Социализмге ташбаканын жүрүшү менен келатабыз. Хинчук дагы эле келе элек…

(Уландысы келерки санда)

Орусчадан которгон Айгүл Бакеева, «Полит Клиника», 24-31.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий