«Манас» эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факт

Кыргыз элинин баатырдык эпосунун ана башында турган «Манас» эпосу калпак кийип, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн сыймыгы. Ал — элдин туу туткан, руханий азык, идеологиялык багыт алган жол көрсөткүчтөрүнүн бири. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай аткандай, кыргыз рухунун туу чокусу.

Эпос туурасында окурмандарга, коомчулукка он беш фактыны айтып берүүнү чечтик. Бизге бул жаатта Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Манас таануу кафедрасынын жетекчиси, филология илимдерин доктору, манас таануучу Аскар Медетов жана манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев жардамчы болду.

1. Арбак даарыган процесс. Бул манасчылыкты аркалагандардын кабылдоосунда өң-түш түрүндө болот. «Манас» эпосун айткандардын дээрлик бардыгы арбак дааруу процессинен өтүп, бир катары буга түшүндө, бир катарлары өңүндө кабылган. Ушундан кийин гана алар бул өнөргө баш-оту менен кирет. Бул манасчылык өнөрдү коштогон негизги көрүнүштөрдүн бири катары эсептелет.

2. Ыргагы. Азыркы мезгилге чейин бир да эпос «Манас» сыяктуу ыргакта айтылбайт. Бул кыргыздын салттуу элдик поэзиясы түрүндө сакталып келет. «Манас» эпосунун бардык варианты 6-7 муундан турат.

3. Чет жерлерде Манас сөзүнүн кездешүүсү. Кытайда Манас шаары, Манас булагы, Японияда Семетей шаары, Испанияда Манас шаары, Казакстанда Манас жайлоосу, Кореяда Манас чокусу, Венгрияда Манас айылы бар. Ааламга аты кеткен Манас, аны жараткан кыргыз эли кандай гана бактылуу! Бул саптар «Аскада калган аңчынын ыйы» деп аталган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китебинде айтылат.

4. 40 саны – эпостогу ыйык сан. Кырк уруу кыргыз, кырк чоро, кырк күн, кырк кыз ж.б. түшүнүктөр менен коштолот. Андан сырткары 3, 5, 7, 9, 12 сакралдык сандар катары эсептелет.

5. Эпостун 80ге чукул варианты бар. «Манас» эпосунун китеп болуп басылып чыккан варианттарынан сырткары, КРдин Улуттук Илимдер Академиясында жана манасчылардын өздөрүндө, бала-чакасынын колунда жалпысы болуп 80ге чукул вариант сакталып келет. Негизгилери Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендеев, Ибраим Абдрахманов, кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын айткандары. Андан сырткары, түрк таануучу Василий Радлов жанажазгыч акын Тоголок Молдо эпостун вариантын жазып калган.

6. «Манастын» мотивинде бир топ музыкалык, документалдык жана көркөм чыгармалар жаралган. Эпос боюнча режиссерлор Болот Шамшиев, Евгений Котлов жана Мелис Убукеевдер тарткан бир нече илимий-даркетүү тасмалар бар. Ал эми 30-жылдары эле кыргыздын алгачкы опералык чыгармасы катары «Айчүрөк» операсы, андан кийин «Манас» операсы сахнага чыгарылып, «Манас-Алмамбет» драмасы, «Манас, Семетей, Сейтек» үчилтиги, «Теңири Манас» романы жазылган.

7. Манас сөзүнүн маанисин диний пайгамбарга байланыштырышат. Манас деген сөздүн мааниси боюнча көп талаш-тартыштар бар. Негизи Манас атынын келип чыгышын окумуштуулар Ауэзов менен Бернштамдын илимий гипотезалардын негизде чечмелеп, далилдеп беришкен», — дейт окумуштуу Медетов. VI – VIII кылымдарда Енисей доорунун мезгилинде, ал тургай, андан мурун дүйнөгө тараган Уйгур каганатанынын расмий тутунган Манихей дини болгон. Ал боюнча ыйык делген китептер жазылып калган. Бул дин Энесай, Сибирь аймактарына чейин жеип, ошол доорлордо жашоочу элдин Манисей аттуу пайгамбары болгон. Ауэзов менен Бернштам ошол пайгамбардын аты өзгөрүп отуруп, Манесса, анан Манас болуп калган деген пикирди айтышкан. Илимий божомолдо Манас ысымы ошол эл сыйынган сөздөн келип чыгып, баатырдын образына ыйгарылган. Андан сырткары, «Ман» «Ас» сөздөрү да бөлүнүп айтылып, «биринчи киши», «мыкты киши» деген маанини билдирет деген пикирлер бар. Ал эми философ, сүрөтчү Николай Рерих бул «жогорку акыл-эс» деген түшүнүктү берет деп жазган.

8. Эпосто алты жүздөн ашуун каарман сүрөттөлөт

«Манас» эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Албетте, башкы каармандар Манас, Бакай, Чыйырды, Каныкей, Алмамбет, Жакып, Кошой, Айчүрөк, Күлчоро, терс каармандардан Коңурбай, Нескара, Канчоро, Жолой ушинтип кете берет. Ал эми жер-суу аттары 800гө чукул.

Дүйнөлүк адабияттагы ири чыгармалардын бири — Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» роман-эпопеясында 500дөн ашуун каарман катышат. «Манаста» каармандар бул чыгармадан да көптүк кылат.

9. «Манас» жарым миллион саптан ашык

Эң көлөмдүүсү беш жүз миңден ашык саптан турат. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы вариант 500 553 сап, анда Манас, Семетей, Сейтек, Кенен, Алымсарык, Кулансарык деп беш муунга чейин кетет. Андан сырткары, манасчы Мамбет Чокморовдун айтуусундагы эпостун көлөмү 397 миң, ал эми Сагымбай Орозбаков айтып калтырган «Манас» бөлүгү 180 миң сапты түзөт. Жусуп Мамай эпосту башкы каармандын сегиз муунуна чейин жеткире айткан, анын вариантында чыгарма 500 миң саптан турат.

10.»Манас» эпосундай көлөмдүү чыгарма дүйнөдө жок! Көлөмү жагынан тең келе алган эпос азыркыга чейин кезиге элек. «Манас» көлөмү жагынан гректердин «Илиада» менен «Одиссеясынан» 20 эсе, парсы элдеринин «Шахнамесинен» 5 эсе, индиялыктардын «Махабхаратасынан» 2,5 эсе көптүк кылат. Дүйнөдөгү бардык эпосторду чогултуп келгенде да, бир эле Саякбай Каралаевдин айткан вариантынын көлөмүнө жетпейт.

11. «Манас» эпосуна бери дегенде 1020 жыл болду.

«Манас» эпосу качан пайда болгон? Бул жаатта көз караштар арбын. 1995-жылы бул улуу эпостун 1000 жылдыгын дүйнөлүк масштабда белгиленгендигин эске алсак, анда азыр ага 1020 жыл болду. Ал эми илимде анын пайда болушу жөнүндө чындыкка жакын негизги өзөк болгон гипотеза үчөө. Алар — 1. Мухтар Ауэзов менен Александр Бернштамдын вариантында IX к. Кыргыздардын Енисей доору, улуу кыргыз дөөлөтү мезгили, Барсбек каган учуру; 2. Болот Юнусалиевдин пикиринде IX-XI к. Караханиддер доору. Кара кытайлардын кыргыздардан жеңилүүсү, кыргыздардын Ала-Тоого көчүшү. 3. Виктор Жирмунскийдин пикири боюнча XV- XVIII к. Жунгар доору менен байланыштырып келет.

12. «Манас» алгачкы ирет Санкт-Петербургда жана Лейпцигде басылган.

Эң биринчи ирет 1885-жылы академик Василий Радлов кагазга түшүрүп кеткен варианты Санкт-Петербург шаарында кириллица ариби менен кыргыз тилинде басылып чыккан. Ушул эле жылы немис тилиндеги котормосунун бир бөлүгү Германиянын Лейпциг шаарында жарык көргөн. Демек, ошол жылдары эле түрколог Радлов эпосту Европага таанытыптыр. Совет доору башталгандан кийин, 1925-жылы алгач ирет Тыныбек манасчынын варианты боюнча жарык көргөн. Ошондон тарта эле бөлүк-бөлүгү менен улам басылып отурган. Акыркы жолу, 2015-жылы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы 180 миң сап тогуз томдук болуп жарык көрдү. Ал эми Жусуп Мамайдын айткан варианты Кытайда 18 том менен чыккан. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча жарык көргөндөрү да бар.

13. Изилдөө иштери. Учурда «Манас» эпосун изилдеген Кыргыз Илимдер Академиясында Манас таануу бөлүмү бар, ал жерде бардык кол жазмалар сакталат. Ишеналы Арабаев атындагы университетте Манас таануу институту, Кыргыз улуттук университетинде Манас таануу кафедрасы иштейт.

14. «Манас» көп тилге которулган. Окумуштуулардын айтымында, дүйнөдөгү ири делгендеринин ичинен араб жана испан тилинен башка, негизги тилдердин баарына которулган. Алар орус, кытай, англис, немис, француз, япон, фарс, монгол, чех, болгар, венгер, уйгур, казак, өзбек сыяктуу бир топ тилдер.

15. Дүйнөлүк мурастардын катарында турат. «Манас» эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

sputnik.kg, 12.11.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий