Япон жигити Атсуши Куваяма: “Алыкул, Мидин, Байдылданын ырлары менен таанышам”

a_kuvayama

Борбордогу “Нуска” китеп дүкөнүнөн мурда атын угуп жүргөн Атсуши Куваяма аттуу жапон жигитине жолугуп калдым. Ал Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Байдылда Сарногоев жана башка акын- жазуучулардын кыргыз тилиндеги китептерине кызыгып, сатып алганы келиптир. Тандап көрүп Алыкулдун эки томдугу баштаган бир нече китепти сатып алып, сатуучудан “Этеги жок, жеңи жок чапан чыгаар” деп ким ырдады эле?- деп сурап, Калыгулдун китебин унутуп баратканын эстей коюп, аны да сатып алды. Дүкөндөгү кардарлар чет элдик баланын кыргызча сүйлөп турганын алкап атты. Биз окубаган китепти жапон жигити окуйт элем дегенине ичибиз жылып, аны сөзгө тарттык.

— Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз. Алыкул, Байдылда, Мидин жана башка кыргыз акын- жазуучуларынын китептерине кандайча кызыгып калдыңыз? Жапон болуп туруп, кыргызчаны кайдан үйрөнүп алдыңыз эле?

— Менин атым Атсуши Куваяма, же кыргызча айтканда, Адилет Көкүмбай уулу. Жапон өкмөтүнүн “Jiсa” программасы менен келишим түзүп, Кыргызстанга келип, эки жыл иштеп кеткем. Өзүмдүн кесибим- социолог. Нарында балдарга сабак өтчүмүн. Адилет деген атты мага кыргыздар коюшкан. Ал эми Көкүмбай уулу дегеним, Нарында эки жыл Эмгекчил айылындагы Көкүмбай атамдын үйүндө жашагам. Зулайка апам Алыш айылынан, Алымбек деген иним, Мээрим, Махабат аттуу карындаштарым бар. Булардын үйүндө жашап, кыргызчаны жетишээрлик үйрөнүп алгам. Баш- аягы эки жыл жашап кеткем. Эки жарым жылдан кийин Кыргызстанга кайра келип, эки айдай жүрдүм. Эми эртең Японияга жөнөп кетем. Кыргызстанда мен мурда окуткан, көптөн бери жолуга элек окуучуларыма жолугуп калдым. Бир окуучум мени Омар Хаямдын китеби менен тааныштырган болчу. Хаямдын китебинин кыргызча котормосу мага жагып калган, кээ бир кишини сындаса деле, чыгармаларында жашоо чындыгы чагылдырылат экен. Хаямдын ырлары менен тааныштырган окуучум өзү таланттуу, сүрөт тартат. Айылда жүргөндө бир байке менен жолугуп, Омор Хаямдын кыргызча котормосу мага жакканын айтсам, ал “Кыргыздын да сага жаккыдай мыкты акын- жазуучулары бар” деген. Алардын арасында Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Байдылда Сарногоев, Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов жана башкалардын атын атаган. Ысык-Көлдө да атам бар, ал дагы аты аталгандардын чыгармаларынын мыкты экенин айтты. Мен ушул кишилердин жан- дүйнөсүнө, ишенимине ишенем, ошондуктан бу китептерди окуп чыгайын дедим. Бюджетимдин жетишинче китеп сатып алып, Японияга алып кетем.

— Дагы кыргыздын кайсы акын-жазуучуларынын чыгармасын окудуңуз эле?

— Чыңгыз Айтматовдун 2-3 чыгармасынын жапончо котормосун окуп чыккам. Кыргызча окуган биринчи китебим “Жамийла” болду, сөздүк менен эптеп-септеп окуп чыккам.

— Эки жарым жылда Кыргызстанда эмне өзгөрүптүр?

— Мурда мен биякта экенимде “Кара жорго” деген бий жок эле, эми жаштар деле, карылар деле, баары эле кара жорго бийлеп калышыптыр (күлүп, бийлейт). Кыргызстандык туугандарымды, нарындыктарды, Кыргызстандагы жашоомду, кымызды, этти сагыныптырмын.

— Жапон жаштары менен кыргыз жаштарынын кандай окшоштугу, айырмасы бар экен?

— Шаардык жапондор шаардык кыргыздарга, айылдыктары бул жактагы айылдыктарга эле окшош, менимче, эч кандай деле айырмасы жок.

— Буга чейин Кыргызстан тууралуу уктуӊ беле?

— “Jiсa” программасына кирерде, ачык айтсам, кыргыздар тууралуу аз- маз уккам, бирок элеси жок болчу, элестете алчу эмесмин. Келе турган болгондо маалымат алып, тааныша баштагам.

— Жаныңдагылар сени комуз чертип жана кыргызча сонун ырдайт деп атышат, комузду качан үйрөндүң эле?

— Бишкекте жана Нарында сабак алгам. Нарында Маданият үйүндө атбашылык Жумагүл эжемден үйрөндүм. Жапонияга барганда комузду көп кармабай калдым. Бирок кызымтал болгондо, отуруштарда комуз ойноп, кыргызча ырдап, жапондордун черин жазып коем. “Нарындан жазган салам кат”, “Көл жээгинде”, “Таласым”, “Кара-Ой” деген ырлар мага жагат. Көбүнчө элдик ырларды жакшы көрөм. Жаңы ырлар деле жагат, бирок аларды көп уксам тажап кетем. Ал эми кыргыздын эски ырлары башат сыяктанып, ыргагы улам бир жаңы маанисин берип тургандай сезилет.

— Эми эртең Жапонияга кетип калат турбайсыңбы? Кайра дагы келесиңби?

— Кыргыз досторумдун экөө- үчөө быйыл жайында үйлөнүү тойлоруна чакырып атышат. Жайында бул жакка келсемби деген оюм бар.

— Ал эми өзүңдүн тоюңчу?

— Азырынча бойдокмун.

— Кыргыз кыздары жагып атабы?

— Жагып атат, эгерде эле мен аларга жакпай калбасам…

Маектешкен Айгүл Бакеева, «Полит Клиника», 27.03.2015-ж. 

Соц тармактар:

Добавить комментарий