Жакында – “УЛУУ КӨЧ”

Эзелки кайрыктарга жан киргизип, заманбап баалуулуктар менен айкалышкан күүлөрдү жаратып, элибиздин демин арттырып, түптүүлүгүн даңазалап турган, ар кандай аспаптарда ойногон жана ал аспаптарды ѳз колу менен жасап келген кыргыздын көрүнүктүү таланты Асылбек Насирдинов Кыргыз салттуу музыка жумалыгына карата 25-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Улуу кѳч” аттуу чыгармачылык кечесин тартуулаганы турат. Бул тууралуу Асылбек агабыз менен чакан маек курдук.

— Асылбек ага, сиздин “Улуу көч” чыгармаңыз бир нече жылдардан бери теле-радиодо, республикалык жана башка иш-чараларда,  майрамдарда , дегеле кѳп жерлерде байма-бай жаңырып келүүдѳ. Адамга дем берген ушул күүңүздүн аталышы менен концертиңизди бекеринен атабаган чыгарсыз?

— “Улуу көч” деген күүмдү 2002-2003-жылдары  чыгаргам. Ал кезде Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрынын алдында түзүлгөн “Саамал” аттуу фольклордук топко жаңы келип кошулган кезим болчу. Күү чыкканда биринчилерден болуп күүчү Рахат Көчөрбаев агабыздын сынын угайын деп чертип бергем. Ошондо ал күүнү жакшы баалап, аталышын сурады. Аталышын коё элекмин десем, дароо эле “Улуу көч деп ата” деди. Ошентип, “Улуу көч” болуп аталган.

Ар бир күүчүнү, обончуну же композиторду тааныткан бир чыгармасы болот. Ошол чыгарма чыгармачыл адамдын кимдигин аныктап турган белгиси болуп калат. “Улуу көч” дагы мен үчүн ошондой күү. Анткени, башка күүлөрүм деле чын-чынына келгенде ушул күүнүн тегерегинде жаралган күүлөр. Ошондуктан бул күү мага тумар сыяктуу эле болуп калды, чыгармачылык кечемдин атын “Улуу көч” деп атагандыгымдын негизги себеби да ушул. Мындан сырткары аталышты бул ааламда жашап жаткан кыргыз элинин жолу катары алдым. Кыргыз элинин жолу – анын маданияты. Маданият болсо кең ааламда жашаган кичинекей элдин улуу жолу, улуу көчү болуп саналат. Аталыштын экинчи мааниси ушунда.

– Жакында боло турган чыгармачылык кечеңиз тууралуу маалымат берип, өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеңиз?

— Чыгармачылык кечем Кыргыз улуттук музыка жумалыгына арналып жаткандыгына байланыштуу улуттук күүлөргө, ырларга, дастандарга басым жасап жатам. Концерттик кечеде дастандарды негизинен мыкты дастанчы жигитибиз Өмүрзак Кайыпов айтат. Анын аткаруусунда мен аспапташтырган термелер да болот. Сөзсүз түрдө төкмө акындардан Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев катышып, улуттук музыка жумалыгына басым жасап ырдашмакчы. Кеченин башталышында өзүм чертип, ѳзүм жасап жүргөн музыкалык аспаптардын баардыгын элге көрсөтүүнү режиссер менен пландап жатабыз. Мындан сырткары, мурда тек гана кинофильмдерге, спектаклдерге колдонулуп келген музыкаларымды да сахнага алып чыгууну көздөп жатам. Бул музыкаларга бир нече бий топтору бийлерди аткарып жүрүшөт. Андыктан, алардын аткаруусундагы керемет бийлерин да кѳрѳрмандарыбызга тартуулайбыз. Ал эми ѳзүм да жаратып коё жүргѳн обондорум бар, ошолордон баалаган айрым обондорум аткарылат.

Ѳзүңүздүн күүчүлүк ордуңуз эмнеде экенин айта аласызбы?

— Улуттук музыканы өнүктүрүү учурдун талабы экени айтылып келатпайбы. Биздин салттуу музыка өнөрүндө күүчүлөрүбүз деле көп эмес жана алардын ар биринин бул жаатта өзүнүн күүчүлүк орду бар. Мен болсо негизинен жаштарга басым жасап, байыртан келаткан мурастарыбызды жаштарыбызга алардын тилинде жеткирип берүүнү улуттук маданияттагы милдетим деп билем. Жаш муундун күү угуучулары көп, бирок терең түшүнгөндөр аз. Мына ушундай жаштардын басымдуу катмарына жеткирүү үчүн заманбап аранжировка менен жазылган күүлөрдү тартуулап келе жатам.

Ушул жерден баса белгилеп айтып кетпесе болбойт, азыркы мезгилде биздин маданият тармагы жагына сереп салсак, элибиз туура нукта, туура өнүгүүдө кетип баратканы мени кубантат. Ал эми эл ѳз маданиятын тумар тутуп жашаганда гана алдыга өнүгүп-ѳсүп бийиктикке карай жол улаарын билебиз.

Ар бир элдин өз баалуулугу, үрп-адаты, салты жана тамак-ашы, кийим-кечесинен тартып өз маданий өзгөчөлүгү бар. Улуттук баалуулуктар – элди эл кылып сактап турган тиреги болуп саналат. Мындай мурас муундан муунга уланып, улуттун өсүшү үчүн ага дем берип турушу ѳтѳ зарыл нерсе. Себеби, акыйкатында карасак, улуттук демди улуттук салт жана баалуулуктар гана сактайт.

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу, «Көк асаба», 16.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий