Жеңиштин жетимишинчи жазы

“ПолитКлиника” гезитинин редакциясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Кыргыз эл акындары, Кыргыз Эл Баатырлары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуевди жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

Кыргыз эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры Сүйүнбай Эралиев: “Тагдырыма мен ыраазы ар качан Мекениме солдат кылып жараткан!»

Сүйүнбай ага жеңиштин 70 жылдыгына да ыр арнап, бакубат карылыктын доорун сүрүп жатат. Жакында эле “Солдат жана жер шары” аттуу согуш жылдарындагы ырлар жыйнагын жарыкка чыгарды. Алардын арасында кечээ жакында жазылган “Жеңиш” аттуу ыры бар.

 

ЖЕҢИШ

Төрт жылы үйдөн-жайдан безип жүрүп.
Ажалдын не бир түрүн кезиктирип,
Күнү-түн жанталашып атып жүрүп,
“Алсаң ал өз жанымды, Ата журтту
“Бербейм!” –деп, жерди төшкө басып жүрүп,
Жуурулган кан, тер жана көз жашына
Апкелген жеңиш мына, жетимиш жашта!” деп 2015-жылы жазды.

Сүйүнбай ага редакциядан келгенибизди угуп, бизге ак тилек, батасын берип, жаңы чыккан китебин кол тамгасы менен тартуулады. Байбичеси Альбина эже менен бирге агайдын апааттуу күндөрүн эстеп олтурдук:

-Агайыңардан ашык согуштун азап-тозогун тарткан адам аздыр. Азыр да колунда осколкасы бар, майдалары чачырап кирип калган. 21 жашында экинчи топтогу майып болуп келген.

Ал убакта мектепке кечирээк барышып, 9-10- класс окугандар деле жашы туура келип, согушка чакырылып кетип жатышты. Патриоттук сезим ал учурда күчтүү болуп, жашы жете элек боз уландар да согушка барууга суранып турушкан. Согушка биз бара электе бүтүп калбасын деп да кабатыр болушкан. Сүйүнбай агаңарды да акыры 18 жашка толгондо аскерге чакырышкан. Таластын Үч-Эмчек айылынан Кара-Балта шаарына алып келишип, аскерге даярдай башташкан. Ал жерге барганда палаткадан курулган шаарчага жоокерлерге бирден ат багууга беришкен. Атасы күлүк аттарды таптап, чоң мелдештерге байгеден чыгарып, ошол чөлкөмдө бир топ кадыр-барктуу киши болуптур. Сүкөм ат жалында чоңойгондуктан, аттарды үч ай бою берилип баккан экен. Мында Темиркул Үмөталиев саясий жетекчи болуптур. Мурда ал кишини тааныбаса да, акын ага деп сыртынан сыйлап, жакшы тааныш болуп кетишиптир.

Бирок ал жерге калтырбай, Сүйүнбай агаларды согуш талаасына алып кеткен. Панфилов дивизиясынын 316-аткычтар полкуна, Княжий клин деген жерге алып барышкан. 1942-1944-жылдары согушка катышып, оор жарадар болуп, Мекенине кайтып келип, мына жеңиштин 70-жазын тосуп атат.

Фронтовик акындын төмөндөгү ырларын чогуу окуп көрөлү:

* * *

Мына, дагы Тогузунчу Май келди,
Жаркын жаздын коштоосунда акырын.
Ал жылдарда бут баспады кай жерди,
Баарын кошсо, болмок канча чакырым?

Жеңиш күнүн күтүп алган кез жакшы!
Согуш гана эске түшөт кайра да…
Ошондогу аккан канды, көз жашты
Бирге кошсо, жетмек канча дайрага?!

Жатты дүйнө, канга, жашка бөлөнүп,
Калаа кыйрап, миң-миллион эр өлүп.
Анын орду араң толду кайрадан,
Дагы ошончо жаңы балдар төрөлүп…

Үч мертебе кайра туруп жараттан,
Үч мертебе жоону беттеп бараткам.
Тагдырыма мен ыраазы ар качан
Мекениме солдат кылып жараткан!
1985-жыл.

 

АЛТЫН БАРАКТАР

Кандуу кыргын анда төрт жыл уланган,
Элден калбай эр жигиттен-уландан
Баары кеткен… Тирүүлөрдөн канча көп,
Азаматтар октон анда куланган.

Биз көрбөгөн азап-тозок калбаган,
Окшоп турду күн батышка кан жааган.
Жаралангам, бардык огум катылып,
Бүтө электе мен жоого деп камдаган.

Өлгөндөрдүн тизмесине кирерге
Аз калганда, Петр деген бир эрге
Дуушар болгом, сүйрөп чыгып ал мени
Жеткирди эле октон далда бир жерге.

Бизде достук кан, тер менен бекилип,
Үзүм нанды жедик дайым тең бөлүп.
Эрдиктер да жатты тынбай жетилип,
Матросовго, Чолпонбайга теңелип.

Мүрзөлөргө көп болду чөп өнгөнү,
Өлгөндөрдүн бизге чоочун өңдөрү,
Бирок алтын барактарда жазылып,
Түбөлүккө калган аты-жөндөрү.

 

ЭС АЛУУ МААЛЫНДА

Фронтто жаз,
А мен чөптө жатамын
Жаткан өңдүү чоң атамдын төрүндө.
Азыр мага керек эмес чатагың,
Дитим барбайт киши өлүгүн көрүүгө.

Мурун жарып жыты келип талаанын,
Токой чөбү узун өскөн көйкөлүп.
Алар кудум колундай жаш баланын
Жатат менин сакалыма сөйкөнүп…
1969-жыл.

 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры Сооронбай Жусуев 15 –майда торколуу 90 жашка чыгат. Жеңиштин 70 жылдыгына саналуу күндөр калганда Сооронбай ага менен согуш жана өмүр тууралуу маектешип кайттык.

Сооронбай Жусуев: “Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө – бактыбыздын барып турган чокусу. Ушундай тагдыр берген кудайга миң мертебе ыраазымын”

 

“Согуш башталганда 16 жашта элем”

Согуш алдындагы боз улан курагым, согушка кантип аттанганым, Алайкуудан ары чыкпаган менин эл-жер кыдырганым, согуш учуру, согуштан кайтып келгеним—айтор өткөндүн баары оюма чубап келе берет. Ал убакта патриоттук сезим күчтүү экен, 16 жашыбызда эле “майданга барчубуз” деп дегдеп аттык. Акыры 18 жашка толуп, 1942-жылы согушка чакырылдым. Кара-Суудагы темир жолду биринчи жолу көрүшүм эле. Кызыл эшелонго салып Жалал-Абадга, андан Тажикстан, Өзбекстан аркылуу Казакстанга алып келишти. Ошентип алгач көргөн шаарым Алматы болуп калды. “Максим” деп аталган пулеметту чогулттуруп, кайра салдырып, окоп, траншея каздырып, согушка даярдап жатышты. Ал жерден Министрлер Кеӊешинин төрагасы Ундасынов сөз сүйлөп, бизди оркестр менен согушка узатышты. Поезд менен жүрүп олтуруп, Москваны вагондон гана көрүп, Вологое деген жерде согушка кирдик.

 

Согушта өлүмсүз саат болбойт

Согушта өлүмсүз саат болбой, кызыл кыргын, душмандар менен уруш жүрүп жатты. Орустардын үйлөрүнүн кирпичтен жасалган морлору гана калып, кыштак кырылып, талкаланганын көзүбүз менен көрдүк. Жеткирип келген офицерлер кайра кетип, бизди 8-гвардиялык дивизияга өткөрүп беришти. Княжий клин кыштагына келгенде мылтык, автомат, миномет, замбиректердин үнү угулат. Бизди полкторго бөлө башташты. Мени менен фронтко бир барган Буккулуев Орзу экөөбүз тең 27-артиллерия полкуна бөлүндүк. Фронтко жакын жерде, токойдун арасында аскерлер өздөрү жасап койгон мончосу бар экен. Ошондо мончону биринчи жолу көрүшүм эле, Алайкуудан чылапчынга эле киринип алчубуз.
Согуш талаасы. Кийимчен эле уктайбыз. Түнкүсүн снаряддар жарылганда, салюттай болуп, асман кооз боло түшөт. Бир ирет ошондой кооздукту карап турсам, Ковальчук аттуу аскердик байланышуу сырларына үйрөтүп жүргөн киши, мени мойнуман тартып, алдына алып жатып, снаряддын огунан сактап калган. Болбосо ошо жерден коштошуп кете бермек экенмин. Кийин эки ирет жарадар болдум. Госпиталга жатып, кайра катарга кошулуп калам. Биз байланышчы болгондуктан, үзүлгөн байланыш зымдарын калыбына келтирип, күн-түнү байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылып турдук. Сыртыман сопсоо көрүнүп турганымдан, мени жазуучу журту да “Сен согушка чын эле бардың беле?” деп тамашалап калышчу. Анткени Жунай Мавлянов буту жок келди, Түмөнбай Байзаков да бутунан жараат алган, Олжобай Орозбаев да ошондой. Анда мен: «Мен немистерден этият аткыла деп суранганмын” деп ыр менен жооп берип калчумун.

 

“Немистин өтүгүн тартып алгам”

Биздин атактуу 8-дивизия Берлинге барбай калды, согушту Латвиядан бүтүрдүк. Акыркы жолу 8-майда согушуп, бир далай жигиттер каза болуп калды. Курляндия деген аралдан немистердин көптөгөн аскери калып, көбү колго түшүп, бир даары токойго качып, Берлин алынды деп чакчелекей түшүп калышты. Кармалган немистердин биринин жакшы өтүгүн тартып алып, өзүмдүн эски батинкемди ага берип койдум. Жоокерлер жеңишке ээ болгонубузга сүйүнүп, экинчи жагынан кечээ эле каза болгон жоокерлерге күйүнүп, айтор, кызыктай абалда болуп жаттык. “Фриц, как дела, война капут” деп жетине албай жүрдүк. Немистер жеңилсе да, тыкан калк, жеңилип калганын билишип, ак жака, үтүктөлгөн формаларын кийип, чубап өтүп жатышты. Мен 1945-жылдын 29-декабрында демобилизация болдум. Латвиядан Кыргызстанга келгиче 15 күн өтүптүр.

 

“Кайтып келатам деп кабар жибербептирмин”

-Панфилов районунан чыккан чүйлүк жоокер менен бирге элиме кайтып келаттым. Элдин баары жеңишти майрамдап, жоокерлер ичип, ырдап-бийлеп келатышты. Жаңы жылды Ленинграддан тостук. Андан Москвага келсек, Кыргызстанга поездге билет жок, үч күн дегенде араң тиги жоокер билет таап келди. Ал Панфилов районуна, мен Кара-Суу станциясына жеттик. Советте Кимия эжем бар эле, үйү кайсы деп сурагыча эле, түндөсү мени көргөн кишилер сүйүнчүлөп, аман-эсен, алты саным эсен-соо келгениме кубанып жатышты. Алайкууга кабар жетип, агам ат минип келиптир, ошол атка учкашып, элиме, жериме келдим. Баштыгымда жарым кило сухарь менен консерва бар эле, менин белегим ошо болду.

 

Атам тиккен теректер

Атам казы болгон, айылга мечит салып, анын тегерегине терек тиккен. Апам мени ошол терек арасынан төрөп, киндигимди агамдын ойноп жүргөн жети жашар кызы Чоюнга кестириптир. Ошол терек арасына, эски тактайга “1946-жылдын 13-январында согуштан келдим” деп жазып коюптурмун. Көп жылдан кийин ошол жазууну көрдүм. Ата-энемдин тун уулу чарчап калып, мени ырымдап чоңойтушуптур. Абдан этияттап багып, кары кишиге багууга беришиптир. Бир жума аялы Бурул эмчегин эмизип, бир жумадан кийин бир кап тезекке ата-энем мени “сатып алышыптыр». Бала кезде куш тырмактарын тагып, кулагыма сөйкө салып, үч эжем кайтарып чоңойтуптур. Ошол бала мына, эми 15- майда 90 жашка чыкканы отурат.

 

“Чыңгыз Айтматов менен бир үйдө жашадым”

-1957-жылы ушул үйгө киргенбиз. Ошондо кадимки аксакалыбыз Саякбай Каралаев баш болуп ушул үйдө жашашты. Чакырсак, келип конок болуп, Манас айтып берчү. Абдрасул Токтомушев, Насирдин Байтемиров, Узакбай Абдукаимов сыяктуу аксакалдар да бул жактан квартира алышып, Чыңгыз Айтматов экөөбүз сыяктуу жаштарга бир квартира тийип калды. Бир квартиранын эки бөлмөсүндө Чыңгыз үй-бүлөсү, апасы, бир туугандары менен алты киши жашашты, бир жагында мен үй-бүлөм менен үч жарым жыл чогуу жашадык. Бири-бирибизге тууган болуп, мейман келсе бири-бирибизди чакырышып турчубуз. Кийин мен “Ала Тоо” журналына редактор, Чыңгыз “Литературный Киргизстан” журналына редактор болду.

Ушул турган квартирада Чыңгыз залкар чыгармаларды жаратып, зоболосу көтөрүлүп кетти. Бир жолу 2007-жылдын декабрь айында жыйын болуп калды. 50дөй жазуучу катышып олтурган. Жаңы жылды куттуктап баары сүйлөштү. Мен дагы сөз сүйлөп, “Чыӊгыз, баягы 3 жыл жашаган үй эсиӊдеби?” деп сурап калдым. “Албетте, кантип унутайын. Биз 3 жыл бирге туруп, бир да жолу мушташкан эмеспиз” дегенде, жазуучулардын баары күлүп калышты. Бизге урушканга эч кандай себеп болгон эмес. Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгында мен “Мен билген Айтматов” аттуу китепче жазып, май айында жарыкка чыкты. Бирок ал китептин гезитке чыккан гана вариантын окуп калды. Айтматов китеп чыкканда Казанда ооруп калды деген кабары угулган. Андан кийин “Арашанда” эс алып жатканда, Чыңгыз дүйнө салыптыр деген кабар келип, кабыргабыз кайышып калды. Чыңгыз менен бир квартирада жашаган ошол жаштык кезибиз эсимден кетпейт. Биз туугандай болуп, ынтымакта жашаган элек.

Сооронбай агай Чыӊгыз Айтматовдун ал эки бөлмөсүн, азыр өзүнүн кабинети болуп турган, китепке жык толгон ушул бай дүйнөсүн көргөзүп, бизге китептеринен белек кылып, ак тилегин айтып узатты.

Өмүрүңүздөр бакубат, узун болсун, элдин уулу, жоокери, куту болгон Сүйүнбай ага жана Сооронбай ага!

Айгүл Бакеева, Дилбар Алимова, “ПолитКлиника”, 08.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий