Сакура гүлүндөй бир төгүлгөн өмүр же Ишенбай Абдуразаковдун акыркы күндөрү

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, элчи Ишенбай Абдуразаков япон акылмандарынын өмүрүн тегиз гүлдөп туруп, гүлүн шарт төгүп жиберген сакура гүлүнө салыштырганы бар. Агай арабыздан кеткенден кийин анын өмүрүн да өзү көп жылы Японияда жашап-иштеп, анын маданиятын, адабиятын, каада-салтын терең иликтеген, андан сабак алган япон кереметине салыштырып, сакура гүлүнө окшоштуруп келем.

Агай дүйнөдөн өткөн мезгил алыстагы сакура дарагы гүлүн тегиз жайнатып турган убак болуш керек. Кечээ жакында Амангелди Муралиевдин Ишенбай агайга арнаган “Ысык-Көлдүн теректери кандай сырды катышат?” деген саптары бар терең ойго жем таштаган ырын таң аткыча уктабай жазып келгенин уктук. Ысык-Көлдүн, Бишкектин кыркалекей тизилген теректери кандай сырды катканын биз эми өзүбүздүн дараметибизге, баамыбызга жараша боолголоп кабылдаарбыз.

Теректер каткан ошол сыр түйүнүн чечмелеш үчүн түштүк магистраль тарапка, Ишенбай агайдын үйү тарапка жөө бара жаттым. Бир жыл мурун агай жөө кетип баратып, ушул жолдор менен басып, кере дем алып, теректерге суктанып, тоо тараптан соккон сыдырым желге бетин тоскондур. Ал киши нелерди ойлоду болду экен? Замандашыбыз Кулубек Бөкөнбаев күйүп-бышып айткандай, кайдыгерлик басып, адамдык бийик сапаттардын көмүскөдө калып келатканына кейигендир. А балким, азыр көп кишилер айтып жаткан позитивдүү ой жүгүртмөй сапатына салып, астыдагы али чети оюла элек идеялары туурасында ойлогондур…

Акыркы беш жылы агай жашаган ушул үйү дагы анын өмүрүндөй кандайдыр маани-маңызды камтыгандай көрүнөт. Жубайы Майрам Ажыбековна агайдын кабинети тарапка жол баштады. Жык-жыйма, барагынын баары ачылган, окулган китептер… Мында не деген адамзат байлыгы жатпагандыр. Алардын тилдери дагы ар түркүн: кыргызча, орусча, англисче, япончо… Ушул тилдердин баарын агай билген. Отурган столу эми бош… Дегеле коомдо Ишенбай агайдын орду бош калгандай, эч ким аны толтура албачудай сезилет. “Ана, агайыңдын сүрөтүн карап тур” дегенсип, Майрам эже мени бөлмөгө жалгыз калтырып кетти… Төрдөгү портреттен агай карап турат күлмүңдөп, тирүү кезиндей… Бөлмөлөрдөгү бир башкача асем жасалга, япон дүйнөсү… аралай чаап, ар бирин кармалап көрүп чыгууга агайдын портретинен айбыгып тура бердим.

Майрам Ажыбековнанын аңгемеси жүрөктү эзип барат:

Өмүр таптакыр аягына чыкпачудай, түбөлүк жашачудай жүрө берет турбайбызбы… Былтыр, 23-апрелден 24-апрелге караган түн эле… Молдокемди кайрылгыс сапарга кете берет деп үч уктасам түшүмө кирбептир. “Биздин тукумубуз узак жашайт десе, ал деле узак жашайт экен” деп ишенип алыптырмын. Неберебизди көргөнү Японияга шартка жараша экөөбүз эки башка барып калдык. Ал Кыргызстанга келгенде, мен Японияга кеттим. Жамандыктын эч бир жышааны жок, басып-туруп эле кетип калат деп ким ойлоптур? Ага караганда кийинки убакта мен көбүрөөк сыркоолоп калар элем. Бир жолу түнүчүндө уктап атып, бирөө мени тиктеп турганын сезип калдым, көзүмдү ача койсом, Ишенбай тиктеп турат. «Эмне болду?» десем, “Кыйналып аткандайсың” деп мени акмалап туруптур.

Негизи ден-соолугу бекем болчу, ооруканага жатмак турсун, көрүнүп-түздөнүп койгонго мойну жар берчү эмес. Кээде кулагын кечке чукуп калар эле, мына ошондо кан басымы көтөрүлүп кеткенин билип, дарысын бере салчумун. Түнү Москвадан келгенде “Сабакка барбай эле койбойсузбу” деп айтышса болбой, сабак бергени кетип калып атпайбы. Үйгө келгенде жыгылып, ошо менен кете бериптир… Балдарынын баары менен коштошконсуп, Японияга Жыпарга, Москвага Айнурага барып кетти. Ага чейин Москвага канча барса да, кызынын үйүнө барбай эле келе берчү. Айтор өзү билип-билбей, балдарынын баары менен коштошуп кеткендей. Жаштайыбыздан баш коштук. Өмүрү бир да жолу мага катуу сүйлөгөн киши эмес эле. Өкүнөм, жок дегенде үнүн бир катуу чыгарып, урушуп кетсечи. Табиятынан сыпаа, жибектей созулган жан эле. Балдарга да мамилеси жумшак. Бирок балдар атасынан тартынып, аны алдыртан сыйлап, кандайдыр сүрдү сезип турушчу.

Азыр таң калам. Акыркы жарым жылда Салижан досун абдан көп эскерип, “Салижан мага жетишпей жатат, кайраным, эрте кетип калбадыбы” деп эртели-кеч эстеп, кайгырып, өкүнүп жүрдү. Экөө эгиз козудай ээрчишип жүрүштү. Бирок бирге түшкөн сүрөттөрү да жок экен, таба албадык. Салижан биздикине келерде алдын-ала эскертпей, чалбай эле, түз эле кирип келчү. Бир күнү ошентип келип калса, неберем: “Ата, Аскар Акаев келди!” деген турбайбы. Анда Салижан: “Туура, мен Аскар Акаевмин!” десе, баарыбыз каткырып калабыз. Салижан ооруп атканда Ишенбай «Бул жакта тонду деле кийип жүрө албайт экенсиң» деп тонун берди. Салижан өпкөсүнөн ооруп, жылуу кийинип жүрүшү керек эле. Ошол тонду кийип, «Манас» университетине барыптыр. Салижан тамашалап: “Молдоке, сен арыктаба. Арыктасаң кийимиңди өзүң эле кийип, мага артпай калат” деп айтчу эле… Досторунун көбү өттү, Касым Исаев, Жумагулов… Азыр Картайбек Мукамбетов, Аскат Абдылдаев, Четин Жумагулов, Шайлообек Мусакожоев, Бейшенбай Акунов, 12-13 классташы бар… Мындан тышкары Муратбек Иманалиевге окшогон жаш достору көп.

Көзү өткөндөн кийин Ишенбай түшүмө кирди, ал мага кандайдыр кагаздарды берип жатыптыр. “Кийинки иштеримди сага тапшырдым” деген ишараты окшойт.

 

Жашоого изин салган япон сыры

Майрам Ажыбековна андан ары сөзүн улайт:

Японияга барарда элчинин жубайы иретинде дасторконду жасалгалагандан баштап, кандай кийиниш керек, жүрүм-турум эрежелери боюнча бир жыл даярдыктан өттүм. Ал жактан икебана мектебин бүтүрүп, сабак берүү укугуна ээ болдум. Ал жактагы жашоого кадимкидей жуурулушуп кеттик. Кайсы жерде узак убак жашасаң, ал жердин табияты жашоо-тирлигиңе да өзүнүн изин калтырбай койбойт окшойт. Ишенбай экөөбүздүн жашообузга да Япония терең изин калтырды. Келгенден кийин ал бияктагы жашоо-турмушка таң калып, “баары эле бири-бири менен чырмалышып калган, бирин тартсаң, экинчисинин тамыры чыгат экен” деп таң калып жүрдү.

Япониядагы командировкабыз аягына чыгарда мен көбүрөөк Кыргызстанга кетким келди. Ишенбай эмнегедир шашылбады. Келгенден кийин дароо мени Бишкек гуманитардык университети суранып атат деп ал жакка япон тилинен сабак берүүгө мажбурлады. Кийин өзүнүн артынан Таласбек Машрапов аттуу жигит түшүп алып, акыры сабак берүүгө көндүрдү. Мамлекеттик катчы кызматынан кеткенден кийин “кайра жакшы, ээн-эркин иштейм” дечү, акыры БГУда чыгыш тилдер факультетинде иштеп калды. Ал университет чоң иш жасап, Ишенбайдын лекцияларын жаздырып калтырышыптыр. Ушул баа жеткис эмгек болуп калды.

Майрам Ажыбековна Юсупованын сөзүн кайра эстеп, баягы жолдо дагы ойлуу жөө келаттым. Агайдын тамашасын гезитке бастык эле: “Үйдөгү бардык маанилүү иштерди мен башкарам, майда-чүйдөлөрүн Майрам тейлейт, бирок ушу кезге чейин маанилүү иштер боло элек”. Ушул сөздөрдөн кийин каткырып калганы кулагыма угулуп турду. Азыр жашаган жер үйүн Майрам Ажыбековна өзү, кийин балдар-кыздар жүгүрүп жүрүп салышыптыр. Жер участогун алышса, «Анын эмне кереги бар, кайра өткөрүп бер” дептир. Акыры нечен жылдап, там курулуп калгандан кийин, анын ырахатына батып, “Балдар келип, баарыбыз бапырап отурганга сонун экен” деп маашырланган. Акыркы кездерде абдан иштерман болуп, бир чети студенттер менен моокум кана иштеп, экинчи жагынан китеп жазып, айтор, тыным албаптыр. Бирок да көрөңгөлүү мындай кеменгерлер убагында мамлекет тарабынан татыктуу баасын ала албай калат экен. Айрыкча 17 жыл иштеп кеткен Япония жергеси өзгөчө баалап, Ишенбай Абдуразаковду чет элдиктерге берилчү өзгөчө сыйлык- “Улуу лентадагы Күн Чыгыш” ордени менен сыйлагандыгы болду.

Чынында Ишенбай агай, өзгөчө кийинки кездери, үйдөгү тиричилик жумуштарынан четтеп, жалаң кызмат, коомдук иштер менен алек болуп, артынан элине мурас болор чоң байлыкты-рухий мурасты, интеллектуалдык бийик көрөңгө сабактарын, адамгерчилик бийик сапаттардын үлгүсүн калтырып кетти.

Айгүл Бакеева, “ПолитКлиника”, 04.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Сакура гүлүндөй бир төгүлгөн өмүр же Ишенбай Абдуразаковдун акыркы күндөрү: 4 комментария

  • 13.05.2015 в 14:15
    Permalink

    эмне деген керемет адамдан айрылдык жаткан жериниз жайлуу болсун .маданияттуу эч нерсе алайын жулайын деген эмес кайран залкар элиндин.дуйного.таанымал адамы элениз

    Ответ
  • 26.05.2015 в 00:18
    Permalink

    Интеллектуалдуулукта алдына киши салбаган Ишенбацй ага залкар адам элениз иманыныз саламат болсун!

    Ответ

Добавить комментарий