Саманчы жолундагы – Жамал

Кыргыз эл артисти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Жамал Сейдакматованы билбеген кино жана театр сүйөрманы жок. Драмаларда (негизги деп эсептелген) отуз, кинодо бир роль ойногон. Баары тең көрөрмандардын жан дүйнөсүнө өзгөчө таасир этип, мөөр басылгандай эсинде калат. Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолунда” Алимандын, “Фудзиямадагы кадыр түндө” Алмагүлдүн, “Жаныбарым Гүлсарыда” Жайдардын, “Кылым карытар бир күндө” Найман эненин, “Бетме-бетте” Сейденин, Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” драмасында Тангабекенин образдарын ийине жеткире ачып берген. “Алыскы тоолордо”, “Караш-Караш окуясы”, “Ташка баткан элестер”, “Улан”, “Ак илбирстин тукуму”, “Кара кийикке жол” кинофильмдеринде Зиягүл, Хатша, Жамал, Фатима, Бегайым, Шайыргүлдөрдүн кайталангыс образдарын жаратып, кыргыз элинин маданиятынын өсүшүнө эбегейсиз эмгек сиңирди.

Жамал айым Султан Раевдин “Ханышанын көз жашы” драмасында Курманжан Датканын образын аткаргандыгына байланыштуу Садык Шер-Нияз ага Датканын карыган курагын ойноп берүүсүн сунуштайт. “Мен бул кинодо бир нече эпизодго гана тартылсам да, жоопкерчилик менен аткардым. Тасмада датка фин офицерлерин кабыл алып, алар Курманжан Датканын неберелерин сүрөткө тартып жаткан жерин, боз үй ичинде башчыларга бата берген эпизоддорун жаратып бердим — дейт Жамал айым.

Жамал Сейдакматова мектепте окуп жүргөндө актриса болом деп ойлонбоптур. Бирок, бала кезинен эле ыр-бийге шыктуулугу байкалып калган. Өзү Көл кылаасынын күңгөйүндөгү Темир айылында туулган. Баарынан кызыгы мектепти бүтүргөн соң, атасынын тилин алып Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырып, өтүп кетет. Канткен менен ырчы, актриса болоюн деген жан дүйнөсүнө уялаган жашыруун сыры тынчытпай, аталган институтту 2-курсунда таштап, тууган жерине келет. Башкача айтканда, 1957-жылы азыркы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист болуп ишке орношот. Ошондо от болуп күйүп турган 19 жашта эле. Лирикалык маанайдагы ички маанилерге бай образдарды жаратууга чеберчиликти дал ушул театрдын сахнасынан үйрөндү. Көптөгөн ролдорду аткарып, кыргыз элине таанылды. Өзүнөн кийинки актер, актрисаларга үлгү болду десек болот. Таланттуу, жөндөмдүү болгону үчүн театрда иштеген алгачкы күндөн баштап эле кыргыз кинолоруна да активдүү тартыла баштайт. Бул жөнүндө макаланын башталышында айтып кеткенбиз. Театр жана ошол эле учурда кино актрисасы болуу ар кимдин тагдырына туш келе бербейт. Жамал Сейдакматова чет элдик классиктердин чыгармаларындагы каармандардын образын да ийине жеткире аткарат. Ал үчүн талант эле эмес, интеллектуалдык деңгээл да талап кылынат. Маселен, 60-70 жылдардын ичиндеги театр өнөрүндөгү чыгармачылык ийгиликтеринин бири англиялык улуу драматург Уильям Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Катаринанын образы деп айтып жүрүшөт. Албетте, Шекспир жашаган доордогу, каада-салттары кыргыз эли менен окшошпогон каармандын образын ойноо оюнчук эмес. Чындыгында эле аталган образ Жамал Сейдакматованын жалпы чыгармачылыгына жарык чачкан жылдыз десек болот. Негизинен, актриса ар бир ролду ийине жеткире аткаргандыгын көрөрмандар жакшы билет. Бирок, ошол эле “Азоого чалмадагы” Катаринанын, “Үйлөнүү” спектаклиндеги Агафья Тихоновнанын образдары актрисанын комедиялык мүнөздөгү ролдордун да андан ашкан чебери экендигин айгинелеп турат.

Кыргыз элине жан дилинен кызмат кылгандыгы үчүн жана Кыргыз драма театрында жетишкен ийгиликтери үчүн Жамал Сейдакматова 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамын алат. Ошондо болгону 37 жашта экен. 19 жашында келип, 18 жыл иштеген соң эң бийик делген чокуга жеткендигин айтпай кетсек болбос. Ошондой эле 1986-жылы “Манастын уулу Семетей” драмасында Каныкейдин ролун аткарып, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болот. Кыргызда көп кырдуу талант деген сөз бар. Жамал Сейдакматова драмаларда, кинолордо ташка тамга баскандай ролдордо эле ойнобостон, элине таланттуу, көрүнүктүү ырчы катары да таанымал. Тактап айтканда, ал Кырдрамда 1957-жылдан тартып, 1989-жылга чейин эмгектенген. 32 жыл сахнада болуу, 32 жыл көрөрмандын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салган ролдорду ойноп, жакшылыкка чакыруу, жарык жолду көрсөтүү ар кимдин тагдырына жазылган эмес. Андан сырткары, Жамал Сейдакматова балбылдап жанган жылдыздай актриса эле эмес, “Тунгуч” театрынын алгачкы уюштуруучусу.

Албетте, чыныгы чыгармачыл инсан жаңы нерселерди, жаңы бийиктиктерди издейт. Жамал эженин ошондой умтулуусу, өзгөчөлүгү 1989-жылы “Тунгуч” театрынын түзүлүшүнө түрткү болсо керек. Ал жылдары М.Горбачевдун кайра куруусунун шарапаты менен пикирлеш артисттерди топтоп, Кырдрамдын ичинде студия ачууга аракеттенип, Казат Акматов менен Жаныш Кулмамбетовдун “Мунабия” драмасын коет. Кырдрамдын ичинде дагы бир театрдын түзүлүшү өөн көрүнүш катары кабыл алынды. Ошентип, 1990-жылы декабрь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзунун имаратынын залында аталган театрдын расмий ачылышы өтөт. “Тунгуч” – бүгүнкү күндө мейкинге канат күүлөп учуп чыккан эң мыкты театрлардын бири.

Карбалас Бакиров, “Эркин тоо”, 28.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий