Садык Шер-Нияз, режиссёр: «Маданият министрлигине иштегенге көӊүлүм жок. Министрлик оюнчук болуп калган»

– Садык мырза, саламатсызбы? Сиз менен маектешели дедик эле…

– Макул, маектешели. Дем алыш күнү байланышалы.

– Жарайт, агай.

Мына ушундай телефондук байланыштан кийин белгиленген күнү, такталган убакытта режиссёр менен дидарлаштык.

– Садык агай, сизди коомдук ишмер, режиссёр катары билебиз. Мындан сырткары төкмөлүк өнөрүӊүз да бар. Көкүрөктөгү угут жөн жатпай кытыгылап турса керек?

– Мен төкмөлүк өнөрдүн бышып жетилген, такшалган, жогорку деӊгээлинде айтыша албайм. Үйрөнчүк деӊгээл десем болот. Кез келгенде жамактатып ырдап коймоюм бар. Азыр убактым тийбей жүрөт. Мурун колума комуз алып акындар менен айтыша коюп жүрчүмүн. Мындан сырткары аӊгеме, ыр, сценарий жазып калам.

– «Курманжан датка» тасмасы элге көрсөтүлдү, милдетиӊизден кутулдуӊуз дегендей. Оор жүктү үстүӊүздөн алып салгандай болдуӊузбу?

– «Курманжан датка» фильми дагы көп жумушту баштап койду го. Чет жерге чыгарып көрсөтүп, ал жактан киноиндустрия тармагында иштеген адамдар менен тааныштым. Тасманын аркасынан тажрыйба, идея топтодум. Алдыда жасай турган жумуштар көп экенине көзүм жетти. Бизде мыкты актёрлор, жаш режиссёрлор бар. Аз эле каражатка кино тартуу мүмкүнчүлүгүбүз да жогору. Болгону тасмаларды сыртка чыгарып, маркетинг кыла албай жатабыз.

– Үлкөн ишти баштаган адамдардын көбү эмгегине сын көз менен карагандарды душманы катары көрөт. Айтылган сын-пикирлерге иммунитетиӊиз түттүбү?

– Ар бир чыгармада ушул жерин минтип койсом болмок экен деген ой болот. Бирок аталган тасмада «ка-ап, бул жерин тигинтип койсом болмок экен, бул жери туура эмес болуп калыптыр» деп мени кейиткен эпизод жок. Ар ким ар кандай ой айтып жатат. Бул деген тасманын элге алынып, жеткиликтүү болгонунан кабар берет. «Сынган кылыч» чыгармасынын тегерегинен чыкпаптыр» дегендер жаӊылышат. Чыгармадан алган бир да эпизод жок. Легендарлуу кишилердин аялуу сезими болот. Ар кимдин өз «Манасы» бар дегендей, Төкөмдүн (ред. Төлөгөн Касымбеков) даткасы бөлөк. Муну Садыктын Курманжан даткасы деп кабыл алса болот.
Сын айтканда ойлонуш керек. Маселени ачуу сын менен оӊдоп алабызбы же карама-каршы кылып доо кетиребизби? Менимче, сынды кеӊеш, жардам иретинде берсе, иштин жүрүшүнө, мамилеге оӊ пайдасын тийгизет. Биз азыр сын эмес, чукушууга өтүп алганбыз, ал нерсе кыйынчылыкка гана алып келет.

– Сыртыӊыздан олбурлуу, салмактуу көрүнгөнүӊүз менен, ачууӊуз чукул эле…

(Күлүп) Бара-бара токтолот экенсиӊ. Жаш кезде бетке айтканды эрдик көрсөк, азыр акыл калчаганга үйрөнө турган жашка келдик. Ал сапат аз-аздан калып келе жатат.

– Так илимдерге жакын экениӊизди билем. Өзүӊүздү так киши деп айта аласызбы?

– Так илимдерге жакын болгонум менен, так адаммын деп айта албайм. Мисалы, уйкучумун, өзүмдү жалкоо адамдардын катарына кошом. Бирок идея болгондо, бир ишти баштаарда чыгынып, берилип шымалана киришем. Жоопкерчилик менен мамиле жасайм.

– Бизнес кылдыӊыз, мамлекеттик кызматта иштедиӊиз, коомдук иштерди жасап жүрөсүз. Өзүӊүзгө кайсынысы жакын?

– Заводдо жөнөкөй жумушчудан мастерге чейин жеттим. Бизнес да кылдым. 2004-жылы акыйкатчынын орун басары болдум, кино тартабыз деген тилекти бышыруу үчүн Москвадан билим алып келдим. 2010-жылы 7-апрелден кийин маданият министри болдум. Бирок өзүмдү чыгармачыл адаммын деп ойлойм жана ошол жакка жакынмын.

– 2014-жылы Маданият министрлигине болгон ат салышууда өтпөй калганыӊызда буга агаӊыздын депутат экендиги себеп болгонун айттыӊыз эле…

– Негизи эле Маданият министрлигине иштегенге көӊүлүм жок. Министрлик оюнчук болуп калган. Тактап айтканда, туруктуулук жок. Жетекчи болуп келген киши алты ай, ашып кетсе бир же эки жыл иштейт. Андай убакытта эч нерсе өзгөртө албайсыӊ. Ошол себептен барбай эле коёюн дегем. «Ар-намыс» фракциясы сынак жарыялаганда аттуу-баштуу аксакалдар«Садык, сен министр болушуӊ керек, талапкерлигиӊди кой» деп сунушташты. Атам жарыктык «аксакалдар же көпчүлүк суранса баш тартпа, кесир болот» деп көп айтчу. Алардын ишенимин жоготпой, сынактын аягына чейин болдум. Жыйынтыгында саясый оюн болуп кеткени жүрөгүмдү оорутту. Бирок маданият өкүлдөрүнөн парламентте болуш керек деген чечимге келдик. Бул жеке эле менин оюм эмес.

– Демек, кезектеги чакырылышта парламенттен көрүп калат экенбиз да?

– Мүмкүн, мүмкүн…

– Сизди «Манас» кинотеатрынын кожоюну дешет. Айрым режиссёрлор «кинотеатрга кинону коюш үчүн каражаттын 70 пайызын беребиз. Мындай мамиле жаш режиссёрлорго бут тосот» деп айтып жүрүшөт…

– Биринчиден, киночуларга жакынмын, ошол себептен бир чети мага эркелешсе, бир чети ушундай сындарды айтып жүрүшөт. Кирешенин пайызын алуу башка кинотеатрларда деле бар. «Манас» кинотеатрында кайсы кинофестиваль болбосун бекер өтөт. Ошол эле режиссёрлордун тасмаларынын бет ачарлары бекер коюлат. Түшкөн акчаны чөнтөгүмө салбайм, каражат «Айтыш» коомдук фондуна түшөт. Аны кайра эле маданияттын өнүгүшүнө жумшайбыз. Бул фонд ачылгандан бери маданиятты өнүктүрүүгө короткон акчабыз 2,5 миллион долларга жетип калды.

– Маданиятка оӊбогондой акча сарптаптырсыз. Ошол акчаны бизнеске салып, башка иштерди жасасам деген ой болду беле?

– Бизнес – бул оору. Ишкер адамдын акчасы көбөйгөн сайын уйкусу тынч болот. Мен маданиятка жасаган ишимден канагат алам. «Айтыш» коомдук фондун түзгөндө көптөр түшүнгөн эмес. Айтыш болгондо баш байгеге автоунаа коюп, жаш акындарды колдоого алганбыз. Мына бүгүн ошол акындар такшалып, маданиятка салымдарын кошуп жатышат. Мен коомдук иштерди жасоо менен ооруйм. Менимче, бул жакшы оору.

– Сизди эл бай деп ойлойт. Өзүӊүздү бай адамдарга кошосузбу?

– Балким, мен миллионер эместирмин. Бирок биздин фонд миллиондук деӊгээлди төрт жыл илгери багынткан. Өзүмдү миллионер коомдук фондунун негиздөөчүсүмүн десем болот.

– Эл көзүнө, душман көзүнө көрүнөм деп унааны тандап, кымбатын айдайсызбы?

– Менде андай ой жашабайт. Унааны тандоо хоббим эмес. Биздин ишибиз көбүнчө тоо-таштын арасында жүрөт эмеспи. Жолдо жүргөндө сынбай, бузулбай жүрсө болду. Азыркы унаам 2006-жылкы Тойота Лэнд Крузэр.

– Достукка кандайсыз?

– Достукка бекем болгонго аракет кылам. Жаш өткөн сайын алардын катасын көрбөгөнгө үйрөнөсүң. Жашоодо сага жүз пайыз жаккан дос болбойт. Сен дагы бирөөгө жүз пайыз жакпайсыӊ да.

– Коомдо дипломатияны жакшы эле өздөштүрүптүрсүз, үйдөчү?

– Үйдө деле кылдат дипломатиялык иш жүргүзөбүз (күлүп). Коомдук иштерден колум тийбегендиктен үйдөгү тууган, коӊшу-колоӊ ортосундагы мамилени жеӊеӊерге тапшыргам.

– Байкашымча, балаӊыздын чач жасалгасынан бери сизге окшошуп турат, ата жолун жолдоп чыгармачыл адам болом дебей элеби?

– Милдеттүү түрдө белгилүү бир кызматта болсун дебейм, кыргыз элине пайдасы тийген көп тармактан көргүм келет.

– Маегиӊиз үчүн рахмат.

"Бала кезимде эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Күпүлдөтүп манас айтчумун"
«Бала кезимде эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Күпүлдөтүп манас айтчумун»

Султан Төрөбеков, Адилет Бектуров, “Супер-инфо”, №651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий