Сөз баштаган — эл баштайт

Кыргыз рухунун башында турган “Манас” эпосун ала турган болсок, андагы Манас баатыр дагы сөздү жеген улуу инсан болгон. Эгер Манас сөздү барктабай, сөздү укпай кое турган болсо, анын артынан кыргыз эли түмөндөп ээрчибейт эле.

Байыртан кыргыз эли сөз багып, сөз кадырлап, сөз менен эл достугун бекемдеп, ал тургай чоң мамлекеттер ортосундагы маселелерди дагы сөз аркылуу чечип келишкен. “Улут уюткусу”программасынын алкагында кыргыз эли улуу тутуп келген чечендик өнөр тууралуу кеп кылдык. Конокто жакында жарыкка чыккан “Кыргыз элинин чечендик өнөрү” деп аталган китептин автору, тарых илимдеринин кондидаты, доцент Октябрь Капалбаев болду.

Бүгүнкү күндө эки сөзүбүздүн бирин орусчалап сүйлөп калган заманда сөздүн кадыр-баркы канчалык? Алгач маегибизди ушундан баштасак.

— Бүгүнкү күндө бул өтө чоң көйгөй болуп турат. Себеп дегенде сөздүн кадырын түшүрүп койдук. «Көпчүлүккө көө сүртпө» деген кыргыздын макалы бар. Андыктан, бул жерде бардыгын айтууга болбойт. Анткени кыргыз тилине күйгөн, кыргыз тилин сүйгөн аны өнүктүрүп, ага салымын кошуп келаткан атуулдарга катуу тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан, айрым эл алдына чыгып, эл үчүн бир нерсе жасайм деген, эл оозуна алынып калган адамдардын, айрыкча саясатчылардын орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөп жаткандыгы, сөздөрдү майдалап ийгендиги сөздүн кадырын кетирип жатат. Муну моюнга алуубуз керек.

Албетте, кыргыз эли байыртан «Өнөрдүн алды кызыл тил» деп, сөзгө өтө маани берген б.а. сөздү баккан, кепти жеген. Улуу болобу, кичүү болобу, аялзатыбы, эр кишиси болобу сөзгө өтө маани бергендиги биздин байыркы ата-бабаларыбыздан калган акыл-насааттардан, макал-лакаптардан эле көрүнүп турат. Ал эми бүгүнкү күндө биз сөз жебей, кепти бакпай калгандыгыбыз — биринчиси сүйлөп жатса экинчиси укпайт, сөздү жыра талашат. Ошонун жыйынтыгы сөздүн кунарынын качып калгандыгы, сөздүн баркынын кетип калгандыгы ушундан деп түшүнсөк болот.

— Мына колубузда турган китепке токтолсок. Кандайча чечендик өнөргө кызыгып, бул боюнча китеп жазууга белсенип калдыңыз?

— Кыргыз рухунун башында турган “Манас” эпосун ала турган болсок, андагы Манас дагы сөздү жеген улуу инсан болгон. Эгер Манас сөздү барктабай, сөздү укпай кое турган болсо, анын артынан кыргыз эли түмөндөп ээрчибейт эле. Керек болсо эпосто Манастын өзүн тилдеп койгон учурлар бар:
Манас, Манас дегенде барбая түшөт экенсиң,
Сууга салган чаначтай дардая түшөт экенсиң, — деп Бакайдын, Алманбеттин, Акбалтанын тилдеген учурлары кездешет. Мындайча айтканда ошол элдин, көчтүн башында жүргөн улуу инсандар дагы сөзгө өтө маани беришкен. Ошол эле учурда кенже эпосторду ала турган болсок, кандай баатыр, кандай бий, хан болбосун сөздүн күчү менен артынан элди ээрчиткен. Бул кыргыз элинин тарыхый инсандары эмес, жалпы тарыхта кала турган ошол эле гректердин, римдиктердин императорлору, кечээки эле «дүйнөнү басып алам» деген Наполеонго, Гитлерге окшогон инсандар дагы сөздү улуулугун, сөздүн өтө бийиктигин, ыйыктыгын байкашкан. Орустун улуу окумуштуусу Радлов дагы убагында «кыргыздар сүйлөгөндө ырдап аткандай сүйлөшөт» деп айткан экен да. Мындайча айтканда ар бир кыргыздын сөзгө маани бергендигинин белгиси болсо керек.

 Чечендик өнөргө аныктама берип өтсөңүз. Чечен деп биз кимдерди айтабыз?

— Чечендик өнөргө улуу инсандарыбыздын бири – бул Көлдөн чыккан жети акелерибиздин көч башында турган Сарт аке аныктама берип өткөн. Чечендик өнөр – бул Алла Таалам тарабынан берилген чоң өнөр, касиет деп айтылган. Бул бардык эле адамдарда боло бере турган нерсе эмес. Себеп дегенде, чечендик өнөр кыргыз элинин бүт дүйнө таанымын, акыл-насаатын, санат-насыйкаттарынын бардыгын бир муштумдай жүрөгүнө, кичинекей башына батырып, ошону элден алып, кайра элге берген.
Сарт аке өзү акыл чеченге кирген.

Акыл чечен деп жөнөкөй адамдын оюна келбеген, көп адамдар ойлоно билбеген, көп адамдар чече албаган көйгөй, маселелерди чечкен. Бирок көп сүйлөбөйт. Маселдетип азыраак сүйлөгөн. Айтылган бир акылы кылымга кала турган ой болгон.

Ал эми көрөгөч чечендер – булардын олуялыгы, келечекти көрө билгендиги, эр кишинин, аял кишинин, жаман-жакшынын айырмасын айтып, келечекти көрө билгендер, олуялыгы менен айырмалангандар болгон. Мисалы буга Калыгул, Куйрчукту кошсок болот.

Андан кийин тил чечен. Ал кыргыздын окуяларын, баяндарын, уламыштарынын бардыгын кичинекей тилинин арты менен уккан адамдын кулагынын кунарын кандырып, эч бир чарчатпай күндөп-түндөп айтса дагы чарчабаган адамды айтат. Тил чечендин айырмасы санжыра болобу, санжыргалуу сөз болобу, уламышпы ошонун бардыгын тең уккулуктуу коңур үнү менен айтып бергендигинде болгон.

Ал эми төртүнчүсү – бул камгак, кургак чечен. Сүйлөп аткан сөзү маанисиз, уккулуксуз, тажатма, эч бир илип ала турган нерсеси жок адамдарды кургак чечендер деп айтабыз.

Бүгүнкү күндө эгер, илимий тил менен айта турган болсок, чечен болуп адам калыптаныш үчүн этос жана пафос өтө маанилүү. Этос деген адамдын адеп-ахлагы. Мисалга кээ бир адамдардын кылган иши адамга жуга турган эмес, адам уяла турган нерсе. Бирок сүйлөгөн сөзү улуу, акылдуу сөз болсо, экөө бири-бирине айкалышпай калат да. Ошондуктан чечендикте кыраакылыктан, сөз билгиликтен сырткары адамдын адеп-ахлагы дагы өзгөчө маанини ээлейт. Ал эми пафос – адамдын сөйлөп жаткандагы эмоциясы, адамга жеткирип бере алышы. Мисалы, жазуучуларды ала турган болсок, жакшы, курч жазат. Бирок жазган нерсесин айтып бере албай, өзүнүн оюн жеткиликтүү бере албашы мүмкүн. Тескерисинче, мыкты сүйлөгөндөр, жазганга келгенде эки сөздү тыңдап жаза албай калат. Мындайча айтканда сүйлөп жаткан адамдын бардыгы эле чечен болуп калбайт.

— Бүгүнкү күндө ушул чечендик өнөрдү аркалап, барктап, аздектеп жүргөн адамдар барбы?

— Толтура. Мисалга айыл жергесинде ар бир  тургун кыргыздын байыртадан келе жаткан нукура салттарынын бардыгын сактап келе жатат. Мындайча айтканда айылдын аксакалдары, энелер сөзгө маани берип жүргөн адамдар көп. Тилекке каршы учурда интеллигенция сөзгө маани бербей калдык. Орустун сөзүн, башка терминдерди колдонуп сүйлөгөндү мода көрүп алдык. Биздин билим деңгээлибиз ошону менен көрүнөт деген ой, ошондой тенденциялар кетип калды. Ал эми нукура, таза, байыркы көөнө кыргыздын сөзүн сүйлөгөн адамдарды жактырбай, аны шакабага алып, азилдеп калган учурларыбыз көп болуп бара жатат.

Бүгүнкү күндө чечендик өнөрдү окутуп, үйрөтүүгө, өнүктүрүүгө болобу?

— Эмне үчүн болбосун? Бизде бүгүнкү күндө чечендикке үйрөтүү боюнча курстар өтүлүп жатат. Бирок анын бары батыштын техникасын колдонуп, ошолордун ыкмасы менен үйрөтүп атат. Мисалга, Демокрит, Аристотель, Сократ, Платон, Гитлер, Наполеондун айткан учкул ойлорун колдонуу аркылуу үйрөтүп жатат. А эмне себептен «Манастагы» Ажыбай, Бакай баш болгон, андан берки Санчы сынчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен, Акылкарачач, даанышман жети акебиз, Жоошбайдын, Куйручуктун, Касымалы Жантөшевге окшогон залкарлардын айтып-деп кеткендери аркылуу кыргыздарды чечендикке үйрөтпөйбүз?.. Биз өзүбүздүн колубузда турган алтындын баркын сезбестен, башкаларга таасирленип кетип жатабыз. Учурдагы жазуучубу, эл алдында жүргөн саясатчыбыздын айткан сөздөрү ошол залкарлардын бир сөзүнө тең келе албайт. Тилекке каршы ажосу болобу, башкасыбы «тезек тергиле», «акалар, үкалар», «айланайын, кагылайын» деген кулакка жагымсыз сөздөрү менен эсте калып  атат. Улуу адамдар айтып кеткендей улуу сөздөр бүгүнкү күндө жаралбайт. Себеби, биз ошол сөзгө көңүл бурбай калгандыгыбыздан, сөздү кубалап жүргөн, сөз менен жан багып жүргөн сөздүн өнөрмандары мурункудай изденбей калдыбы деп олойм.

Учурда төкмө акындар баштаган өнөр адамдары эл аралап ырдабай калды. Ал эми илгеркилер элди аралап, алар менен жашап, өз көзү менен көрүп, ошону ырга, дастанга айлантышкан, элден алып, элге берген. Андай нерседен биз алыстап кеттик. Улуу сөздүн чыкпай калгандыгы дагы мына ушундан.

— Жогоруда сиздин «Кыргыз элинин чечендик өнөрү» деген китебиңиздин жарыкка чыккандыгын айттык. Китептин мазмунуна кыскача токтолуп өтсөңүз.

— Буга чейин мындай ат менен бир дагы кыргыз жазуучусу, тарыхчысы жазбаптыр. Бул биздин кемчилик десек болот. Ошол эле биз менен боордош болуп турган казактар 1986-жылы эле «Казак элинин чечендик өнөрү» деп китеп чыгарып коюптур. Ал эми орус адабиятында мындай китептер жүздөп саналат. Кыргыз элинин чечендик өнөрү боюнча Сапарбек Закиров, Абдысалам Обозканов, Венера Мусаева жазган экен. Бирок алар макала деңгээлинде гана калып, ЖОЖдордо сабак катары өтүлбөй жүрөт. Мугалим болуп чыгып жаткандан кийин сөзсүз түрдө өзүнүн сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өстүрүш керек. Жеке эле мугалимдерге эмес бардыгыбызга керек нерсе. Жөнөкөй адамбы, маданият кызматкериби, өзгөчө саясатчыларга керектүү нерсе. «Сөз баштаган эл баштайт» дейт. Эгерде эки сөздүн башын бириктире албай жатсаң сени ким ээрчийт? Китептин 1-бөлүмүндө ушул жаатта, кыргыз элинин, деги эле дүйнөлүк чечендик өнөрдүн тарыхы боюнча жана сүйлөшүүнүн ыкмаларына токтолдум. Ал эми 2-бөлүмдө кыргыздын чечендик өнөрүнүн 15-16-кылымдагы ири өкүлдөрүн топтодум. Бул жерде Асан Кайгыдан баштап, Жээренче чечен, Куйручук, Көкөтөйгө чейин берилди. Жазуучулардын, изилдөөчүлөрдүн макалаларын бириктирип туруп бир чоң көлөмдө жараттык. Албетте бул саамалык. Алгачкы ирээт чыгып жаткандыктан кемчиликтери көп болушу мүмкүн. Ошондуктан окурмандар муну толуктап, кыргыздын кепти баккан, сөздү жеген улуу эл катары мындан дагы өстүрүүгө чакырат элем.

— Китепке материалдарды топтоо дагы оңойго турбаса керек?

— Бул китепке бери жагы эле сегиз жыл маалыматтарды топтодум. Бир күндө же бир эле жылда жазыла калган жок.

— Чечендик өнөрдүн тарыхы кайсы жерге барып такалат?

— Муну дүйнөгө гректер таанытып койду. Эгерде тарыхты карай турган болсок бир эле сот процессинде чечендер катышып, тилдин күчү менен күнөөсүз адамды күнөөлүү, күнөөлүү адамды күнөөсүз кылып койгон учурлар кездешкен. Бул 19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында Октябрь революциясы жеңгенге чейин орустарда дагы ушунчалык өнүгүп кеткен. Кийин академиялык чечендик деген чыккан. Совет мезгилинде Ленин баштаган революционерлердин бардыгы чечен болгон. Кандай адам болбосун көңүлүн өзүнө буруп, жүрөгүнө орноп алган адамдар болгон. Академиялык чечендик Сталинден башталган. Ал өзү сөзгө чоркок, бирок, акыл чечен болгон. Бүгүнкү күндө көпчүлүк саясатчылар жазган нерсени гана окуп бере алышат. Кагаздан башын алса, тантып кетишет. Кагаз карабай сүйлөгөнгө чоң талант, касиет керек.

— Илгертен чечендердин коомдогу орду кандай болгон?

— Байыркы кыргыздарда чечендердин ролу өтө чоң болгон. Эл башкарып турган каганбы, ханбы, ажобу чечендин, даанышмандын акылын укпай иш кылган эмес. Керек болсо тактыга чечен отругандан кийин гана отурган. Эл башындагы адамдын бир кичинекей маселени туура эмес чечип койгондугу жети атага, 21 муунга чейин кете берген. Ошондуктан, «ойлонбой сүйлөгөн, онтобой ооруга жолугат» болбосун деп кеменгер, акылман, даанышмандар менен кеңешип иш кылышкан. Бүгүнкү күндө деле президенттин жанында кеңешчилери бар. Бирок алардын кандай кеңеш берип жаткандыгын биз билбейбиз. Учурда акылман даанышмандык, чечендик өнөрдүн институтун кайрадан калыптандыруу керек. Тилекке каршы учурда эл башчылары өзүнүн тарыхы үчүн иштебей жатышат.

— Бүгүнкү күндө жаштарга жок дегенде эки сөздүн башын бириктирип сүйлөөгө, же макалдарды туура колдоно билүүгө үйрөтүү үчүн кандай аракеттерди көрсөк болот?

— Бул өтө курч маселе болуп атат. Бүгүнкү күндө жаштарды кызыктыруунун өзү кыйын болуп калды. Сөзгө көңүл бөлө турган заман эмес деген дагы ойлор жаралууда. Биз азыр жаштык кылып көп нерсеге маани бербей жатабыз. Бир кезде балаңа, жаштарга, кичүү муунга айта турган учуру келгенде өкүнүп, бармагыбызды тиштеп калабыз. Анда кеч болуп, окуган нерсең жукпай калган учур келип калат. Ал эми жаш кезде ар бир уккан, окуган нерсең жадымыңда калып, жүрөгүңдө орноп калат. Азыр болсо биз жаштарга айткандан жадабашыбыз керек. Кайсы жерде болбосун, үнүң жеткен жерде сөздүн баркын айта беришибиз зарыл. Учурдан пайдаланып эң негизгиси баланы сөзгө эне үйрөтүш керек деп айтат элем. Себеп дегенде тарбиянын башаты эненин сүтүнөн келет. «Атасы жамандын бирөө жаман, энеси жамандын баары жаман» деген кыргыздар. Ошондуктан, энелер аруу, таза болуп, балдарга окуп, айтып, жакшы тарбия берип, эмгекке, мээнетке тарбияласа.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 05.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий