Кыргыз саясий элитасын элеген эмгек

Ар бир доордун, саясий системанын катмарлары, анын жаратуучулары, коомдун саясий-экономикалык жана социалдык мүдөөлөрүн турмушка ашыруучу каармандары болгонун тарыхтан жакшы билебиз. Кайсы гана коом болбосун башкаруучулар, ар кандай түзүлүштөрдү жөнгө салуучулар жана башийүүчүлөрдөн турат. Коомду башкаруучуларды же башкарууга таасир берүүчүлөрдү саясат таануу илиминде «элита» тагыраагы «саясий элита» деп аташат.

Ошол саясий элита мамлекетти башкаруунун системасы пайда болгондон бери жалпы элдин таразасына, ири алдыда илимпоздордун иликтөөлөрүнүн объектисине айланып келген. Коомду таануу, талдоо, таразалоо озуйпасы байыркы кытай ойчулу Конфуций (б.э.ч. 551-479-жж), грек ойчулу Платондон (б.з.ч. 428-348-жж) баштап, орто кылымдарда батыш эмес, азиянын улуу даанышманы Ж. Баласагын баштаган ойчулдары башкаруучуларга баа берип, 19-кылымдагы батыш ойчулдары – В. Паретто, Н. Макиавелли, Ф. Ницше, М. Вебер ж.б. коомду иликтөөгө кадимки илимий из салып, өнүктүрүшүп, «саясаттын социологиясы» деген илимдин жаңы тармагын калыптандырышты.

Кыргыздын тарыхый жолунда коомдун алдыңкы катмарлары болгон, аларды «эл жакшылары», «билгилер», «манаптар» деп аташкан. Эл жакшыларын баалоону Толубай сынчы, Кетбука, Санчы сынчы баштаган, Калыгул олуя, Арстанбек акын, тоо булбулу Токтогул ж.б. улантышкан, 20-кылымдын орто ченине чейинки төкмө акындар коомдун башкаруучуларын, алардын оош-кыйышын ачык айтып, эл-журттун таразасына коюп турушкан.

 

«Саясий элита: коомдогу бедели жана социологиясы»

Жогоруда биз айтып өткөн байыртан келаткан коомдун башкаруучуларын, «элитасын» иликтөө иши Кыргызстан көз каранды эместигин алган жылдардан бери илимий нукка түшүп, үзгүлтүксүз улантылып келатат. Ага философия илимдеринин доктору, социология профессору К. Исаев менен саясий илимдеринин кандидаты Б. Сейитбаевдин 2014-жылдын аягында жарык көргөн «Саясий элита: коомдогу бедели жана социологиясы» китеби далил боло алат. Бул китеп кыргыз саясат таануу илиминдеги, асыресе кыргыз социологиясындагы өтө барандуу эмгек болду, десек аша чапкандык болбос.

«Саясий элита: коомдогу бедели жана социологиясы» китеби эмнеси менен барандуу, деген суроо туулат. Талдаганга аракет кылып көрөлү.

Китептин негизги мазмуну үч чоң бөлүктөн турат. Биринчиси, «саясаттын социологиясы: теориясы жана тажрыйбасы, элита теориясы: тарыхый тамыры жана классикалык көз караштар», деп аталып, илимдин пайда болушу, аны жаратуучулар, байыртан келаткан бай тарыхы, тамыры, өнүгүшүнө зор салым кошкон батыш-чыгыш ойчулдары, алардын эмгектери, тенденциялар кенири баяндалып берилет. Экинчи бөлүгү «Саясатчылардын бедели: калыптанышы, өзгөрүшү жана бүгүнкү абалы» деп аталып, Кыргызстан азаттыгын алган 1991-жылдан 2013-жылдын аягына чейинки «кыргыз башкаруучуларынын» коомдогу абройу, кадыр баркынын өсүшү, төмөндөшү, ага таасир берген тарыхый жагдайлар, саясий окуялар байма-бай, кээ бир жылдары ай сайын социологиялык иликтөөгө алынганын окуйбуз. Үчүнчү бөлүгү, «Айрым саясий маселелер боюнча маалыматтар жана пикирлер» деп аталып, автор-мударис К. Исаевдин кыргыз улуттук социологиясынынын башаты, өнүгүшү жана калыптанышы, өткөөл мезгилдеги кыргыз коомун демократиялаштыруу процессинин оош кыйыштары, улуттук идеологиянын өксүгү, өлкөнүн келечеги, түрк цивилинин өркүндөтүүдөгү иденттештирүү маселелери, анын дүйнөлүк цивилизациядагы орду сыяктуу олуттуу маселелерге арналган илимий анализдери жана тыянактары орун алган. Анда айтылган автордун ой-пикир, сунуштары социология, саясат таануу илиминин бай тажрыйбасына, дүйнөлүк аалымдардын, чыгыш-батыш ойчулдарынын накыл кептерине, кыргыздын улуттук нарк-насилине, байыркы баалууктарына, эң башкысы мекенчилдик сезимине негизделгени даана байкалат. Автордун өз өлкөсүнүн бүгүнкүсүнү, анын өнүгүшүнө, эртеңкисине астейдил баам салып, тереңден талдап, жөн эле айтып койбой мударисттик, орошон ою, баалуу сунуштары менен чыкканы өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Агайдын айткандарында агынан жарылган чындык, адилеттик, акыйкаттык, тигил же бул башкаруучулардын көзүн карабаган, кылчактабаган көз каранды эместикти даана байкоого болот. Китептин жүгүн көтөрүп, салмагын арттырып турган нерсе мына ушунда.

Аталган эмгектин өзөгүн түзгөн экинчи бөлүк – 1991-2013-жылдардагы кыргыз саясий элитасын таразалаган социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы, профессор К. Исаев баштаган кыргыз социологдорунун чейрек кылымдык талбаган эмгегинин үзүрү, улуттук илимдеги үлкөн жаңылык катары баалоого болот. Эгер ал бөлүктү бир аз чечмелесек, анда: 1991-1995-жылдардагы кыргыз саясий элитасынын калыпташы мезгили, 1995-2000-жылдардагы кош палаталуу парламент жана саясий элитанын өзгөрүлмөлүү жүрүштөрү, 2000-2005-жылдардагы үй-бүлөлүк башкаруу мезгилиндеги саясий элитанын бедели, 2005-жылдагы март ынкылабынан кийинки «жаңы элитанын» абалы, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийинки конституциялык реформалар жана көп партиялуулук шартындагы саясий элитанын өзгөрүшү жана коомдогу бедели кеңири чагылдырылган.

 

Акаевге өзгөчө ишенип, үмүт артып турушкан

Китепти окуп отуруп көп кызык жагдайларды байкоого болот. Кыргызстан азаттыгын алган алгачкы жылдары «чоңдордун» бедели ай сайын, ар кандай сурамжылоонун негизинде таразага түшүп турган. Мисалы, 1991-жылдын августь путчуна (ГКЧП) чейин (китепте «быкы-чыкыга чейин» деп аталат) Кыргызстандагы эң таасирдүү 10 саясатчылардын (жетекчилер) тизмесин А. Акаев, А. Масалиев жана М. Шеримкулов баштап келишкен. Айтылуу окуядан кийин коммунист жетекчи А. Масалиевдин аты илинбей калып, биринчи «үчилтиктикке» ал учурдагы республиканын вице-президенти болгон, демократтарга кошулуп кеткен “кремилчи” Г. Кузнецов кирип калганын байкайбыз. Бирок, ал демократ-вице-президенттин аты бат эле тизмеден шыпырылып түшүп, ың-жынсыз жоголгон.

Кыргызстандын биринчи президенти А. Акаевдин бедели ал башкарган 15 жыл ичинде 1991-жылдагыдай жогорку денгээлге жеткен эмес. Китептеги сурамжылоонун жыйынтыктарына үңүлсөк 12-октябрдагы болуучу президенттик шайлоонун алдында сурамжылоого катышкандардын 92 пайызы А. Акаевге оң баа беришип, ишенерин айтышкан. Аны республиканы кризисттен чыгарууга жөндөмдүү жалгыз гана саясий лидер деп таанышарын айтышкан. Китептин авторлору «август төңкөрүшүн» басууда чыныгы чечкиндүүлүктү, эрдикти көргөзгөн Россиянын президенти Б. Ельциндин бедели да орус элинде мындай жогорку деңгээлге жеткен эмес. Ошентип кыргыз коому президент А. Акаевге өзгөчө ишенип, үмүт артып турушкан.

Үмүт демекчи эки жыл айланбай президент Акаевге болгон ишеним төмөндөп жатканын байкайбыз. Айталы, 1991-жылы Акаевге сурамжылангандардын орточо баасы 4,2 баллды көрсөтсө, 1993-жылы 3,6га түшүп калганын көргөзүшөт илимпоздор. Облустар боюнча алганда А. Акаевге болгон эң төмөн ишеним Нарын облусунда байкалган, презденттин бедели 4,6дан 2,7ге ылдый кулаган.

Кыргыз социологдору 1992-1994-жылдары өлкөнүн саясатын аныктаган 100 саясатчынын салмактарын таразалап берип жатты. Жыйынтыктары өкмөттүн «Эркин-Тоо» жана «Слово Кыргызстана» гезиттерине байма-бай жарыяланып жатканын улуу муундагы замандаштарыбыз күбө деп ойлойм. Мамлекетти башкаруучулардын, саясатчылардын салмагын ченеген маалыматтар мурда болбогондуктан, кыргыз демократиясындагы жаңылык катары саналып, коомчулукта кызуу талкууну жаратып турганын билебиз. Аны аныктоодо Кыргызстандын коомдук уюмдарынын жетекчилери, илимий-билим берүү тармагынын алдыңкы өкүлдөрү, улуттук-маданий борборлордун, белгилүүбасылмалардын жетекчилери, алдыңкы журналисттер 5 баллдык ченем менен эксперттик, «таразачылык» милдетти абийирдуулук менен аткарганын байкоого болот. Кимдер эксперт болгонун китептен толук таанышууга болот, алардын курамы да өзгөрүп турганын байкайбыз. Авторлордун айтымында ал учурдагы «изилдөөнүн максаты саясатчылардын жетишкен жана жетишпеген сапаттарын аныктоо эмес, тескерисинче, алардын мамлекеттик маанидеги саясий чечимдерге түз жана кыйыр таасир этүүдөгү саясий «салмагын» жана «көлөмүн» илимий түрдө иликтөө болуп саналган.

1993-жылдын экинчи жарымынан тартып саясатчылардын бедели жалпы элди сурамжылоо ыкмасы аркылуу аныктала баштагандыгын байкайбыз. Ар бир облустун калкынын санынын катышына, социалдык катмарына, жаш курагына, жашаган аймагына, улутуна, жынысына жараша үзгүлтүксүз сурамжылоолор өткөрүлүп келген. Мисалы, 1993-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын алты облусу жана Бишкек шаарынан 1978 адам суралганын көрөбүз. Анын жыйынтыгында беделдүү «үчилтикти» А. Акаев, Ф. Кулов жана М. Шеримкулов баштап келишкен. Анда «Темир генерал» деген ат менен Феликс Куловдун «ташы өйдө кулап» турган.

 

«Жетөөнүн бири кыдырбы?» же президент неге жетинчи»

1994-жылдын башындагы сурамжылоонун жыйынтыктарына үңүлсөк андан 6 ай мурдагыга караганда таптакыр башка картинаны көрүүгө болот. Таасирдүү 50 саясатчынын тизмесин А. Жумагулов баштап, президент А. Акаевге экинчи орунга жылып калганы, андан кийинки сапты Р. Отунбаева, Ч. Жакыпова жана Ч. Айтматов ээлеп, бул убакка чейин келген «бузулбастай көрүнгөн тизме» ирий баштаган. Андай “секирикти” А. Жумагуловдун өкмөт башчылыгына, Р. Отунбаеванын АКШга элчиликке, Ч. Жакыпованын билим беруу министрине, Ч. Айтматовдун Кыргызстандын элчиси болуп дайындалышы, алардын активдүү саясий кадамдары менен байланыштырсак болот.

Ошентип 1994-жылдын декабрь айында президент А. Акаевдин бедели 3,7 баллга чейин төмөндөдү. Эксперттердин баамында президентке болгон баанын ылдыйлашынареферендумдун жыйынтыктарынын жасалмаланганы, азык-түлүккө болгон баанын кескин жогорулашы, эл аралык финансы уюмдары менен болгон мамиленин бузулушу, жаны Конституциянын талаптарынын бузулушу негизги себеп болгонун окуйбуз. Дал ушул убактарда эксперттер тарабынан өлкөнүн таасирдуу адамдарынын арасына Майрам Акаева деген ысым атала баштады.

Кыргыз социологдорунун 1994-жылдын апрель айындагы иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы «Жетөөнүн бири кыдырбы?» же президент неге жетинчи» деген аталыш менен «Кыргыз Руху» гезитине жарык көргөн. Анда биринчи «жетиликти» булар ээлешкен: А. Жумагулов, Р. Отунбаева, Ж. Аманбаев, М. Шеримкулов, Т. Усубалиев, Ч. Жакыпова жана А. Акаев. Анда мударис К. Исаев баштаган илимпоздор аталган сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча баяндоосунда «Президент мамлекеттүүлүктүн ыйык символу, мамлекетти башкаруунун эң жогорку чолпон жылдызы, калк туткасы, анын кеменгер даанышманы экендигин жакшы түшүнөбүз. Бирок, турмуштун чындыгы, илимдин акыйкаттыгы, кара кылды как жарган калыстыгы андан улук эмеспи. Европанын байыркы даанышманы айткандай: «Платон мага дос, бирок чындык андан кымбат». Биздин илимий топ үчүн кимге гана болбосун жыргатып калп айткыча, оорутуп чындыкты айтуу, адептик ак ниеттүүлүктүн эрежеси» деп жазышкан («Кыргыз Руху», 1994, №16,(130).

Бул иликтөөнүн натыйжасы ошол учурдагы кыргыз бийлигине «күн ачык туруп түшкөн чагылган сымал» таптакыр күтүлбөгөн көрүнүш болгонун өзү жетектеген социологдорго «каршы атайын уюштурулган чабуул башталганын» эскерет аталган китебиндепрофессор К. Исаев. Социологдорго башталган «чабуулдан» соң кийинки иликтөөлөрдө тизмеге президент А. Акаевден башка 49 таасирдүү «чоңдор» изилдене баштаган.

Китепти андан ары барактасак 1995-2000-жылдардагы кош палаталуу кыргыз парламентинин депутаттары иликтөөнүн объектисине айланганын окуйбуз. Иликтөөнүн жыйынтыгына карасак Мыйзам чыгаруу жыйында Ө. Текебаев, Ж. Жекшеев, М. Чолпонбаев топ жарып салмактуу деп табылса, Эл өкүлдөр жыйынан Ч. Айтматов, Т. Усубалиев, Б. Осмонов алдыларына ат салдырбай таасирдүү эл өкүлдөрү аталып келишкен. «1996-жылы боло турган президенттик орунга кимдер чыгышы мүмкүн?» деген суроого эксперттердин пикиринде депутат Б. Осмоновдун ысымы биринчи аталат.

Дагы бир көңүл буруучу жагдай 1996-жылдын аягында болгон сурамжылоодо 1-орунга Р. Отунбаева чыгып, «ак үйдүн», «көк үйдүн» оозун ачырат. Эки жылдан бери топ баштап келаткан өкмөт башчы А. Жумагулов 5-6-орунга түшүп, салмагы азая баштаган. Ошентип арыктай баштаган А. Жумагуловдун салмагы 1999-жылы 45-орунга барып токтогонун, андан кийинки жылдары 50нүн тизмесинен көрүнбөй калган.

«Тулпар тушунда, күлүк күнүндө» деген ушул белем, калыстык үчүн айтсак 1999-жылдын июнундагы иликтөөлөрдө Кыргызстандын эң таасирдүү 6 саясатчынын тизмесинде кайрадан А. Акаев, Ф. Кулов, Ч. Айтматовдун ысымдары аталат. 2000-жылы боло турган президенттик шайлоого А. Масалиевдин кое тургандыгы белгиленген.

2005-жылдын январь айындагы жүргүзүлгөн иликтөөдө К. Бакиев сапты баштаса, экинчи орунга А. Атамбаев чыкса, 5-орунга 10 жылдан бери саясатта көрүнбөгөн Ч. Жакыпованын ысымы кайрадан аталганы кызык. Анын алдыга чыгышына кандай себептер болгонун социологдор айтышпайт, табышмак боюнча калган.

2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин экперттик топтун 67 пайызы К. Бакиевге ишеним артса, шайлоочулардын 90 пайызы ал үчүн добуш берет, деп айтышкан. Эксперттер К. Бакиевдин терс жактарын деп «чөлкөмдүк кызыкчылыгы көбүрөөк», «бийликти сүйөт, эл аралык маселелерде бошоңураак», «бекем мүнөзү жок» ж.б. сыпатташкан. Турмуш чындыгында экинчи президенттин бул сапаттары да аныкталды, деп эсептешет эксперттер.

Албетте, 2010-жылдан кийинки бийлик башына келген саясатчылардын да бедели элдин, эксперттердин таразасына салынып, талданып келатат. 2011-2012-жылдары таасирдүүлөрдүн сабын А. Атамбаев, Ө. Бабанов, Ж. Оторбаев, Ө. Текебаев, А. Салянова баштап, кээде бири-бирине орун бошотуп, алмашып келатканын байкайбыз. Саясий элитанын рейтингин аныктаган сурамжылоолордо ЖК депутаты Д. Бекешов деген ысым «жетинин бири» болуп айтылган. «Бийликтин жогорку тепкичтеринде уруучулук, жердештик, паракорчулуктун таасири барбы?» деген суроого эксперттер өкмөттө, сот органдарында, Жогорку Кеңеште өзгөчө көп деп белгилешкен. Бул берилген баа көп өтпөй иш жүзүндө өзүн далилдей баштаганын байкоого болот.

2013-жылдагы сурамжылоолор саясий элитага жаңы ысымдарды алып келди. Саясий айдыңдагы эн таасирдүү «бешилтик» деп А. Атамбаев, Ө. Текебаев, М. Мырзакматов, Ө. Бабанов, 5-орунга үчөө: М. Абдылдаев, Т. Мамытов, К. Ташиевдин аттары аталган. Ал эми таасирдүү саясий ишмер айымдар деп, 1-орунда А. Салянова, 2-орунда Р. Отунбаева, 3- Ж. Жолдошева, 4-орунга Ф. Жамашева, А. Сасыкбаева, Д. Ниязалиева, 5-орунду К. Талиева менен О. Лаврова бөлүшүп алышкан. Мына ушундай салмактарды көп байкайбыз.

Биз ошентип «Саясий элита: коомдун бедели, социологиясы» китептин бир өңүрүн гана айттык. Бул барандуу эмгек жөнүндө сөз али алдыда деп ойлойм. Мударис К. Исаев агай жетектеген социолог кесиптештеримдин дээрлик 25 жылга жакын кыргыз саясий элитасына баам салган, элдин, билермандардын ой пикирлерин бир китепке бириктирип, окурмандарына сунган опол тоодой эмгектери үчүн аларга ыраазычылык билдирем.

Бакыт Орунбеков, Саясий илимдеринин кандидаты, “Кутбилим”, 04.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий