Наргиза КУРМАНОВА: “Виолончель – жүрөктүн, жан дүйнөнүн тилинде сүйлөйт…”

Мейман тууралуу учкай маалымат:

Адистиги – виолончелист, композитор;

Ийгиликтери – “Алтын Шаты”президенттик стипендиясынынстипендианты;

Ж.Шераливдин 90 жылдыгына арналган кароо-сынактын лауреаты;

“Кыргыз Туусу” гезитинин 90 жылдыгына арналган ураан ырынын музыкасынын автору;

“Шабыт” эл аралык конкурсунун дипломанты .

– Наргиза, мезгил алмашып, көктөм кирип келген убак… Чыгармачыл адамга мындай учур эргүү берет эмеспи. Деги эле жылдын кайсымезгилин жана күндүн кайсы убагын жактырасың?

– Жазды баарыбыз эле жакшы көрөбүз да… Анткен менен жылдын ар бир мезгилинин өз керемети бар. Мисалы, таңдын өзүнө гана таандык, айтып бүткүс ажайып кереметтери, чак түштүн да башка убакка окшобогон касиеттери бар. Ал эми кеч дагы мээримдүү, романтикалуу ирмемдери менен жагымдуу.

– Мисалы, азыр кеч кирип баратат. Ушул кеч сага эмнеси менен жакшы?

— Мен азыр үйгө барып, эртеден кечке мени күтүп тунжураган фортепианомо отурам дагы, ар кандай импровизацияларды ойноо менен алектенем. Бул мен үчүн ар күн сайын кечинде адатка айланган көрүнүш. Ушу импровизациялардан көпчүлүк убакта чыгармалар да жаралып кетет. Экинчиден, ичимдеги толуп-ташыган сезимдеримди, кээде сагыныч-бугумду, чарчоомду музыка аркылуу чыгарып, ошондон рахат алып, жеңилдеп калам. Кечтин бул бир эле керемети. Дагы бир керемети – үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары чогулуп – бири иштен, окуудан келип дегендей, үйүбүз толуп, бир бүтүндүккө айланып калабыз да…

– Анда ошол эргип отуруп жараткан чыгармаларың тууралуу айтсаң? Жан дүйнө куржунуңда (репертуарыңда дегеним) кандай “байлыктарың” бар?

– Куржунумда ар кандай классикалык чыгармалар менен катар, өзүмдүн кырктан ашуун автордук чыгармам жатат…

– Айтмакчы, эмнеге көп музыкалык аспаптын ичинен ушул виолончелди тандап калдың? Муну менен музыка дүйнөсүнө алып келген жолуңа бир кылчайып, карап койсокпу дегеним?

– Бул аспапты мага тагдыр ыроолоп, тандап берди… Кандайча экенин азыр айтам. Ата-энем Бишкекке Нарындан 90-жылы көчүп келген. Алар иштен келгиче сиңдим экөөбүз Баки чоң таенемдин колунда калар элек. Ыраматылык Баки таенем, эми ойлосом, абдан кыраакы адам болсо керек. Менин музыкага жөндөмдүү экенимди байкап жүрүп, бир күнү: “Ушул кыздын музыкага шыгы бар, текшертип көргүлөчү”, – деген экен. Ошондон кийин апам Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин дайнын сурамжылап билип, мени экзаменге алып барган. Экзаменден өтүп кеткен экемин, мени скрипка классына кабыл алышыптыр.

– Демек, скрипкада да ойнойт экенсиң да?

– Жок, скрипкада окубай калгам. Анткени окуу башталганда скрипкадан берген мугалим: “Сен менин классыма барасың”, – деп башкалар менен бирге алып кетиши керек экен. Мени эмнегедир унутуп калган… Мен болсом кимге барарымды билбейм да. Айтор, эки жумадай музыкага барбай, коридордо эле бош басып жүрө бергеним эсимде. Бирок классташтарым музыкалык инструменттерде ойной башташканда кызыктай абалда боло баштагам.

– Анан?

– Күндөрдүн биринде анан Федор Якунин деген мугалим мени байкап калыптыр. Колумдан жетелеп, виолончель классына алып келип, ырдатып көрүп, өзүнүн классына киргизип алган. Ошол бойдон 11 жыл ошол агайдан окудум.

– Кыйналган жоксуңбу?

– Жок. Бат эле өздөштүрө баштадым. Эң биринчи жолу жаш таланттардын республикалык конкурсуна 5-класстан катышып, үчүнчү орунду алгам. Ошондон кийин мектепте да, консерваторияда да республикалык конкурстардын бардыгына катышып, жакшы орундарды алып жүрдүм. Ар кандай долбоорлордун алкагында жеке жана ансамблдик концерттер менен Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан,Тажикстан, Россия, Түркия, Кытай, Корея, Америка, Египет сыяктуу, ж.б. чет жерлерди кыдырып келатабыз. Бирок канча жерде болсом дагы, биздикиндей керемет жерди көрө албай, ансайын кыргыз болуп жаралып калганыма ушунчалык сыймыктанып, кубанып келем…

– Бирок Кыргызстанда бул аспаптын күйөрмандары азыраак эмеспи? Виолончелист болгонуңа өкүнгөн учуруң болбойбу?

– Жок. Виолончелист болуп калганым – тагдырдын белеги болуптур деп, тескерисинче, кубанам.

– Виолончелдин өзгөчөлүгү?

– Бул – эң кооз аспап. Үн диапозону – адамдын үнүнө окшоп абдан кеңири, келбети – кыздын келбетине окшош. Дүйнө жүзүндөгү канчалаган адамдардын сүйүктүү аспабы. Кыргызстандыктардын ичинде деле анны жактырып уккандар, сурагандар бар. Билген, түшүнгөн адамга бул – жан дүйнөнүн, жүрөктүн тилин билген аспап.

– Өз алдыңча концерт берем деген тилектер да болсо керек?

– Албетте, жеке концерт берем деген – артист үчүн ыйык максат. Бирок “концерт берди” аты кылып коюу – кечирилгис деп түшүнөм. Ушундай эптеген концерттер көп болуп, адамдардын табити да бузулуп, тажап да калып жатышпайбы. Буюрса, элдин купулуна толуп, жан дүйнөлөрүнө жагымдуулук жарата турган, жакшы бир концерт берсем деген тилегим бар.

– Сенин курагыңда кырктан ашуун музыкалык чыгарманын автору болу – чоң жетишкендик деп ойлойм. Музыка жазууга качан киришкенсиң жана алар кандай маанайдагы чыгармалар?

– Негизи, 9-класстан баштап музыка жаза баштагам. Эстрадалык ырлардан тартып симфонияга чейин бар. Анан, албетте, өзүм виолончель аспабында адис болгондуктан, ушул аспапка жазган чыгармаларым да көп. Негизи, композитор болгондон кийин бир жактуу болбой, бардык жанрда иштегенге аракет кылам.

– “Талантка – көмөк керек” дешет эмеспи. Ичте, сыртта сага колдоокөрсөткөн жакын, жакшы адамдарың бардыр?

– Албетте. Менин чыгармачылыгымда апам – Тамара Сатыбалдиеванын орду чон. Апам менин – бактым, сыймыгым, жетишкендиктеримдин баары апамдын колдоосу, коштоосу менен болуп келет. Жада калса жаңы оркестр үчүн чыгарма жазсам, нота барактарды чогуу чаптайбыз. Концерт берсем афишаларды илип, кээде мен үйдөн чыкканча виолончелимди көтөрүп алып, машинемдин багажына салып коёт. Үйгө келсем, колу бошоп калса: “Чарчап келдиң”, – деп даамдуу тамагын жасап, тосуп алат. Таежем Элмира Сатыбалдиева да экинчи апам болуп калды. Атам – Жолдошбек Курманов, кесиби – агроном. Адамгерчилиги абдан бийик, боорукер адам, колунан көөрү төгүлгөн уста. Сиңдим – Жазира, кесиби боюнча программист-информатик.

Анан, өзгөчө баса белгилеп, чыгармачылыктагы ата-энем болуп калган Муратбек Бегалиев агайым менен Зенона Слензак-Бегалиева эжейимди айткым келет. Консерваториянын 1-курсуна тапшыргандан тартып, ушул күнгө чейин акыл-кеңештерин айтышып, тажрыйбаларын аябай, колдоп келишет.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 17.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Наргиза КУРМАНОВА: “Виолончель – жүрөктүн, жан дүйнөнүн тилинде сүйлөйт…”: 1 комментарий

Добавить комментарий