Жолон Мамытовго – 75 жыл: “Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга издөө үчүн келгенмин”

Кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүктүү акыны Жолон Мамытов көзү тирүү болгондо ушул жылдын 1-апрелинде 75 жашка толмок. Кыргыз поэзиясынын жанып турган жылдызы катары таанымал акындын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол, кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет элдиктердин тилдерине да которулган, өзү да Ф.Тютчевдин, А.Феттин, В.Маяковскийдин, М.Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.Ошондой эле Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин белдүү жетекчилеринен, жаш калемгерлердин насаатчыларынан болгон.

 

Алыкул сыйлыгы кантип уюштурулган?

Алп акындын жубайы, акын, жазуучу, драматург Менди Мамазаирова эжебиз менен телефон аркылуу сүйлөштүк… Адаттагыдай балдарынын атасы, элдин сыймыктуу акыны тууралуу айтып түгөтө албаган эскерүулөрүнөн бу жолу да бир үзүм айтып берди…

– Жолон агайыңар Алыкул Осмоновдун поэзиясын өтө сыйлачу. Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары болуп турганда бир топ акындар болуп кеңешип, Алыкул атындагы адабий сыйлыкты уюштурууга өтө катуу киришкени эсимде. Жобосун жазып алып, Борбордук Комитетке, бир топ тиешелүү жерлерге таманы тешилгенче чуркаган. Сыйлык уюшулуп, биринчи лауреаттары Байдылда Сарногоев менен Рамис Рыскулов болду эле. Ошондо алар кадимки “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдындагы кичинекей аянтчага сахнача жасашып, микрофон орнотушкан. Жазуучулар, поэзия сүйүүчүлөр бери тарабында, көрүүчүлөр жана угуучулар ары тарабында – тротуарда турганбыз. Кубанычтуу, чоң майрам болгон. Сыйлыктын маани-маңызы тууралуу айтышып, аны биринчи лауреаттарга тапшырышып, ырлар окулуп, биз кол чаап, ушундай бир майрам болгон. Бул сыйлыктын уюшулушуна Жолондун, Асандын ж.б. эмгеги чоң.

 

Жолондун апасы Алыкул жөнүндө…

Ал эми Алыкулдун биздин айылга – Төлөйкөнгө барганы тууралуу Жолон көп айтчу. Жолондун апасы Алмакан байбиче да: “Өз колумдан даам таткан”, – деп калар эле. Жолондун агасы Тургунбай Ражапов да кыйын чыкма жигиттерден болгон. Айылдагы биринчи ачылган мектепти жетектеп, Оштогу айтылуу Жибек комбинатынын да директору болгон, айтор, жаңы турмуштун алдыңкы жаштарынан болгон экен. Кадимки эл акыны Темиркул Үмөталиев менен Оштогу техникумда бирге окуп, жакшы жолдоштор болгонун укчумун. Кийин Темиркул Үмөталиев Фрунзеге окуп, иштегени которулуп кетет. Бирок,түштүккө каттаган сайын Тургунбай Ражапов менен катышып турат. Ошондой күндөрдүн биринде Алыкул Осмоновду да ээрчитип барат. Алыкул элдик оозеки чыгармаларга кызыгып жүргөн тура. Ошондо Тургунбай досунукуна барып, кыйла жүрүп калышат. Темикемдер Алмакан (Тургунбайдын өгөй апасы да) байбиченин таруу бозосун ичип, ысылыгына козусун жеп, мейман болушат. Алыкул болсо сураштырып атып, айылдагы Тажибай деген кишини таап, анын оозунан «Ак Саткын менен Кулмырзаны» жазууга киришет. Берки досторуна келбей, ошол адамдын саман тыгып матрац жасалган темир керебетине бир жума жатып, жанагы уламышты жана бир топ ырларды жазып алганга үлгүргөн экен. Кайненем Алмакан байбиче айтар эле: “Алыкул деген акын бала арыкчырай, ачылып көп сүйлөбөгөн, түнтүрөөк экен. Ар бир жолу тамак ичкен соң “рахмат” дечү…” – деп.

Жолон, Алыкулду өз апасынын колунан даам сызып, ошол чөлкөмдө жүргөнүүчүн да өзгөчө, башкача бир берилүү менен кеп кылып, көп ырларын жатка билчү. Алыкул атындагы адабий сыйлыкты уюштурууда алдына койгон бир максаты аткарылганына каниет алып, көпкө кубанып жүрдү, – деди Меңди эже.

Ал эми бул ырды жаш акын Жолон убагында Меңди Мамазаировага арнаган экен…

ИЗДЕЙМ СЕНИ

Обону – Рыспай Абдыкадыровдуку

Издейм сени арасынан элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга издөө үчүн келгенмин.

Акпы, көкпү же сарыбы жоолугуң,
Жоолугуңдун түсүн билбей оорумун.
Күзгө калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан азууда ден соолугум.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Гүлзарынан күндөй кооз жерлердин.
Сен ааламга кыйноо үчүн жаралсаң,
Мен түбөлүк кыйналууга келгенмин.

Кызыл бекен, пушту бекен көйнөгүң,
Мынча оңой алоолонтуп ойнодуң.
Мүмкүн ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою бир көрүнбөй койгонуң.

Даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 06.04.2015-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий