Эгемберди БЕКБОЛИЕВ, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «Жаштар театрга агылып келе башташты»

— Театрдын азыркы акыбалы кандай?

— Азыр биз татаал мезгилде жашап, руханий жактан талкаланып эле бара жатабыз. Бизде өнүгүп кеткен нерсе жок. Биз кааласак да, каалабасак да, мамлекет көз салмайынча маданият чөйрөсү көтөрүлбөйт. Бекеринен Наполеон «өзүнүн армиясын тоюндурбаган башка армияны тоюндурат» деп айтпаса керек. Бекеринен мамлекет маданиятка, армияга, билимге өмүр бою каражат бөлүп келген эмес. Кийин жаштар маданияттуу, билимдүү болсо, мамлекетибиз өнүгөт да. Дегеле биздеги адамдардын өзүндө түшүнүк кичине башкачараак болот окшойт. Мисалы, спектаклди коюп коюшса болду деп атышат да. Бирок андай болбойт. Спектаклди көрүүчүлөрдү да, коючуларды да балдар бакчасынан тарта тарбиялаш керек. Кандай гана спектакль болбосун, көрүүчүлөрдүн төрттөн бирине жагып, калганына жакпашы мүмкүн. Спектаклдер да төрт-беш бөлүккө бөлүнүп калган. Чыныгы театралдар бар. Аларга айрым спектаклдер жакса, кай бирлери жакпайт. Тарбияланбаган көрүүчүлөр да бар, бирок алар күнөөлүү эмес. Аларга мааниси терең, философиялык чабыттары кенен оюндар жага бербейт. Алар, тескерисинче, жеңил-желпи эле спектаклдерге ыраазы болуп калышат. Булардын табиятын табыш өтө татаал. Билим берүүнүн деңгээли начарлап кетти. Мамлекетибиз билим берүү жагына көп көңүл бөлсө, маданиятка да көңүл бөлүнө баштайт. Буларды бири-биринен ажыратып кароого болбойт да. «Театр – бул турмуштун күзгүсү» деп айтылган жакшы сөз бар. Театрдын акыбалы чынында начар.

— Жаштар театрга келбей калды деген сындар көп айтылып жүрөт, чынында эле жаштардын кызыгуусу жокпу?

— Азыр жаштар театрга келбей калды деп айтуу кыйыныраак. Токсонунчу жылдарга салыштырмалуу азыр жаштар, тескерисинче, спектаклге көп агылып келе башташты. Ушундай агылуу боло берсе, он жылдын ичинде театрга эл батпай калат. Ошондуктан чыдап, талыкпай эмгектене беришибиз керек. Биздин театрда чоңоюп, тарбияланып калгандар үчүн да, балдар үчүн да, жөнөкөй көрүүчүлөр үчүн да спектаклдерди койгонго аракет кылып атабыз. Менин досумдун баласы «Чакыруу билети менен спектаклге барса болобу?» деп сураганынан «болот» деп эки ирет чакыруу барагын берип койгом. Үчүнчү жолу карасам чакыруу барагын сурагандан уялдыбы, айтор, өзү эле жолдоштору менен билет сатып алып спектаклге келиптир. Бул жакшы көрүнүш да. Алар мурда спектаклге келбегенден улам спектаклге болгон кызыгуулары жок болчу. Мен эки ирет чакыруу берип койдум эле, кызыгуулары күч алып, спектаклге келе башташты.

— Сиз көп жылдан бери эле театрда иштеп келе жатасыз. Театрдын эң оор абалдагы мезгилин эстей аласызбы?

— 1993-жылдан тарта эле кыйын, өткөөл мезгил болуп келди. Акыркы  5-6 жылдан бери кадимкидей оңолуп калды. Көрүүчүлөр жагынан да, каражат жагынан да оңолуп калды. Биз эгемендүүлүктү алгандан кийин театр кадимкидей солгундай түшкөн. Негизи өзүн-өзү баккан театр мамлекеттик театр болот. Жаштарды тарбиялоо үчүн да кандайдыр бир багыт болуш керек да.

— Улуу муундун өкүлдөрүнүн кимисин көрүп, кимдер менен иштешип калдыңыз? Мурунку муун менен азыркы муундагы актер-актрисалардын айырмасы барбы?

— Мен баары менен эле иштешип калдым. Болгону, Муратбек Рыскулов менен иштешкенге жетише албай калдым. Биздин залкарларыбыз Күмүшалиева, Көбөкова, Жаманов, Кытаев, Кыдыкеева – баары менен иштештим. Албетте, азыркы актер-актрисалар менен мурунку муундун айырмачылыктары бар. Ага азыркы жашоонун кырдаалы таасир этет. Мисалы, улуу муундун актер, актрисаларына үй берилчү.  Биз ошентип жылышып жатып эле үй алдык. Ошондон улам алар акча эсептебестен, чыгармачылыкка берилип, театрдан чыкпай, күнү-түнү иштешкен. Азыркыларга андай шарт түзүлбөйт. Бул жаштарга каражат жагынан таасир берет. Жаштар үй алыш үчүн талыкпай иштеп, акча эсептешет. Анан кантип жаштарга күнөө коебуз.

— Шыгы жок болсо дагы билим алып актер болууга мүмкүнбү?

— Шыгы жок, бирок билим алып актер болууга болбойт. Себеби биздин чөйрөдө сезим деген нерсе бар. Режиссер айткан нерсени сезим менен туюп аткарыш керек. А окуганда эсеп болуп калат. Эгерде ары жагында жараткандан берилген таланты, шыгы болсо, билим ага багыт берет. Ошондо өздөштүрүп алып кетет.

— Баш аягы канча тасмада роль жараттыңыз?

— Чынын айтсам санап көрбөптүрмүн. Орто эсеп менен алганда жыйырмага жетип калды го.

— Ѳмүрүңүздү театрга арнап келдиңиз, ушул кесиптен эмне таптыңыз да, эмнени жоготтуңуз?

— Театрга аралашуу менен жоготкон нерсем болгон жок. Ал эми тапканым силердин келип, менин чыгармачылыгыма кызыгып жатканыңардан баштасак болот. Демек мен кимдир бирөөнүн көңүлүнө бир нерсе салыптырмын да. Бул менин тапкан нерсем.

— Бала кезиңизде эле театрда иштеп, актер болсом деп кыялданчу белеңиз?

— Эч ким мени чыгармачылыкка кетип калат деп ойлогон эмес. Ѳзүм деле математика мугалими болсом деп ойлогом. Себеби математика сабагын мектептен тарта эле жакшы көрүп, кызыгуу менен окучумун. Сабактан сырткары да үйдө отуруп алып эсептерди чыгара берчүмүн. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө актер болсом деген купуя сырым бар эле. Кийин эч кимге айтпай келип, 1972-жылы актерлук окууга тапшырып өтүп кеттим. Окууга өткөндөн кийин ата-энеме «актерлук окууга тапшырдым» деп айткам. Бул маңдайга жазылган буйрук экен да. Ошону менен актерлук билим алып, театрда иштеп калдым.

— Ушунча болду, үй-бүлөңүз тууралуу да кыскача айтып кетпесеңиз болбос. Келинчегиңиз да актриса эмеспи. Бир үй-бүлөдө эки чыгармачыл адамдын болгону жакшыбы?

— Келинчегим Айсалкын Осмонова да учурда актриса болуп эмгектенет. Айсалкынды түнттүгүмөн улам тапкам. Биз студенттик кезде бир жатаканада жашачубуз. Бир күнү досторум Айсалкынды конокко бөлмөбүзгө чакырып калышты. Ал келгенден кийин балдар тамашалап тийишип атпайбы. Мен унчукпай отургам. Анда Айсалкын качып келип, менин жаныма отуруп калган. Анан достор тамашалап нике кыйып коюп атышпайбы. Акыры ошол тамаша чынга айланып калды. Учурда бир уул, бир кызыбыз бар. Экөө тең үй-бүлө күтүп калышты. Балабыз Нурдин колубузда турат. Биз кайсы бир спектаклде роль жаратууда болобу, бири-бирибизге кеңешибизди берип, бири-бирибизди толуктап турабыз.

Кымбат Турдубекова, «ПолитКлиника», 14.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий