Сейит Жетимишев, Кыргыз Эл акыны: «Адам байкуш чыдайт тура баарына, Жер шарынан бөлөк жашап кете албай…”

Убагында “Эл арасында” романы менен кыргыздын кыйырына таанылган Сейит Жетимишев агай акыл токтотуп, ой калчаган кутман курагында булактын шыңгырындай назик, тоолордой калбаат, гүлдөрдөй көркөм ырларды жаза баштады. Эмесе, агайдын поэзия булагынан ичип, рухий дүйнөгө болгон чаңкооңду кандыр, окурман!

 

ЧЕРТИЛГЕН КЫЯЛДАР

Кагылайын кашка булак соолуба,
Соолучудай солгунданып ооруба.
Алпештейин ак сүт эмген баладай,
Айлам кетсе алкап кысып боорума.

Ага берчи жалындырып булагым,
Жалгыз сенсиң жан дарысын сурарым.
Азыр билдим сени шыпкап жутчулар,
Ажыдаардай ач көздөрдөн турарын.

Ак булагым ажыдаарга жутулба,
Алданбачы амалы шум кутумга.
Жалгыз сенин актыгыңа сыйынып,
Жашап жатам жан сатылган учурда.
15.07.14

 

* * *

Кеч киргенде кереметтүү күн батар,
Түн киргенде укташ үчүн эл жатар.
Таң атарда босогодо тургансыйт,
Таш чекелүү түйшүк, азап кас- катар.

Түйшүк менен түйшүктөнөм эс албай,
Чыдап берем азапка алым жете албай.
Адам байкуш чыдайт тура баарына,
Жер шарынан бөлөк жашап кете албай.
16.07.14

 

* * *

Алайдын аскаларын көргөн кезде,
Мелтирейм өзүмө- өзүм келбей сөзгө.
Тулкумда баатырдык күү жаңыргансып,
Туу кармап учкум келет мейкин- көккө.

Көйкөлгөн Ысык- Көлдү көргөн кезде,
Жээгинде жалгыз басам жайкы кечте.
Билбеймин кайдан- жайдан элес болуп,
Эреркеп элпек сулуу келет эске.

Күркүрөк Чүй- Дайраны көргөн кезде,
Акчудай бир азыраак турам четте.
Жан дүйнөм дайра сындуу албууттанып,
Баш ийбей аккым келет эч бир чекке.
29.07.14

 

* * *

Ысык- Көл бирде тып- тынч, бирде ташкан,
Тынчыса мелт- калт этип ойлор баскан.
Ала- Тоо таң атаарда боюн керсе,
Ашыктай кучак жаят ачык асман.

Ала- Тоо жайдыр- кыштыр мөңгү баскан,
Сен жердин падышасы түшпөс тактан.
Тартынбай илбирс болуп кетким келет,
Көргөндө илбирсиңди бөгүп жаткан.
29.07.14

 

* * *

Тагдыр- ай, карылыкты сезгим келбейт,
Тарыгып өзүмдү- өзүм эзгим келбейт.
Кумарым суктангандан такыр канбай,
Сулуулук сени таштап кетким келбейт.

Тагдыр- ай, ден соолугум сак болсо экен,
Тайгылбай басар жолум ак болсо экен.
Көзүмдү көргөн сулуу сүрдөп кетип,
Көйкөлүп шампан ичпей мас болсо экен.
01.09.14

 

* * *

Бирде турмуш ыйлаттың,
Бирде турмуш кургаттың.
Бир жылмайып аялзат,
Бир мүнөткө жыргаттың.

Жылмаюңду улантчы,
Мени кылбай сурамчы.
Чоктуу көзгө жылмайган,
Мен берилген кумарчы.
11.08.14

 

* * *

Кара көз кыз сурап калса жашымды,
Сылап койдум кардай аппак чачымды.
Мен көмүлөр көр казылып жаткансып,
Бой абдырап ойлор болду чачынды.

Ойлорумду эптеп жыйсам кайрадан,
Көк жалга окшойм беттегенден тайбаган.
А — баары бир үмүтсүздүк баскансып,
Дем ала албай үп болгонсуйт айланам.

Муну сезсе байкуш жүрөк зырп этет,
Мен бергенсийм бирөөлөргө кырк эсеп.
Капаланба жашооң узак дегенсип,
Бактан учкан ак төш чымчык чырк этет.
11.08.14

 

* * *

М.Б… га

Бүлкүлдөк тамак чымчыгым,
Үнүңдүн таппайм кымтыгын.
Жаныңа барып коно албай,
Жабыркап кетет тынчтыгым.

Сен кетсең учуп сайрабай,
Мен калсам сени кармабай.
Өзөгүм муздап кеткенсип,
Өзүмдү сезем майдадай.
16.08.14

 

* * *

Ар бир күн мага кетет камчы салып,
Камчынын учу тилет — жонду жарып.
Жараткан, кайыл болуп буга дагы,
Жанымда күйсө экен дейм бүл- бүл жарык.

Жалп этпей күйүп турчу бүл- бүл жарык,
Жалп этсең мен болормун анык карып.
Жазганбай жазып тур деп бир сөз чындык,
Табият мага салган ыйык салык.
19.08.14

 

* * *

Далай адам даңк талашып тытышат,
Бирин- бири аңдып жүрүп утушат.
А — баары бир күйгүзүшүп кандарын,
Бирин- бири өлүм менен жутушат.

Даңк эңсебе кагылайын ырларым,
Табияттын тыңша татаал ыргагын.
Көр пендедей көрөн- шорон дегенге,
Көзүңдү артып түк да көңүл бурбагын.
20.08.14

 

* * *

Айланайын жоодураган көзүңдөн,
Арамдыкты ой- боюмдан өчүргөн.
Сен дем алсаң, көөдөн жагың былкылдап,
Сезген сезер илеп урат төшүңдөн.

Ооба, сенден мен ат чабым улуумун,
Ойго салат оолактабай турумуң.
Жаш жагынан аралыкты жоё албай,
Жан секетим, жалгыз тентип курудум.

Муну окуса кай бир достор күлүшөр,
Кай бир достор кабак бүркөп бүрүшөр.
Түшүнгөндөр табиятты, тагдырды,
Мага окшоп кызды сырттан сүйүшөр.
23.08.14

 

* * *

Билбейм неге кантип гана батындың,
Сен түшүмдө бычак менен качырдың.
Уюгансып көтөрүлбөй оң колум,
Жанталашып мен качууга шашылдым.

Куткарбастай кууп мага катылдың,
Кармагын деп бир шүмшүктү чакырдың.
Укса адамдар арачалап калар деп,
Түштөн чочуп муунуп араң бакырдым.

Көзүмдү ачсам таң агарып калыптыр,
Байкуш жүрөк бар күчүнчө кагыптыр.
Ойлоп көрсөм адамдагы айбандык,
Түшүмдө да мени азапка салыптыр.
28.08.14

 

* * *

Алма үзүлүп түшчүдөй,
Алым кетип бүтчүдөй.
Гүлдү бирөө үзчүдөй,
Күүлүү күнүм бүтчүдөй.

Жаным жаман кыйналды,
Жандап алып бир кайгы.
Кайгы жейт экен алыңды,
Карууда кубат барыңды.

Кашайып койсоң тоготпой,
Кара таш кылып жаныңды.
Кайгы болот турбайбы,
Каралбай калган чамынды.
12.09.14

 

* * *

Жылдар өттү, эске түштүң кайрадан,
Элестелип жалжал көзүң жайнаган.
Элесиңди кармарымда кол менен,
Ээнсиреп аңгырады айланам.

Издеп калдым ээндиктен изиңди,
Сен кеттиңби таштап мендей кишиңди.
Кантем, кантем ушул кыска өмүрдө,
Катаал турмуш кайырды го мизимди.

Ээндикти эс- учума толтурдум,
Элес менен болбос ишти болтурдум.
Топурактан сенин жытың келчүдөй,
Жерди чийип мен тизелеп олтурдум.
12.09.14

 

* * *

Селкиге көздү токтоттум,
Сезимимди козготтум.
Дүйнөдө сезим жок болсо,
Дүйнөдө анда мен жокмун.

Жалжалды көрсөм сүйөмүн,
Жанымдын чачам үрөнүн.
Сүйөт деп мени соттосо,
Сүйүнгөн жандын бирөөмүн.
16.09.14

 

* * *

Тирүү жан аккан сууну бойлой жүрчү,
Тирүү жан өлөрүңдү ойлой жүрчү.
Баатыр да жалгызсырап арман кылат,
Башына иш түшкөндө колдой жүрчү.

Жан эмес, бир тал чөптү сүйүп аяйм,
Түнөрүп мендейлерге тоңбой жүрчү.
Тирүү жан бир көрөсүң азап күндү,
Тирүү жан бир көрөсүң азап түндү.

Көргөндө денең катып мостоёрсуң,
Чырагы күйбөй калган муздак үйдү.
Түшүнүп өмүрүңдө угуп койчу,
Сөөктөн сөздөй чыккан чындык үндү.
01.09.14

 

* * *

Жакшы акын көп тил учунан сайраган,
Жакшы акын көп сезимдерди кайраган.
Бирок чиркин, жан акыны деген бар,
Удургутуп көктөн булут айдаган.

Төкмөлөрдүн ырлары көп төгүлгөн,
Жамгыр жааса сел жүргөндөй көрүнгөн.
Арыстанбектин алп саптары башкача,
Ааламды өрттөөр чагылгандан бөлүнгөн.

Арыстанбек – жан акыны аяндай,
Ойдон- ырдан жаралгансып карандай.
Өткөн эмес, бүгүнкү “Тар заманды”,
Так айткансыйт тирүү жүргөн жарандай.
02.09.14

 

* * *

Тыйып жүрүп учкундарын сезимдин,
Сезимдерге тебеленип эзилдим.
Чын сезимди чыгара албай сыртыма,
Канча күндү кармай албай кетирдим.

Азыр мына кагылайын аялзат,
Орой айтсам, оюңа албай кечиргин.
Мен түшүмдө ак төшүңдү жазданып,
Уктагансыйм күн чыгышты баштанып.

Корккум келбей өзүм кылган күнөөдөн,
Кызыл отко күйсөм дагы какталып.
Өткүм келет ушул жарык дүйнөдөн,
Сезим берген буйруктарды аткарып.

Сезим, сезим кээде кыян болосуң,
Кээде жанды кара саздай соросуң.
Кээде көлдөй мелтиретип толкунсуз,
Тыңшаганга шырп алдырбай коёсуң.

Кээде көрсөң мерес менен зыкымды,
Билбейм неге көпкөк муздай тоңосуң.
Тоңсоң тоңчу, качанкыга эрийсиң,
Кез келгенде бүт жашоону жерийсиң.

Жерип алып, өзүңдү- өзүң жемелеп,
Жер түбүнө жетүүчүдөй кейийсиң.
Сен мен үчүн учкундары сезимдин,
Куурап сыйлар, жыргап сыйлар Генийсиң.
23.09.2014

 

* * *

Жараткан жабыркаттың адамдарды,
Жашоодо жабыркабас адам барбы.
Тентисем жабыркоодон кутуламбы,
Телмирип минип алып кара нарды.

Тентийин, тентигенде кайда барам,
Тентүү да жабыркоону кылбайт тамам.
Кагылып казык болуп кара жерге,
Карайлап калган кезде кайрат табам.
29.09.14

«Де- факто», 30.03.2015- ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий