Сулайман Рысбаев. «Умай бала»

(жомок повесть)

(Уландысы. Башы)

 

3-БӨЛҮК

Төрөт үйүнөн алмашылган наристе

Акылтай мектепке бара турган болду

Тайыр менен Сауле уулу чоңоюп келатканына бир жагынан сыймыктанса, бир жагынан, кайсы мектепке берсек экен — деп, тынчы кете башташкан эле. Акылтай атасы алып берген сүрөттүү «Алиппе» китебиндеги тамгаларын эчак таанып, шатыратып окуп калган. «Эми буга кайрадан тамга таанытып отуруунун кереги жок. Бекерге баланы бир жылга артка тартып, убактысын алып эмне? Мектепте баланын билгенин күн сайын кайрадан сурап отуруу тажатып жиберет го» дешип, мугалимдиктин сырларын анча ажыратып түшүнө алышпаса да, өз-ара күбүр-шыбыр кеп кылышат.

Бирок баласы үчүн  ата-энеден өткөн мугалим да, тарбиячы да болбостугун эч ким баамдабайт. Ошентсе да, бала деген бала да, мектепте мугалими эмне тапшырма берсе аткара бермей адат болуп калган эмеспи. Азырынча, сырткары чыгып көнө элек балага кандай мектеп болсо да, үйгө жакын болсо жакшы болмокпу, ким билет. Ата-энеси жумуштан келгенче, сабагынан чыгып, өзү үйгө келип, өзү курсагын тойгузуп, эс алып, достору менен бирге аман-эсен ойноп жүргөнү да жакшы го… Анткени атасы Тайыр менен апасы Сауленин иштеген иштери эки башка жерде, тээ борбордо да. Эртең менен кетип, кечинде зорго үйгө кайтышат…

Ушуну ойлоп келатты Тайыр, өзүлөрү жашаган «Нооруз» кичирайонунун чоң мектебине Акылтайды апкелатып.

Мектепке келгенде директор Тайырды 1-класска кабыл алып жаткан мугалим эжейге  жиберди. Ал Акылтайдын алдына сүрөттүү тамгалары жыбыраган  китепти койду.

— Кана, Акылтай, тамга тааныйсыңбы? Бул кайсы тамга?

Акылтай китепти бир, эжейди бир ирет карады олуттуу боло калып, анан:

— Мен буларды билем да… — деп, колу менен ары жылдырды.

— А-а, тамгаларды тааныйсыңбы? Азамат турбайсыңбы! Анда бул китептен окуп көрчү…

Мугалим эжей Акылтайга кыргыздын белгилүү бир балдар акынынын кыска-кыска ырларынан турган жыйнагынан бир бетти ачты.

— Бул ырды окуп көрчү…

Акылтай эч буйдалбастан:

— Кү-чүк э-мен жал-бы-ра-гын,

Каз-га тиш-теп ба-рып-тыр… — деп эч буйдалбастан окуду да, кабагын түйө капалуу  унчукту, — Муну мен билем да… Бакчада эжейибиз жаттаткан…

Канча күндөн бери 1-класска балдарды кабыл алып жатса да, бул мугалим мындай баланы жолуктура элек болчу. Ал, биресе таң калып, биресе ыраазы болуп, Акылтайды чачынан сылады. Анан Тайырды уулу менен бирге директорго ээрчитип келди.

— Бул бала мектепке эчак даяр экен. Муну тамга тааныбаган балдар менен бирге  1-класска отургузууга болбойт…

— Андай методика менен окуган мектеп барбы Жашыл-Нурабадда? Жок да, — деди директор тиги мугалимди карап.

«Анда кайда барабыз?» — дегендей, Тайыр аларды суроолуу карады.

— Эксперименталдык класстары бар чоң-чоң мектептер бар, — деди бир аз ойлоно калып, директор, — Аларда тамга таанып келген балдар үчүн өзүнчө программалары болбосо да, сиздин балаңыздардай зирек балдарды өзүнчө класс ачып окутуп  жатышат.

— Айтсаңыз. Андай болсо, сиз кайсы мектепти сунуш кылар элеңиз…

— «Манас-Ата» Улуттук гимназиясын  билесизби…

Баятан китепти ойлуу барактан отурган Акылтай да сөзгө аралашып, атасына бурулду.

— Ата, ошол «Манас-Атага»  баралычы… Ал жерде…

— Аны сен кайдан билесиң, балам? — деп уулунун сөзүн бөлдү Тайыр.

— Күнүгө эле телевизордон айтып жатпайбы…

— Ооба…ооба, мына, балаңыз да билет экен… — деп Акылтайдын идиректигин баамдаган мугалим менен директор каткырып күлүп калышты. — Балаңыз сизден мурда эле  ошол мектепти жактырып тандап жүргөн тура. Эмесе, ошол жакка барганыңар оң.

Ошентип, Тайыр директор менен кош айтышып, эшикке чыкты.

Уулу чоңоюп келатканын көрүп турганы менен, аны кандай мектепте окутуу тууралуу эмгичекти ойлонбой келгенине Тайыр уялып калды. Он баласы болсо го, бир жөн… Жалгыз эле уулу болсо… Анан да айылдан келген малчы болсо бир жөн.

Уят эле иш болду — Тайырдын оюнча.

Ушуларды ойлоп, уулунун зирек сезими бар экенине дагы бир ирет ынанып, аны эркелете кобуранып, уулу өзү каалап турган «жакшы мектепти» көздөй машинасын айдады.

 

Көңүлсүз аятаган кече

Жакшы шылтоо — жакшы отуруштун себепчиси болот эмеспи. Мындай отуруш — шаардыктардын көнүмүш адаты. Уулу мектепке киргенине шылтоолоп, Тайыр менен Сауле кошуналарын, досторун  кечки конокко чакырышкан.

— Уулубуз чоңоюп, киши болуп, мектептин босогосун аттап отурат. «Ата-энелеринин жөрөлгөсү» — деп, силерден бата алганы чакырдык — деп Сауле жетине албай отурду. Үйгө досторунан Азим келинчеги менен, анан да эшиктеш коңшусу Шаабай, келинчеги Гүлай менен келишти.

Үйдөгү чакан майрамдагы жакшы сөздөр Акылтайга арналганы менен, баары өзүлөрү үчүн болду. Акылтайдын мектепке киргени — алар үчүн жакшы шылтоо гана болуп берди. Ичимдиктердин тазасынан «кылт» эттирип коюшуп, саясаттагы «шайтан оюндардан», дүйнөдөгү окуялардан, анан да,  өзүлөрүндөгү жаңылыктардан чер жазыша кеп салып отурушту.

— Эмнеси болсо да, өткөн кыштын суугу менен быйылкы жылдын жайкы-күзгү ысыгындай аба ырайын көргөн эмесмин. Эч нерсе эмес, кыш кирип келсе,  мындай ысыкты да сагынасыңар. Ошон үчүн жакшылап ысып-ысып алалы… — деди Азим отургандарга күлкү чакырып.

— Кыштын кыштай, жайдын жайдай болгону эле жакшы. Бирок, эртең турмуш кандай болот? Балдардын келечеги кандай болот? Келгиле, балдарыбыздын жакшы келечеги үчүн тост көтөрүп коёлу, — деди сөздү башкага бурган Азимдин келинчеги Нурлана.

Сөздү чала кызып калган Шаабай андан ары улап кетти.

— Тайыр менен Сауле эстүү экен. Бир баланы багып чоңойтуу — бүгүнкү заманда кыйын деле эмес. Мына биз — Гүлай экөөбүз балалуу болот  деген ушу деп төрт кыздуу болдук… Айлыгыбыз жетпейт… Кыздарыбыз болсо- чоңоюп келатат…Бала чоңоё баштаганда, алардын түйшүктөрү да чоңоё баштайт экен…

— Эч нерсе эмес. «Кудай-Таала ар бир баланы бергенде өз ырыскысы менен берет» — деген. Сен ага кейибе, — деди ага каршы боло Сауле,-кыздарың чоңоюп алган соң, кийин силерди багышат.

Шаабайдын жанагы сөзү аялын ойго салып койгондой болду. Күйөөсүнүн «төрт кыздуу болдук» деген сөзү — мурдатан жүрөк өйүп жүргөн сөзү да… Ал улам күйөөсүн карап, негедир, тынчсыздана баштагандай сезилди.

Чын эле, дал ошондой болду. Шаабай ичиндеги арманын айтып жиберди.

— Кыз деген бирөөнүн бүлөсү да… Чоңойсо кетип калат. А мага… Менин эркек балам жок… Бул — менин арманым…

Кызып алган соң, күйөөсүнүн ушул сөздү айтарын сезип баятан ийненин үстүндө отургансыган Гүлай күйөөсүн тынчтандырмакка ага ыктады.

— Койчу Шаке! Койчу, кудай берген жылдыздарыбыздын көңүлү оорубайбы… Өзүң да «Менин жылдыздарым» деп эркелетип каласың го…

— Кудайда күнөө жок, Гүлай… Күнөө кимде… Кимде?

— Менде..! Күнөө менде… Ушундан көрөкчө, мени өлтүрүп койсоңчу!..

Гүлай шолоктоп ыйлап жиберди.

Далайдан бери жүрөктү кыйнап келген сөз чыгып кетти… Тигилердин көңүлү деп  бир-эки куюм  ичип алган Гүлай жарылып кетти…

— О, кудай ай! Өлөйүн десем өлө албайм. Кыздарымды кыя албайм…

— Койчу, Гүлай, дагы да боюңда бар! Бир эркек төрөп аларсың… Кудай берерин унутпасын… — деп көңүлүн жайгаргысы келди Нурлана.

«Кайдагы жакшы шылтоо эле! Кайдан да чакыра койдук эле.?!»

Ушуну ойлогон Сауле Гүлайдын көз жашын аарчып, колуна сүлгү карматты.

Отургандардын баары «бир эркек бала төрөп өлсөм-ошондо өлөйүн» деп, жыл сайын төрөй берип чарчап,  эми да  кош боюн эптеп көтөрүп жүргөн арык сары келинди  аяп турушту. Отуруш дымый түштү…

Ата-энелеринин ооздорун карап отурушкан Акылтай, Азимдин баласы Умар, Шаабайдын улуу кызы Адила дагы көңүлсүз боло калышты.

Акылтай кошуна кыз Адиланы аяй тиктеп, «чын эле булардын да эркек бөбөгү болсунчу» деп тилеп кетти.

Элеңдеген Адила жана үйгө келген кибиреген үч сиңдиси энесинин ыйлаганын көрүп элейип тура калышты.

— Апа… Апаке, ыйлабаңызчы…, — деп жалбарып Гүлайдын колдоруна жармашты. Кызыл жүздүү татынакай кыз Адила атасы Шаабайга карап күйпөлөктөп жиберди:

— Ата, сиз апамды урбаңызчы э…

Кыздын бул сөзү отурушту уютуп таштагандай болду. Баары коргошундай уюп, отурган жеринде катып турушту.

Эх, десең! Көрсө, улуулар акылдуусунганы менен, алар өз проблемасын гана ойлонуп,  балдарга кедергисин тийгизерин байкашпайт тура…

Акылтайдын эсине Умай досу келе калды. Саатты карады. Эчак түнкү он бир болуп калыптыр… Уйкусу келгенин сезди… Маанайынын чөгө калганы жаткысын келтирди. Диванга кыйшайып, бат эле уктап кетти…

(Уландысы бар)

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Добавить комментарий