Бир ырдын тарыхы: “Долондон канатымды кайрып алдым”

Учурда жашы да, карысы да жактырып ырдап жүргөн бул ырды акын, милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкулов 1971- жылы жазган. Ырдын жаралыш тарыхы мындай болгон.

– Бир күнү обончу Түгөлбай Казаков экөөбүз капыстан жолугушуп калдык. Ал маселени дароо эле кабыргасынан коюп: “Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” деген повестиндеги Ильястын ырын жазып берсең боло, “Прощай, Иссык-Куль, не допетая моя песня” деген ыргак менин оюма келип эле кетпей жатат”, – деп ээлигип алыптыр. Мен макул болуп, аракеттенип көрүүгө убада бердим. Оюма адегенде эле “Долондон канатымды кайрып алдым” деген сап түштү да бир куплет жаздым. Ал мындай:

“Долондон канатымды кайрып алдым,
Билбепмин алдыда көп кайгы барын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Сүйүүмдүн ак шейшебин айрып алдым”.

Бул куплет оргу-баргы болуп, оюма төп келбеди, бирок биринчи жана үчүнчү саптары өзүмө жагып калды. Кайра иштеп, кайырмасы менен жазып, эки жумада бүтүрүп бердим. Ошол эки жума өзүмдү Ильястай сезип, образына кирип кетиптирмин. Ыр бүткөндөн кийин да өзүмө келе албай жүрдүм”, – дейт Ж.Бузурманкулов өткөн күндөрдү эскерип.

Даңазалуу бул ырдын жаралышы тууралуу акындын өмүрлүк жубайы Насбүбү Эгембердиева минтип эскерет:

– Жатка айтып бергенин угуп, ырдын жакшы чыккандыгын айттым. “Кой, жазып койбосом оюман чыгып кетет”, – деп менден барак сурады. Мен дептеримен төрт барак айрып бердим. Ал ырдын текстин Түгөлбай алып кетип, көп жылдан кийин азыркы ырдалып жүргөн вариантын ырдап чыкты. Кийин Түгөлбайга жолугуп, ырдын обонунун жакшы чыкканын айтып куттуктаса: “Ал ырдын обону меники эмес. Мен Пржевальск пединститутунда иштеп жүргөнүмдө бул ырга эки-үч обон чыгарсам, өзүмө такыр жакпай койду. Түптүк жигит Жекшен Тагаевдин үйүндө квартирада турчу элем, ага ырдын текстин көргөзүп, өзүм чыгарган обондорумдун жакпай жатканын айтсам, ал: “Берчи, менде бир даяр обон бар эле, салып көрөйүн”, – деп калды. Даяр обонуна салып, ырдап көрсө эле ыр көркүнө чыга түштү”, – дептир.

Ошентип, ошол обон эл арасына тарап кетти. Обон элге шыр эле жагымдуу болуп, ушул убакка чейин таасир-салмагын жоготпой келет. Ар үлпөттө ырдалбай калбайт. Индус, орус, казак, корей, немис улутундагы адамдар да ырдашып, конкурстун жеңүүчүлөрүнөн болуп жүрүшөт.

Акын Жолдошбек Бузурманкулов обончу Жекшен Тагаев менен ырдын тексти жазылгандан отуз үч, обон жаралгандан отуз жылдан кийин таанышкан.

Догдурбек ЮСУПОВ, “Кыргыз Туусу”, 17.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий