Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «Абдырахман абтабачыдай эки жээкке өтүп турган саясатчылар бүгүн дагы бар»

– Абдырахман абтабачы Кокон хандыгындагы таасирдүү фигура. Мусулманкул миӊ башынын уулу. 1845-жылы 14 жаштагы Кудаяр такка отургандан тартып Мусулманкул өзүнүн таасирин күчөтүүнүн жолун издейт. Кудаярга жакын карындашын турмушка берет. Андан сырткары баласы аркылуу дагы тыгыз мамиледе болууну көздөп, Абдырахмандын хандын жанында жүрүшүнө шарт түзөт. Уулу хандын кайниси, теӊтушу катары ордодо чоӊоёт. Ал Кудаярдын жанында жүргөн ишенимдүү адамы болот.

Абтабачы – бул колго суу куюучу, кумганчы деген түшүнүктү берет. Апасы кетмен-төбөлүк кыргыздардан. Мусулманкулдун башына түшкөн кыйын кезеӊдерде Кетмен-Төбөгө кайын журтуна келип турганы тарыхта белгилүү.

Абдырахмандын саясий жүрүшү туруктуу болгон эмес. Эки ортодо эки жээкке өтүп, кээде хан тарапта болсо, маанилүү учурда ага каршы чыккан тарапка ооп кете алган. Мисал катары алсак, 1873-жылы Кокон хандыгына каршы чыккан кырк чакты кыргыз бийин «Кудаяр силер менен сүйлөшөт» деп ордого жиберип, өзү эки айдан ашык кыргыздардын арасында жүрүп калат. Кудаярга келген бийлер мыкаачылык менен өлтүрүлөт.

Абдырахмандай туруксуз саясатчылар бүгүнкү бийликте деле бар. 1875-жылы августтун аягында Полот хандын көтөрүлүшү күчөгөндө ал тарапка өтүп кетет. Ал жагдайга карап кээде Насирдин бектин тарабында, бирде Полот хандын жакын адамы катары ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ошондой окуялардын бири катары Мехрам чебинде Полотту туткунга түшүрүп, Насирдинди хан көтөрүүгө көмөктөшкөнүн айтсак болот. Полот ал жерде көпкө кармалбай бошонуп, кайрадан кол башчылыкты алат. 1876-жылы Полот хан Коконду ээлегенден кийин орус бийлиги менен дипломатиялык алака түзүү үчүн Кауфманга өкүлчүлүк жиберет. Бирок ал Полотту хан катары тааныбай коёт. 1876-жылы 19-20-январда орус бийлиги Полот хандын күчүн жоготуу үчүн Абдырахман менен соодалашып баштайт. Генерал Скобелев башында турган орус бийлиги жакын адамдары менен көп нерсе убада кылып, тартуу берип, алдап-азгырып өздөрүнө тартып алат. Орус тарап берген убадаларын аткарбаганы Абдылдабектин орус бийлигине жиберген каттарында эскерилген. Ал «Силер бизди алдоо жолуна өтүп алдыӊар. Буга Абдырахманды мисал катары көрсөтсө болот» деген каттарды жиберген. 1876-жылы 19-февралда Кокон хандыгы жоюлат. Абдырахман абтабачы Ташкенттен Орусиянын түндүгүнө сүргүнгө айдалат. Өмүрү өткөнчө ошол жакта баш калкалайт. Ал бир канча жолу «Меккеге баруума уруксат бергиле. Эркин болгум келет. Ташкентке барып жашайын» деген каттарды жазат. Мындай өӊүттөгү каттарды ушундай эле тагдырга туш болгон Оренбург шаарында үй камагында жаткан Кудаяр хан да бир нече жолу жазган (анын каттарын, ага келген жоопторду архивден окуп ынандым). Бирок падышалык Орусия уруксат берген эмес. Абдырахман абтабачы 1881-жылы 25-майда Орусиянын түндүгүндө көз жумган.

Султан Төрөбеков, “Супер-инфо”, №653 8-май-14-май, 2015-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий