Алымкул Үсөнбаев улуу залкар акын

Улуу демократ акын жана комузчу Токтогул Сатылгановдун шакирттеринин бири Алымкул Үсөнбаев кыргыз элинин салттык музыкасында өзүнүн масштабына, чыгармачылык шык-дараметине жараша өзүнүн орчундуу орду бар инсан эле. Ал акындыктын эң бийик деңгелине жеткен төкмөлүктүн жогорку баскычын басып салттык импровизаторлукту такай аркалап келген классик акын болгон. Ошону менен бирге ал мыкты комузчу катары Токтогулдун күүлөрүн аткарып нотага, Кыргыз радиосунун фонотекасына жаздырган. Ал эми комузчулук жагынан аткаруучулуктун эң сонун үлгүлөрүн көрсөтүп төкмө акындардын өнөрүнүн эң маанилүү жана составдуу элементи болуп эсептелген аспапты ырга кошуп чертүү ыкмасын бийик көркөмдүк менен колдонгон.

Анткени ал комузду акынчылыктын обонуна ийкемдүү коштоп, экинчи маанидеги ролду ойноп турат дебестен, акынчылыктын башкы эстетикалык маңызы болгон сөз менен обон кайрыктарын ийкемдүү коштоп комуздун ролун биринчи маанидеги көркөмдүккө көтөргөн.

Адатта ар бир чоң акындын жеке чыгарган обон кайрыгы болот эмеспи. Алымкулдун да өзүнө таандык обон кайрыгы бар. Анын аткаруучулук өнөрү, ырдоо манерасы башка акындардан айырмаланып турган. Белгилүү музыковед Виктор Виноградовдун белгилешинче Алымкулөзү ак сөөк аристократ мүнөздүү киши болгондуктан акынчылык аткаруучулуктун академиялык стилине, башкача айтканда, терең мазмундуулук стилге жакыныраак болгон. Биздин оюбузча Алымкул эпикалык масштабдагы лирик акын эле. Мисал катары Олжобай менен Кишимжан дастанын келтирсек жетиштүү болоор.

Ооба Алымкул Үсөнбаев өзүнүн улуу устаты Токтогул Сатылгановдун саясий социалдык деңгээлине сатиралык маңызына жетпесе да, музыкалык аткаруучулук жагынан андан ашып түшкөн десек жаңылыштык болбойт. Анткени алардын жашоо тиричилик, эл үчун кызмат өтөө мезгилдери эки башка заманга туш келген. Эки акындын турмушу, чыгармачылыгы бири-бирине окшобогон идеологиянын алкагында эки башка саясий-социалдык жана экономикалык шарттарда жүргөн.

Бирок ошондой болсо да Алымкул Үсөнбаев устатынан чукугандай сөз тапкычтыкты, сөз байлыктын эң сонун үлгүлөрүн элдик поэзиянын кереметтүү образ жаратуу ыкмаларын үйрөнүп калган. Тактап айтсак, Токтогулдун акындык өнөрүндөгү салттуу 7-8 муундагы ыр түзүлүш формаларын колдонуу тажрыйбасын өздөштүрүп, чыгарган чыгармаларында оригиналдуу жаңы обонго салып ырдаган.

Токтогул Алымкулдун талантын өтө жогору баалаган жана анын акын катары калыптанышына чоң түрктү берген. Алымкулдун үнү өзгөчө кереметтүү кайталангыс үн эле. Анын үнүн бардык угуучулар жактырган, элибиз аял ырчылардан Мыскалды кандай жактырып суктанышса, эркек акын ырчылардан Алымкулдун үнүнө суктанышкан. Үнүнүн диапазону бир жарым октаваны камтыйт. Жалпылап айтсак жумшак коңур үнү бар эле. Бул деген, сөзү, үну ачык, тембри коюу, дикциясы даана, добуштары тунук дегенди билдирет.

Музыкалык термин менен айтсак, баритоналдык тенор болгон. Мындайча аткнда жоон үндүү акындар менен ичке үндүү акындардын ортосундагы кулак кандырган жагымдуу үн болучу. Добуштары назик баркыттуу, артикуляциялары бышыкталган. Натыйжада жалпысынан жакшы иштетилген, репетицияланып машыгуудан өткөн арген үн менен ырдалган акындык аваздык уникалдуу чыгарма келип чыккан. Көпчүлүк эл билбеген маалымат катары айта кетели. Ыскак Раззаков Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп турган кезинде өкмөттүк концерттерге Мыскал менен Алымкулду дайым коштуруп, аларга атайын машина жиберип алдырчу экен.

Мына ушундай жакшынакай аваздык аткаруучулук деңгээлге жеткен залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаев угармандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, бир канча мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон Кыргыз ССРинин эл артисти деген наамга жеткен. Ырлары жарыяланып, Жазуучулар союзуна поэзиялык автор катары мүчө болуп кабыл алынган.

Жогоруда айтылган Алымкулдун коңур баркыт сымал үнү анын өзүнүн устаты “Токтогулдун кербези” деген ырынын биринчи эле сабында “Толгоп тарткан кыл аркан эй!” деген ыр сабында жаңырган “эй!” сырдык сөзүндөгү нота ушунчалык уникалдуу аткарылып, жүрөктү эритип, жагымдуу сезим менен сезгентип, көздөн жаш чыгып жаныңды жыргатып жибергенде Алымкулга шатыратып кол чапмак тургай кыйкырык сүрөөңгө алып тим эле бата бергиң келип кетет.

Андан башка Алымкулдун ырчы акындык касиетин көрсөтүп турган ири чыгармалардын бири “Токтогул менен Алымкулдун жолугушу.”

Бул чыгарма салттык классикалык акынчылык искусствонун типтүү жана мүнөздүү чыгармасына кирет. Анткени акынчылыктын тарыхында эзелтеден бери түптөлүп, ырчы акындардын жолугушууларында, практика жүзүндө калыптанып , өзүнчө бир чыгармачыл канон сыяктуу адат-көнүмүштөргө айланып калган кадимки айтыш жанрынын бир түрү катары кабылданат. Муну биз диалог сымал айтыштын түрү деп квазидиалог катары эсептээр элек. Бул жанрга тиешеси бар нерсе катары айта кете турган нерсе, өсүп келе жаткан даректүү болочок жаш акын менен улгайып калган тжрыйбалуу чоң акынды жолуктуруп, сыноодон өткөрүү салты дайыма бир кадыр-барктуу таанымал көркөм өнөрдү түшүнгөн, ага жардамдаш болгон аксакалдар аркылуу жүргөн. Андай адамдарды кыргыздын көркөм дүйнөсүндөгү гумандуу ортомчу күйөрмандары десек болот. Ошондой ортомчу гуманист күйөрман адам Токтогул менен Алымкулдун жолугушуусун уюштурган Сүйөркул деген аксакал болгон.

Биз сөз кылып жаткан бул чыгарма дал ошо максатта жаш акын Алымкул Токтогулдан акындык таалим тарбия алып калуусуна жол ачып берүү үчүн болгон аракет учурунда жаралган. Ошол ортомчу болгон киши Токтогул Таласка келип той берип жаткан байдын үйүнө Алымкулду ээрчитип барат. Барганда Токтогул чоң боз үйдө ырдап жаткан болот. Ортомчу киши боз үйгө кирип барып, мурунтан тааныш Токтогул менен учурашат. Алымкул жөнүндө айтат. Токтогул ортомчунун суроосун канааттандырып өзүнүн кайрык мотивине салып Алымкулга карата термесин ырдайт.

Алымкул Токтогулга жооп катары өзүнүн кайрык мотиви менен жооп берет. Ошентип ортодо диалог жүрөт. Бул диалог эки акындын эки башка кайрык – мотиви менен аткарылат. Алымкулдун аткаруусунда грампластинкада жазылган записти угуп отурсак эки акындын кайрык мотивдеринин интонациялары бири-бирине окшоп да, окшобой да кетет. Окшоштук менен айырмачылыктын болушу табигый нерсе. Анткени бул чыгарма акынчылыктын жалпы стилинде жаралып ошол стилге мүнөздүү, типтүү кайрыктар, интонациялар жана ыргактар менен ырдалып жатпайбы. Ошол эле учурда жалпы акынчылык стилдин алкагында акындар өздөрүнүн индивидуалдык үн чыгаруу ыкмасын колдонушуп, сөздөрүн музыкалык добуштар менен кооздоп көрсөтүү мүмкүчүлүгүн далилдеп турат. Квазидиалогдун кайрык-обондорунун окшошуп тургандыгынын себебин дагы тереңдетип айта кете кете турган болсок, андагы эки акындын ролун, партияларын бир акын аткарып жаткандыктан жана эки партиянын бир тональностто, ми мажордо ырдалышынан окшоштук пайда болду. Ал эми квазидиалогдун кайрык обондорунун окшошпогондугун ырдалып жаткан партиялар ар башка ноталардан түзүлгөндүгүнөн келип чыккан.

Жыйынтыктап айтсак, Алымкул өзүнүн Токтогулдан үйрөнгөн нерселерин чыгармачылык менен колдонуп өрчүтүү менен бирге өзүнүн жеке индивидуалдык стилин таап, кыргыз улутунун төкмө акынчылык өнөрүнүн өсүп-өөрчүшүнө өз салымын кошуп, салттык музыкалык поэтикалык чыгармачылыктын тарыхында жаңы барактарды, жаңы мезгилдерди, жаңы жетишкендиктерди ачып, из калтырган улуу төкмө акын.

“Эркин тоо”, 24.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий