Төрт Акын

Майрамбек Токторов

 m_toktorov

САРЫ КАР

Жаздагы жылуу жамгыр карга айланып,
Чачыңа түшүп жатты майдаланып.
Ал менин сары карым сага жааган,
Жүзүңдөн сүйүп өтөт тайгаланып.

Сары кар, сары карым сабалаган,
Жаз желин ээликтирип чаба жааган.
Сүйүүмдү сенден катып кайда барам,
Бул турмуш сага чын да, мага жалган.

Сары кар кыш акысын эселентип,
Эркелейт жылуу тондун жакасында.
Канчалык уюлгутуп учса деле,
Эриди сулуу кыздын такасында.

Сары кар, сенде балким таарыныч бар,
Сары кар зарыктырган аппак жамгыр.
Күн келет кайра баштан табыштырар,
Сары кар сүйүү үчүн аткан таңдыр.

Кош эми жаздын кары эбеленген,
Жылдыздай асман бербей себеленген.
Сүйүүңдү кышка калтыр жазды ээрчибей,
Төрт мезгил келе берет тегеренген.

 

 

КУМАР

(Есенинди туурап көрөйүнчү)

Апакай айдай жарык кымча келин,
Белиңден бекем кармап кыспа,- дедиң.
Акырын шыбырасам кулагыңа,
Калп эле кылыктанып укта,-дедиң.

Кымча белим, кымча келин,
Делөөрүп кысылгансып чыкса демим.
Азгырган бул кумардын аягына,
Алтыным азыр эле чыкпа,-дедиң.

Чыкпа дедиң, укта дедиң,
Кызыгын бул оюндун бузба,-дедиң.
Кылгырып араң турган көзүң менен,
Махабат лаззатынан уурта,-дедиң.

Аялзат сулуулуктун кудайындай,
Сүйүүнүн азабындай, убайымдай.
Шараптай эңги-деңги кылдың мени,
Суйкайган сулуу келин сурайылдай.

Кымча белим, кымча келин,
Акырын шыбырасам укта,-дедиң…

 

 

МҮРЗӨДӨГҮ ЖОЛУГУШУУ

Суз тарткан мүрзөлөрдүн арасында,
Турасың баео тиктеп, капилеттен,
Жолуктум, бир көз караш мага тааныш,
Сездиңби бейитиңди карап өтсөм.

Мен сага жолуккандай болдум ырас,
Жүрөгүм эмненидир туйган өндүү,
Токтодум, үшкүрүндүм, турдум ойлуу,
Чын эле мени сезип турасыңбы?..

Мүрзөгө тирүү кезде келип туруу,
Парз экен, аны туйдум сени тиктеп.
Мен эми качан келем, билбейм бирок,
Келсем да тирүү бойдон келсем экен.

 

М.Токторовдун башка ырлары

 

 

Калчоро Көкүлов

 k_kokulov

* * *

Бардар дүйнө айлындамын азыр мен,
Баарын түгөл айтып берсем сага аны.
Бирок дале эзип күздүн жамгыры,
Бирок дале тытат күздүн шамалы.

Көйгөйү көп күндөн өтүп канча ирет,
Бирин билип, бирин кайра билбедим.
Бирок дале кыйнап турат бир нерсе,
Бирок дале сыздап турат бир жерим.

Жокко жоктой кайыл болуш кеп бекен,
Жок деш болбойт, ичер оокат, үй белен.
Жоктоп калдык жоомарт мүнөз кең пейил,
Жолон деген (Мамытов) акын өтүп дүйнөдөн.

Барга бардай түтүп коюш кеп бекен,
Байып калдык, базарыбыз жаңырды.
Бапа болбос байлыгыңды урдум деп,
Баарын таштап басып кетти Табылды. (Муканов)

Барар жериң тегирмендин ташы да,
Бар өмүрүң баасы мажес тыйындай.
Баш аламан, чакчелекей дүйнөдө,
Басар жолуң кыяматтын кылындай.

Мээнетине түтүш азап турмуштун,
Мезгил чотун кагат калбай жан-алы.
Мени дале эзип күздүн жамгыры,
Мени дале тытат күздүн шамалы…

 

 

* * *

Кимге жакшы ким бирөгө жаманмын,
Күүсүн тыңшап, ырын уктум шамалдын.
Мээнетине түтүп жүрөм жүгүрүп,
Менсиз деле чым дебеген замандын.

Бирде күлүп, бирде туруп эчкирдим,
Бирин эрте, дагы бирин кеч билдим.
Тереңдигин сезип атам акырын,
Менсиз деле тегеренчү мезгилдин.

Бирин жыгып, бирин түзөп тургуздум,
Бирин кийрип, бирин сыртка ыргыттым.
Мен бармын деп жолун тостум эрбеңдеп,
Менсиз деле иши жүрчү турмуштун.

Бир түймөнүн түйүп жүрөм түйүнүн,
Бир чийменин чийип жүрөм чийинин.
Мээнетине түткөн болом калп эле,
Менсиз деле гүлдөй берчү сүйүүнүн.

Мен ушинтип күнүн көрөм пенденин,
Мени карап, мени багат эл жерим.
Бир өмүрдө чама чаркым чак болуп,
Бир кышыңа чарык болуп бербедим.

Нени билдим, эмнелерди билбедим,
Кимге безер, кимине азар сүйлөдүм.
Жашап жүрөм этегине эрмешип,
Менсиз деле быш дебеген дүйнөнүн…

 

 

* * *

Кичинекей топусу бар,
Шым күрмөсү кичине.
Кичинекей көзү менен,
Карап калчу кишиге.

Кичинекей колдору бар,
Кичинекей буттары.
Кичинекей, кичинекей,
Кичинекей бүт баары.

Каз-каздаса, жөлөп таяп,
Кичинекей тура алчу.
Кишиликтүү апасынын,
Кибиреген кубанчы.

-Жетет эми көп муңканба,
Көз жашыңды тый, болду!
Кичинекей чарчаганда,
Кичинекей ый болду.

Аман болсо дагы төрөйт,
Күйүт өчөт ай, жылдык.
Кичинекей жүрөк сыздап,
Кичинекей кайгырдык.

Каадасынча казганактап,
Эл келген жок топурап.
Мүрзөсүнө үйүп койдук,
Кичинекей топурак…

 

К.Көкүловдун башка ырлары

 

 

Нурланбек Кайрыев

 n_kayryev

* * *

Толкуп-ташкан дарыянын шоокумун,
Тыңшап келем басып таштуу жээгинде.
Жашоо сырын түшүнбөпмүн мен мурун:
Агып жатты мында Аалам, дүнүйө.

Тынымы жок ташып суунун агымы,
Болбойт тура көз ирмемге токтолуу.
Өмүрүм да суудай агып жатыры,
Өткөн кезим агып кайда жок болду.

Тирүүлүк — бул толкуп-ташып аккан суу,
Бардыгы агат, бир гана акпайт өлгөндөр.
Бакыт тура агып бара жатканың,
Шар агымдын чыгып калбай жээгине.

Агат мезгил, агат чексиз кең мейкин,
Агат баары, агат көңүл, сезимдер.
Чоң агымда агып жүрүп, ай аттиң,
Бир күн анын биз калаарбыз жээгинде.

 

 

ЖАШТЫК МЕНЕН ЖОЛУГУУ

Желбиретип жалындаган жаштыкты,
Желаргыдай жазда көңүл сергиткен.
Көөдөй түнгө Күн бергендей жарыкты,
Жан дүйнөмө жайнап кирип келдиң сен.

Жаштыгыңа кол жетпеген суктанам,
Маңдайынан бакыт нуру төгүлгөн.
Кыялдары жаш баладай чуркаган,
Жаштыгымды көрүп турдум өзүңдөн.

Жүрөгүңдү куйкалабай жалынга,
Көрө элексиң мен тагдырдан көргөндү.
Сүйүү да бар, күйүү да бар алдыңда,
Эске салдың сезимдерим өткөнкү.

Мен экинчи баспай турган жолдосуң,
Келечегиң кең талаадай чалкыган.
Сезимдердин сересине конорсуң,
Жылдыздарды бирден терип тагынган.

Турмуш сырын байкап-баалап биле албай,
Убакыттын шарында баш айланып.
Заман катаал, сыноолору бир далай,
Бирок баарын жеңет жаштык, тазалык!

Жүрөгүмө жүүнү бошто так салып,
Ойго салды аруу-таза сөздөрүң.
Жаштыгыма алып бардың кайтарып,
Гүл-өмүрдүн жытын кайра искедим.

Сенден таптым кыялдарым жоготкон,
Жаштык мынча сулуу дагы, таптаза!
Сен эмнеге маа кечигип жолуктуң,
Көңүлүмө күз түшүрүп алганда?

 

 

ЖАЗ

Жаз келсе жаадырап,
Жер дагы жаңырат.
Топтошуп ак карлар
Тоо минип качышат.

Шаң кирет көчөгө,
Шар агат суу көлгө.
Жаш-кары кубанат
Жазды аман көргөнгө.

Жаз азды көп кылат,
Жер жарып көк чыгат.
Кыпкызыл кызгалдак —
Кырларда өрт сымак.

Сан гүлдөр бой керип,
Күн нурун бай берип.
Себелеп суу чачат
Сур булут апкелип.

Селкилер гүл кармап,
Жигиттер кыз жандайт.
Жайнаган пейлиңе,
Жаз айы, ыракмат!

 

Н.Кайрыевдин башка ырлары

 

 

Мусакун Сатыбалдиев

 m_satybaldiev

* * *

Чегилген арабага мен атка окшоп,
Тирликти күчүркөнө сүйрөп келем.
Жарыгын жылт эткизип алга качып,
Бир ыйык кызыктырат өмүр деген.

Эгерим мүмкүн болбос теңештирүү,
Дүйнөнүн бүт асылын тамчысына.
Мен анын гүлүн искеп калайын деп.
Жонумду тосуп бергем камчысына.

Бир ууртам ширесине тобо кылып,
Сеңселтип бороонуна чачты тарайм.
Ак таңдын тамчы нурун тутуп алып,
Тагдырдын катаалына күлө карайм.

Эң соңку күндөн качып келе жатам,
Мен эмес, өмүр менден бакыт дегдеп.
Тирликтин жолуна өзүм төшөлөмүн,
«Өмүрдүн наалатына калба сен» деп.
4.09.15

 

 

ТЕРЕК

Жүрөгүм бүт айлым жакта калгандай,
Ансыз жашоо мунарыктай, жалгандай.
Коңур күздүн баригиндей бир куса,
Дем кыстырып, төө бастыга алгандай.

Киндик каным тамган айлым Сарууга,
Ылаажым жок ай жаңыртпай барууга.
Кош каректен күйүп-жанса сагыныч,
Миң чачырайм — айлангандай тарууга.

Алыс жактан көзгө урунуп теректер,
Ич тызылдап, нымдалышат каректер.
Жаштык дүйнөм синип калган боюна,
Бул атамдан калган кымбат белектер.

…Сезимимде дале жашайт ошол күн,
Бир чымчымы кетилбестен бүпбүтүн.
Таң аткандан шамал турду дуулдап,
Күнү бүгүн угулгансыйт шуу-шуу үн.

Атам калды бак тигем деп камынып,
Мен отурам үйдөн чыкпай камыгып.
Мине турган чырпык атым куураган,
Карт тагдырдын буйругуна багынып.

Чыгам дедим мен да тышка көшөрүп,
Жашым сүртүп, атам чыкты көтөрүп.
Көк чепкенге бекем ороп, кымтылап,
Калбасын деп желге урунуп жөтөлүп.

Мен олтурдум төштү тосуп шамалга,
Моюн сунуп тагдыр берген «амалга».
Бир бармагым тийбесе да, ой менен,
Жан-дилимди арнап коюп «бадалга».

«Бадал» эмес, терек болуп өстү алар,
Дүркүрөшүп, көргөн адам таң калар.
Окшоп кетчү ошол кезде негедир —
Бир чырпыгы сынса кызыл кан тамар.

Мезгил өзү кайрымы жок нерсе экен,
Каршы турар дүйнөдө күч бар бкен?
Асман тиреп, тизилишкен теректер,
Көп кыйылды — тагдырлары тар экен.

Бул бактан — атам тирүү сезилгендей,
Жүрөгүм бир мыкчылат эзилгендей.
Карайган дүмүрлөрдү көрсөм дайым,
Мен сезем өз буттарым кесилгендей.

Атам тиккен төрөктен төртөө турат,
Шуулдап, ичтен тынып, ойго тунат.
Бир терек тиге албадың тирүү өлүк,
Деген ой жан сыздатып, бетке урат…
1.08.15

 

 

* * *

Күн баратат менин соңку күнүмдөй,
Көз алдымда бүлүнүп да, бүлүнбөй.
Үмүттөрдүн бейитинде жылмайып,
Карап турам мен үмүттөн түңүлбөй.

Тирүүлүктүн тизгининде карышып,
Өзүм менен өзүм келем жарышып.
Бу жашоонун дөңгөлөгүн айлантам,
Күрөш менен дале тынбай алышып.

Бу дүйнөнүн толтурчудай бөксөсүн,
Аламын деп тагдырдын бир өктөсүн.
Шам ордуна өзүмдү — өзүм жагамын,
Күн өчсө да, пенде үмүтү — өчпөсүн.

 

М.Сатыбалдиевдин башка ырлары 

Соц тармактар:

Төрт Акын: 2 комментария

  • 29.09.2015 в 17:29
    Permalink

    Агайдай болсун студенттер келечекте
    Агайым Байыш Арапов
    Керегине элимдин жарадыныз.
    Чебери болуп физика илиминин,
    Ачылыштарды абдан жасадыныз.
    Данкыңыз далайга тарап,
    Дүйнөгө белгилүү болду наамыныз.

    Билим берип физик студенттерге,
    Үйрөтөт билгенин дайым биздерге.
    Ар качан эмгектенип уриверситетте,
    Ар убак болунуз биз менен бирге.

    Уланып бул ийгиликтер, ийгиликтерге,
    Көтөрүлүңүз мындан да жогорку бийиктерге.
    Эң ардактуу окумуштуу болуп элибизде,
    Байыш агайдай болсун студенттер келечекте.

    Ответ
  • 29.09.2015 в 17:34
    Permalink

    Физик агайыма арнаймын
    Физика илимин терең билген,
    Студент, билсин деген максат менен.
    Маңыздуу түшүндүрүп, дайым бизге,
    Студенттин окуусуна багыт берген.

    Эгембердиев, агайым ар дайым бизге сабак берет,
    Эмгектенип талыкпастан билим берет.
    Окуусак, өзүңүздөн билим алып,
    Болобузго, татыктуу кесип ээси.

    Окусам деймин, өзүңүздөн билим алып,
    Ойлонуп ушул жазган ырым сизге арнадым.
    Жаратканым, агайыма өмүр берсин,
    Жашоодо билим берип, даңкталып жүрө берсин.

    Ответ

Добавить комментарий