Алтынбек Исмаилов, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү: «Менимче, акын алкым эмес калкын, кулкун эмес журтун ойлогон атуул болушу керек»

Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун КРдагы координатору, «жан дүйнөгө төңкөрүш жасаш керек» деп ыр жазган Алтынбек Исмаилов менен октябрдын башында Татарстандын борбору Казан шаарында өткөн поэзия майрамы, атуулдук жана акындык парз тууралуу учкай маек курдук.

— Алтынбек, сентябрь ичи элдин баары шайлоонун шааниси менен алек болуп атканда жаш муун өкүлү катары сенин оюңду уга албадык?

— Октябрдын башында Татарстандын борбору Казан шаарында «Тектеш түрк тилдүү калктардын XI Эл аралык поэзия майрамы» өттү. Ошол себептүү шайлоо учурунда беш күн Казанда болдум. Кыргызстандын атынан акын Нарсулуу Гургубаева экөөбүз катышып, өз эне тилибизде күпүлдөп ыр окудук.

Экөөлөп башка элдерге кыргыздын үнүн угузуп, жүзүн таанытканга далалат жасадык. Он беш өлкөдөн келген жүздөй акын беш күн бою бир туугандардай жашадык, түрк тилди калктардын ыры менен татарлардын таттуу тамагын «ашадык».

Граждандык курч пафос менен жазылган мурундар темасындагы ырыңдын жазылуусуна эмне түрткү болду?

— «Асмандагы айды, көктөгү күндү алып беребиз, казаныңарга казы-карта салып беребиз, кулагыңарга күмүш сырга, алкымыңарга алтын чынжыр тагып беребиз, сууңарды ташып, отунуңарды жарып беребиз, керек болсо бешиктеги балаңарды өмүр бою багып беребиз», — деп такай элди курулай убада менен алдаган азыркы «саясий сойкуларга» жаным кашайганда жазгам. Менимче, акын алкым эмес калкын, кулкун эмес журтун ойлогон атуул болушу керек. Менимче, акын арам тамак жыйнаган атка минерлер менен адилетсиз ак үйдөн алыстыгы боюнча калың журттун купулуна толушу керек. Менимче, акын атак-даңк, сыйлык-наамга азгырган пендечилик мүнөзүн жоюшу керек.

Татарстандын адабияты менен маданияты кандай абалда экен? Бизге үлгү болчу, үйрөнчү жактары бар бекен?

— Мамлекет калемгерлерди кадыресе колдойт экен. Китептерин чыгарып, калем акы төлөп, укуктарын коргойт экен. Оюна келгенди оттогондорду теске салып, оңдойт экен.

Курч ырларың үчүн коркутуулар болгон эмеспи?

— Кудайга шүгүр, өткүр ырлар үчүн өкмөттөн ыдык көргөн жокмун. Анча-мынча чоң курсактардын ормон опузасына көңүл бөлө элекмин. Мактап, далыдан таптагандарга алданып, алардын алакандарын өбө элекмин. Кызмат менен акча берем, акысына алка деген айлакерлердин айтканына көнө элекмин.

Быйылкы жыл сага эмнеси менен эсте калды?

Быйылкы жыл шайлоо алдындагы жети жүздүү жемкорлордун убадасы менен, желмогуздарга жемин жегизген энөө калктын убарасы менен менин эсимде калды. Ошондой эле жашабай жатып кызматка жулунган жаштардын эшектин кулагынан узун амбициясы менен, депутаттыкка талапкер аты-жыты белгисиз май курсактардын иттин ичегисинен узун таблицасы менен элдин эсинде калды.

Шайлоонун жыйынтыктарына ыраазы болдуңбу?

— Менимче, бийликтен тажаган элдин жарымы шайлоого барбады. Талапкерлерге ичи чыкпаган атуулдардын көпчүлүгү урналарга шайлоо кагазын салбады. Ажонун амалкөй партиясын административдик ресурс жандады. Айтор, бети жок бийлик бу жолу да карапайым калкты алдады.

Адабият өкүлдөрүнүн эл турмушуна тийгизген таасири канчалык?

-Албетте, адабият өкүлдөрү эл турмушуна эбегейсиз зор таасир тийгизет. Тактап айтканда, коомдун аң-сезимине керектүү маалыматтарды киргизет. Элдин үнүн эл башчыларга билгизет.

Акыркы жолу кайсы китепти окудуң?

— Акыркы жолу прозанын атын токудум: «Нобель» сыйлыгынын ээси Орхан Памуктун «Жаңы жашоо» деген китебин окудум.

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 10.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий