Турсун Тураева, Болот Бейшеналиевдин жубайы: «БИЗ ТААНЫШКАНДА БОЛОТТУН АЯЛЫ БАР БОЛЧУ, ОШОГО КАРАБАЙ 4 ЖЫЛ КҮТТҮМ»

Кыргыз кереметин керемет кылган дөө-шаалардын арасындагы Болот Бейшеналиев деген ысымды билбеген кыргыз кыргыз эмес десек аша чапкандык болбос. «Ак Мөөрдөгү» Болотту, «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөндү, «Махабат дастанындагы» көзү азиз Жалман карыяны ким билбейт? Болот аганын көзү өтсө да, анын жараткан образдары көрөрмандардын көз алдында өмүр бою калат. Актёр 3 жолу турмуш жаӊырткан. Анын үчүнчү жубайы Турсун эже «Болот экөөбүз 11 жыл чогуу түтүн булаттык, ынтымактуу, жакшы жашадык» деп эскерет.

«БОЛОТТУ СҮЙБӨЙ КОЮУ МҮМКҮН ЭМЕС ЭЛЕ»

– Болоттун Ражап деген сүрөтчү агасынын обон чыгара коймой жайы бар эле. 1987-жылы курсташым Эсенбек Мааданбеков «Ражап байке бир обон чыгарыптыр, угуп көрбөйлүбү» деп калды. Мен ал кезде филармониянын солисти элем. Ошентип Ражап байкенин иш кабинетине бардык. Отурсак эле ак Жигули токтоп, ичинен узун бойлуу киши түштү. «Болот Бейшеналиев келе жатат го» десем, Ражап байке «ал менин иним» деп күлүп калды. Ал учурда Болот Дооронбек Садырбаевдин «Махабат дастаны» тасмасына тартылып жүрүптүр. Ошондо таанышып калдык.

Андан көп өтпөй эле Ражап байке үйүнө конокко чакырып, ал жерде да чогуу отурдук. Мага Болот биринчи көргөндө эле жаккан. Узун бойлуу, келишимдүү, атактуу мырзаны кайсы айым болбосун сүйүп калышы мүмкүн эле. Мен да Болотко бир аз жагып калдым окшойт. Биз таанышканда ал 50дө, мен 36да болчумун. Болот ошону менен Москвага кетип калды. «Мосфильмде» иштеп жүргөнүндө азиат улутундагы мейли чукча, якут, казак, монгол каарман болобу, көбүн Болот ойночу экен. Ал жакта котормочу болуп иштеген Стелла аттуу аялы менен жашап жүрүптүр. Аны менен 17 жыл жашап, балалуу болбоптур.

Биздин таанышуудан 4 жыл өткөндө болсо керек, Алиман Жангорозова баштаган топ казактардын тасмасына түшүү үчүн Москвага барышкан. Аларга кошулуп Болоттун апасы да баласына барыптыр. Ошондо кайненем «сени мекениӊе алып кетем, келбесеӊ топурагымды түйүп берем» деп уулуна көшөрүптүр. Апасынын сөзүн эки кыла албаган Болот мекенине келген экен. Келгенин угуп үйүнө издеп барсам, энеси тосуп алды. Таанышкан күндөн бери ал киши эч оюмдан кетпей койгон. Анын Москвада аялы бар болчу да, мени менен бирге болбойт деген ой эмнегедир оюма да келбептир. Жүрөгүм дирилдеп күтүп туруп алды. Анан энесине дарегим жазылган катты таштап коюп кетип калдым. Ошол дарек боюнча мени издеп келди, аябай толкундандым. Ошондон кийин жакындашып кеттик, анан үйлөнүп калдык. Анда мен жолдошум менен ажырашып, үч кызым менен бой жүргөм.

 

«ЧОРОНУН БАЛАСЫН МЕНЧИКТЕП АЛГАН»

– Турмуш курардын алдында экөөбүз теӊ тереӊ ойлондук. Анткени мен ал кезде жатын түтүктөрүмдү алдырып төрөттөн калган элем. «Мейли эми, экөөбүздүн теӊ балдарыбыз бар, ушулардын жакшылыгын көрөлү» дедик. Кайненем «муну кетир, төрөгөн эле аял албайсыӊбы» деп чыкты. Бирок Болот көнгөн жок. Үйүбүз жок болчу, кайненемдин бир бөлмөлүү батиринде жашап калдык. Филармониядан чыгып «Айнур» заводуна жумушка кирип алгам. Анан мага ошол завод «Ош» базарынын жанындагы үйлөрдөн чакан үй-бүлөгө ыӊгайлашкан батир берип калды. Улуу кызым Элизаны турмушка узаткандан кийин экинчи кызым Аиданы актёр Чоро Думанаевге күйөөгө бердик. Кыз-күйөөбүз уулдуу болуп, Аиданы төрөт үйүнөн чыгарганы барсак, Болот ошол жерден «бул бала меники болот, силер тийишпегиле» деп ата-энесине ээ кылбай, үйгө алып келип алды. Биринчи күнү эле илегенге шампан куюп алып киринтти. Эмнеге десем, «ушундай кылыш керек» деп койду. Карап туруп чиркин, ушунча да баласаак болобу деп таӊ калчумун. Нурболот деген ысымды өзү койгон. Жалаягын мага бербей өзү жууйт, бөтөлкө менен сүт берет. Жумушка уулунун байпагын, шымын, көйнөгүн күнүгө алып кетет. Кайтып келе жатканда ошол кийимдерди жыттап келчү экен.

 

«МУРУНКУ АЯЛДАРЫН СУРАП БАШЫН ООРУТЧУ ЭМЕСМИН»

– Болот бирөөнүн көӊүлүн оорутпаган адам эле. Айрыкча аялзатына өтө аяр мамиле жасачу. Менин көӊүлүмдү сөз менен алчу. 11 жыл бирге жашадык, ушул аралыкта мага гүлдөн башка эч бир белек берген эмес. Гүлдү анча жактырчу эмесмин,«башка нерсе деле берип койсоӊ боло, сүйүнүп калайын» деп таарынсам, «я сам подарок» деп көкүрөгүн ургулап койчу. Ага да алымсынбай, «деги мени жакшы көрөсүӊбү?» деп сурап койчумун. «Жакшы көрбөсөм ушул жерде жүрөт белеӊ?» десе сүйүнүп калар элем. Кээде «мурда эле жолуксак эмне, балдарыбыз дагы өзүбүздүкү болбойт беле» деп өкүнүп калчу.«Жаш кезде жолукканда сен мени карамак эмессиӊ да» деп күлүп калчумун. Бир жолу түркмөн аялы менен жашап жүргөнүндө араба (коляска) сүйрөп бара жатканын көчөдөн көргөм, ошондо күйөөм болуп калат деп ким ойлоптур?

Өмүрүнүн акырында поэзияга ыктап калган. Таттыбүбү Турсунбаевага арнап да ырларды жазды. Окуп чыгып «бул жерин мындай кылсаӊ болбойбу?» деп түзөп берчүмүн. Таттыбүбү менен таанышканда Болот 20дан жаӊы ашса, Таттыбүбү 20га да чыга элек кыз экен. Мындайча айтканда экөө теӊ бала да. Ал сүйүүдө эмне күнөө? Мага да арнаган бир топ ыры бар.

«Ак буурул болгон кезимде,
Кезиктим жаӊы сезимге.
Шашкеге чейин жолукпай,
Кечигип келдиӊ бешимде.
Окшоду жашоом жомокко,

Ушуну Кудай жоготпо.
Эгерде мунум түш болсо,
Суранам сенден ойготпо»
.

Мурунку аялдарын сурап башын оорутчу эмесмин. Өткөн иш өттү, азыр меники деп ойлончумун. Биринчи жубайы түркмөн кызы Гүлсара, андан Азиз аттуу уулу жана Гүлназ деген кызы бар эле. Гүлназ атасы өтүп кеткенден 2 жылдан кийин ашказаны ооруп каза болуп калды. Азиз атасынын жолун жолдоп мыкты актёр болду. Анын көзү, мурду апасына окшошуп кетет, а Гүлназ болсо атасынын эле көчүрмөсү болчу. Мени аларда баласына «кыргыз келинди жактырып калдым, алайын деп жатам, кандай дейсиӊ?» деп сураптыр. Анда Азиз «сизге жакса болду да» дептир. Кийин Азиз «сизди атама мен ал деп айткам» деп калчу. Азиз менен күн алыс сүйлөшүп турам. Сейтекболот деген уулу бар.

 

«КАЗА БОЛГОНУН БИЛБЕЙ ТАКСИГЕ САЛЫП…»

– Чоӊдор кийлигишип Чыгыш-5 кичи районунан 2 бөлмөлүү батир беришкен. Ал үйдө бир гана жыл жашагандан кийин өтүп кетти. Ошол күн дале эсимде. Мен анда поликлиниканын архивинде иштечүмүн. Эртеӊ менен жумушка кетип баратсам«кеттиӊби, бүгүн кино күнү эмеспи, барбайсыӊбы?» деди. «Өзүӊ бара берчи, мен жумушка кеттим» дедим. Аялдамага барып көпкө карап турдум. Ары-бери эле басат, бирде асманды, бирде күндү, бак-даракты карайт. Мен буга эмне болду деп ойлоп коём өзүмчө. Кеч кирди, жумуштан келип көпкө күттүм, жок. Анан бирөө телефон чалып, «Болот байкени машинадан түшүрүп алгыла» деди, «түшүрүп алгыдай буту жок беле?» дейин десем трубканы коюп салды. Катуу кызып калган го деген ой кылт этти. Барсак машинанын арткы орундугунда көмкөрөсүнөн жатыптыр. Өлөт деген ойдо жок, ушунча да ичеби деп колдорун кармалап коём. Аялдамага чуркап барсам эки бала туруптур. «Байкеӊер ичип алыптыр, үйгө киргизишип койгула» деп ээрчитип келдим. Үйгө алып келсек шалкылдайт эле шалкылдайт. Көрсө, кино күнүн майрамдап отурганда эле үзүлүптүр. Орозбек Кутманалиев Болоттун отурган жеринде жаман болуп кыйналып жатканын байкап, кызып калса керек деп ойлоптур. Баары кетип, столго таянган боюнча Болот эле жалгыз калган экен. Кимдер экенин билбейм, 2 киши эки колтугунан сүйөп келип машинага салып жиберишиптир. Ошентип Болотумдан айрылдым. 3-4 жыл көнө албай, бир күнү үйгө кирип келчүдөй күтүп жүрдүм. Азыр деле түшүмө көп кирет, унчукпай карап туруп жок болуп кетет. Түшүмө кирген сайын гүл көтөрүп алып жаткан жерине барып, айлана-тегерегин тазалап калам, ошондо жеӊилдей түшөм.

Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №645 13-март-19-март, 2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий