Өмүркул Кулумбаев

 

Акын Өмүркул Кулумбаев 1931-жылы Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында финансы кызматкеринин үй бүлөсүндө туулган. 1940-жылы ушул эле айылдын толук эмес мектебинде окуп, 1950-жылы Кара-Суу орто мектебин «Эң жакшы» деген баалар менен аяктаган. Билими орто. Алгачкы эмгек жолун Нарын шаардык типографиясында арип терүүчүлүк кесипте эмгектенүү менен баштаган.

Тянь-Шань областтык аскер комиссариатында финансы администрация бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп кызматтык командировка мезгилинде 1961-жылдын 9-июнь күнү автомобилдик кырсыкка учурап, биринчи топтогу майып болуп калган.

1966-жылдан баштап, колуна калем алып, поэзия дүйнөсүнө кадам койгон. 12 поэтикалык китептердин автору.

СССР ЖазуучуларСоюзунун жана Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Ат-Башы районунун ардактуу атуулу. Республикадагы «Жылдын мыкты адамы»

Мындан тышкары басма сөз булактарында 284 жолу публицистикалык маанайдагы макалалары жарык көргөн (Чернышевский атындагы китепкананын мааламаты боюнча).

 

Ө.Кулумбаев жана анын чыгармачылы тууралуу

«Күнгө түн жашырынган сыңары, күйүттө күлкү түнөгөн окшобойбу, эгерде ал кырчынында кырсыкка кабылбай, алты саны аман болсо ушундай акын болот беле, болбойт беле!? Булбулду сайрады дейбиз, мүмкүн анын сайраганы ыйлаганыдыр?

…Анын эне сүтү менен тең бүткөн талант, шыгы – жыйнактан жыйнакка өсүп, жалаң гана поэзия сүйүүчүлөр эмес, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болду.

…Мыкты акын гана көтөрбөстү көтөрүп, чыдабаска чыдап, жанын ырга айлантып, анын жылуулугу менен өз эл-жерин жылытып, өзүн жылытып күн кечирет турбайбы!..»

Анатай Өмүрканов

 

«Өмүркул Кулумбаев – сөз кудуретине өзгөчө мани берген, аны туш келди чача бербеген, ага сарамжалдуулук менен мамиле кылган акын. Анын ырлары өз ишин мыкты өздөштүргөн чебер курулушчунун устаттыгына окшош. Уйкаштыктары кыштай кыналышып, кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн ички ыргактар менен коштолуп турат.

«Аксаңдап кош таякчан жүрүп жазган» ырларыңдын аягына жжем түшпөсүн. Сенин бактың ушунда».

Эсенгул Ибраев

 

«Өмүркул Кулумбаев темага бай. Диапазону кенен. Ал эмнени жазсам деп кысталып олтурбайт. Турмуш анын жүрөгүнө эмнени тартууласа, мына ошону таланттын чырагынын жарыгына салып алып жазат. Көрөңгөлүү поэзиянын күүсү чертиле баштайт.

…Ата-Журтту жазса анын карманы болуп алып, жаратылышты жазса байкоочу болуп алып, жан-жаныбарларды жазса мергенчи болуп алып жазат. Ушунун өзү акындын оригиналдуулугу жана тапкычтыгы».

Кочкор Борбугулов

 

«Акын табиятты сүрөттөөгө келгенде белгилүү орус акыны Тютчевден ашса ашып, кем калбаганына күбө болосуз. Табиятты түшүнүп, тыңшап, ырахаталуу – ар бир адамга келе бербеген сезим эмеспи.

…Кыргыз тоосун, кыргыз көлүн кыздарын, комузун, дарыяларын, табигый кооз жаратылышын, жалпы эле жашоо менен турмушту ырга салууга келгенде Өмүркул Кулумбаевге табият, айрыкча бир кудурет, шык берип койгонун китептерин окуп олтурган адам сөзсүз байкап, кошулуп, кошо толгонуп, поэзиянын керемет дүйнөсүнө аралашып кетет.

Ат-Башы дарыясындай бууракандап төгүлүп, жээгин жайпап, канчалаган ыр окурмандарын поэзия дүйнөсүнө чакырып келет».

Барчынбек Бугубаев

 

Чаалыктым сагындырып башкаларды / Алтындай бир түпкүрдө жаткым келди

«Таппай жүрөгүмдүн» автору 49 жыл төшөктө жаткан

 

Чыгармалары:

«Турмуш кайрыктары», 1969-жыл, «Мектеп» басмасы;

«Менин эрким», 1971-жыл, «Кыргызстан» басмасы;

«Каккын жүрөк», 1973-жыл, «Кыргызстан» басмасы;

«Менин үнүм», 1974-жыл, «Кыргызстан» басмасы;

«Уч, кыялым», 1976-жыл, «Мектеп» басмасы;

«Бийик дабандар», 1980-жыл, «Кыргызстан» басмасы;

«Көктөм жыты», 1982-жыл, «Мектеп» басмасы;

«Тоолор сүйлөйт», 1982-жыл, «Кыргызстан» басмасы;

«Арчалуубулак», 1986-жыл, «Кыргызстан» басмасы;

«Элет торгою», 1-китеп, 1990-жыл, «Адабият» басмасы;

«Элет торгою», 2-китеп, 2001-жыл, «Ала Тоо» басмасы;

«Бүркүт да ыйлайбы…», 2010-жыл, «Бийиктик» басмасы.

 

Ырлар

КҮЛҮК КЕЛЕТ

Күлүк келет төрт аягы соруп жер,
Күү-шаа түшөт тогуз баллда согуп жел.
Күйгөн таштар туягында быркырап,
Кымкаарланат кирпигине тоңуп тер.

Күлүк келет кирген суудай күрпүлдөп,
Куйрук-жалы куюн болуп сур түрмөк.
Дабышына кулак-башы жарылып,
Далы тосот улуу тоолор диртилдеп.

Күлүк кызуу, кош кулагын жапырып,
Көбүк «бурт-бурт» оозу кулач ачылып.
Куукулаган элдин үнү кырчада,
Сом камчыдай соорусуна басылып.

Күлүк келет койгон жерге чектелип,
Кош өпкөсү — куш канаты кейптенип.
Ак жоолугун бек байланган боз бала,
Ат үстүндө ал да барчын көздөнүп!

Изде мени жылкычыдан, койчудан,
Пахтачыдан колу тынбай ойкуган.
Заводдомун, шахтадамын кен казам,
Жумушчумун, студентмин окуган.

Үйдө жокмун багбандарга барамын,
Гүлдөрүнөн күүнүн жутам шарабын.
Жо-жок, мени кафелерден таппайсың,
Жер кудайы дыйкандардан карагын.

Артык эмес адамдардан ичкеним,
Дөөлөтүм жок, барксыз байлык күтпөдүм.
Бирок досум, кыл кыяктай дирилдеп,
Кыз-келиндин жүрөгүнө бүткөмүн.

Изде мени ит өлүүчү жолдордон,
Күйүп турам көңүлдөрдө кордолгон.
Жер боорунда адамдардан табасың,
Жан дүйнөсү эмгек менен чор болгон!

 

ИЗДЕ МЕНИ

Менин жаным күзгү болсо чагылаар,
Менин жаным оттук болсо жагылаар.
Менден көрүп жашоо кандай экенин,
Мокогуңду мага шарт-шарт жанып ал.

Мени кара шор кайнаган тозоктон,
Мени кара май кайнаган очоктон.
Космос койнун ачкандардан табасың,
Копшоп-копшоп жылдыз түбүн бошоткон.

 

КҮҮ ЧАЛАТ МӨЛ БУЛАК ТООЛОРДО

Суу бойлой олтурсак жарчада,
Серпилип тамчылар арчага.
Күү чалат мөл булак тоолорго,
Куду окшоп апаппак манчаңа

Абасы гүлдөрдү ойготот,
Артылып мойнуңа ойношот.
Канатын каккылап боз торгой,
Сайраса ойлорго ой кошот.

Жаш кыял жарышат дабырттап,
Жаңыдан дарактай алып шак.
Оргуган булактай махаббат,
Ойлорду шаңкылдап жаңыртат.

Көңүлдөр көшөгө тартып ак,
Көлчөдө Ай жатты жалтырак.
Керимсел наздаса ак кайың,
Күч жетпей эркине калтырап.

Карасаң кылгыра мени көп,
Карегиң кылкылдап төгүлөт.
Кыпкызыл алмадай жүрөгүм,
Карс этип экиге бөлүнөт.

 

АЙ КАЛКЫЙТ ЖООДУР БИЙИКТЕ

Жылдыздар жарып түн койнун,
Жүрөккө нурун чубуртат.
Атыр жел өпсө гүл мойнун,
Шүүдүрүм тамат дыбырттап.

Бутагын булбул уялап,
Шуулдайт токой шаңдагы.
Шамалга кайың буралат,
Шыбырап дарак алмалуу.

Чогундай ыргыйт арчанын,
Чокудан жылдыз чорт сынып.
Караанын көрүп жарчанын,
Кыйгачтайт күлүк кошкуруп.

Сен кетпей дайым көңүлдө,
Сезимдин мээлеп бутасын.
Айланып жүрөк — көлүмдө,
Ак чардак болуп учасың.

Ай калкыйт жоодур бийикте,
Суурулуп чыгып булуттан —
Шаңкаят кара кийизге,
Төгүлгөн сүттөй бир ууртам.

 

БИР САП ЫР ЖАЗДЫМ

Жамынып түнүн, жазданып ташын,
Жылдыздын сылап жылтылдак чачын.
Тоолордун тилеп токтоолук жашын,
Төрүңдө жерим, бир сап ыр жаздым.

Булбулун тыңшап булактуу шактын,
Булутун тиктеп түбүндө жаттым.
Жаштыгын сурап кыз жыттуу жаздын,
Жайлооңдо жерим, бир сап ыр жаздым.

Жалында жүрүп, жан сергек аттын,
Көбүргөн кымыз, көөкөрдөн таттым.
Кумунан уучтап көзүмө бастым,
Көл бойлоп жерим, бир сап ыр жаздым.

«Белдерден уулум, жөө, жалаң бастың,
Беришем», — деди Нарыным ташкын.
Күрпүлдө бактым, куу чөлгө аккын,
Кылымдап гүлүн жаздана жаткын.

 

БОЛБОС ЭЛЕ АРМАНЫМ

Бактысыз алтымыш жыл жолду бастым,
Буркурап алтымыш жыл шорду таттым.
Ким бирөө кулагыма шыбыр айтат:
«Өмүркул, өжөрлөнбө, болду жаткын».

Акыйкат, чындык болду издегеним,
А бирок, бир тамчысын искебедим.
Эркимди кулдай жумшап жашап келдим,
Эл-журтум тилдебегин, ит дебегин.

Ый менен кирпик какпай түнөп көрдүм,
Жанымды чоң казатка сүрөп көрдүм.
Туу кылып жарым жанды турмуш менен,
Төшөккө жатып алып, күрөшкөнмүн.

Өксүү бүт өчөшкөндөй бет алганым,
Өрүнө максатымдын жете албадым.
Өрнөгүм калса экен деп, көксөп келдим,
Өмүрдү текке жашап кете албадым.

Турмушка таарынып да түтө албадым,
Таймаштым, тагдыр болду өч алганым.
Ат-Башым коштошкондо көз жаштаса,
Өткөнгө болбос эле эч арманым.

Билгенге алтымыш жаш алыс экен,
Жашоонун жан үрөгөн жарышы экен.
Жарышта Ат-Башымдын тоолоруна,
Жанымды чырак кылып жагып кетем.
13-август, 1993-жыл

 

ТИРДИК АЙ!

Бирөө жүрсө көрүн таппай казууга,
Бирөө далбас көрдөн чыга качууга.
Олдо атыңдан айланайын тирдик ай!
Мен отурам айла таппай басууга.

Бирөө издейт алдаганга амалды,
Бирөө жүрөт алик албай саламды.
Олдо атыңдан айланайын тагдыр ай!
Мен олтурам азгыра албай ажалды.

Бирөө жүрөт жеген нанын тепкилеп,
Бирөө жүрөт жакырдыктан тепки жеп.
Олдо жашоо, олдо чиркин бакыт ай!
Сен айтасың пенденики өттү деп.

Бирөө тилейт кетпесе деп бакытым.
Бирөө тилейт көбөйсө деп катышым,
Олдо атыңдан айланайын өмүр ай!
Мен отурам таңдын тилеп атышын.

 

ӨТҮНҮЧ

Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Эй табият, анда жашым гүлгө бер.
Анткендигим ар бир жазда жадырап,
Ал өмүрүм гүлдөр менен түрдөнөөр.

Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Эй, табият, анда жашым сууга бер.
Анткендигим эмгек чөлүн көгөртүп,
Суусаганда жутуп турсун тууган эл.

Же болбосо булбулга бер бактагы,
Булакка бер кыз күлкүлүү акканы.
Же жашымды жылдыздарга бере көр,
Түбөлүккө жанып турсун жапжаңы.

Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр,
Менин жашым бөлүштүрүп миңге бер.
Миң жүрөктө менин жаным жашаса,
Анда өмүрүм түбөлүккө күн көрөөр.

 

ТАППАЙ ЖҮРӨМ

Бир гана тамчысындай булагымдын,
Бир гана шыңгырындай жылаажындын.
Сагындым мөлтүрөгөн махабатты,
Сагындым жылмайганын ынагымдын

Бир гана уучтамындай турпагымдын,
Бир гана жыттамындай гүлзарымдын.
Сагындым асыл заттын жан турпатын,
Сагындым, сагынычка мен багындым.

Сагынуу бүт уйкумду алып кетти,
Сагынуу карегимди жарып кетти.
Сагынуу сар жоргосун токуп берип,
Нөшөрлөп жаш өмүрүм агып кетти.

Сагынуу жашыл тоодо аксап жүрөт,
Сүйүүсүн сары майдай сактап жүрөт.
Энеден эрте калган жаш улактай,
Элеңдеп, эрмен терип какшап жүрөт.

Эмгекке ак шооласын сүйүп күндүн,
Эч жакпай асыл жыты түркүн гүлдүн.
Мезгилден издеп жүрөм, таппай жүрөм,
Мен бүгүн алп канатын сүйкүмүмдүн.

 

ЖАЗМЫШКА

Чаалыкпай ай-ааламды арткым келген,
Чырагын бак-таалайдын жаккым келген.
Ажалдын отун каалап отурамын,
Арман ай!.. Кем белемсиң бактым элден!

Ээрчитип муңдууларды баскым келген,
Эшигин акыйкаттын ачкым келген.
Ардыгып эрме чөлдө аңкап жатам,
Аттиң ай!.. Амалдуу экен тагдыр менден.

Сүйүүнү багбан болуп баккым келген,
Суусаткан шарабынан таткым келген.
Бир тамчы балын сорбой баңги болдум,
Бүгүнкү атка конуп шалсың делген.

Күбүлүп гүл терүүчү курагымда,
Күйүттүү айландырып тумарыма.
Тил кургап, мусаапырлык башка келип,
Турмуш ай!.. Аңкап жатам булагыңа.

Бүлүндүм, каздым кенди, аштым белди,
Туш кылдың бешенеме ташкын селди.
Чаалыктым, сагындырып башкаларды,
Алтындай бир түпкүрдө жаткым келди.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий