Ж. Касаболотов: «СҮРӨТ»

Жылдар өтүп, сүрөтүңдү көз көрдү. 
Жыйнай албай отурамын, сөздөрдү. 
Мен өзгөрдүм. Сен өзгөрдүң. Ал тургай 
Мезгил өзү таанылгыстай өзгөрдү.

Даңгыр жолдор аябаптыр, эч кимди. 
Далай жолу таңдар атып, кеч кирди. 
Жүзүң тааныш, күлкүң ынак… А бирок 
Жүрөгүмдүн канаттары эскирди.

Өзүң менен кошо кеткен жаш чагым, 
Өткөн турмуш эстен чыккан жаштамын. 
Өзгөрүлдүм, сен тааныган учурдан 
Өмүрүм да, өзүм дагы башкамын.

Эчак өчкөн, жаштыгымдын нур табы. 
Эсимде жок, сага арналган ыр сабы. 
Тартылса да каректерим көркүңө 
Тамырыңда — башка жердин турпагы.

Мен — бир китеп, далай бети жоголгон. 
Мен — бир кеме, кыйрап барып оңолгон. 
Сен — бир калаа, боекторуң кетсе да 
Сепилдериң гүлдөн кымкап оронгон.

Элесиңди кайра козгоп бүтүндөй, 
Эске түштүң, жакшы жышаан түшүмдөй. 
Ээн бөлмөдө отурамын, бул ырды 
Эми эмнеге жазганымды түшүнбөй…

(22/11/2015)

Соц тармактар:

Ж. Касаболотов: «СҮРӨТ»: 3 комментария

Добавить комментарий