Сооронбай Жусуев, Кыргыз Эл акыны: «Согуштан келгенде Жоомарттын колун кармап, алкышымды айтайын деген максатым орундалбай калды…»

Сооронбай аба кан күйгөн майданга кеткенде болгону кырчындай 18 жаш курактагы жигит кези экен. Өзү айткандай, согушка согуш эмне экенин билбей кетип, аны качан ажал учкан майдан талаасына барганда гана тааныган айылдык боз улан жүрөк үшүн алган нечен ажалдан аман калып, тынчтык күндөрдү көрүү бактысы буюруп, Эл акыны болгон бактылуу жашоого кез келип отурат. Бүгүн ардагер акын менен быйыл 70 жылдыгы белгиленгени турган Ата Мекендик согуш туурасында сукбат курдук.

— Сооронбай аба, согуш дегенде оюңузга эмнелер келет?

— Мен Кара-Кулжа районунун эң алыскы аймагы болгон Алайкуу деген өрөөндүн Кызыл-Жар деген кыштагында 1925-жылы туулганмын. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Алайкууда чек ара заставасы бар эле, ал жерде көбүнчө орус жигиттер кызмат кылыша турган. 1941-жылы 22-июнда айылдык дүкөндүн жанында топтолушуп турсак, бир-эки атчан чек арачы аттарын сууну кечтирип келишип бизге, «бүгүн Германия менен согуш башталды» деп жарыя кылышты. Айылда анда радио деле жок болчу, ошо чек арачылар согушту бизге алгач жеткиришти. Анда согуш эмне экенин түшүнгөн да жокпуз, алдыда эмне болуп кетерин деле ойлободук. Айылдагы жигиттерди военкомат согушка чакыра баштады. Арадан аз өтпөй, согушка катышып курман болгон жигиттер жөнүндө алгачкы кара кагаздар келе баштады. Аларды ата-энелерине угузуп, элдин арасында ый, өкүрүк чыккан күндөр келди. Мындан улам согуш эмне экенин аңдап биле баштадык. Анан 1941-жылдын аяк ченинде, ноябрда Москванын алдында баатырдык менен өлүшкөн 28 баатыр тууралуу уктук. Ошол кезде патриоттук сезим абдан күчтүү болчу. Биз, өспүрүм балдар да ошол 28 баатырдын ордун басып душман менен кармашалы деген ниет болду бизде дагы. Ошондо мен 16 гана жашта экенмин. Арадан 2 жыл өтүп 18ге толдум. Мени да военком чакырып, өзүм курактуу жигиттер менен армияга алды. Кара-Кулжа кыштагынан Өзгөн, Кара-Суу шаарларына чейин жөө басып келдик. Унаа жок, аттар да жок, бардыгын согушка мобилизациялаган. Кара-Сууда бир, эки күн бактын ичинде поюзду күтүп жаттык. Жалал-Абаддан поюз да келип бизди кызгылт түстүү эшалонго салышты. Поюзга өмүрүмдө биринчи жолу түшүшүм. Ошентип, бизди алып жөнөштү. Вагондор толгон жигиттер болуп Кыргызстандан Өзбекстанга, андан Тажикстанга өттүк, анан Казакстандын Алма-Ата шаарына 118-запасной полкко алып келип бизди согушка даярдай баштады. Ал жерде окоп каздык, бута аттык, чуркадык. Мен пулемётчу болуп согушмак болдум. Ал кездеги «Максим» деген пулемёттун бөлүктөрүн ажыратып, кайра жыйнап, бута атып үйрөнө баштадык. Анан бизди Алма-Атадан Казакстан митинг уюштуруп, музыка менен белек беришип согушка жөнөтүштү. Бизди Панфилов 316-аткычтар дивизиясы болуп уюшулган экен, ошого барасыңар деди. Кийин Москванын алдында эрдик көрсөтүшүп, 8-гвардиялык дивизия болуп атын өзгөртүшүптүр. Москваны вагон аркылуу гана көрдүк. Ленинград жакта Благовое деген станциядан фронт жакка алып өтүштү. Ошол жерден согуштан кыйраган айылдарды, мору гана калган үйлөрдү көрдүк. Бизди бир токойдун ичине түшүрүштү. 8-гвардиянын аскерлери келип бизди кабыл алышты. Алма-Атадан бизди алып барышкан офицерлер бизди тапшырышып кайра үйлөрүнө кайтышты. Ошентип, согуш болгон жерге жакындап келдик. Жер кепелерде жашаган 8-гвардиянын жоокерлерин көрдүк. Тарсылдап атылган добуштарды угуп демек, согушка келдик дедик. Бир кыштакка келип, чөп үстүндө түнөдүк. Эртеси бизди сапка тургузуп бөлдү. Көрсө, 8-гвардиялык дивизиясы 19-23-30 деген жөө аскерлер полкунан жана бул үчөөнөн башка 27-артиллерия полкунан турат экен. Анан билимибизге карап, билимибиз башкалардан жогорураак окшойт, 27-артиллериялык полкко бөлүндүк. Мени менен бирге менин тайкем Беккулиев Осу деген жигит экөөбүз кошо кеттик. Ал жерде баягы «максим» пулемет атмак эмес белек, ал калды дагы. Биз байланышчы болмой болдук. Ошентип, бир жума ичинде байланышчылыкты үйрөнүп бүттүк. Биздин милдет — батарея, замбиректер турат, алдыңкы чек деп коёт. Алдыңкы чекте душманга жакын туруп анан ошол душмандын кай жерине ок атыш керек дегенди байкоочу пункттагылар батареядагыларга айтып турат. Анан ошол жер менен катушкаларга оролгон зымдарды тартып, байкоо пункту менен байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылышыбыз керек. Зымдардын үзүлгөнүн улайбыз. Алдыңкы чекте, немистерге өтө жакын өмгөктөп, сойлоп болсо да барып, зымды оңдошубуз керек. Түн ичинде уктабай, бел чечпей бүкүлү бойдон уктап, согушка дайым даяр туруп, немистердин снайперлеринен коргонуп атып иштечүбүз. Форн деген шаардын жанында согушту баштадык, анан Великий Луки, Сокольники деген немистердин колундагы шаарларга өттүк. Көп жоготууларга учурадык. Биз менен жөө барган тааныш жигиттерибиздин көбү курман болушту. Ошентип, 1944-жылдын январында биздикилер чабуулга өтүштү. Немистерди 15-20 километр артка жылдырдык. Кыш болчу. Даярдаган жер кепелерибиз жок, окоп казып алып ар бирибиз окоптун ичинде жатып жаштыктын деминен суукка урунбай, жөтөлүп да койбой карагайдын бутак-шактарын салып алып уктап жүрдүк. Бир убакта командир бизге үзүлгөн зымды улап келгиле деп буйрук берди. Жаныбек деген жигит экөөбүз чуркап жөнөдүк. Зымдарды колго кармап алганбыз, башка линия менен алмаштырбаш керек. Эгер зым жеңил болсо үзүлгөн жер жакыныраак жерде, оор болсо алысыраак жерде деп болжолдоп, немистердин зуулдап учкан снаряддарынан коргонуп ишибизди баштадык. Ал жерден араң зорго үзүктү улап келдик. Окоптогу буюм баштыгымда эки граната, сухарь, самын, майда-чүйдөм бар болчу. Немистин аткан снаряды бирөө келип дал менин окобума тийип, буюм баштыгымдын үстүнө түшүптүр. Ошондо мени кудай сактаптыр, эгер мен согуш талаасына кетпесем, снаряд менин үстүмө келип түшүп, сөөгүм сөпөт болмок экен. Бактылуу жигит экенсиң, кел, 100 граммдан алалы деп күлүштү. Мындай коркунучтуу учурлар абдан көп болду, ажал жаныбызда кошо жүрдү.

s_jusuev_forma_m

— 18 жашыңызда согушка кетсеңиз, ыр жазууну качан баштадыңыз?

— Мектепте окуп жүргөндө анча-мынча талантым бар экенин байкачумун. Дубал гезиттерге ырлар жаза коюп жүрдүм. Согушта да тынч боло калган учурлардан пайдаланып ыр жаздым. «Алдыга жүргөн кыргыздар» деген. Ал ырымды ошол кездеги журналдын редактору, атактуу акын Жоомарт Бөкөнбаевге салып жиберсем, андан кат келди. «Ырыңызды алдым. Жакты. Журналга чыгарабыз» деп арбаңдатып жазган кол тамгасы менен кат жибериптир. Ошол кат жанагы жок болгон буюм баштыгымда калып кетти. 1943-жылы декабрда, журналдын 5-6 номурунда дагы эки ырым болуп 3 ырым чыкты. Кийин «Ала-Тоо» журналы болуп, ага да ырларым чыкты. Журналдын 6-номуру кайгылуу номур болду, себеби 1944-жылы 1-июлда Ысык-Көлдө Жоомарт автокырсыктан каза болуп калды. Согуштан келгенде Жоомарттын колун кармап, жүрөктөн чыккан алкышымды айтайын деген максатым орундалбай калды. 72 жылдан бери ыр жазып келе жатам. Калемим колумдан түшө элек. 15-майда кудай уруксат берсе, 90 жашка чыгайын деген ниетим бар.

— Согуштун катышуучусу катары өкмөт тараптан үй алдыңызбы?

— Жок, берише элек. Эми беришет ко. Жазуучуларга үй бөлүнгөндө жазуучулардын жашы биз болгондуктан Чыңгыз экөөбүзгө үй жетпей калды. Анан ушул үйдүн эки бөлмөсүндө Чыңгыз үй-бүлөсү менен, эки бөлмөсүндө мен үй-бүлөм менен үч жылдан ашык бирге турдук. Чыңгыз апасы, аялы Керез, эки карындашы анан Санжар деген улуу баласы болуп, мен аялым, тун балам менен (ал балам кийин чарчап калды), турдук. Чыңгыз менен туугандашып, достошуп калдык. Аны менен мамилебиз жакшы болду. Адабиятта 72 жылдан бери көптөгөн ырларды, поэмаларды, «Курманжан датка» жана «Раззаковдун тагдыры» деген ыр менен жазылган романдарды жаздым. 85-жылдыгымда тандалмалар жыйнагымды чыгардым. Кыргыз элим, өкмөтүбүз эмгегимди жогору баалап Кыргыз Эл акыны деген наам беришти. Токтогул атындагы сыйлыкты алып, Кыргыз Эл Баатыры болдум.

— Кыргыз элине каалооңуз?

Кыргыз элин азаттыкка чыктык деп көп жылдар алдап жүрүштү. А чындыгында эркиндикке 1991-жылы гана чыктык. Кырчылдашкан кыргындарды башынан өткөрүп, нечен кыйын замандарды көрүп келген элибиз эми гана чыныгы азаттыкты алган кези. Кыргызымдын акылман уулдары элибизди жакшылап башкарып, болуп жаткан кыйынчылыктарды Ала-Тоом, кыргыз элим аман болсо жеңип, жакшы күндөргө асыл максаттарды ишке ашырыш үчүн бара берели. 90 жаштын сересинде туруп менин кыргыз элиме кааларым ушул.

Назгүл Осмонова, «Де факто», 13.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий