Табышмактуу Таш-Рабат

Орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасынан Нарын облусунда жайгашкан айтылуу Таш-Рабат тарыхый комплекси эң уникалдуу деп эсептелинип келет. Себеби, Таш-Рабатка окшош чоң, архитектуралык курулуш ыкмасы татаал эстелик бүтүндөй Азия аймагында жок. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан ал Таш-Рабат аталып бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган уникалдуу жайга айланган. Таш-Рабат деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунан 80 километр алыстыкта, Тянь-Шандын тоолорунун арасындагы Кара-Коюм капчыгайында жайгашкан.

 

Таш-Рабат туурасында уламыштар

Таш-Рабаттын пайда болуусу жөнүндө оозеки уламыштар айтылып жүрөт алардын биринде ошол жерде бир хан жашаптыр. Анын эки баласы болгон экен. Күндөрдүн биринде хан өзүнүн байлыгын хандыгын балдарынын кимисине калтыраарын билбей «балдарым экөөң элдин жакшы жашоосу үчүн бир жакшы иш жасагыла, кимиңердин жасаган ишиңер жакшы болсо ошого хандыкты берем” деп тапшырма берет. Балдарынын улуусу эл жакшы жашаш үчүн душмандан коргогон чеп керек деп Таш-Рабатты, Оштун жанына бир чеп куруптур, кичүү уулу болсо, элдин кат-сабатын жойгонго, жерди иштетүүгө, соода жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруптур. Хан кичүү уулунун бул эмгегин баалап хандыкты ага берет. Ал эми Таш-Рабатты курдурган баласынын эмгеги анчейин бааланбаган дешет.

Дагы бир уламышта ошол аймакта жашаган элдерге жараткан кылган күнөөлөрү үчүн катуу сел жөнөткөн экен. Элдин баары селден каза табышып, арасында ошол кезде сыйынуучу жай (Таш-Рабатты) куруп жаткан ата-бала аман калыптыр. Чокон Валихановдун изилдөөлөрүнө караганда Таш-Рабатты XVI кылымдарда Бухарадан баштап Түркстандын бүт аймагын башкарып турган шейбан ханы Абдуллах хан курган. Бирок, Ч.Валихановдун бул ойлору тарыхый, археологиялык далилдердин толук эместигинен так эмес деп табылган. Таш-Рабаттын 40-41 бөлмөсү жөнүндө да өзүнчө уламыш айтылып жүрөт. Бөлмөлөрдү санасаң кээде 40, кээде 41 болуп эч качан саны бирдей чыкпайт. Мунун себеби ошол убакта душмандардан коргонуу үчүн бир бөлмөсү атайын табышмактуу жол менен курулуп, хандын көрүнбөй бекинип калуусу үчүн шарт түзгөн дешет.

Айнура Шайкеева, «Эркин тоо», 15.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий