Мухтар Ауэзовдун арманы, махабаты, жалгыздыгы

m_auezov

Атак-даңкы ай-ааламды багынткан касиеттүү залкар таланттардын тагдыр-турмушу канча айткан менен татаал да, аянычтуу да болот экен. Алар адамдарга бактылуу болуп туруп, телегейи текши бактылуу талант катары элин суктантып туруп, а чынында алар бактысыз болот өңдөнөт. Бири кем дүйнө дегендин айтканы да кызык сөз экен: генийлер эч качан, эч убакта бактылуу болушпайт, анткени бу дүйнөдө алардын деңгээлиндеги бакыт жок. Ушундай экен. Адамзат ааламын таланты менен таң калтырган Мухтар Ауэзовдун тагдыр-турмушу, айрыкча махабат жагындагы өмүрү татаал да, бөйрөгүнө тикенек сайылгандай абалда болуптур. Анын ата-бабаларынын түбү түз эле араб элине, араб элине болгондо да кадимки Мухаммед пайгамбардын өзүнө барып такалат экен.

Ооба, алардын ата-теги айтылган, кагазга иреттелип, такталып түшүрүлгөн санжырада Мухтар Ауэзовдун жетинчи атасы – Баксайыш, онунчусу кадимки Кул Кожо Ахмет Ясау, жыйырма үчүнчүсү Ысхак, жыйырма тогузунчу бабасы айтылуу Азирети Али, анан отузунчу түп бабасы Мухаммед пайгамбар болуп кетет экен. Мухтар Ауэзов 1928-жылы Смагул Садыбакасовго өзү жөнүндө, ата-теги туурасында берген “Өз тек-жайымдын маалыматында”: “Менин аталарым кожо, алгачкы ата журтум Кара-Тоо болгон”, – деп жазат. Анын тагдырындагы татаал, өткөндүн да, өмүрдүн да өксүгү катары көкүрөктүн күйгөн оту бойдон калган мезгил Семей шаарындагы мугалимдер семинарийин бүтүп жаткан жылдарга туура келет. Тагыраагы жайкы каникул убагында ал айылга келет да, ага-тууган, досторунун кеңеши менен кыз сулуусун тандап, кыз сулуусунун акылманын жактырып, анан ортодон жыл өткөрүп үйлөнөт. А бирок анын тагдырындагы чабылган кылыч мизи чыдай албай ыйлап жиберген кыйын кырдаал, махабаттын каргыштан бүткөндөй каар жолу мына ушул окуядан башталат. Бул жактырып алган жары Райхан деген сулуу эле. Андан кийинкиси Камила, анан Валентина. Анан отуз төрт жыл бою алгачкы махабатындай, асыл жарындай болгон Фатима… Асыл жар жана арман-муң

1916-жылдын жайында Мухтар Ауэзов айылга каникулга келет. Он тогуз жаш курагы. Бой жетип, кыздарды жандап, жар тандап калган кези эле. Өз атасы Оморхан кырк тогуздун кырына чыгып, кызыл туу болуп турганда, 1909-жылы каза болгон. Ошондон бери анын бир көзү чоң атасы Ауэз да, агасы Разак экинчи көзү болуп калган. Каникул кезинде алар аны үйлөндүрмөк болушат. Досторунан Мухтардын көзү түшүп, көкүрөк-көөнү байланган жери бар бекен дешсе, жооп болбойт. Азырынча каалаган кызы, сөз алышып, көңүл байлаган жери жок экенин угушкан достору ал мезгилдин салты боюнча эл аралап, кыз тандашып, Мухтарды муңга батырбас, атына жаман айттырбас жар болсо деп самашат. Бул кабар Абай уулу Турагул дегенге жетет да, анын тынчын кетирет. Ал Ауэздин жан кыйбас жакын адамы экен, ошондон улам: “Мухтарга ылайыктуу жерден ак жоолук издеттирип жатышыптыр деп уктум. Эгер андай тилектери чын болсо, менин көптөн бери купулум түшүп жүргөн бир жер бар. Аңчылыкка чыккан сайын Какен деген досума барып турамын. Анын талчыбыктай ийилген, жаңырган айдай сүйкүмдүү, бойго жеткен, жакшы жанга жар болчу Райхан деген кызы бар. Башы ачык. Мухтардын көңүлүнө толсо, кудалыкка өзүм жол баштап барат элем”, – деп каттагандан салам-дуба айттырат. Ошол ошол болгон соң, кыз көрүү иши башталат, ал дагы Турагулдун айтканы менен болуп, шамдай ат минген шамшардай жети жигит аң уулаган адамдар болушуп, кыздын таятасыныкына салам айтып түшүшөт. Кымыз жутуп, кызык кеп угушканы менен жетөөнүн тең көңүлдөрүндөгү чок өчпөй, жалын болуп күйө берет. “Аңчылыктан” жолу болбогон жети жигит жер карашып, айылга барышат. Аны уккан Турагул: “Жети ат минген жети жигиттин бир кызды көралышпаганы кандай? Башында тебетейлери бар немелер беле? Жетөө тең мага келишсин, баштарына бир эмес, экиден жоолук салып коёюн. Намыстары барбы? Жетөө жүрүп… Шылдың го? Кайра барышсын”, – дейт. Баягыл жетөө жерге жарык кирип калганда “Кара көз сулуу кайдасың?..”, – дешип жолго
чыгышат.

Кийин-кийин уккан сөзгө караганда Райхан менен анын жеңеси ага чейин эле Мухтар жөнүндө угушкан экен. “Семейде окуйт, мурда орус мектебинен билим алган бала”, – деген кеп алардын көңүлүн көтөрүп, көздөрүн жылдыз кылат. Ошондон улам кыз сүрдүгүп, бир чети ыйбаа кылып, кирген-чыккан адамдарды кайырчыдай жалдырай караган тигил жетөөнүн карегине караанын көргөзбөй койгон экен.

Эми баягыл жетөө барар жагынан, басар жолунан адашып калган адамдын азабын айтып, жер өңүтүн сурап барышат. Ичинен бирөө тирүү эркек болуп көрүнүп, кыздын жеңелеринин көңүлүн алып, тилин таап, айтор, тогуз тозоктон, кырк кыямат кылыктан өлүмдүн өзүн көрүп өткөн соң, анан гана бир бейишти көрүшөт. Бейишиң болбой куруп кал, бейишиң эмес эле, жаңырган айдын жарыгынан жаралган ак жылдыздын күлүшүп калган кызындай бал сүйүүнүн таптырбай жүргөн бактысынын өзү экен. Жер жакасын биле албай, жол такасын жоготушкан баягыл жетөө кызды көргөндө эми өздөрүн өзү табалбай, ачылган оозун жабалбай калышат. Кыскасы, кызды жактырышат. “Көшөгөдөн чыкпагын, жолдугун айтып, кол сурашса гана өзүм айтамын”, – деген жеңенин сөзүнө муюп отурган кыз негедир үйгө келгендерден кысынып, көнгөн жайы көшөгөсүнө бата албай, көзүнө эч ким көрүнбөй сыртка чыгып кетет. “Булардын маңдайында кантип отура алам”, – деп коркот. Жети жигит жерге кирип кете жаздашкандай болуп, ошондо кызды көрүшөт.

Туз-насиптин буйруганы ошол да, Турагулдун сөзү менен макул болгон эки тарап, жолун кепке калбагандай жасашып, туура бир жылдан соң, дагы жайдын жаңы келген кезинде эки жаштын тою болот. Күзүндө Мухтар окуусуна кетет. 1918-жылы алар кыздуу болушат, атын Мугамила коюшат. Анан Чокан деген, энеси эмчек сүтү менен көтөргөн уулду көрүшөт.

Мугамиланы атасына окшош дешет, а бирок Чокан дегени Мухтардын мурдунан куюлуп түшкөндөй, көзү, жүзү тургай бүт мүчөсү, кашынан чачына дейре куюп койгондой окшош эле. Окшош да болду, Мухтардын өзү, бала Мухтар болчу. Көз тийдиби, көздүүгө сөз жеттиби, айтор, артына аза-муң таштап, балбылдап туруп жалп өчтү. Анткен менен анын алдында тагдыр жазасы Мухтар менен Райханга өз өкүмүн чыгарганы калган эле. Акыры ал иш, Мухтардын эрк-каалоосунан жаралган ажырашуу сунушу кудалардын деңгээлине жетип, ата жолу менен, элдин наркы менен ажырашты. Эки тараптын сөз билер адамдары бир пикирде болушту: “Эркек бала атасында калсын, кыз энеси менен кетсин”.

Райхан мындай болорун күткөн эмес, башындагы бактысын тагдырым деген жаш келин мына, он сегиз – он тогуз жашында таалайым арман-муң тура деп отурат. Чоканы ошондо сегиз айга толуп, тогуз айга карап, тай-тай басам деп улам жыгылып, кыткылыгын ыр кылып калган. А Райхан болсо, башынан эле Мухтарга өйдө карай албаган, үнүн акырын, назик чыгарып, “сизинен” жанбаган жан эле. Азыр ага кайдагы сөз да, кайдагы суроо? Жер менен жер болуп, алдымдагы кара жер жарылып кетип, мени жутуп салса экен деп ыйлады. “Элдей болуп шаардан окуп, шаар турмушун билгенимде…”, – деп сыздады. “Тирүү туруп, эне болуп туруп, жүрөгүмдүн алдына тогуз ай бою көтөргөн баламдан ажырап каламынбы? Эки балам эки жерде чоңоюп, өмүр бою бири-бирин көрбөй, өмүр бою бирин-бири билбей калабы?”, – деп сыздап, энелик жүрөгү зыркырап ыйлады.

Райхандын апасы беттегенин бербеген, келме сөзгө келбеген, өжөр мүнөз, өктөмү өрттөй жан эле. Алты баласын алдына салып, алты келинин жанына алып, кудаларын чаап алчудай асман-айга чамынып келди. Разактын үй-бүлөсү Мугамиланы бергиси келбей, бир шылтоо табалы деп жатышты эле, Кудайдан кайра тартпаган кудагыйын көргөндө кулагынан ажыраган кул болуп туруп беришти. Байкуш эне Мугамиланы кийиндирип койгон, андан көөнү тынч. Эки көзү от болуп күйүп, куу казыкка жалгыз байланган кулундай туйлаган жүрөгү кабынан чыгып, эне көкүрөгүн жарып, Чоканга жетип барып, бек кучактап, бооруна кыскан бойдон ала качкысы, эл билбеген ээн талаага, кайберен изи түшпөгөн тоолордун арасына кирип, жалгыздыкты тагдыры кылып, ошо жалгыздык тагдырын күн жетпеген бактысы кылып алгысы келет. Антүүгө анда ал кайда да, кабылан мүнөз кайрат кайда.

Жер караган көзү жерге агып бүтмөк болгондо дагы бир жолу баласын карады. Турат. “Боор этимден бүткөн каралдым менин!”, – деп барып бир кучактап, бир жыттап алсамбы дегенде, капысынан анын карегине Мухтардын карааны сайылды. Жалтана түшүп, көзүн жумуп жиберди. Көзүнүн ичи ысып чыкты, анан калемпир тийип кеткенсип ачышып кетти. Маңдайына ажал келгенсип, өзүн да, баласын да сурап тургансып сезилди. Чоканы бул – түндүгү түшүп, коломтосу сапырылып жаткан дүйнө менен иши жок бир кыз менен ойноп, көтөрүп турган кыздын моюнунан бекем кучактап, кыткылыктап жатыптыр. Анын ары жагында Мухтар. Көзүнөн жаш куюлуп турат. Баласынын кыт-кыт күлгөнүн угуп, кызынын кызыл гүл болуп ойноп жүргөнүн көрүп, өзү жактырып алган жарынын жанын өзү сууруп жатканын сезип, көзүнөн жаш агып, жүрөгүнөн кан тамчылап жаткандыр?

… Эки көзү жаш болуп агып, эси-дарты балам деп калган эне байкуш жеңелеринин жерди жарган чуусунан улам караса Мухтар жок. Бута атым жерде атына сылай камчы уруп, куу талаанын бул учунан тигил учун кубалап баратыптыр. Райхан түшүнбөдү. Кеткени жатышкан.

– Кызды алып кетти!

– Биздин кызды уурдап кетти!

– Ушуну кылмак куу кожо! Булар эл эмес!

– Анда биз Чоканды алабыз!!!

– Чокан биздики!

– Чокан кана?!

Андагылар Чоканды да таппай калышты.

Өрт болуп келген кудалар өрт болуп кайра кетишти.

Тагдырдын буйругу ушундай экен, эне менен кыз арадан ок жеген аркардай көзүн жайнаткан жыйырма жылдан кийин гана бирин-бири табышты.

Каргышпы? Балдардын убалыбы же көз жаштын зарыбы?

Мухтар Ауэзовдун андан кийинки тагдыры чыныгы махабаттан жаралган арзыган жары Камила менен бир болду. Маалымат-эскерүүлөргө караганда ал экөөнүн тааныштыгы, көңүлдөрүнүн жакындыгы бири-бирине болгон мамилеси, ызаат-урматы өздөрүнүн тагдырларынан жаралган махабатка алып келген кейиптенет. Бир жылдай мамиле түзүп жүрүшүп, бири-биринин көңүлүнө толгондон кийин, бактылуу болууну самашкан эки жаш баш кошууну чечишет. Дагы бир маалыматтарда сурмалуу көз, кара каш Мухтарды Камила жакшы көрүп жүрүп, акыры көңүл сырын, жүрөктүн тилек-максатын билдирген экен, ошол үчүн, Камиланын махабаты үчүн, Камила үчүн ал Райхан менен ажырашыптыр деген да сөз бар. Айтор, ал экөөнүн баш кошкону туурасында жалган-чыны аралаш жан кыйнаган ар кандай кептер айтылат.

Чынында Мухтар сулуу, өң-келбети менен ички дүйнөсү, адамгерчилиги менен билими айкалыша ажарын ачкан аялдарды жакшы көрчү дешет. Камила да кезегинде маданияттуу, билимдүү, өз мезгилинин интеллигенциясынын чөйрөсүндө болгон, аялзаадалыгынан акылмандыгы, акылмандыгынан аялзаадалыгы ашкан, мээримдүү, куштай сергек, адамдын ой-кыялын кирпигинен билген, сезимтал жакшы жан экен. Балким аны Камиланын ушу жактары да кызыктыргандыр, балким аларды оңой менен адам баласы ыраазы болбогон, кумары менен ыракатына бир өмүрүң бир дагы жолу тойбогон махабат деген, ашыктык деген бир тагдыр кылып, бир адам кылып койгондур. Кандай болсо да алар Жараткандын жазганын аткарышты. Мугамиланы өздөрү жашаган Семей шаарына алып кетишти. “Кызым, эми сенин апаң ушул болот”, – деп тааныштырат. Ошондо Мугамиланын эсинде калганы бул экен: “Өңдүү-түстүү, кара чачы ак балтырын жапкан, мээрими көзүнөн төгүлгөн, боорукер, адамды өзүнө тарткан, бала жандуу, ачык мүнөз жаш аял менен тааныштым”.

Мугамиланын эскермелерине караганда ал экөөнүн ортосунда эч кандай чек, бейтааныштык, тартынчыктоо болбоптур. Кыз аны жакын адамындай кабыл алып, бат эле эне-баладай болуп, атүгүл анын маңдайына бүткөн жалгыз кызындай эрке да, эркин да, көңүлү куунак да, анан, албетте, ыйман-ырыстуу өстү. Анткени, Камиланын мүнөз-табияты бала жандуу, бала тургай бирөөгө катуу сүйлөбөгөн жан эле.

Мухтар менен Камиланын сүйүүгө толо турмушу ал экөөнү эки жолу балалуу болуу кубанычына бөлөдү. Ошо эки жолу тең балалуу болушту, а бирок наристелери чарчап калды. Көрсө, Камиланын көкүрөк оорусу… Ооба, анча таназарга албаган оору наристелердин ойдогудай жетилишине таасир эткен экен. А Разактын үйүндө калган Чокан сопсоо туруп эле, балдар менен ойноп жүрүп эле, капысынан ичи түйүлүп каза болгон. Мухтардын жалгыз кызы, жалгыз өзү, жалгыз Камиласы гана бар.

Оозеки маалыматтарга караганда, биринин артынан бири чарчаган балдарынан кийин Мухтарды ой басып, түнтүрөөк тартып, көбүнчөсү өзү менен өзү болгонду жакшы көрүп калган экен. Анткени, балдарынан айрылуунун үстүнө ал тагдырдын дагы бир сыноосун баштан кечирип, жалгыздыкты жан кыйбас адамы санап жаткан эле. Сөз деген кыйын, сөз адамды кайра жаратып, сөз адамды жок кылат. Ушу мезгилде Мухтар менен Камиланын ортосун суутуш үчүн, айрыкча Мукаңдын көңүлү калсын үчүн айтылган ушак сөздөр чыныдагы чайына салынган уу болуп, ортолорун бириктирбеген агыны катуу суу болуп туруп алды. Балдарынын токтобогонун Камиланын мурдагы күйөөсү менен Райхандын, Чокан менен Мугамиланын убал-сообунан, каргыш-кайтарма салдырышканынан, көз жаштарынан, анан да тигилер тигинтип, булар минтип дубалатышыптыр деген сөздөрдөн көрүп жатышты. Ал тургай Камиланын өзүнө аты-жөнү жазылбаган каттар келип, аларда ачык эле Мухтар туяксыз өтпөшү керек дегендей сөздөр жазылчу. Мындай көрүнүш, ушак-айың Мухтар Ауэзовдун Ленинград университетинде окуп жүргөн мезгилинде күчөп кетти.

Аялды аялдын сулуулугу бактылуу да, эне да, асыл жар да кылалбайт деген чын экен. Камила эми дал ушул тагдыр менен жашады. Жашаган менен мындай сөздөрдү, ооба, бир сөздү, жүрөгүнө канжар болуп, боор этине кара чаар жылан болуп жылып бараткан бир гана сөз Мухтардан чыкпаса экен, ошол сөздү Мухтар айтпаса экен деп Жаратканга жалынып жатып, жалынып кайра ойгонуп жүрүп күлкүсүн күбүп, ажарынан айрылды. Жүрөк бүт баарын билет, жүрөк бүт баарын сезет. Акыры Ленинграддан Мухтардын каты келди. Орус тилинде жазылган экен. Кеч күздөгү күйкөнүн канатындай калч-калч эте калтырап туруп, кышка калган жалгыз тал жалбырактай дирилдеп туруп окуду. Анда башка аялдан балалуу болгону жатканы, бул дүйнөдөн туяксыз өтөт белем деген чаяндай сөздөр жазылган эле.

Безине көсөө сайгансып, безилдеп барып жыгылды.

Жараткандын маңдайыма жазган жазасы, таш боор тагдырдын эки дүйнөдө көрөр эзели эне болбос бактың деп берген кордук-ызасы жетпейт беле деп ыйлады.

Сенин эрк-оюңдун тилин угуп да койбой, өзүнүн жан дүйнөсүнүн эңсөөсүн ээрчип кетип, анан ошондон улам сенсиз жашай албайм деген адамынын көзүн тешип, дилин ыйлаткан издөөдөн кийин көңүлү сынып, кареги тунарган жан дүйнөнүн жарыгын таманы менен тебелеп туруп басып кеткен адамды эмне дейсиң деп ыйлады. Анан ким кимди жакшы көрсө, турмуштан да, жашоодон да, өмүрдөн да жогору көрүп, акылынан адаша сүйсө, анда ал дал ошол адамдан, дал ошол сүйүүдөн тагдыр табат, ажалдан эмес, тагдырдан каза болот деди да Мугамиланы бекем кучактап, Мухтардын досу Алкей Маргулан алып келген Мукаңдын дагы бир катын окуду. Разак Мугамиланы алып кеткени келгенде аны кайнагасынан талашып, Мухтар өзү келгенде алар деди. А бирок сүйүүдөн бала, баладан сүйүү кымбат экен…

(Уландысы бар)

Самсак СТАНАЛИЕВ, «Эркин тоо», 15-20.07.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий