Ооруктагы оор күндөр

“1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн күжүрмөн эмгеги үчүн” жана “Даңк” медалынын ээси, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Шарше Керимбаевдин баскан жолу, байсалдуу өмүрү өзүнөн кийинкилерге өрнөк. Ал бала чагынан тартып илим-билимге умтулган. Бу ажайып өмүрдө адам эмгеги менен гана толук кандуу адамга айланаарын анын басып өткөн жолу айкын далилдейт. 90 жашка толуп олтурган кутман карыябыз Шарше агай согуш жылдарында эл менен кошо эл чарбасын көтөрүп, башынан нелерди кечирбеди. Элдин муңун укту. Зарын түшүндү. Анан өзү курдуу балдар менен бирдикте тылдагы оор жүктү көтөрүшүп, кара жанын карч урду. Кийин согуш аяктап, илимге кадам таштады. Билим берүү тармагында талбай эмгектенди. Профессор Шарше Керимбаев аксакалыбызды гезиттин жамааты кутман курагы менен кызуу куттуктап: “Акыл кошуп, жол көрсөткөн ардактуу Шарше агай! Мындан ары да кайрат-күчүңүздөн жазбай, элиңизге эмгегиңизди арнап, эл аман, эл ичинде сиз аман болуңуз!” — демекчибиз.

Армандуу биздн балалык

—Бу өмүр дегендин өзү желдей сызып бат учабы! – дейм, өткөн өмүр белестерин барактап отуруп. Токсонго толдум… Токсон жылда бу баштан нелерди кечирбедик!? Нелерге гана күбө болбодук!? Ашуусу бийик дабан басып, турмуштун бет келген тоскоолдуктарына тушукканда адамды алдыга сүрөгөн көкүрөгүндөгү үмүтү, алдыга койгон асыл максаты тура. Азыр ойлосом, кыйын кезең мезгилдерде күжүрмөн эмгек менен эртеңкиге болгон ишенич, жаркын үмүт бизди аман сактаптыр. Биздин балалык оор болду. Тагдыр бизге армандуу балалыкты буйруптур. Батышта кан күйгөн согуш. Күн алыс айыл ичинде өкүрүк, муң, жакынын жоготуп аза күткөн аталар менен кара жамынып буркураган апалар. Ошол оор мүнөттөрдө адамдар барга тобо кылышты. Ач көздүк дегенден алыс элек. Барга тобо кылчубуз. Кара жарма жалмалап, кара курсакты кампайтсак болгону. Ой-санаабыздын бардыгы Батыштагы апаат, андагы мекенди коргойбуз деп ажалдан тайманбай ар-намысты туу тутушкан аталар, агалар аман келсе экен дейбиз. Бирок, аттиң, алакандай айылыбыздан эле канчалары кан майданга кетип, кайра аман кайтпай калышты…

sh_kerimbaev1

Согуш… Олда, курган согуш ай… Кан күйгөн согуш башталган кезде мен алыскы Ленинградда элем. Анда эмесе, кеп башынан болсун!

Энемдин айтуусуна караганда мен 1925-жылдын май айында Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай деген айылда төрөлүпмүн. Туулган күнүмдү тактайм деп канча убара болдум. Эч майнап чыкпады. Бардыгы бир ооздон, эл кош айдоого чыкканда туулгансың дешчү. Акыры ойлонуп олтуруп кийин паспорт алаарда басма сөз күнүн эстей койдум да “5-май” деп жаздырдым.

 

Кулактын уулу

Калкты туташ колхоздоштуруу жүргөн кезде атам Керимбай каза болуп калат. Мен анда эки гана жашта экем. Ошентип жетим калган эки баласын жетилтем деп энем шордуу айылдагы Жамбарак аттуу кишиге экинчи аялдыкка турмушка чыгат. Жамбарактын буга дейре баласы болбогондуктан апамды алууга туура келсе керек. Энем ага үч уул төрөп берди. Тилекке каршы, Карабай, Торубай, Карыпбай үчөө тең ымыркай кездеринде суукка чалдыгышып каза болушту. Жокчулуктун жонду кескени ушуга себеп болду көрүнөт. Жамбарак атабыз бай да, кедей да эмес эле. Эл катары орточо турмуш кечирчү. Колхоздоштуруу учурунда канчалаган жандар таптык элемент деп ак жерлеринен түрмөгө айдалышты. Кулак деп туткундалды. Айткан сөзү орундуу, кадыр-баркы барктуу адамдарды айрым жергиликтүү мыкчыгерлер көңүлүнө жакпай калса көздөрүн тазалаганга барышчу. Мына ошондой жоболоңдуу күндөрдүн биринде жамандык үйүбүздү аңдып турду. 1933-жылы Жамбарак атабыз кулакка тартылып кетти. Апам шордуу таянаар тоосу кулап, мөгдөп калды. Эркиндикти эңсеген Жамбарак ата колуна кишен салынып жүрүп бу өмүр менен кош айтышыптыр…

 

Гезиттен жасалган бут кийим

Жетим аталдык… Жокчулук жондон кайыш тилди. Окуйм, билим алам деп 1934-жылы айылыбыздагы жети жылдык мектептин босогосун аттадым. Алты айга аяк баспай мени “кулактын уулусуң” деп мектептен чыгарып салышты. Апама колхоздон иш бербей кууратышты. 13 жашар Кудайберген агам жана жети жашар мени жетелеген энем шордуу эми айылда калуу мүмкүн эмес экенин түшүндү да Жолголот айылындагы төркүнү тарапка бизди алып жөнөдү. Бир жылдан кийин Липенкадагы орус-украиндер жашаган айылга көчүп бардык. Кеч күз. Кудайберген агам экөөбүз ошол айылдагы орус мектепке окуйбуз деп бут кийимибиз жок жылаңайлак бардык. Сабак бүттү. Андан кийин Анна Наумовна деген эжебиз агам экөөбүздү үйүнө алып жөнөдү. Бизге чай берген соң отуруп алып эски гезиттерди буттарыбызга боо менен ороп туруп убактылуу бут кийим жасап берди. Мугалимдин үйүнөн узаган агам экөөбүз кеч күздөгү жаанда баткак кечип чалпылдатып жөнөп барабыз. Буттарыбызга оролгон гезит суу болуп, 300 метрдей аралыктан жерге түшүп калды. Көнгөн адатыбыз менен салып-уруп жөө кадам таштайбыз. Бизди гезиттен жасалган бут кийим эмес, үйүнө алып кирип энелик мээрим төккөн Анна эжебиздин мамилеси жылытып… Ошол учур көөнүмдөн кетпей күнү бүгүнкүдөй көз алдыга тартылат. Бизге анын жетим деп чекеден сылаганы баарынан улук, баарынан бийик эле. Ошого кудуңдап алдыга кадам таштайбыз…

 

sh_kerimbaev2

Биринчи белек

1-классты “эң жакшы” деген баага окудум. Каникул алдындагы мектеп линейкасында турам. Бир маалда мектеп директору Серафим Петрович мыкты окуган окуучуларга сыйлык тапшырды. Мектептеги жетишкендигим үчүн деп мактоо баракчасы менен бир кесим кездеме колго тийди. Ушул ирмем менин турмушумда алган эң алгачкы белек болду. Мектептен тарап, көчөнүн чаңын кечип чымын-куюн атып чуркайм. Үйгө заматта учуп жетсем дейм. Алгачкы белегимди көргөн апам шордуу жетине албай кубанганынан көзүнө жаш алды. Ошол алгачкы белегимен апам өзүнө кийим тиктирип кийди.

 

Кемедеги бий

Декада аяктады. Кыргыз өнөрпоздорун өкмөт башчылары Кремлде кабыл алышты. Бүткүл Советтик өлкөнү башкарган Сталинди алыстан билим алабыз деп келген окуучулар ошондо жакындан көрүп кубанганыбызды айтпа!? Декада аяктаган соң каникул башталып, өз жергебизге кайттык. Фрунзеге келсем Абакир абам аскерде. Көпкө токтолуп турганым жок. Калык Акиевдин үйүндө бир-эки күн конок болдум да, андан ары Ысык-Көлгө сапар уладым. Рыбачьеге жетип, “Советская Киргизия” теплоходуна олтурдум. Үстүўкү палубада орустардын шаңдуу отурушу болуп атыптыр. Бир маалда кыяк үнү жаңырды. Музыка дебелемди козгоп, хореографияда алган билимимдин жардамы тийдиби айтор, ортого түшө калып орустун бийи менен кошо “чечетка”, “цыганка” бийлерин бийлеп ийдим. Канчалык бийлегенимди ким билсин, бир оокумда эл жабыла четке чыгып, мени тиктеп калышты. Бу кичинекей кыргыз бала бийлердин баарын кайдан үйрөнгөн дегенсишет. Бий аяктаган соң көпчүлүк курчап алып кайдан келе жатканымды сурашты. Москвада декадада болгонумду, Ленинградда билим алып жатканымды, анан да Сталиндин өзүн көргөнүмдү угушканда, ого бетер таңыркашты. Бир тобу колдорунан келген белек-бечкектерин карматты. Ошондо кайрадан күздө Ленинградка жөнөп, анан арадан бир жыл аяк баспай 1941-жылдын 22-июнь күнү көркөм шаар Ленинград бомбаланаарын кайдан билиптирмин!? Көрсө, алдыда бейпил турмушта күн кечирген элибиздин башына бир апаат жакындап, анан ал апаатта миллиондогон адамдар набыт болоорун кайдан боолголодук дейсиң, аттиң!? Ал эми менин Ленинграддагы окуум аягына чыкпай айылыма кайтып башка бардык балдар сыяктуу кара жанды карч ураарыбыз үч уктасак да түшкө кирбеген тура…

 

Суук кабар… Тылдагы эмгек… Жаркын үмүт…

Эсимде… 22-июнь. Ленинград. Таттуу уйкунун кучагында хореографиялык окуу жайдын жатаканасында жаткан элек. Аңгычакты таңкы саат төрттө тарбиячыбыз Владимир Сенсов бөлмөгө чуркап кирип бизди шашылыш ойготту. Өңү жуулган чүпүрөктөй бозоргон. Радиону жаңыртты. А радиодо болсо Молотов советтик өлкөгө фашисттик баскынчылар кол салды, шаарлар бомбаланды деп кабарлап жатты. Бардыгыбыз үн катпай жерди тиктейбиз. Эми кандай болот? Келечек кандай? Айтор, туш-тараптан суроолор жамырайт. Молотовдун үнүн уккан соң тарбиячыбыз бизди подвалга алып жөнөдү. Ушул күндөн баштап коогалаң белгиси болгондо подвалга чуркайбыз. Июль айында фашисттер Ленинград шоссесине киришти. Немистер чабуул жасашты. Август аягында башка улуттардан куралган окуучу балдарды өз өлкөсүнө жөнөтүү тууралуу буйрук келди. Баарыбыз ыйлап коштоштук. Эми кайра кайтып Ленинграддан көрүшө алабызбы? Баягыдай ойносок оюнга тойбогон окуучулук күндөр эми келеби? Биз бири-бирибизди кучактап: “Согуш бат эле аяктап, кайра Ленинградка кайтып келебиз!” — дедик. Бирок… Бирок, аттиң, алдыда бизди азаптуу күндөр күтүп турганын балалык баёо дүйнөбүз кайдан боолголоду дейсиң!?

Алыскы Ленинграддан келсем чакан айылдан кырчындай болгон кырк жигит согушка аттанып кетиптир. Айыл аңгырайт. Бардык жүк бизге түштү. Бала болуп туруп бат эле олуттуу тарттык. Тылдагы оор жумуш. Тынымсыз эмгек. Кирпиктен тартса кулачудай чарчап-чаалыгып турган кезде да, кара жарма жалмалап курсакты эптеп тойгузсак да, мүңкүрөп жакындарыбыздан айрылсак да эртеңкиге болгон зор үмүт, терең ишенич бизди алдыга сүрөп:

—Жеңиш сөзсүз биздики болот! – дедик…

Данияр ИСАНОВ, Де Факто”, 05.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий