Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина: “Түшүмдө атам келди”

Сүрөт КТРКнын сайтынан алынды
Сүрөт КТРКнын сайтынан алынды

Жусуп Абдрахмановдун атына заты жарашкан Ленина аттуу кызы атасынын атын калыбына келтирүүгө, калың элге жайылтууга опол тоодой эмгек жасап келатат.

Бүгүнкү күнү Ленина Юсуповна 80 жашка таяп калса да, кадимкидей калбаат. Көзү бир топ жылдан бери көрбөй калган, кулагы дагы катуу, бирок арыз- муңун айтканды жактыра бербейт. Күйөөсү көп жыл мурун кайтыш болуп, азыр жалгыз жашайт. Балалуу болбогону менен жээндери, жээн небере — чөбөрөлөрү аны эч нерседен кем кылбай каралашып келатышат. Жашаган үйү атасы реабилитация болгондон кийин Исхак Раззаковдун учурунда, 1958- жылы мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген. Ал убакта 3- кабатта апасы менен мешке от жагып жашашчу. Азыр меш жакпай, жалпы жылуулук, ысык суу киргизилсе да, азыркы түшүнүк менен алганда “кепе тамдын” 3- кабатында мамлекеттин эркиндиги үчүн жан аябай күрөшкөн, кыргыз элинин чыгаан уулунун урпагы жашап келет.

Тарыхтын эстелиги сыяктанып, ошол үй ичи жарык, таза, меймандос. Атасындай болуп Ленина өзү дагы билимдүү, ак сөөк. Жусуп Абдрахмановдун дагы бир кызы, Аида, 88 жашка чыккан, илгери “эл душманынын кызы” делген убактарда Казакстанга турмушка чыгып, ошол жакта жашап калган.

Ленина Юсуповнанын жеке эмгеги деле опол- тоодой. Заводдордо иштеп келди, 30 жылдай атасын партиянын мүчөлүгүнө кайра калыбына келтирүүгө чуркады. Анда эмесе, атанын чыгаан кызы менен аңгемебизди баштайлы.

— Ленина Юсуповна, сиз менен канча бир жылдан кийин кайрадан кезигишип олтурабыз. Ушул үй бүт кыргыз элине жарык чачып тургандай, тарыхтын бир үзүмүндөй сезилет. Сиздин чайыңыз, дасторконуңуз дале баягыдай жайылуу. Ким жардам берет?

— Адам баарына көнүп калат экен. Боолголоп, баарын колум менен туям. Үй жыйнагандар келип турушат, жээндерим, неберелерим, кудагыйым тамагымды белендешет, айтор кароодон кем эмесмин. Жакында бир кызыктай түш көрдүм: Элдин баары саябан бактан чыгышып “Жусуп Абдрахманов бизге кайтып келди!” деп кыйкырып жатышыптыр. Атам бир кишини желкелеп, урушуп жаткандай. Мен болсо “Ата, сени дагы кайра сатып кетишет, тигини кое берчи!” деп кыйкырып турам. Ошондо атам: «Ленина, сен 9 айлык кезиңде менден айрылбадың беле, мени тааныдыңбы?” десе, «ооба» дедим. Чынында атамды көргөн эмесмин да. Аида эжем 11 айымда атамдан ажыраганымды айткан. Көрсө, атамдын арбагы түшүмдө айткандай, 9 айымда түрмөгө атама апам мени көтөрүп барып жүрүптүр. Менин оюмча, атамдын арбагы келди. Мен ошол түштөн улам Кыргызстан үчүн жакшы нерсе болорун сезип жатам.

“Атаңды көргөн өлбөсүн” дегендей, атамды көргөндөрдөн ал тууралуу сураштырып жүрдүм. Атамды көргөндөрдүн эң акыркы могиканы Кайып Оторбаев эле. Минтип көзүмдөн айрылып, ал кишинин зыйнатына машина жиберишсе да бара албадым. Ушул киши агам Анвар менен курдаш, мени Аида эжемдикине Алматыга алып барган жакшы санаалаш киши эле. Түгөлбай Сыдыкбеков дагы атам тууралуу айтып берген. Бир жыйналышта кагаз карабай, 6 саат бою болуп көрбөгөндөй чечендик менен элдин көңүлүн бурганын айтып берген. Атамдын кандай киши болгонун анын күндөлүгү колума тийгенден кийин жакшыраак билдим. Сезимтал, элим- жерим дегенде ак эткенден так эткен киши болгон экен. Күндөлүк атам партиянын мүчөлүгүнө калыбына келтирилгенден кийин, 1989- жылы колума тийди. Шолоктоп ыйлап окугам, атам менен жолуккандай, атамды көргөндөй болгом. Ошол кездеги ишмерлерден айырмаланып, күндөлүктү атам гана жазыптыр.

— Күндөлүк орус тилинде жазылган турбайбы? Биз аны которуп, гезитке жарыяласак кантет?

— Которуп жарыялай бергиле. Эл билсин, окусун. Дагы бир котормосун менимче даярдап жатышат. Азыр Жусуп Абдрахмановду 90- жылдардан бери жакшы билип калышты. Көчөдөн бир таксистке отурсам, кимдин кызы экенимди билгенде, айдоочу таң калды. Атам кыргыз элин бөтөнчө сүйгөн патриот экен. Иниси Токого «Токо, эч бир кабатыр болбо, мен кыргызды сыйлаган, элдин салт- санаасын билген аялга үйлөнөм» деп жазып жатпайбы. Атам билимдүү болуп, көп тил билген, немис, фарси тилдерин да билген.

Атамдын жээн чөбөрөлөрү иликтеген дагы бир окуяны айтып берейин. Көрсө, атам Персияга элчи да болгон экен. Анын чет өлкөлүк паспорту, ошол кездеги сүрөттөрү колума тийип калды. Ошо жээн неберелер иликтеп, бир кызык нерсени ачышты. Көрсө, 1925- жылы атам Персияга Россия тарабынан жөнөтүлүптүр. Ошол кезде эмнеге атам ал жакка жиберилгени белгисиз бойдон калган экен. Ал эми ошол жылдардагы документтерди иликтегенде, Громыконун докладында Персияга АКШ, Англия киши жиберип, нефть иликтемекчи, иштетмекчи болушуптур. Фарси тилин билген атам ал жакка алардан мурун жиберилип, кийин АКШылыктар нефть иштетпей, англичандар такыр эле келбептир. Көрсө атам ал жакта иштеп кеткен экен. Айтор, атам кайсы иште болбосун, биринчи жол баштоочу болуптур. 26 жашында Эл комиссарлар Кеңешинин төрагасы катары элди ачарчылыктан сактап, не деген иштерди аткарбаптыр. ОСОВИАХИМ же ДОСААФтын биринчи төрагасы болгон. Жакында ошонун урматына ОСОВИАХИМдин медалын мага тапшырып кетишти. Жакында Балыкчыда көчөнүн атын беришти, Бишкекте көчөнүн аты аталган, Караколдо эстелиги турду. “Рух ордого” эстелиги орнотулду.

— Сиз Жусуп Абдрахмановдун кенже кызысыз да, улуулары кайда жашашат?

— Аида эжем Алма- Атада, 88 жашка келди. Раиса эжем каза болуп калган. Агам Анвар согуштан оор жарадар болуп келип, келгенден кийин эле каза болуп калган. Анвар байкем үйлөнгөндөн 8 күндөн кийин эле кайтыш болгон. Агам үйлөнгөндө бизде дасторкон жок, марлиден курап, дасторкон жасап, өзү кагаздан гүл жасап, үйлөнүү үлпөт өткөргөн эле. Аида эжем окууда экенде, байкем ага “ушундай сонун үйлөнүү үлпөтү болду” деп жазып жатпайбы!

— Мамлекет сизге каралашып турабы? Үй алмаштырууга мамлекеттен өтүнүч кылган жоксузбу?

— Мамлекеттен айлансак болот. Алмаз Шаршенович Атамбаев жакында 70 миң сом каражат бөлдүрүп берди. Тамдын үстүнөн суу агып, айламды кетирип жаткан. Эми суу акпай, жакшы болуп калды. Ушул тамды Раззаковдун учурунда, 1958- жылы беришкен. Андан бери меш жакпай калганбыз, жалпы жылуулук, ысык суу бар. Кезинде өзүм деле 10 жыл чоң заводдун профсоюзун жетектегем, кааласам ошондо деле алмаштырып алмакмын. Бирок атамды тартып калсам керек, элдин ушундай да тамы жокто, мага эмне жок дечүмүн. Мурдагы кесиптештерим келсе, ушундай тамда жашаганыма таң калышат. Үйүм 3- кабатта болуп, чыгып- түшкөнүмө кыйын экен, эшикке да чыга албай калдым көзүмдүн айынан.

Азыр эмне, сонун заман да. Бир кезде биз ачкалыктын айынан көмүр жечүбүз, чөп жечүбүз. Атам менен иниси Токону түрмөгө, төртөөнү фронтко айдашып, апамды балдары менен калтырышкан. Чоң энем ачкалыктан каза тапкан. Апам байкуш такыр эс алууну билбей иштеди. Биз “Шанхайда” (азыркы “Түштүк- 2” кичи району — ред.) жашачубуз.

Атам чыгармачыл адам болуп, Владимир Маяковскийдин 30 жылдыгында туулган күнүнө чакырылып, ага жыгач тармал козу белекке берип, биздин айыл чарбалуу мамлекеттин бир өзгөчөлүгү деп айтыптыр. М. Булгаков, Анна Ахматова менен чыгармачыл байланышта болгон. Атам Ленин менен комсомолдун съездинде президиумда бирге олтурган, Иосиф Сталинге жыйналышка кечигип келгенде, эскертүү жасаган экен. Айтор, атам биринчи Эл комиссары, биринчи элчи, ар иштин өтөөсүнө чыккан ишмер, көкжал, өз элинин патриоту деп жалтактабай айтамын. Мен дагы атамдын атын элге жеткирүүгө, абийирдүү атын кайта кайтарып, партия мүчөлүгүнө калыбына келтирүүгө кандайдыр бир эмгек жасоого жетишип калдым.

Маектешкен Айгүл Бакеева, «Полит Клиника», 25.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий