Токтобек Үсөнов. «Олжо»

(аңгеме)

Түн бакырдыкы маал. Бир чоң тоону алп уста колу менен жасап отуруп, чарчаганынан таштап баса бергендей, одур-будур чачылган бөксө тоолорду аралай кеткен узун жолдо, алыстан келе жатканы үнүнөн билинип, азып, чарчап калгандай өйдөгө келсе безелене күрүлдөп, ылдыйыштан эс алып жаны жыргай түшкөндөй зымырап, жолдун шартынан улам ат басыгындай жүрүш менен кытайлык узун камаз Кызыл-белде кыңгырап келе жатты.

Ушул учурда, жанатан бери бул камаздын келээр жолун күтүшүп, куураган ат кулактарга жашынып эки адам дымып жер менен жер болуп жатышкан. Акырындап кыбыраган камаз жарыгы менен коюу түндүн караңгылыгын бөлө-жара жылжып, булардын жанына өтүп бара жатты.

Булардын күткөнү ушул болчу. Орто жашап калса да, кыймыл аракети жаш жигиттикиндей шамдагай караан ордунан туруп, камаздын артынан бөкчөңдөп жүгүрүп жөнөдү. Ушундай учурда эмне кылышты айттырбай билип, күн мурун кылаар иши белгилендей, ар бир кыймылын илбирстей шай жасаган экинчи караан дагы камаздын бир тарабына чуркап жетти. Караңгыда биринин жүзүн бири көрбөсө да, атайын белгилер менен, кышылдап чыккан дем менен, бирин-бири сүйлөшпөй түшүнгөн бул экөө бат эле камаздын бортуна секирип түшүштү. Камаздын айдоочусу караңгыда муну сезген жок. Сезсе да кылаар айласы жок эле. Ошондуктан камаз бара жаткан калыбынан жазбай жылжып жүрүп кете берди. Көп өтпөй, биринчи караан борттон секирип түштү да, экинчиси сунган чоң үкөктү жерге акырын көтөрүп алды. Экинчи караан да камаздан секирип түшкөндөн кийин, экөө үкөктү кош колдой, кармашып келген жагын карай караңгыга сиңип жок болушту.

 

* * *

Эки караан айыл четиндеги үйлөрдү карай, шырп алдырбай бурулушту. Бу тегеректе  алардан башка эч ким жок болчу. Экөө ошого эрдемсип, акыркы күчтөрүн жыйнап, жанагындай эле үнсүз түшүнүшүү менен келатышты.

Мойнун созсо короонун ичи көрүнчүдөй болгон узун дубалга жетип келишкенден кийин, жашыраагы дубалдан үн чыгарбай мышык секириш менен секирип түшүп бир азга жоголуп кетти да, дубалдын бурчундагы каалганы ичинен ачып чыгып келди.

Экөө үкөктү оңтойлоп көтөрүп, короого кирип кетишти. Бир аздан кийин каалганын ичинен шарт-шурт эте бекитилгени угулду.

 

* * *

Жумак чекесиндеги терин арчып, жаңы эле уулу экөө көтөрүп келген чоң үкөктүн үстүндө отурду. Бул жолу булардын жолу болду. Буга чейин далай жолу «ууга» чыгышкан, бирок, бүгүнкүдөй чоң олжолуу болуша элек болчу. Караңгыда колго тийген баштык-үштүк болсо көтөрүп дым чыгарбай борттон секирип кетиш кыйын. Анан да ошончо тобокелге барып, таап келген олжоңду үйгө алып келип караганыңда болбогон кытайдын көрөпай-шөрөпайлары чыгып калчу. Өткөнкү жолкуда жалаң кичинекей кыздардын резинка бутка илмелери экен. Алаарын алып келип алып, же жогото албай теңин отко жагып, теңин туугандарга таратып, бир азынан гана болбогон тыйын таба алган. Бул жолу дагы ошондой болбошу үчүн, уулун кошо ээрчите чыккан. Уулу да мындай ишке биринчи жолу чыккан жок. Буга чейин көп эле чыгып, машыгып калган. Ошондуктан жана түндө атасынын кирпигинин ирмегенинен бери түшүнүп жатканы ошол. Бул жолу экөө чыккан соң, куру кол кайтпай чоңураак олжо алууга бел байлашкан болчу. Андыктан адаттагыдай бортко секирип түшүп эле колунан тийгенин көтөрүп түшпөй, кынаптап тизилген үкөктөрдүн арасынан чоңураагын тандап, оордугуна карабай көтөрүп келишти.

Бир аз демин басышкандан кийин, кемпири, уулу үчөө үкөктү тегеректеп жайгашышты. Колуна аттиш алган Жумак «Быссымылда» деп үкөктүн топсосун жулуп алды. Эмне чыгаар экен деп кызыккан берки экөө да баштарын эңкейте чыдамсыз турушту. Жумак экинчи топсону жулуп ыргытып, үкөктүн оозун шарт ачып эле корконунан секирип кетти. Мойнун созуп мындайды күтпөгөн кемпир да: «Ай кокуй, бул эмнеси!?» — деп артка бир секирип, чалкасынан кетти. Уулу апасынын колтугуна жабышты.

Аттишин кесей кармап, Жумак көргөн көзүнө ишене албай үкөккө кайра үңүлдү. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, үкөктө төрт бүктөлгөн кишинин денеси жаткан. Үчөө эмне кылаар айласын таппай, саамга үнсүз туруп калышты. Канткен менен Жумак үйдүн ээси эмеспи, үкөккө жакын барды да, тиги жаткан денени аттиши менен түрткүлөп көрдү. Өлүк окшойт. Эч кандай жооп берген жок. Төрт бүктөлгөн калыбында гана кыймылсыз жатты. Бир аз тиктеп тургандан кийин берки экөөнө да жан кирип, үкөккө жакын келишти. Жумактын чекесинен тер кетти. «Э кокуй десең! Чоң олжого тунам деп жан терин чыгара көтөрүп келгенинин пайдасы ушул беле. Бул шумдуктан эми кантип кутулам?»  Башына заматта сан миңдеген ойлор келип кетти. «Не кылабыз?» — дегендей жалдырап, кемпирин карады. Кемпири да далай ойлордун туткунунда болсо керек, көздөрү токтоп калыптыр. Уулу атасын карайт.

Бөлмөдө шумдуктуудай жымжырттык орноп турду. Ойлобогон жерден башка түшкөн мындай мүшкүлдөн кантип чыгабыз деген ойду үчөө бирдей ойлонуп жатышты. Бирок, бирөөсү да оңгулуктуу жол  таба албады. «Кап, атаңгөрү, жана эле кемпирди уксам болмок экен.»  «Бүгүн чыкпай эле койгула», — деген кемпиринин сөзүн укпай,  кежирленип кетип калганына өкүндү Жумак. Кемпири да ушуну ойлоп аткан. Бирок, абышкасын жемелеген жок. Азыр жемелечүдөй учур эмес болчу.

— Кач мындай, – Жумак үкөктүн оозун жаба калды. Аттишин оңдой кармап, ийрейип сынып калган топсоону оңдоп тагууга киришти. Уулу да үнсүз жардамдашып жатты.

Бир убакта үкөктөн тиги өлүктүн кыңкыстаган үнү угулду. Үчөө кайрадан дымып калышты. Жумак акырын үкөктү тыңшады. Тиги акырын быш-быш этип дем алып жатат. Үкөктүн оозун кайрадан ачышты да, эмне кылаарын билбей дагы туруп калышты.

Тынчтыкты бул жолу кемпири бузду.

— Алып чыкчы, өлүп калбасын.

Уулу экөөлөп тигини үкөктөн алып чыгышып, кемпири сала калган төшөккө жаткырышты. Көп эле кордук көрсө керек, бети-башынын баары томпоюп, шишип чыгыптыр. Моюндарындагы көк тактар денесинин тамтыгы калбагынан кабар бергендей, далдаасы кеткен көйнөгүнөн жыртыктарынан көрүнүп турду. Кебетесинен кытай экен. Байкуш үкөктө жатканына көп күн болгонбу, жагымсыз жыт дагы келип турду. Кемпир колу менен мурдун жаап, ичинен Кудайга жалдырап ийди. Мындай шумдукту кайдан көрүшүптүр. Эзели ушунча жашка келип үкөктө жаткан тирүү кишини көргөн эмес.

Денеси жазылгангабы, жан киргендей «кыр» эте дем алып ийди кытай.  Буттарын керилте сунуп, тыптынч уктап жаткан кишиче үнсүз дем алып жатты.

Абышка бир чети сүйнүп кетти. Өлүк болсо муну кайда катам деп санаа тартып жаткан эле. Тирүү экен. Демек, эптесе болот. Кудай алдында да күнөөсү жеңилдегендей эс ала түштү.

— Тирүү экен. Не турасыңар, суу алып кел! – баласына бакырды.

Баласы чуркап чыгып кетти. Кемпир да бөйпөңдөп, не кылаарды билбей калды.

— Э Кудай ай, бул эмнең? —  кемпир жаткан кытайга боору оорудубу же өзүлөрүнүн абалынан корктубу, кейип жиберди.

— Бас жаагыңды! — Абышка кемпирин акырая карады. – Чыш… Элдер угат, акырын.

Кемпири түшүндүм дегендей дымый калды да, бирок күбүрөнө берди.

Эшиктен бала суу көтөрүп келди. Абышка суудан оозуна уртады да кытайдын бетине бүрктү. Кытай муздак сууга ичиркенип, кыңылдап башын кыймылдатты. Экинчи жолу суу бүрккөндө катуу онтоп жиберди.

Үчөө тең ыраазы боло бирин-бири карашты.

Эшикте булардын кайгысы менен иши жок, эч нерсе болбогондой, таң демейкисиндей эле чыгыштан бери карай келе жаткан…

 

* * *

Эртең мененки чайды булар үнсүз отуруп ичишти. Кемпирдин таң аткыча уктабай чыккангабы, көздөрү шишип, кызарып калыптыр. Үчөө түнү бою тиги кытайдын сасык кийимин алмаштырып, денесин жууп, жарааттарын ак бинт менен таңып чыгышкан. Ошондон кийин гана денесинин чоло жери калбай, бинт менен оролгон кытайды төркү үйгө киргизип жаткырышты. Жуунтуп, денесине май сүйкөгөндөн кийин оорусу басылды бекен деп карашты. Кытайдын чекесинен тер чыпылдап чыгып, кеберсиген оозунан ысык уруп атты.

Байкуш муздак үкөктө канча күн жатканын ким билсин, орто жолдон суукка да катуу урунган окшобойбу. Эмнеси болсо да тирүү экенине шүгүр. Болбосо, болгондо да кайсы бир жети атасы тааныбаган кытайды кайда алып барып көмөт эле? Бирөө жарым билип калса, анда эле ит болбодубу. Ооба, Жумак жашоо үчүн эл кылгандын баарын эле кылганга даяр. Бирок, тирүүлөй киши уурдоого такыр бармак эмес. Андайга анын абийири жол бербейт. Анча-мынча кытайдын товарын уурдоону уурулук деп деле эсептебейт. Жалгыз эле ошол бекен, мындайды бүт айыл кылат. Болгону эл көзүнө, душман-достун көзүнө көрүнбөй жасаш керек андай иштерди. Анан да, Ашым сыяктуулардан абайлаш керек экенин билет. «Олжо» менен кайтып келе жатканыңда алдыңан кишилер чыкса эч нерсе эмес. Алар түшүнүп, унчукпай баш ийкеп учурашып кете беришет. А бул Ашым өткөн жылкы жер талаштан кийин өчөшүп алган. Жакындан бери айыл өкмөтүндө иштеп калып ого бетер кыйын болуп алды. Бир кынтык тапса, айылдык милиция эле эмес, облустун, ошол эле дейсиңби борбордун милициясына чейин сүйрөп баргандан кайра тартпайт ал. Анын бетин ары кылсын! Жумак милицияга бир да жолу кармала элек. Үх… Башына түркүн ойлор келип жатты. Андай эле болсо күнү бүтпөйбү. Бирок, тирүү киши уурдап алганын милиция билсе жөн коебу. Заматта жүрөгү «шуу» дей түштү. Кой, эптеп кандай болсо да тигини эртерээк чек арадан өткөрүп жибериш керек.

— Кел, ич. Кемпири колун сунуп, чынысын сурады.

Абышка ичинде эмне кылыш керек экенин ойлоп жатты. Бүгүн чек ара постто ким турат болду экен. Сагын болсо жакшы, аны менен сүйлөшсө болот. А жанагы шаардан келген жаңы неме эзели өткөрбөйт болуш керек. Эмнеси болсо да кечинде чек арага барып көрүш керек. Болбосо, тоо аркылуу деле өткөрүүнүн жолун табыш керек.

Ортону шурулдап ичилген чайдын үндөрү гана ээлеп турду.

— Тигини эмне кылган атасың?

Абышка чайын шурулдата ууртап алып:

— Чек арадан өткөрүп ийиш керек.

Ооба десең, дегендей кемпири башын ийкеди. Бирок, бир нерседен корккондой эки жагын каранып, дагы унчукту.

— Байкушга боорум ооруп атат. Жолдо өлүп калат го. Тыңыгандан кийин жиберсекчи…

Жумак кемпирин окурая бир карады да, жинди болдуңбу дегендей чынысын ууртап түгөтүп, тебетейин тизесине кага чыгып кетти. Кемпир шыпшынып: «Байкуш кантет эми» деп күбүрөнүп калды.

Бул күнү кечке абышка айыл аралап басып жүрдү. Тыңшаганы эле кытай жөнүндөгү сөз эле. Бирок, ал жөнүндө эч ким билбегендей, эч кимден эч нерсе уккан жок. Баары эле ал-жайды сурашып тим болушат. Өзүнүн эмне кылып жүргөнүн сурашат. Тигинден эч нерсе чыкпаганын түшүнгөн Жумак жөн эле дегендей мурчуя басып кетет. Бул кылыгына кээ бири күлүп калышса, кээ бири абышка айнып калган го дегендей артынан карап калып жатышты.

Алардын күлгөнүнө Жумак териккен жок. Башында башка мүшкүлү андай ойлорго орун бербей турган.

Демек, айылда эч ким кытай жөнүндө укпаса, анда кытайлар да арасынан бирөө жоголгонун билишпесе керек. Болбосо, жаңылык азыр бир жерде турбайт эмеспи, бирөө-жарымдан угат эле. Бул абышканын оюндагыдай жагдай эле. Эч ким биле электе бүгүн түндөн калбай кытайды чек арадан ашырып ийиш керек.

Бирок, ошентип ойлогону менен чек ара постуна баргандан кийин бүгүн муну ишке ашыра албашын билди. Тилекке каршы, постто бүгүн шаардан келген жоокер турат экен. Ал өтө чынчыл неме. Бир жолу бир баштык өткөрөм деп эки саат алышып атып өткөрө албай койгон. Документиң жок экен деп таптакыр тырышкан.  Бармагы менен бармагын басып, белги берсе да түшүнгөн жок. Акыры мунун түшүнбөсүн билген Жумак бетке эле айткан: «Миң сом берейин, өткөрүп бер», — деген. Акчаны укканда жоошуйт го десе, ал ого бетер секирип командирине айтып кое жаздаган.  Ошондон кийин бул жоокер турганда бир нерсе алып өтөм деп ойлобой калган Жумак. Беркиси болгондобу, 500 сом берип эле өтүп кетмек. Кытайды ушул жерден бир машинеге салмак да жүрөк оорудан кутулмак. Бирок, канчалык каалаганы менен ал иш бүгүн болчудай эмес.

Үйүнө күн батайын дегенде кайтты Жумак. Эшиктен кирип келгенде эле кемпири сүйүнчүлөдү.

— Тигиниң ойгонду. «Чаң-чуң» деп кыңылдап бир нерсе дегенинен суу берсем, бир чака суу ичти. Андан кийин соолуп жатып калган. Көрсө өзөгүнө түшүп кеткен окшойт.

— Анан?

— Бир топтон кийин эсине келген кезде тамак берсем жеп алды. Азыр дагы уктап жатат.

Жумак буга сүйүнөөр, сүйүнбөсүн биле албай жатты. Эгер жакшы болуп кетсе, ага эптеп түшүндүрүп чек арадан өтүп кет десе болот.  Бирок, кантип? Кайда барат? Ушунтип эки анжы болуп турганда төркү үйдөн кытайдын үнү чыкты.

Кытай кечээкиден аябай эле жакшы болуп калыптыр. Кытайлар ит жандуу дегени чын окшойт. Бүгүн кадимкидей жан кириптир байкушка. Көздөрү шишип, денесинин көгү гана болбосо, адам катарына кирип калыптыр. Кытай башын көтөрүп, өз тилинде бир нерселерди айтып жатты. Аны эч ким түшүнө алган жок. Жумак мени эртерээк кетиргиле деп жатат деп болжосо, кемпири мени дарылаганыңарга чоң ырахмат деп жатат деп болжоду.

 

* * *

Эртеси дагы кытайды кетире албады Жумак. Анткени, чек аранын жетекчиси алмашып, баары башка жактарга которулуп кетип жатышкан. Эскилер ордуларын өткөрүп берип, баары акча таабууну унутушкандай, өз иштери менен жүрүштү. Аларды кечке жалдырап карап туруп акыры үмүтү үзүлүп үйгө келди. Кенедей баштык өткөрүш эле кыйын чек арадан. Тирүүлөй кишини өткөрүш оңой бекен. Ошондуктан бул ишти кыла тургандай, буга шыктуу киши издеш керек. Жаңы кишилер келип, алар менен ылдам эле тил табыша калыш оңой эмес да. Жумак не кылаардын айласын таппай, кулагын маалыматтарга тосо жүрдү.

Эртең менен чыгат кечинде үйүнө кеч кайтат. Кытай болсо өзү туруп, өзү басып калды. Бир башкача мүнөзү болгон менен кытайың деле адам экен деп ойлоп калды Жумак. Тамак берсең жейт, бербесең суранбайт. Анан да табакты алып эки саат ийилип ыраазычылык айтканычы. Кой десең да болбойт. Кемпири да кытайдын кичи пейилдигин алкап бүтпөйт.  Ошентип, билинбей эле арадан бир жума өтүп кетти.

 

* * *

Адатынча Жумак чек арага барды. Бул жолу ойлогонундай киши тапты. Ары-бери бир аз басымыш болуп туруп жоокерлердин бирине барып сөз баштап көрдү. Тиги да мындайдын далайын кылган окшойт, макул дегенсиди, бирок, кабелтең акча бериш керек окшойт. Эмнеси болсо да, өткөргөнгө киши тапканы жакшы болду. Үйүнө кудуңдап сүйүнүп келди. Канча күндөн бери жегени желим болуп атты эле, Кудай буюрса иш оңунан чыгат окшойт. Кирип келип эле, кемпирине жакшы кабар бар экенин билгизе жылмайып койду да, куюлган бозону тартып жиберип, мурутун сылап, кемпирине кайрылды.

— Бүгүн тиги төл башынын этин сал. Коногубузду жакшылап коноктоп узаталы.

Кемпири да жадырай макул болду. Туруп баратып кайра токтоду да:

— Ал этти шаардагы кызга сактап койбодум беле… – деди.

Абышка «баары жакшы болот» дегендей:

— Сала бер да кемпирим, кызыңа өз ырыскы тургандыр, – деди мурутун жай сылап.

Кемпири «ооба десең» дегендей сыртка чыгып кетти.

 

* * *

Жумак этти салдырып коюп, кырдана сыналгыны карап отурду. Сыналгыдагы сүйлөп жаткан саясатчыларга кыжыра келе, улам мурду алдынан сөгүнүп күңкүлдөйт. Эшиктен кемпири кирип, казанын жууп эт сала баштады. Мешке чоң от жагып, казандын капкагын жаап койду да, абышкасынын жанына отурду. Мискейден жарма куюп келип, абышкасына сунду.

— Йе, абышка, кытайды жаман, жаман эле дешет, жакшы эле неме окшойт. Короону карачы. Бир көркүнө чыгарып салды. Жакшы болгондон бери эле, жер чукуп атат.

Иштин оңунан чыгып, абышкасы да бүгүн көңүлдүү экенине өзү да кубанып аткан кемпир.

Жумак жарманы ууртап, столдун кырына койду да, сыналгыдагы саясатчыларды дагы бир жолу сөгүп кемпирине карай отурду.

Кемпиринин да айтканынын жөнү бар. Кытай эли эмгекчил дейт эмеспи, тиги кытай да аксаңдап араң жүрсө да, эки күндөн кийин эле короо жайды жыйнап, кичинекей, эзели күрөк сайылбаган огородун казып чыккан. Кемпири экөө кыңк-мыңк этип, бирин-бири жаңсап түшүнүшүп атышып, кемпири: «Бул бу жерге бир нерсе айдайм деп атат окшойт. Кой дегенге көнбөгөн неме экен,» — деп күңкүлдөп, кошуналардан чөп-чар, гүлдөрдүн уругун алып келген. Ошону кытай короонун чоло жерин калтырбай отургузуп чыкты. Уулу да анын ар кандай кыймылына таңданып жанында жүрөт. Кытай бир нерсе деп сүйлөсө, боору эзилгенче күлөт. «Кыргызча сүйлө», — деп, ага кыргыз тилин үйрөтөт. Кытайдын тили келбей «чаң-чуң» дейт. Анда уулу, андай эмес деп дагы күлөт. Ошентип экөө көз карайгыча короодон кыймылдап жүрүшөт. Кечкисин уулу кытайга мугалим болот. Китебин ачып, андагы сүрөттөрдү көргөзөт. Тамгаларды жаздырат. Кытай канчалык жан дилин берип үйрөнөйүн десе да үйрөнө албайт. Уулу анда кудум мугалимдердей болуп урушуп кирет. Кээде уулу китебинен Манастын сүрөтүн кытайга көргөзөт. «Көрдүңбү? Бул биздин Манас атабыз! Кытайды чапкан» — колу менен кытайды сайып көрсөтөт. «Силерди чапкан! Аскерлери менен Бээжинге чейин кирип барган… » Кытайы уулунун айтканын түшүнгөнгө аракет кылып угат. Бирок, түшүнүп жатабы, түшүнбөй эле баш ийкеп отурабы белгисиз. Анан көпкө чейин Манастын сүрөтүн тиктеп отуруп калат. Анда уулу «Ошондой, билип ал!» дегендей эрдемсийт.

Жумак сыналгыны өчүрүп эшикке чыкты. Эшикте кытай менен уулу күңкүлдөп сүйлөшүп атышыптыр. Атасынын чыкканын көрүп, уулу чуркап келди.

— Ата, карасаң кытай кыргызча сүйлөй баштады. Кана жанагыны айтчы и?

Кытай дагы жылмая кыргызча булдуруктады.

Уулу өзүнүн ийгилигне кубанып, бул жер кайсыл жер деп жерди сая көргөздү кытайга. Кытай тилин күч менен оңдоп, оозун кыйшайта «Курр-гиз-стан» — деди. Уулу бали деп күлүп жиберди.

— Көрдүңүзбү ата! Мен үйрөтүп койдум. Эми айтчы. Атамды кандай көрөсүң?

Кытай ийгилигине кубана, дагы оозун кыйшайтып «Чакшы корөм» — деди.

— Көрдүңүзбү, сизге рахматын айтып атат.

Уулу чуркап барып кытайы кучактап жиберди. Булардын кылыгын көрүп Жумак ичинен ыраазы болуп турду. Кытай деле уулундай жаш неме экен байкуш. Үкөккө түшүп кайда баратты экен? «Жыргаганынан баратты дейсиңби?» — деди кайра өзүнө. Радиодон айтып жаткан экинчи сорттогу кытайлардан окшобойбу байкуш. Болбосо, үкөккө түшүп, чек арадан ким өтмөк эле? Же балким, кылмышкер болду бекен… Кытайда мыйзам катуу дейт, соттон качып келген немеби? Бирок, антейин десе жапжаш, баласындай болгон неме кайсы кылмыш жасамак?

Жумак ушунтип ойлонуп, көчөгө чыкты. Дарбазанын алдындагы бактын далдоосуна жасалган отургуча келип, көчүк басты.

Үйү айылдын башында. Ошондуктан, кошуналардан оолак жайгашкан. Жолдун аркы өйүзүнөн тарта, кең тала жатат. Айылдын малы жайылып жүрөт. Ыксыраган талааны карап отурду. Эх… бул жердин баары кыргыздыкы болуп калганынан сүйүнүп турду. Чексиз кенен, карап эле тойгудай болгон топуктуу жер. Мындай жер эч кимде болбосо керек… Болбосо, жер чийип, чек кылып тосуп, алакандай жер үчүн дүйнөдө согуш болуп жатпайбы.

Жумактын оюн келе жаткан аттын дүбүртү бузду.

— Ассалоом алейкум. Кандайсыз аба? Күүлү-күчтүү турасыңарбы?

Ашым экен. Жумак жаман көрүп турса да, анысын билгизбей сылык алик алды.

— Жакшы иним, кел, кел…

Үйгө кир дейин деп баратып, кытай эсине түшүп, Жумактын эси чыгып кетти. Ашым көрсө эле ит болбойбу. Ал оозун баспайт да кокуй. Милицияга барып, өпкөсүн үздүрөт, ала албай жүргөн жерин тартып алат. Ансыз да, айылды аралап өткөн кытай камаздарын уурдабагыла деп айыл өкмөт өткөндө эле жыйналыш курган. Эми дагы камаздарга кол салуу токтобочу болсо, кармалганын милицияга аянбай беребиз дешкен.

Ашым бир аз кызып алыптыр. Аттан оонап түшүп, оор басып келе жанына отурду. Жумак «күнөөсүн» тиги билип койгондой бөйпөңдөй тура калды.

— Кел,кел, отур. Кайдан, алыстан келе жатасыңбы?

— Ооба, районго баргам. Эмки шайлоодо айыл өкмөт үчүн ат салышайын деп жатам.

Ошондой дегендей Ашым чекесинен терин арчып, калпагын чече отурду.

— Жумак аке, кийинки-мурунку дебей, шайлоо болуп калса буюрса, колдоп коюңуз. Өз киши кызматта турса, сизге да жакшы да чынбы? Акыры бир урууданбыз го.

«Ыйк» эттире кекирип койду. Жумак дале кыйпычыктап, «ооба» деп жиберди.

— Бу чек арада турган айылга, жакшы киши өкмөт болбосо болбойт экен. Райондон да ошону айтышты. Кытайлар жылдан жылга, чек арасын бекитип келе жатышат, а бизде жылыш жок. Ошону өзүм колго албасам болбой калды.

Иши оңунан чыгып келе жаткан окшойт, Ашым ишенимдүү сүйлөп жатты.

Жумак Ашымдын сөзү кулагынан алыс кетип атты. Көп сөздөрүнө түшүнбөй эле макул деп башын ийкегилей берди. Кытай чыгып калбаса экен деп ичинен кан өтүп атты.

— Жумак аке, үйгө кир дебей калгансыңбы? Жармаң барбы? Жолдо аябай суусадым.

Тиги аябай суусаса керек, тамагын нымдап шилекейин жутуп алды.

Жумак не кылаарын билбей калды. Кир десе, кытайды көрүп калсачы. Ушунтип эки анжы турганын Ашым башкача ойлоп алды. Демек, өткөнкү боюнча таарынып жүргөн тура деди. Эми айыл өкмөт болом десем ичи огобетер күйүп, бир чыны жармасын аяп калганын көр деди. Жини келе түшүп, камчысын тизесине кагып тура жөнөдү. Атына ылдам басып барды да, атынын басмайылын тартып жатып кыйкырды:

— Демек, ушундай экен да! Кек сактап калган турбайсыңбы э!

Дагы катуу сөз айтам деп барып, оозун кымтып токтоп калды. Шайлоодо эле керек болот эмеспи.

Атына жулкуна минди да, атын тегерете ойдолоктотуп туруп, камчысын кезей кармап бир аз токтой калды да атын башын шарт буруп, чапкан бойдон айылды көздөй жөнөп кетти.

Жумактын жүрөгү ого бетер түшүп калды. «Кытайды көрүп калып ушинтип жинденип кеттиби же, кир дебей койдуң деп дагы өчөштүбү? Өкмөт болуп калса, эми даана күн көрсөтпөйт го», — деп да ойлоп жиберди. Дарбазадан чуркап кирди да, эшикти шарт кулптап салды.

Короодо кытай менен уулу бейкапар картошка түптөп жатышкан.

 

* * *

Кызына деп сактаган этти толугу менен салып, жарымын чогуу отуруп жешти. Жарымын эки баштыкка оодарыштыра салыштырып, ага кошуп жолдо жесин деп нан, быштак, айран куюп, кемпири даярдады.

Түн кирип калган кезде, Жумак атка минди. Канжыгага баштыктарды байлагандан кийин кытайды учкаш деп жаңсап көрсөттү. Кытай башында түшүнбөй аттыбы же кеткиси келбей калганбы мунун дагы, башын чайкап, бир нерсе деп «чыңкылдай» берди. Кемпири да көзүн жашылдантып алган. Жумак мунун баарын көрүп, өзүнүн да ичи ачышып турса да, аргасыз болчу. Акыры, баары бир кетиши керек экенин Жумактын көзүнөн түшүндүбү, кытай кемпир менен катуу кучакташып коштошту.

— Бара гой, айланын, — кемпир ыйлап жиберчүдөй алкап атты. – Бара гой, байкушум. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун…

Кемпир менен коштошкондон кийин кытай алардын уулу менен кучакташып дагы көпкө турду. Акыры, атка учкашып минди.

Жумак аттын башын чек араны көздөй бурду. Айлана айдын жарыгына аппак болуп турган. Айылдан чыккандан кийин ээн тала менен атты ылдамдатып бастырып жөнөдү. Бир аздан кийин чек арага жете келишти. Жумак аттан түштү да: «Сен ушул жерде тур,» — деп кытайга кол жаңсап түшүндүрдү да, чек арада турган аскерлерди көздөй жөнөдү.

Бирок, ойлогонундай болбой калды. Чек арага кечке маал, чоңдор келип калышкан экен, жоокерлер какыйып турушат. Эч кимиси Жумак менен сүйлөшчүдөй эмес. Жанагы өткөрөм деп убада берген кишиси да какыйып турат. «Жанагыга келдим» деп айта алган жок. Кайра артты көздөй басты.

Кытай аттын башын кое берип оттотуп коюп туруптур. Жумак не кылаарын билбей турду да, тобокелге салды. Атка минди да тоону көздөй бастырды. Тиги тоонун кырынан ары карай эле чек бүтөт. Ошондон ары өткөрүп жиберсе таң агаргыча өзүлөрү жакка жетип алар деп ойлоду.

Түн ооп калганда тоонун кырына жетишти.

Кытайды аттан түшүрдү да, эми жакшы бар дегендей ишарат кылды Жумак. Кемпири салып берген баштыктарды чечип, кытайдын колуна карматты. «Жакшы бар», — кучакташа көрүшүштү да «жөнө» дегендей ишарат кылды. Кытай башын ийкеп, түшүндүм дегендей ийилие таазим кылып, Кытай тарапты бет ала турду. «Кош!» — деди Жумак. Атка минди да, артын бир карап турду, анан атын шарт бастырып артка кайтып кетти. Кытай каткан бойдон ордунда турган.

Жумак, айылга жеткенде таң сөгүлө баштаган эле. Короого жетти да, аттын ээрин алып кое берди. Тоо жакты карап койду. Ит-кушка жем болбой, аман-эсен жетип алса экен.

 

* * *

Үчөө үнсүз кечки тамак ичип отурушту. Кемпир гана адатынча шыпшынат.

— Байкуш, ит-кушка жем болбой аман-эсен жетти бекен…

Жумак унчуккан жок. Уулу да өзү менен өзү болуп отурду. Кытайга ушунча көнүп алышкан экен, ал кеткенден кийин үй бош болуп калганын көр. Кайда барып, эмне кылып атты болду экен байкуш. Кудайдын көзү бардыр. Пендесине көз салаар. Жумак Кудайга ишенип, ошо менен жаман ойлордун баарын кууп салгысы келди.

Ушул учурда эшикте бирөөнүн келе жаткан дабышы чыкты. Ит үрүп барып басыла калды.

— Чыкчы, караңгыда ким бул?

Жумактын оюна алда нелер келе түштү. Уулу туруп чыккыча, эшик акырын тыкылдады. Үчөө тең катып калышты.

— Аччы эшикти, — деди Жумак чыдабай. Уулу чуркап барып эшикте ача койду.

Үчөө тең эшикти карап катып калышты. Босогодо кытай турган. Чекеси нымшып, тердеп алган. Топусун чечип тигилерди карады да, бажырая жылмайып жиберди. Анан оозун адатынча кыйшайта, тилин оңдоп

— Курргизстан… Мен… Сени… жакшы корөм! – деди.

 

* * *

t_usenov_390x270Токтобек Үсөновдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Токтобек Үсөнов. «Олжо»: 1 комментарий

  • 04.03.2016 в 19:57
    Permalink

    Мыкты ангеме экен. Чынында кыргыз элинин меймандостугунун, алпейим мунозунун айынан жерибизди башкалар басып кетти. Кытайлар кыргызстанды таптакыр жок кылып коюшу мумкун. алардын мыйзамсыз кируусун токтотуш керек. Кыргыз элин сактап калуу кажет. бул эн актуалдуу ангеме экен. авторго баракелде.ийгилик! ушундай чыгармалар коп болсун деп тилейли!

    Ответ

Добавить комментарий