Сайра Момунбаева бир ай аралыгында өзүнүн жаңы коллекциясын чыгарууга камданууда

«Узчулук деле укумдан-тукумга, кандан-канга өткөн өнөр болушу керек, бирок мен бала кезимден эле кол өнөрчүлүктү жакшы көрчүмүн»,- дейт дизайнер.

Учурда бир гана актрисалык эмес, ырчылык жана дизайнердик кесипти бирдей алып келе жаткан Сайра Момунбаева менен «Кабар ордо» сайтынын кабарчылары маектешти. Көп кырдуу талант бул ирет узчулуктун сырлары менен тең бөлүштү.

— Коллекцияларыңыз тууралуу айта кетсеңиз. Алгач саркеч кийимдердин көргөзмөсүнө качан катышкансыз жана ал сиз үчүн кандай таасир калтырды эле?

— Эң алгач 2008-жылы Эгемендик күнүнө карата Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн иш-чарага катышкам. Ошондо уюштуруучулардын бири Назгүл Айдаралиева деген кыз мени чакырып калды. Чынын айтканда, ал учурда менин коллекциям жок болчу. Бирин-серин эле көйнөктөр бар эле. Болгону кардарлардын суроо-талаптары боюнча иштечүбүз. Өзүмдө кийимдер сакталчу эмес. Ал сунуш мага жакты, бирок кийимдер жок, коллекциям толук эмес болгондуктан катышкандан уялдым. Баш тарттым. Бирок болбой эле «планга кирип калдыңыз «деп катыштырып салды. Азыр ойлосом ошондо мени кыйнап чыгарбаганда тигүүчүлүккө көп көңүл бурбай эле жүрө бермек болушум керек. Ошентип ырчыларга тигип берген костюмдарды, өзүмдүн колумдагы костюмдарды чогултуп, съемкага катыштым. Бул иш-чарадан кийин мага стимул пайда болду. Экинчи жолу апалар күнүнө карата филармонияда өткөн аялдардын форумуна катыштык. Андан кийин 2012-жылы АКШнын Хьюстон шаарында өткөн «Жибек Жолу» деген фестивалга катыштык. Дизайнер катары ал жерге барып кыргыз улуттук кийимдерин даңазалап келдим. Мен үчүн бул дагы чоң ийгилик болду. Андан соң 2013-жылы Айжан Акылбекова тарабынан уюштурулган «Тарыхка кайрылуу» аттуу көргөзүүгө катыштым. Учурда жеңил-желпи көргөзмөлөргө катышып келе жатам. Чынын айтканда, абдан чоң деле көргөзмөлөргө катыша элекмин. Бирок алдыда жакшы пландар бар. Жаңы долбоор менен жаңы коллекция даярдап жатабыз.

— Эң алгачкы кол эмгегиңизди кимге арнадыңыз эле, биринчи кардарыңыз ким болгон?

— Негиз биз кардарлардын тапшырмасы менен иш алып барабыз. Ал эми сатык иштерин эми-эми гана жандандырып келе жатабыз. Келген кардарлардын өзүнө ылайыктап, көңүлүндөгүдөй кылып тигип бергенге аракет кылабыз. Ал эми биринчи костюмду мен төкмө акын Жеңишбек Токтобековго тиккем. Анда цех ача элек болчумун. Үйдө иштечүмүн. Ага чейин деле өзүмдүн жакындарыма, досторума тигип жүргөм, бирок бир аз элге таанылып калган адамдардын ичинен биринчи Жеңишбектин костюмун тиккем. Костюмга бир жумадай убакыт сарптадык. Ал кезде азыркыдай сайма сая турган машинабыз жок, саймасын колго сайып, шуруларынын кол менен кадаганбыз. Бирок койкойгон сонун костюм болду. Ага дагы жакты, бизде дагы жакты, элге дагы жакты.

— Кардар үчүн тигип, бирок өзүңүзгө жагып калып, бергиңиз келбеген учурлар болобу?

— Андай учурлар кездешет. Бир кызыбыз азыр АКШда. Ал турмушка чыгып жатканда бизге көйнөк тиктирген. Аябай жакшы болгон. Кийин ошол көйнөктү өзүнөн сурап алып, АКШда өткөн фестивалга алып барып келдим. Андан кийин ошол көйнөктү өзүбүз үчүн дагы кайталап тигип коёлу дегенбиз. Бирок кардарлардын суроо-талаптарын аткарып жатып, ага убакыт жок болуп калды. Учурда өзүбүздүн коллекцияга жакшы көңүл бура албай жатабыз. Андыктан заказдарды токтотуп коюп, бир ай коллекция менен иштөөнү пландадык.

— Дизайнер катары өзүңүз кандай стилди жактырасыз?

— Мен көпчүлүгү классикалык кийимдерди жактырам. Кийген кийимдеримдин бардыгы классикага жакын. Улуттук кийимдерге дагы жакынмын, бирок өзүм ырчы болуп, сахнага чыгып жүргөнүм менен улуттук кийимим жок экен. Ошондой болсо дагы кыргыздын оюу-чиймеси салынган, заманбап тигилген анча-мынча кийимим бар, ал эми калгандары классика.

— Көрүнүктүү саясатчылардын, коомдук ишмерлерди арасынан туруктуу кардарларыңыз барбы?

— Азырынча саясатчылар деле кайрылыша элек. Менин кардарларымдын көпчүлүгү өзүмдүн чөйрөмдөгү чыгармачыл адамдар. Бирок дарыгерлер, мугалимдер, бизнесмендер кайрылып калышат.

— Болжолдуу түрдө костюмдарыңыздын баасы канча турат?

— Костюмдардын баасы ар кандай. Анткени анын баасы кездеменин баасына, оюу-чиймесине, фасонго жараша болот. Айрым учурда кардарлар келип, мага мынча сомдун тегерегинде тигип бергиле деп калат, аларга ошол сумманын тегерегинде тигип, талаптарын аткарганга аракет кылабыз.

— Каалоочуларды окутуу үчүн атайын дизайнердик мектебиңиз барбы?

— Мен өзүм деле дизайнердин окуусун бүткөн эмесмин. Кесибим боюнча ырчы, актрисамын. Тигүүчүлүк өзүмдүн кошумча өнөрүм. Мектеп ачуу оюмда бар. Бирок ал үчүн менин дагы бул тармакта билимим болушу керек да. Мен бардыгын кыргызча эле бычып, жасайм. Кыргызча түшүнүгүм боюнча эле кыздарга үйрөткөнгө аракет кылам.

— Тигүүчүлүк кесип сиздин хоббиңизби же турмуштук зарылчылыктан улам келип чыктыбы?

— Мен бала кезимден эле кол өнөрчүлүккө абдан кызыкчумун. Сүрөт тартканды дагы аябай жакшы көрөт элем. Эгерде бала кезимден сүрөт тартууну алып кетсем, менден деле жакшы сүрөтчү чыкмак болушу керек деп ойлойм. Азыр бул өнөрдү унутуп койгондуктан көпчүлүк учурда сүрөт тартуу боюнча кыздарыма кайрылам. Узчулук деле укумдан-тукумга , кандан-канга өткөн өнөр болушу керек. Менин ата- энем колунан көөрү төгүлгөн уздар. Бирок өзүмдүн каалоом болбосо үйрөнө алмак эмесмин деп ойлойм. Бала кезимден эле кол өнөрчүлүктү жакшы көрчүмүн. Апамдын жанына отуруп алып, шырдак шырыганды, жөрмөгөндү, оймо ойгонду үйрөндүм. Кийимди алгач өзүмө, апама, бир туугандарыма, жакындарыма эле тикчүмүн. Кийинчерээк өзүбүздүн улуттук кийимдерди элге жайылтуу планына өттүм. Бирок театр менен тирүүчүлүктү кошуп алып келе алган жокмун. Бир учурда цех ачып, бирок кайра театрга кетип калгам. Ошол эле мезгилде искусство тармагынын маянасынын аздыгынан кайра эле тирүүчүлүккө өттүм. Чынын айтканда, маданият тармагындагы адамдардын айлыгы эч нерсеге жетпей. Ошол дагы тигүүчүлүк кесипти токтотпой алып кетүүмө бир четинен түрткү болду.

— Кандай жаңы коллекциянын үстүндө иштеп жатасыз, алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Учурда үлпөт тойлорго ылайыктуу кыз-келиндердин көйнөктөрүн тигип жатабыз. Бул коллекцияда күйө балага ылайыктуу дагы кийимдерибиз бар. Ошондой эле этникага дагы кайрылсамбы деп жүрөм. Андан тышкары апамдын илгерки фасондору унутта калып жатат. Ошолорду жандандырсам деген ойдомун.

— Эл аралык деңгээлде ири көргөзмөлөргө катышайын деген оюңуз барбы?

— Азырынча андай деле оюм жок. Бирок чет мамлекетке чакыруулар болуп жатат. Алар ишке ашканча кеп кылбай турайын.

— Кардарларыңыздын арасында кол эмгегиңизге ичи чыкпай калгандар болобу?

— Андай учурлар болот. Анткени кардарлардын бардыгы бирдей эмес. Айрымдар жактырып, мактап, сүйүнүп ыраазы болуп кийип кетишет. Анда өзүң дагы ыраазы болуп каласың. Айрымдар жакшы тиккен күндө дагы бул жагы мындай, тигил жагы тигиндей болуп калыптыр деген учурлар дагы болот. Оюн 3-4 жолу өзгөртүп, чатак чыгаргандар дагы бар. Андай учурда биз алардын сын-пикирин туура кабыл алып, маселен чечкенге аракет кылабыз.

— Учурда ырчылык кесипти дагы, дизайнердик кесипти дагы тең алып кетүүгө аракет кылып жатыптырсыз. Убактыңыз өтө эле тар болсо керек? Андыктан сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?

— Көпчүлүк учурда кечинде үйгө чарчап барам. Өзүм дагы бир аз жалкоорокмун. Күндүз оюм менен барын кыйрата берем. Үйгө барганда эч нерсеге алым келбей уктап калам. Бирок эртең менен эрте туруп, бетиме кам көрөм. Чыгармачыл адам болгондон кийин коомчулук бизди башкача карашат. Ошондуктан алардын көз алдында жакшы көрүнүшүбүз керек. Андыктан өтө сулуу болуп кетпесем дагы табият берген сулуулукту кармаганга аракет кылам. Жакшы кийинип жүргөндү жактырам. Жакшы десе эле кымбат, анан белгилүү фирмалардын кийимдери эмес. Арзан болобу, кымбат болобу негизгиси жарашыктуу кийинип жүргөнгө аракет кылам. Моданы мен жарашык катары кабыл алам.

— Балдарыңызга кандай апасыз? Сиздин жолуңузду жолдогусу келгендери барбы?

Жолдошум экөөбүздүн Акбермет аттуу бир гана кызыбыз бар. Ага жакшы эне болгонго аракет кылам, эркелетем, ошол эле учурда катуу кармайм. Акыл-насааттарымды айткандан тажабайм. Кызым бала кезинде дизайнер болом деп кыялданчу. Модель болом деп дагы чыккан учурлары болгон. Бирок жолдошум композитор, мен ырчы жана актриса, анан «Алма сабагынан алыс түшпөйт» дегендей, кызым деле алыс кеткен жок. Учурда бийчи.

Маегиңизге рахмат!

sayra1

sayra2

sayra3

Венера Осмокеева, “Кабар ордо”, 23.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий