Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

(Башталышы гезиттин өткөн сандарында)

“Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, ой-толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур”.

19.09.1928
Таң эрте НКЗда болдум, БК дагы эле кызматкерлерди бөлө элек. Кызматкерлер жагынан ушунчалык кризис болуп жаткан учурда мыкты кызматкерлердин бүтүндөй армиясы көбүрөөк пайда алып келе тургандай жумушка чегерилбеди.

Союз БКсынын президиумунун заседаниесинде болдум. Кезектеги сессияны 1-октябрда чакыруу маселеси чечилди.

21.09.1928
Бул күн мага жагымсыз окуяны угузду. Токмок тилкеси негизги тизмеден негизги эмесине өтүп калыптыр. Башкача айтканда эртең бул курулуш кезегинен чыгып калышы ыктымал дегенди түшүндүрөт. Буга ким күнөөлүү экенин түшүнүп болбойт. НКПС Мампландын транссекциясына шылтайт, Мамплан НКПСке шылтайт. Эртеден кечке ушул меселе боюнча чуркап жүрдүм. Бул иш боюнча ким менен гана сүйлөшпөйүн, баары эле сыртын салышып, көз карашы салкын. НКПСтеги Лисица же Лазарь өздөрүн Кыргызстандын досу катары көрсөткүсү келишет. Бир кызыктай тип. Ойлогону башка, айтканы башка. Мен буга каршымын деп кескин каршы болуп койсо, өзүнө эле жакшы болмок. Кечке Союздун Мампланынын президиумунда олтурдум. Коган-Бернштейн Токмок тилкесин кант заводуна чейин салууга киришиш керек дегенде жол. Квиригин менен Гринько «болбойт» дегенсип, баштарын чайкап олтурушту, бул эки украин патриоту жана Бүткүл союздук келесоолор Украинаны кант боюнча монополист катары сактап калууну каалашат окшойт. Мен Квиригинге сиздин мурунку мекениңиз менен кант чыгаруу жагынан атаандашууну ойлоп жаткан жокпуз, болгону биздин аймагыбыздын өндүрүштүк күчтөрүн кенен пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнүп жатабыз деп айттым. Чынын айтканда кыргыз дыйканынын украинден эмнеси кем? Андан тышкары Саясий бюронун чечимин эске салып койдум. Анда мөөнөтү көрсөтүлбөптүр дейт. Эртең БКдан расмий справка алыш керек.

Жумуш– бул эң улук иш. Күнү бою жумуштан башка эч нерсени ойлободум. Кечинде, б. а. азыр (түнкү саат 12), үйгө келгенден кийин кимдир-бирөө менен сүйлөшкүм, кеңешким келди, бирок ким менен…

Эртең тилке тууралуу маселе биротоло чечилет. Чечилбей да калабы? Анан мен узак убак Москвада жүрө бермек белем? Жүргүм да келбейт.

Бүгүн Кыргызстанды чума каптаптыр деп уктум. Кантип, эмне болуп жатыптыр, ал тууралуу эч нерсе белгисиз. Кыргызстандагы келесоолор мага билдирип да коюшпаптыр. Деги бардык жагынан жолубуз торолду. Жүрөк зыркырап, көзгө жаш тегеренет.

22.09.1928
Эртең менен БКда болдум жана БКнын саясий бюросунун Токмок тилкеси тууралуу материалдары менен тааныштым. Саясий бюро тилкенин Фрунзеден Токмокко чейинки курулушунун 28-29-жылдардагы мөөнөтүн чектеп жатат. Анын көчүрмөсүн бербей коюшту. Мен анын формулировкасын жакшы билип алдым, БКдан чыккандан кийин бир кичинекей кагазга «28-29-жылдары Фрунзеден Токмокко чейин тилкени куруу маселесин чечиш керек, андан башка кандай каалоо болмок эле» деп жазып алдым.

Бул токтом 1927-жылдын 3-ноябрында чыкты. Союздун Мампланынын президиумунун жыйынында ал справканы Квиригинге бергем, ал нааразы болуп калды. Саат 11ден 3кө чейин Мампланда олтурдум. Мага болгону 10 мүнөт беришти. Бул убакытты экономикалык жактан туура, саясий жактан зарыл болгон тилкенин курулушун мындай курулуштардын башына коюу боюнча аракет жасадым.

НКПС кызматкерлери жана өкүлчүлүктөгүлөр менин сөзүмдөгү келтирилген далилдер иштин көзүн билгендей жана далилдүү болгонун айтып жатышат.

Балким… бирок мен өз сөзүмө эч качан ыраазы болгон эмесмин. Мен дайыма андан да жакшы сүйлөгүм келет.

«Бул оюнду мен жеңип алдым. Мамплан Токмок тилкесин курулуш планына киргизди жана ага титул берди.

Саат үч жарымда Москвиндин орун басары жолдош Рябовдо болдум. Кызматкерлер тууралуу жана жолдош Мейрахановду Свердлов университетине жиберүү боюнча сүйлөштүм. Кызматкерлерди беребиз дешти. Мейраханов тууралуу МК менен сүйлөшүп көрүүнү сунуштады. Саат беште Кубякта болдум. Жазгы талаа иштерине акча бербей жатышат. Кыргызстанды импорттук айыл чарба шаймандары менен камсыз кылуу боюнча Союздун Соода Эл Комиссариаты Борбор Азиялык органдар тарабынан бекитилген план боюнча биздин үлүшүбүздү түздөн-түз берсин деп сүйлөштүм. «Марконини» дагы бир сезонго калтырып жатышат…

23.09.1928
Бүгүн кеч турдум, эртең мененки саат 10до. Эртең мененки тамактан кийин Бородинанын «В застенках китайсих сатрапов» деген китебин окуп жаттым. Бул китептен кимде-ким өзү күбө болгон окуялардын кандай талданышын табам десе, ал убакыттан уттурмак. Ал эми ким өзүн-өзү мактагысы келсе, ал өзүнө упай топтоо менен бул китепти окуп чыкмак. Ушул китепти окуп чыккандан кийин кагаз баарына чыдай берет экен деп айтса боло турган экен деп калдым.

Күндүзгү саат 12де Раиса менен Кушнерге, Е. жана В. Гольдмандар менен Останкиного бардым. Ал жакта эки саатка жакын болдум. 18-кылымда граф Шереметьевдин аялы Параша үчүн курган Ак сарайын карап олтуруп, азыр дагы миллиондордун эсебинен бир ууч кишилерге ырахат тартуулагандар аз эмес экен деп ойлоп кетесиң. Миллиондогон эзилгендер менен кул болгондордун кызыкчылыгы үчүн болгон күрөштө акыркы жоокер эмес экениңе сүйүнөсүң.

Саат үчтө Садаевде болдум жана анын жолдоштору менен тамактандым. Түштөнүүгө улуттук тамактар берилди. Эмеректери бар бөлмөдө стул менен креслолорду четке түртүп салып, биз кыргызча эле жерге олтуруп алдык, бир гана боз үй жетишпей турду…

Саат беште Тойчинов, саат алтыда Ольга келди. Аны менен Чоң театрга барып «Конёк горбунокту» көрдүм. Мен үчүн балеттин кызыгы жок болду. Көңүлүмдү топтой албай, маанисин деле түшүнө албадым…

(Уландысы келерки санда)

Орусчадан которгон Айгүл Бакеева, “ПолитКлиника”, 30.04-05.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий