Кыргыз тарыхынын үч томдугу даярдалууда

Кыргыз элинин тарыхынын академиялык басылмасы кыргыз тилинде качан чыгат деген суроолор Эгемендүүлүк мезгилибизден кийин ар дайым окурмандар тарабынан коюлуп келе жатат. Чындыгында окурмандардын суроо-талабы эң туура. Биз Эгемендүүлүктү алдык, бирок кыргыз тарыхы эмдигиче жазылып, коомчулукка жетпегени ар бир кыргыз атуулун бушаймандык кылат. Совет учурунда кыргыз тарыхы орус тилинде жарык көрүп, бирок ал советтик идеологиянын кысымында көп фактылар тескери бурмаланып, үстүртөдөн, болбосо унутулуп берилген эле. Мына ушул көз караштарды түзөтүү, ордуна коюу жана толуктоо катарында Улуттук илимдер академиясынында кыргыз тарыхынын 3 томдугу даярдалып, чыгарууга аракеттер жүрүп жатат. Бул тарых – такталган, илимий мүнөздөгү тарых. Биз төмөндө окурмандарга жакында сунуш кылуучу академиялык басылыштын үч томдугун кыскача мазмунун бердик.

КР УИАнын вице-президенти, академик А.Акматалиев

 

Кыргызстан тарыхынын үчүнчү томунун мурдагы басылмадан айырмачылыгы жана өзгөчөлүктөрү

Кыргыздардын жана Кыргызстандын академиялык үч томдук тарыхынын 3-тому XX кылымды жана XXI кылымдын биринчи жарымын камтыйт. Бул эмгектин негизги милдеттери: эгемендүүлүктүн шартындагы изилдөөлөрдүн негизинде жана мурдагы фундаменталдуу илимий эмгектерди пайдалануу менен кыргыз коомунун урунттуу учурлары жөнүндө маалымат берүү; Кыргызстандын тарыхы дүйнөлүк тарыхый процесстин ажырагыс бөлүгү экенин көрсөтүү; биздин тарыхыбыз – өлкөбүздүн бүткүл аймагынын, андагы бардык элдердин, этностордун тарыхы экенин баяндоо болуп эсептелет.

Кыргызстан XX к. башында Россиянын курамындагы Түркстан генерал-губернаторлугунун карамагында колония катары болгон. Кыргыз жергесинде Россия империясынын колониялык режими жылдан жылга күчөп, Борбордук Россиядан жерсиз дыйкандардын көчүп келүүсү көбөйө берген. Келгиндер артыкча укукка ээ болушуп, жергиликтүү калктын түшүмдүү, сугатка ылайыктуу жерлерин тартып алышып жана аларга кемсинтүү менен мамиле жасап турушкан. Эмгекте ушундай шартта жергиликтүү калктын алдыңкы өкүлдөрүнүн алгачкы уюмдашып жүргүзгөн иш-аракеттери, алсак бийликтин туура эмес жүргүзүп жаткан саясатына карата нааразылык билдирип петицияларды жөнөтүшкөндөрү (Шабдан Жантай уулунун петициясынын мисалында), атайын делегацияларды уюштурушкандыктары тууралуу баяндалат. Ошондой эле Россиянын Волга бою, Крымда пайда болуп кийин Борбордук Азияга тараган жадидчилик кыймылы, жадиддик мусулман уюмдарынын иш аракеттери Кыргыз ССРинин мурдагы томдорунда чагылдырылбагандыктан, бул эмгекте жаңыча көз караш жана изилдөөлөрдүн негизинде берилди.

Бирок, падышачылык бийлик жергиликтүү элдерге карата колониялык оор саясатын жүргүзүүнү уланткандыгы Орто Азия жана Казакстан элдеринин, ошондой эле кыргыздардын 1916-ж. көтөрүлүшүнө алып келген. Кыргызстандын тарыхындагы бул чоң трагедия, көтөрүлүштүн себептери, жүрүшү жана анын кесепеттери, тарыхый мааниси чагылдырылды.

1917-ж. Февраль революциясынан кийин Кыргызстандагы саясий абал, “Алаш”, “Шуро-и-исламия”, “Шуро-и-Улема” ж.б. алгачкы саясий партиялардын уюштурулушу жана алардын иш аракеттери, Кеңеш бийлигинин орношу, башкаруу органдарынын түзүлүшү жөнүндө баяндалат. Жаңыча көз карашта Кыргыз Тоолуу областын түзүү аракеттери, Кыргыз автономиялуу областынын, Кыргыз АССРинин, Кыргыз ССРинин түзүлүшү, ошондой эле саясий күчтөрдүн кагылышуусу, “30чулардын каты”, басмачылык кыймылы, кеңеш бийлигине каршы козголоңдор мурда административдик-буйрукчул бийликтин идеологиялык саясатынын кесепетинен жаап-жашырылып келген фактыларды ачыкка чыгаруу менен баяндалды.

Кеңеш бийлигинин тушундагы кыргыздардын жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн отурукташтыруу, коллективдештирүү процесстери, аларды ишке ашыруудагы аша чаап кеткен кулакка тартуу, бай-манаптарды куугунтуктоолор, алардын аргасыз журт которуулары, мындан тышкары, саясий куугунтуктоолор, анын курмандыктары жакын арада Россия, Украина, Казакстандын архивдеринен табылган материалдардын негизинде берилген.

Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргызстандык жоокерлердин эрдиги, согуш менен тылдын биримдиги, согуштан кийинки жылдардагы экономика чагылдырылган. Республикадагы коомдук-саясий турмуш, коммунисттик партиянын бийлигинин күчөшү, кайра куруу, маданият, билим берүү, илимдеги жаңылыктар, жетишкендиктер менен кемчиликтерге баа берилди.

Кыргызстандын көз карандысыздыгы, Конституциянын кабыл алынышы, 2005-ж. март, 2010-ж. апрель окуялары, Парламенттик республиканын калыптанышы, рыноктук экономика, өлкөнүн эл аралык уюмдарга мүчө болушу, чет өлкөлөр менен байланыштары, билим берүү, илим жана маданият жаатындагы өзгөрүүлөр, андагы маселелер чагылдырылды.

Даярдалып жаткан эмгектин көлөмү 56–60 б.т. же 850–900 бет.

А.Джуманалиев, тарых илимдеринин доктору, А.Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты

Кыргызстандын тарыхынын 2-томунун жаңычылдыгы тууралуу

Азыркы тапта жазылып жаткан Кыргызстандын тарыхынын 2- тому менен мурда орус тилинде жарык көргөн История Киргизской ССР деп аталган жалпыланган эмгектин 1-2- томдорун отуз жылдын тегерегиндеги убакыт бөлүп турат. Аталган томдор Советтер Союзунун доорунда жетектөөчү жана багыттоочу күч деп таанылган Коммунисттик партиянын жүргүзгөн саясатынын таасири менен даярдалган. Көпчүлүккө жакшы белгилүү болгондой ал мезгилде тарых илими дагы административдик-командалык системанын терс таасирин жон териси менен сезген. Совет мезгилиндеги эмгек жалпысынан алганда жакшы деңгээлде жазылганы менен чындыкка анча коошпогон идеологиялык мүнөздөгү бүтүмдөр аз эмес. Тилекке каршы квалификациялары жогорку белгилүү окумуштууларыбыздын таңууланган методологиялык ыкмалардын алкагынан чыгышы кыйын эле. Тарыхый окуяларды, социалдык турмушту таптык көз караштан кароо, коммунисттик партиянын ролун орду менен деле, орунсуз деле даңазалоо сыяктуу ыкмалар колдонулган. Россия империясынын курамына кошулуу, орус элинин Кыргызстандын экономикасынын, маданиятынын өсүшүнө кошкон салымы сыяктуу жана башка бир катар маселелерди изилдегенде бир жактуу калпыс чыгарылган жыйынтыктар да болбой койгон эмес Анын үстүнө мурда жарыяланган История Киргизской ССРдин 2-тому кыргыз элинин Россиянын курамына киргендигинен Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейинки кыска тарыхый доорду гана кучагына камтуу менен чектелген.

Ал эми бүгүнкү күндө жазылып жаткан томдук Кыргыз Республикасы көз каранды эместикке жетишкенден кийин дээрлик чейрек кылым убакыт өткөндөн кийин басылганы турат . Мында улуттук аң сезимдин өсүп ата-бабалардын басып өткөн тарыхый жолуна абай салып аны терең билгенге умтулган адамдардын саны өскөнүн белгилеш керек. Кыргыз элинин орто кылымдардагы, жаңы доордогу тарыхы жана маданиятын изилдөө маселесине болгон кызыгуу артып окумуштуулар тарабынан далай жаңы табылгалар илимий айлампага киргизилди. СССР тарап Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет болгондон тартып ушул күнгө чейин көптөгөн макалалар, китептер жарыяланып, далай материалдар топтолду. Бул жылдары тарых, этнография маселелерин изилдөөгө атайын даярдыгы бар кесипкөй адистер эле эмес башка тармактын өкүлдөрү да активдүү киришти Натыйжада көз каранды эместикке жетишкен жылдары изилдөөнүн зарыл ыкмаларын колдонуу менен маселелерди так калыс чагылдырган эмгектер жаралды. Социалдык-экономикалык, маданий жана саясий процесстер, эл аралык мамилелер жана башка толуп жаткан маселелерди жаңыча көз караш менен тыкыр иликтөөгө болгон аракеттер арта баштады. Бул мурда четте калган инсан таануу багытына да тиешелүү . Ошону менен катар эле объективдүү чындыктан алыс мифтик мүнөз аралашкан эмгектер да жарыяланып келе жаткандыгын айта кетүү зарыл.

Жогорудагы бандалгандарды эске алганда Кыргызстандын тарыхын анын ичинде 16- 19 кылымдарды кучагына алган 2-томду даярдоо зарыл иштердин бири болуп саналат. Ал эмгек мурдатан белгилүү баалуу булактар менен катар эле кийинки жылдары топтолгон баалуу табылгаларды колдонуу менен жазылып жатат. Авторлордун изилдөө объектилерине жараша методологиялык ыкмаларды эркин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу томдуктун жаңычылдыгын шарттаган факторлордун бири. Дагы бир маанилүү жагдай эмгектин мамлекетибиз көз карандысыздыкка жетишкен алгачкы жылдардарына мүнөздүү эйфориядан кайтып калган учурда жазылып жатышы. Томдун кыргыз тилинде даярдалып жаткандыгы студенттерден тартып, кызыккан карапайым адамдарга чейинки окурмандардын кеңири катмарын камтыйт. Кыргыз элинин социалдык уюмдашуусуна, тарыхый инсандарга, салттуу маданияттын материалдык, руханий жактарына кенен көңүл буруу даярдалып жаткан томго болгон кызыгууну арттырат деген үмүтүбүз бар.

Жапаров А.З, тарых илимдеринин кандидаты

 

“Кыргыз жана Кыргызстан тарыхынын” даярдалып жаткан академиялык басылмасынын I тому тууралуу

Тарыхыбыздын китептик жазма маданияттын деңгээлине көтөрүлүшү, улуттук аң-сезимдин олуттуу өзгөрүшүнө алып келген. Катардагы окурман тарыхтын көп пайдалуу жактарын билип маалыматтарды алууга жетишкен. Мурда биздин ата-бабаларыбыз алып жүргөн санжыралык-генеалогиялык деңгээлдеги тарых маалыматтарына караганда, адамдардын алда канча ынанымдуу кабарларга ээ болушуна шарт түзүлгөн. Муну алгачкылардан баамдаган молдо Осмоналы Сыдык уулу, элинин тарыхын кагаз бетине түшүрүп китеп кылып чыгарган. Ал кездеги кыргыз коому үчүн бул чоң жаңылык жана жетишкендик болгон. Көчмөн элге таандык жаңыны тез кабыл алуу жөндөмдүүлүгү, калк арасынан Осмоналы молдонун жолун жолдогонго аракет кылган билимдүү адамдардын өзүнчө бир муунунун өсүп чыгышына алып келген. Бүгүнкү күндө илимдер академиясынын сейрек кол жазмалар фондусунда сакталып турган кыргыз тарыхынын кол жазма варианттары мунун айкын далили боло алат. Алардын катарында, орус чыгыш таануучулары В. Бартольддун жана Н. Аристовдун эмгектери менен тааныш болуп, алар жазган тарыхый кабарларга сереп салып жана кыргыз тарыхына байланышкан оригиналдуу маалыматтарды келтирген Белек Солтоноевге өзгөчө орун таандык. Демек түйүлдүк деңгээлинде болсо да, XIX к. аягынан – XX к. 30-жылдарынын чегинде, кыргыздын улуттук жазма тарых маданияты калыптанып баштаган деп айтсак болот. Албетте алар жазган тарых негизинен нукура элдик оозеки санжыра маалыматтарына таянылса да, кайсы бир деңгээлде чыгыш жана орус тарыхнаамасынын элементтерин камтыган улуттук жазма тарых маданиятынын калыптанышына пайдубал түптөп андан ары өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргыз АССРинин Эл Агартуу комиссарлыгы, кыргыз элинин тарыхын жазып берүү тууралуу өтүнүч менен академик В. Бартольдго кайрылган жана окумуштуунун “Кыргыздар” аттуу тарыхый очерки 1927-ж. орус тилинде жарык көргөн. Мына ушундан баштап алгачкы жолу кыргыз элинин тарыхын ырааттуу илимий негизде жазуу жана изилдөө иши колго алына баштаган.

В. Бартольддун эмгеги жарык көргөндөн кийин республикабызда тарых өз алдынча илим катары калыптанууга кадам таштап, кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхын изилдөө багытында көптөгөн иштер аткарылган. Кыргызстандын тарыхынын төрт жолку (1956, 1963, 1968, 1984-1990) академиялык басылыштары жарык көргөн. Бирок, бул жетишкендиктерге карабастан, дагы эле болсо кыргыз тилинде тарых боюнча оригиналдуу эмгектердин даярдалбашы, аталган илимдин өнүгүшүндөгү өксүк бойдон калган. 1970-жылдардын баш чендериндеги Кыргызстандын тарыхынын орусчадан которулган эки томдугун эске албаганда, бул багытта академиялык иш жасалбай келген. Эгемендүүлүктүн жылдарында гана Ата Мекенибиздин тарыхынын окуу куралдарына ылайыкталган варианттары жарык көрө баштаган. Бирок бул дагы окурмандарды толук канааттандыра албаган. Демек алдыдагы окурмандарга сунуш кылына турган иш, тарыхыбыздын академиялык басылышын алгачкы жолу эне тилиндеги оригиналдуу тексттерин даярдоо маселеси менен байланышкан.

Эми учурда окурман үчүн маалымат алуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп жаткан чакта, биз сунуш кылып жаткан тарых окурмандардын кеңири катмарынын жан-дүйнөсүн өзүнө тарта алабы? Калкыбыз чынында эле Ата Мекенинин тарыхын берилүү менен окуйбу? Деги эле окурмандардын аудиториясы тарыхты кандай кабыл алат деген суроолор туулат. Биз үчүн бул олуттуу маселе. Анткени, жогоруда белгилегендей учурда калктын тарыхка болгон кызыгууларын камсыз кыла турган маалымат булактары көбөйдү. Ал аз келгенсип бул темага арналган ар кандай деңгээлдеги басылмалардын байма-бай жарык көрүп жатышы, окурмандардын аң-сезимин бир кыйла башка нукка бурулушуна себеп болду. Адатта, мындай эмгектин авторлору тарых илими менен эч кандай тааныштыгы жок, тарыхты жазууда булактар менен документтик маалыматтарга таянышпаган ошондой эле, адис тарыхчылардан айрымаланып окуяларды жазууда куру кыялга, жеке калпыс пикирге, көз карашка артыкчылык бергендиги менен чектелишет. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия республикаларында күч алып бараткан тарыхка болгон мындай “куру ышкыбоздук” мамиле, илимде “фольк хистори” (“элдик чыгарма тарых”) деген каймана атка ээ болгон. Биз муну сөз кылып жатканыбыздын себеби окурман академиялык эмгекке караганда, аталган тарых жазуучуларга көбүрөөк ишеним артууда. Албетте бул азыркы учурдун табигый көрүнүшү болушу ыктымал. Анткени, калктын туруктуу экономикалык байманасын камсыз кылган жашоо-турмуш калыптанбаган жагдайда, руханий турмуш да бөксөрөт жана мындай кырдаалдан чыгууда сокур идеяларга берилген интеллигенциянын айрым бөлүктөрү, этностун түпкү башатынын байыркылыгын издөө менен алектенет. Натыйжада руханий жакырчылыкка кабылган калктын басымдуу бөлүгү, жалган идеяларды ээрчип кетүүгө өзүнөн-өзү даяр болуп калат. Мына ушундай кырдаалда чыныгы тарыхтын ээлеген орду зор. Калкка тарыхты туура жеткирүү жана билдирүү менен гана, биз мамлекетибиздин негиздерин мындан ары чыңдап бекемдөө ишине мекендештерибизди тарта алабыз.

Учурда “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхынын” I томунда Ата Мекенибиздин эң байыркы мезгилден – XVI к. аягына чейинки тарыхый окуялары камтылмакчы. Анда Кыргызстандын байыркы таш жана коло доорлору, эрте көчмөндөр сактардын жана усундардын доору, отрукташкан шаар маданиятын калыптандырган байыркы Давань мамлекети тууралуу маалыматтар орун алат.

Түштүк Сибирь аймагын мекендеген Байыркы Енисей кыргыздарынын тарыхы алардын орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшү жөнүндөгү маселелер тарыхыбыздын маанилүү учурларын болуп саналат. Бул жагдайда даярдалып жаткан тарыхтын академиялык басылмасында кыргыздардын орто кылымдардагы Енисей мезгили китепте кеңири чагылдырмакчы.

Кыргыз элинин этникалык курамынын түзүлүшүндөгү негизги уюткулардын бирин түзгөн орто кылымдардагы түрк урууларынын каганаттарынын (Батыш түрк, Түргөш, Карлук жана Карахандар) тарыхы мамлекетибиздин тарыхынын ажырагыс бөлүгү деп айтууга болот. Аталган мамлекеттер орто кылымдардагы Кыргызстандагы мамлекеттик түзүлүштөрүндөгү маанилүү мезгилдерден болуп саналат.

XIII-XV кылымдардагы Кыргызстандагы Чагатай улусу, Хайду жана Моголстан мамлекеттеринин тарыхы соңку орто кылымдар мезгилиндеги маанилүү окуяларды камтыган. Моголстан доорунда Теңир-Тоо кыргыздары аталган чөлкөмдөгү эң күчтүү саясий бирикмелерди түзгөн жергиликтүү элдердин бирине айланган. Тарыхый булактарда кыргыздарды “Моголстандын арстандары” катары сыпаттаганы бекеринен эмес.

Теңир-Тоо жергесинде кыргыздардын эл болуп куралышы жана түзүлүшү жөнүндө маселелер даярдалып жаткан томдуктагы чоң илимий мааниси бар проблемалардан. Бул жагдайда кыргыз элинин түптөлүп эл болуп калыптанышынын негизги учурларына байланышкан тарыхый процесстерге сереп салынат. XVI к. кыргыздар Теңир-Тоодогу башка элдерден айрымаланган өз алдынча эл катары жашап тургандыгын тарыхый булактар да ырастайт.

Жалпылап айтканда даярдалып жаткан “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхынын” I тому байыркы жана орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхынын маанилүү учурларын чагылдырган жана тарыхый булактарга негизделген академиялык басылыштагы оригиналдуу коллективдүү эмгектерден болмокчу.

Т.И.Асанов, тарых илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкер.

“Кутбилим”, 07.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий