Абалың кандай, адабият?

Улуттук көркөм сөздүн учурдагы абалына ичи чыкпагандардын пикир-сунуштары маалымдоо каражаттарында арбын жарыяланат. А бирок нааразы кеп-сөздөр айтылган жеринде унутулуп, сөз өнөрүнө баштагыдай мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй жатат кинесине өкмөт аке же кулак салбайт. Иши кылып, эмчектен чыгарылган баладай кыргыз жазуучуларынын көбү дагы деле социализм заманындагы “аталык камкордукту” эсинен чыгара албай келатышат.

Окурмандардын каалоо-табитин кылдат түшүнүү керек

Көркөм чыгармачылык кайсы бир инсанга табият тарабынан ыроолонгон жөндөм-шыкка жатары, анан ал маалында жакшы кыртышка туш келип, талбаган мээнет, такыр тыным билбеген эмгекчилдиктин аркасында чайлап-коолап чыкчу кайталангыс көрүнүш экени калам кармагандын бары-жогуна жакшы маалым чындык. Антип, коомдук зарылдыктын аркасында жарк этип жаралып чыккан кайталангыс таланттын айланасында аны тууроочулар, ошого окшоштуруп жазчулар, көркөм дөөлөт жаратуу абыгерчилигин чегип, өзүн түйшүккө салып жүрүүчүлөрдүн дагы бир калың тобу түрүлүп чыгат. Адатта мына ушул экинчилер түпнускасынан өтүмдүү, чыгармачылыктын аки-чүкүсүн мыкты билгендер катары угарман менен окурмандын каалоо-табитин кылдат туюнуп, аларга ыктап жазган өтүмдүү калемгерлер катарын толукташат. Кыргыз китептери жыйылган жерде ыпыр-сыпыры көп саман-топондун арбындыгы мына ушул жагдайдан чыккан көрүнүш.

 

Бишкекте китеп сатуучу көзгө басар “Нуска” деген дүкөн бар

Учурдагы кыргыз адабиятынын изилдениш, иликтениш проблемаларына арналган илимдердин улуттук академиясындагы чоң жыйында професор Ж. Бакашева ушу тапта жыл кур эмес минден ашуун китептер басылып чыгарын, анын басымдуу көпчүлүгүн көркөм адабий чыгармалар ээлерин маалымдады. Адабиятка абыдан көңүл бурулчу социалисттик байкерчиликте да мынчалык көлөмдө китептер чыкчу эмес. Антип адабият базарын бапыратып китепке толтурган көркөм адабий чыгармалардын нускасы ашып барса миң, болбосо 200 – 300 тегерегинде чыгып келатканы деле көпчүлүккө дайын. Жаңы китептерди жабыла сатып алууга республикадагы минден ашуун китепканалардын чама-чаркы жетишпейт, аларды бекер китеп менен жабдууну биздин авторлордун көбү жактыра беришпейт, ошондон жалтырак кагазга басылып чыккан жаңы чыгармалардын көбү тааныш-тамырларга таратылат, айрымдары гана Бишкектеги көзгө басар “Нуска” китеп дүкөнүнө сатыкка коюлат.

 

Сөз эркиндигинин шартында китеп окубаган жаңы муун өсүп келе жатат

Ошону менен жазуучу – окурман карым-катышы экономикалык маселеге айланып, рухий маани-мазмундагы көркөм дөөлөттүн базар баасы аныкталат. Кадимки К. Маркстын “Капиталындагы” “товар – акча – товар” же кыргызчасынан сатуу-алуу проблемасына келгенде кыргыз адабиятынын кардарлары, чыккан китептерди калтырбай алып турчу окурмандары абыдан эле аз, улут көркөм сөзүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөр негизи өтө эле борпоң экени ачыкка чыгып калбадыбы. Мындай шартта улут көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүшү чоң кыйынчылыктарга кептелет, катары калың, окурманы жок, саналуу эстеттердин гана эриккендеги интеллектуалдуу эрмегине айланып кетиш коркунучу жаралат.

Ошо кепке алынган жыйында Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы, акын Эгемберди Эрматов учурда кыргыз классиктеринин хрестоматияга кирип калган чыгармаларынын отуздан ашуун томдуктарын чыгаруу, дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн таржымалоо жумуштары колго алынарын, жаңыдан жазып жүргөндөрдүн китептери системалуу түрдө чыгарыларын маалым кылды.Айтылуу адабиятчы, сынчы К. Даутов мамлекет колдоосу жок, жаркын таланты бажырайып ачылбай келаткан өктөлүү калемгерлер социализм доорундагы “коммунисттик аталык камкордуктан” үмүтүн үзүп, башкалардын колдоо-жөлөгү жок эле өз киндигин өздөрү кесиш керектигин отургандардын эсине салды, сөз эркиндиги шартында адабий билимден таптакыр куржалак калган, китеп окубаган жаңы муун келип жатканын, аларга билим берчү адамдардын деле кесиптик камылгалары чакталуу экенин өкүнүч менен белгиледи.

 

Китептен алыс чоңойгон жаңы муунду көркөм дөөлөттөргө кантип үйүр алдырабыз? 

Бул суроо ушу тапта жалаң адабиятчыларды эмес, жаамы журтту ойлонтуп турган кези. Жамырап чыгып жаткан китептердин сапаты, көркөмдүк баалуулугун окурман журтуна айтып-түшүндүрүп турчу адабий сындын дарек-дайыны билинбей, анын аркасы менен элге таанылгандардын бир тобу саясатчы, калгандары илим жагына ооп, адабият базарын отоо чөп басып кеткени деле көпчүлүккө дайын.

Социализм заманында мамлекет көркөм адабиятка камкордук көрүп, кыргыз жазуучуларынын китептерин күргүштөтүп чыгарып турчу. Сатыктан өтпөгөн, китеп басмалары тарткан зыяндын ордун классиктердин өтүмдүү чыгармаларын арбын нускада чыгаруу аркылуу толтурушчу. Эми болсо, абал таптакыр башкача. Дүйнөлүк адабияттын кайталангыс чыгармаларынан тарта жаңыдан калам кармаган авторлордун жазгандары бир кылка тизилип, китеп базарында баары аралашып, атаандаштык шартында нукура көркөм дөөлөт менен апачык халтура, чыныгы адабият менен маасалык адабият бир катарга коюлуп, кардарын күтүп жатыры.

А бирок жайнаган китептерди жабыла сатып алып жатышкан окурман журтун байкаш деле кыйын. Интернет азгырыгынан арыла албаган жаңы муундун арасынан китепкөйлөрдү күндүзү чырак менен издеп табыш кыйын. Аздыр-көптүр окурман журту, кабелтең интеллигент катмары калыптанып калган экен Орусияда китеп бизнеси жолго коюлуп, маданий турмушу баштагы ыраатында болбосо да, биротоло токтолуп калбай алдыга жылууда.

Жаңы коомдук мамилелердин оорчулугу эле бизге келип тийди, социализм заманында мактанган китепкөйлөрүбүз деле аз экен, нукура адабият короосуна жакын жолоткус айрым адабий сымак жука китепчелер гана соодадан эриккен окурмандардын кызыгуусун жаратпаса, улут адабиятынын мыкты үлгүлөрү бүтүндөй бир муундун баам сыртында калууда. Бул жагдай улут адабиятынын бүгүнкүсү менен эртеңкисине кабатыр адамды ойлонтпой койбойт. Улут адабиятынын азыркыдай абалы кыргыз тилинин тагдырына да кедергисин тийгизип, болочогун арасат коёру талашсыз.

 

Акын Эрлан Жумагазиев

ЖОКТОО

Көр түйшүгү тажатканда калаанын,
Көңүл дегдеп, туулган жерге барамын!
Кучак жайып, тосуп алат айылым:
«Кутулгун», — деп, туткунунан санаанын!

Кабар-дайным сурачудай жүгүрүп,
Каршы алдымдан тосот жолдор түрүлүп!
«Балаң келди, сүйүнчү!» деп жаткансыйт,
Бак-дарактын бутактары ийилип!

Тазартчудай ичте буккан абаны,
Так маңдайдан согот муздак шамалы.
Сезимдеги борсук жытты кетирип,
Сергитсем деп жаткан сыңар а дагы!

Жан дүйнөнү курчап турган чеп сыяк,
Жаагын жанат суулар сайда кеп курап.
Кой кайтарчу кокту-колот, саз тарап,
«Койчуман уул келген экен» деп турат!

Күндүз Күнгө, түндөсү Айга кошуна,
Күтөт уулун калкагар тоо, чоку да!
«Саман жүздүү уулум, кандай алың?» деп,
Салам айтат аңыз, шалбаа озуна!

Турмуш кургур сөөгүн мүлжүп, кажыган,
Туулган жерим күтөт уулун саз ыраң.
Кучак жайып тосуп албайт бир гана,
Курган апам, суу айлантып башыман!

Тоссо дагы туулган жерим, турагым,
Тоспойт жалгыз маңдайымдан сылаарым!
«-Бейишин бер, оо, Жараткан!» деп тилеп,
Бейитинде куран окуп турамын!

«Саресеп», 30.07.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий