Калыбек Назаралиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «ТАГДЫРЫМ БАКЕН ЭЖЕНИ КАЙТАЛАП КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»

Бул жолку баяныбыз «Достор», «Президент жана бомж» тасмаларында селсаяктын ролун жараткан театр актёру Калыбек Назаралиев тууралуу болмокчу. Кезинде Кыргыз улуттук драма театрында, Нарын театрында кайталангыс ролдорду жаратып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти наамын алган. Кейиштүүсү актёр бүгүн Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашайт.

«МАСТЫН РОЛУН АТКАРЫП ОКУУГА КАБЫЛ АЛЫНГАМ»

– Талас облусунун мурунку Киров, азыркы Кара-Буура районундагы Кара-Суу айылында 1951-жылы туулгам. Апам эрте каза болуп, атам башка аял алып кетти. Мектепти аяктап жатканда милиция кызматкери болом десем, агам каршы болуп койду. Аскердик милдетимди өтөп келгенден кийин бир кесиптин ээси болууну көздөдүм. Бир күнү жолдо кетип бара жатсам бүктөлгөн гезит жатыптыр. Ичин ачып окусам «Кыргыз драма театрына таланттуу улан-кыздарды кабыл алабыз» деген кулактандыруу бар экен. Ушул окууга тапшырайын дедим. Театрга сынакка келсем калыс болуп Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Галина Ибраимова өӊдүү залкарлар отуруптур. Мени сүйлөтүп көрүшүп «атыры, жатыры дейт экен, сүйлөгөнү жаккан жок» деп албай турган болушту. Анан Муратбек агай «балам, этюд дегенди билесиӊби, бир нерсени туурап бере аласыӊбы?» деди. Оюма бала кезден бери айылда көрүп жүргөн мас киши түштү. Тамтаӊдап барып эле Муратбек агайдын алдына жыгыла бердим. «Турчу ары» десе деле болбой бутун кучактасам, «баракелде, талантыӊ бар экен» деп окууга кабыл алышты. Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаев, Эгемберди Бекболиевдер менен бирге окудум.

Бир күнү бизди «Улан» аттуу кинонун массовкасына тартылууга чакырышты. Газондо бир мас киши жаткан. Бул масты да киного тартат окшойт деп ойлоп жаткам. Бир убакта режиссёр «тартып баштадык, орду-ордуӊарга отургула. Келиӊиз, Суке»десе жанагы мас шляпасын кыйшайтып келе жатат. Көрсө, ал Сүймөнкул Чокморов экен. Эки жылдык окууну бүткөндөн кийин мени Кыргыз драма театрына алып калышты. Ал жерде эки жылдай иштедим.

 

«КЫРГЫЗ ДРАМА ТЕАТРЫНАН КЕТКЕНДЕ ЫЙЛАГАМ»

– Студент кезимде 17-кесиптик окуу жайда тикмечиликте окуган бир кыз менен тааныштым. Ал кыз кийин жарым болду. Өзүм ойногон спектакль болордо аны курбу кыздары менен театрга ээрчитип келип, арткы катарга отургузуп койчумун. Көӊүлүбүз табышып айылга ала качып барып баш коштук. Бир балалуу болуп бактылуу жашап жатканбыз. Бир күнү театрда аттестация болуп, Москва менен Ташкенттен бүтүп келген жогорку билимдүүлөрдү алышмак болушту. Мени «жогорку билимиӊ жок» деп аттестациядан өткөрбөй коюшканынан ыйлагым келди. Башымды жерге салып турсам режиссёр Бообек Ибраев «эмне мүӊкүрөп жатасыӊ?!» деди. Агайга «балам бар, үйдө жалгыз акча тапкан мен болсом, эми эмне кылам?» дедим. «Сенин келечегиӊ алдыда, жакшы актёр болосуӊ. Азыр Нарын театрында тандоо жүрүп жатат, ошол жакка барып көр» деген кеӊешин берди. Нарынга кетели десем жубайым болбой койду. Өзүм ошол жакта иштеп калдым. Кийин эмгегим бааланып Нарындан үй берилгенден кийин гана барды. Андан соӊ дагы бир уул, бир кыздуу болдук. Москвада өткөн декадада коюлган спектаклдеги ойногон ролум үчүн Кыргыз ССРинин Эмгек сиӊирген артисти наамын беришти. Нарын театрында 10 жылдан ашык эмгектенип, Союз таркагандан кийин жубайым «борборго кетебиз» деп туруп алды. Бишкектен үй алып көчүп келдик.

 

«БАШТАГАН БИЗНЕСИБИЗ ТАГДЫРЫМДЫ ТАЛКАЛАДЫ»

– Шаарга көчүп келгенден кийин Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрына жумушка орноштум. Улуу балам «ата, элдин баары бизнес кылып жатат, биз дагы аракет кылып көрбөйлүбү?» дегенинен цирктин жанындагы кафе-барды ижарага алып иштете баштадык. Бир күнү барга эки бала келип ичкен-жегенин төлөбөй, официанттарды сөгүп жатыптыр. «Балдар, койгула»десем бири башыма кастет менен коюп жиберди. Эс-учумду билбей жатып калган экенмин, алар башыма тепкилей бериптир. 9 күн комада жатып өзүмө келдим. Жарым жан болуп калгандан кийин эч кимге керегиӊ жок болуп калат экен. Аялым болор-болбос нерсе үчүн уруш чыгарат. «Сенден кутулбас болдум» деп айтканда ачуум келип терезени колум менен уруп жибердим. Балам көтөрүп келип керебетке жаткызды. Кызым бетиме уруп жатат. «Эмне уруп жатасыӊдегениме болбой койгулай берди. Үй-бүлөмдөн ушундай кордук көргөнүмө ызаланып шаарда жашаган агамдын балдарына барып мени Таласка, байкемдикине жиберүүсүн өтүндүм. Кетип жатканда жубайым «экинчи кайрылып келбе» деген сөзүнөн жүрөгүм муздап калган.

 

«КҮМӨНДӨР ШААРГА АЛЫП КЕЛБЕСЕ МЕНИ ЭЧ КИМ ЖОКТОМОК ЭМЕС»

– Ошентип байкемдикинде кой кайтарып жүрүп калдым. Мени эми эч ким жоктобойт деп калгам. Аскар Акаевдин убагында шайлоо болуп куудул Күмөндөр Таласка барып калган экен. Ал менин кор болуп жүргөнүмдү угуп, атайын издеп келиптир. Жолугуп «шаарга кетесизби?» деп сурады. Ошол убакта жол кирем жок, шаарга келе албай жаткам. Акчам жок экенин түшүнгөн окшойт, Күмөндөр коштошуп жатканда чөнтөгүмө бир нерсе салып «бул менин телефон номерим, байланышып туруӊуз» деди. Алар кеткенден кийин жеӊем «суу алып кел» дегенинен булакка барып ачып карасам, 1500 сом акча жана өзүнүн телефон номери жазылган кагаз бар экен. Мен байкуш аны катып алгандан коркуп, «кетерде сизден алам» деп жеӊеме берип коюптурмун. Жолго чыгарда жеӊемден сурасам жок кылып койгон экен, агам акча таап берип шаарга келгем.

Куурчак театрынын директору театрдын бир бурчунан жай берип, ошол жерде жашап жүрдүм. Ал жакта жашап жүргөнүмдө «Достор», «Президент жана бомж» тасмаларына режиссёрлордун сунушу менен тартылып калдым. Өткөн өттү деп бир күнү жубайыма барсам кабыл алган жок. Улуу балам тирүүсүндө үйүнө алып барып жуунтуп, чайын берип жүрчү. Тагдыр экен, уулумдан эрте айрылып калдым. Азыр кенже уулум, аталаш инилерим келип турушат.

 

«КАРЫЛАР ҮЙҮ ӨЗ ҮЙҮӉӨ ЖЕТПЕЙТ»

– Небере жыттап төрдө отурчу куракта карылар үйүндө жашап жатам. Бул жерде мени баары Эмгек сиӊирген артист деп сыйлашат. Театрдагы мени урматтаган инилерим карылар үйүнө киргизип коюшту. Өз бөлмөм бар. Китеп окуйм, бул жердеги карылардын тагдыры тууралуу киносценарий жазсам деп ойлойм. Бирок ден соолугум мүмкүнчүлүк бербейт. Өлүгүм ушул жерден чыгарын ойлосом сай сөөгүм сыздап кетет. Тагдырымды Бакен Кыдыкееванын тагдырына окшоштуруп коркуп кетем. Бирөө жарым келиптир десе кайсы жакын тууганым келди деп үмүттөнүп жолун карайбыз.

Султан Төрөбеков, «Супер-инфо», №646 20-март-26-март, 2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий