Кошой-Коргон

Кыргыз элинин тарыхына үңүлүп карасак, азыркы жашап жаткан жерибизде бир нече маданий катмарлардын болгонун билебиз. Бирок, ал маданий катмарлар бүгүнкүбүз жана келечек үчүн кандай таасирин тийгизип жаткандыгын толугу менен аңдай албай жатабыз. Анткени,” кыргыздар көчүп-конуп жүрүп, үй, турак-жай кура алган эмес жана отурукташкан маданияттан алыс” деген калпыс пикирлер дагы орун алып келген. Бирок, узак убакыт кеңири коомчулукка жетпей келген мыкты шаар маданияты, гүлдөгөн архитектура болгондугун акыркы жылдардагы изилдөөлөр дагы бир жолу далилдеп жатат.

Шаар жана чакан кыштактардын, башкача айтканда отурукташкан маданияттын мыкты үлгүсү катары кайрадан калыбына келтирүү жана коомчулукка жеткирүү учурдун талабы. Өзгөчө “көчмөн элдердеги шаар маданияты кылымдар бою көчмөн турмуш менен күн кечирген кыргыз элинде болгон эмес” деген сыяктуу жаңылыш пикирлерди жокко чыгарган орто кылымдарга таандык бир катар шаар калдыктарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып калышы ачык далил болуп берет. Мамлекетибиздин аймагында тарыхый эстеликтер ондоп саналат жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй Кыргызстандын дээрлик бардык чөлкөмүндө буга чейин калк арасында анча белгилүү болбогон тарыхый-маданий эстеликтердин саны өсүүдө. Муну менен биз дагы бир жолу улут катары карт тарыхыбызга сыймыктануу менен карап, келечек муундарга жана башка элдерге алардын баалуулугун жана үлгүсүн көрсөтүшүбүз зарыл.

Кошой-Коргон шаарынын жалпы көрүнүшү
Кошой-Коргон шаарынын жалпы көрүнүшү

Орто кылымдарга таандык шаарлардын арасында Ат-Башы өрөөнүндөгү Кошой-Коргон шаарын жаңы технологияларды колдонуу менен илимий негизде калыбына келтирүү иштери жасалууда.Бүгүнкү күндө жаңы компьютердик технологияларды колдонуу менен тарыхый-маданий объектилерди калыбына келтирүү же 3D-реконструкциялоо ыкмасы бул тарыхый объектилерди виртуалдуу түрдө реконструкциялап, анын өз учурундагы чыныгы абалын билүүгө мүмкүндүк түзөт.Дүйнөдө кеңири колдонулуп келе жаткан мындай ыкма жана тажрыйба менен кыргыздын тарыхында өзгөчө орду бар орто кылымдардагы шаарлар маданиятын кайрадан тургузуу аркылуу тарыхый мурастарды калыбына келтире алабыз.

Орто кылымдарга таандык шаарлардын ичинен байыркы Атбашы шаары же илимде “Кошой-Коргон шаар чалдыбары” деген аталышындагы тарыхый объектини калыбына келтирүү иши Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика” кафедрасынын базасындагы окутуучулар менен студенттерден турган “Клиометрика” илимий-чыгармачылык тобу тарабынан ишке ашууда. Кошой-Коргон шаар чалдыбарынын 3D-реконструкциялоо – ошол доорлорго таандык тектеш тарыхый булактар жана тарыхый-археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянуу менен археолог-архитектордун кеңеши аркылуу жүргүзүлдү.

Шаар дубалдары
Шаар дубалдары

Кошой-Коргон Батыш менен Чыгышты бириктирген Улуу Жибек жолунда жайгашып, Борбордук Азия менен Чыгыш Түркестан чөлкөмүндөгү окуялардын чордонунда өнүккөн ири стратегиялык, административдик, маданий-экономикалык жактан ээлеген орду бар шаар болгон.

Кошой-Коргон шаар чалдыбары жөнүндө алгачкы маалыматтар X-XI кылымдарга таандык араб жазуу булактарында кездешет.Археологиялык жана илимий изилдөөлөрдүн жүз жылдан ашык маалыматында Кошой-Коргон шаарынын түптөлүшү VII-IX кылымдарга байыркы түрк каганаттарынын дооруна барып такалары далилденүүдө. Демек, шаардын түрк дооруна таандык болуп калгандыгынын өзү Кыргызстандын аймагында кылымдар бою бир гана көчмөн маданияты болгон, көчмөндөр гана жашаган деген көз карашты жокко чыгарат.

Кошой-Коргон шаар-чебинин жалпы планы
Кошой-Коргон шаар-чебинин жалпы планы

Кошой-Коргонду алгачкы жолу илимий жактан таанып, ал тууралуу тарыхый көз караштагы ойлорун айткан алгачкы изилдөөлөр XIX кылымдын экинчи жарымына таандык. Алгачкылардан болуп, 1859-жылы белгилүү чыгыштаануучу Ч.Валиханов Кашкар сапары тууралуу жазганында Атбашы тууралуу эскерет. Андан кийинки изилдөөлөр окумуштуулар В.В.Бартольдго, А.Н.Аристовго, Б.М. Зимага, А.Н.Бернштамга ж.б. таандык. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки шаар чалдыбарын изилдөө 2004-2005-ж.ж. археологдор М.И.Москалев жана О.А.Солтобаевге таандык. Алар тарабынан Кошой-Коргондо казуу иштери жүргүзүлүп, бир катар жаңы материалдар топтолгон.

Кошой-Коргон – бул алгачкы шаар маданиятын калыбына келтирүү аракети болгондуктан, кийинки иш аракеттер Кыргызстандагы Улуу Жибек жолундагы башка тарыхый-маданий эстеликтер, шаарлар боюнча жүргүзүлөт.

Шаардын жайгашкан планы төрт бурчтуу болуп, узундугу 245х255 метр болгон. Бүгүнкү күндө шаардын дубалдарынын бийиктиги 4-8 метрге чейин сакталып калган. Шаар чалдыбары боюнча 60 мунара жайгашкан: түндүгүндө – 19, түштүгүндө – 13, чыгышында – 17, батышында – 11. Анын түштүк жана батыш дубалына жакын шаар башкаруучусунун сарайы менен көмөкчү чарбалык курулуштары ачылгандыгын окумуштуу М.Н.Федоров белгилейт. Ал сарайдын айрым бөлмөлөрүнүн дубалдарында түстүү боек менен тартылган сүрөттөрдүн болгондугун да көрсөткөн. Ушундан улам Кыргызстандын аймагында байырлап келген элдердин шаар курулушу жана шаар маданиятынын жогорку деңгээлде болгондугун билүүгө болот.

Кошой-Коргондун урандысы жана реконструкциясы (түштүк тарабы)
Кошой-Коргондун урандысы жана реконструкциясы (түштүк тарабы)

 КУУнун “Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика” кафедрасынын базасындагы окутуучулар менен студенттерден турган “Клиометрика” илимий-чыгармачылык тобу тарабынан виртуалдуу негизде реконструкцияланган Кошой-Коргон шаар чалдыбары Москва шаарында өткөн ири конференцияда дүйнөнүн ар тарабынан келген тарыхчы-окумуштуулардын дагы назарын өзүнө бурду. Ал эми аталган чыгармачылык топ: тарых илимдеринин доктору, профессор Ш.Д.Батырбаева, тарыхчы-археолог О.А.Солтобаев жана 2-курстун студенти Наркозу уулу Нурдинге “Кыргызпатенттен” атайын автордук Күбөлүк (№2448) берилди.

Элизат ТУРСУНОВА, тарых илимдеринин кандитаты,
Көк асаба”, 02.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий