Ааламдаштырууда салт-санаанын орду

Ааламдаштыруу заманында кыргыздын салт-санаалары, көнөрбөс нарк-насили өзгөрүүгө учурап, жаңыча жашоо жаралып жатканы айдан ачык. Бүгүнкү күндөгү улуттук баалуулуктарыбыздын баркы, наркы тууралуу ой бөлүшүүнү эп көрдүк.

Ааламдашкан заманда каада-салттын канчалык деңгээлде мааниси бар. Деги эле ааламдашуу деген эмне, салт-санаага тийгизген таасирүү тууралуу билүү максытында философия илимдери доктору, социология илимдеринин профессору Кусеин Исаевге кайрылдык. Ал төмөндөгүлөргө токтолду. “Ааламдашуу – Америка Кошмо штаты менен Батыш Европанын ойлоп чыкканы. Ааламдаштыруу жана ааламдашуу деп эки бөлүп карайбыз. Ааламдашуу- илим-билимдин, жаңы технологиянын өнүгүшүнүн жана башка нерселердин дүйнө боюнча тарашы. Ал эми ааламдаштыруу- саясат. Кыргызстанда ааламдаштырууда деген эмне? Биздин мамлекетибизде ааламдаштыруу ар түрдүү максатты көздөйт. Биринчиси, өлкөбүздүн оңой-олтоң жер байлыктарын пайдалануу. Экинчиси, арзан, бекер жумушчу күчүнө ээ болуу, ошондой эле өздөрүнүн ойлоп тапкан буюм-тайымдарын сатуу, өткөрүү болуп саналат. Эң башкысы, рухий байлыктарды жок кылуу болуп эсептелет. Кыргыздар али күнгө чейин өнүгүү жолун таба элек”,-дейт.

Профессордун айтымында, мамлекеттин өнүгүү жолу каада-салтта, улуттук баалуулуктарда жатат. Мисалы, кыргыз жигиттери эч качан кыздарды ала качкан эмес. Кыргыздардын үй-бүлө куруунун өзүнчө жолу, атанын, эненин , баланын өзүнө тиешелүү милдеттери болгон. Азыркы учурда өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ааламдаштыруу кыргыздын үпр-адатын, кылымдарга сакталган руханий байлыктарын талкалоону улантууда. 22 жыл азаттыкта жашап келдик. Бирок азыркы учурга чейин кыргыздык өнүгүү жолун таба элекпиз. Ошондуктан элибиздин кадаа-салт, үрп-адаты маанисин жоготуп баратат деген ойлорго токтолду.

 

БАШ КИЙИМИҢДИ САТПА

Кыргыздын кылымдарга ыйык туткан айрым жөрөлгөлөрү бар. Алар тууралуу азын оолак маалымат берүү туура көрдүк. Мисалы, кыргыздарда баш кийим-ыйык кийим. Баш кийимди сатуу башты алуу менен барабар эсептелген. Кыргыздын ак калпагы- баш кийимдердин арасынан эң башкысы. Ал- улуттук белги. Ала-Тоонун символу катары тигилген. Учурда калпактар базарларга сатылып турат. Бирок ата-бабаларыбыз баш кийимди сатууну- башын сатуу менен салыштырышкан. Алар баш кийимин алмаштырып ийүүнү да чоң ката деп билишкен. Атайын арналып жасалгандыктан жыртылганча кийип жүрүшкөн, баш кийимге өзгөчө баа беришкен. Эгер калпак, тебетей, элечек, топулар эскирип баратса, бала-бакырасы агасыныкы, атасыныкы , энесиники катары кастарлап, илип коюшкан. Бүгүнкү күндө баш кийимге болгон мамиле алдаканча өзгөргөн.

 

САЛАМ АЙТУУ

Кыргыз элинин үрп-адатында, салт-санааларында эч кандай мажбурлоо болгон эмес, атадан- балага калыптанып калган жакшы жөрөлгөлөргө элдер дайыма баш ийген. Кылымдар бою сакталып, дайыма колдонулуп келе жаткан жакшы белгилердин бири- салам айтуу, кол берүү. Мында улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо наркы бар. Илгери кыргыз элинде ачтан жөөгө абалы салам айтуучу, улуусуна болсо түшө калып, кол берүүчү.

Илгери бала-бакырадан бетер айыл аралап чаап жүрүү жигиттерге, чоң кишилерге абдан эрөөн эле. Көйрөңдүктү билгизүүчү. Атчандар уй мүйүз тартып отурган көпчүлүктү көргөндө атынан оолак түшүп, камчысын сүйрөй келип, улуусу отурган жерден оңго карай, анан солдон баштап, ошол биринчи салам берген карыяга кайра кайрылып амандыгын сурап, анан көчүк басуучу. Эки атчан жол жүрүп келе жатышса, жолукканда күн чыгыш тараптагысы салам берүүчү. Ат үстүнөн кол берип, саламдашышчу, кичүүсү биринчи кол берүүчү. Ал эми азыр эки колду бирдей сунуп, салам берүү, алик алуу расмий таанышың жолукса да, “ баш ийкешүү”, “ колун өйдө көтөрүү”, “ ээк ийкешүү” өңдүү учурашууга өткөнүү айдан ачык.

 

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА МУКТАЖДЫК ЖАРАЛАТ

Ал эми кыргыздардын баалуулуктарынын келечеги, салт-санаанын мааниси жөнүндө билүү ой бөлүшүү максатында философия илимдеринин доктору Үмүт Асанова менен пикирлешкенибизде төмөндөгүлөрдү айтып берди. “ Салт-санаа –муундан муунга өтүп, өзүнүн нукуралыгын жоготпогон жана эл баш ийгендиги үчүн балуу. Анын тамыры тереңге кетет, өзөгү мурдатан калыптанып калган. Бирок мезгилдер өткөн сайын каада-салттар да өзгөрүлөт. Бул нерселер нормалдуу эле көрүнүш, илгерки мезгилдеги салттар менен кийинки мезгилде пайда болгон жөрөлгөлөрдүн арасында айырмачылыктар бар. Күн сайын жашоо өзгөрүлүп жатат. Ааламдашуу шарттында чек аралар акырындык менен жоюлуда. Маданий чек аралар да жоголуп баратат,”-дейт.

Анын айтымында, мурда маалыматтын баары жабык болчу. Анткени, система ошондой эле. Азыркы учурда башка элдердин баалуулуктары өтүп жатканы, элге сиңип жатканы айдан ачык. Бирок, ошондой болсо да эл болгондон кийин салт –санаа кала бермекчи. Кылымдар бою кыргыздар жашап келген. Дилин, тилин, упр-адатын сактаган. Азыркы жаштар мурунку нерселерди билбейбиз десе да, турмушта жамандык-жакшылык деген нерселер бар, адам үчүн “мен киммин, кайдан келдим” деген суроо жаралат. Убакыттын өтүшү менен кыргыздарда ошондой нерсе пайда болот. Бул боло турган көрүнүш. Кыргыз элинин баалуулуктарына муктаждык пайда болот, “мен киммин деген суроо ар бир адамда жаралат жана улутубуздун руханий дөөлөттөрү жашай бермекчи деген ойлорго басым жасады.

Нуржан Жумабек кызы, “Де-факто”, 06.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий